Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алмазбек Атамбаев,,
КРнын президенти:
"7-апрелдеги элибиздин эрдиги болбосо Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын болмок…"

Алмазбек Атамбаев 6-апрелде 7-апрель - Элдик апрель революциясы күнүнүн үч жылдыгына карата мекендештерге кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештер!
Өлкөнүн тагдыры элдин тагдыры менен ар дайым киндиктеш болот. Акыркы жыйырма эки жылда өлкөбүз татаал жолду басып өттү. Бирок далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз эли өлкөдөгү адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка эч качан моюн сунган эмес. Карапайым эл тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп өлгөндү артык көргөн үчүн 2002-жылдагы Аксы окуялары, 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүш тарыхыбызда орун алды.
Тилекке каршы 2005-жылдагы элдин тилеги акталбай калды, элдин жеңиши уурдалды, элдин үмүтү тебеленди. Эгерде ошондо бийликтин ниети таза болгондо, азыр өлкөбүз таптакыр башкача болмок. 2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы жоготуулар, трагедиялар болмок эмес.
2005-жылдын март окуяларынан бир аз гана убакыт өткөн соң, мурдагыдан ашып түшкөн үй-бүлөлүк, криминалдык режим орногон. Бийлик сын айткандардын көзүн тазалап, коркутуу-үркүтүү жолу менен элдин оозун жапканга аракеттенди.
Кыргызстан толугу менен мыйзамсыздыктын, криминалдын туткунуна кабылды. Бир учурда элде таптакыр үмүт калбай калгансыды. Бирок, таң атарда түн өзгөчө караңгы болот эмеспи!
2010-жылдын 7-апрелинде элдин чыдамы түгөндү.
Кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында чындык, калыстык, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн карапайым мекендештерибиз өз жанын аяган эмес. Ошол жамгырлуу жаздын күнү миңдеген мекендештерибиз бийликке, зомбулукка, адилетсиздикке каршы көтөрүлдү. Алар мыйзамдуулук үчүн, Мекени үчүн, элдин келечеги үчүн мындай чечкиндүү кадамга барышты.
Ошол учурдагы бийлик өз элине каршы курал колдонуп, Кыргызстандын тагдырына балта чапканга аракет кылды. Жакшылык менен жамандыктын, адилеттүүлүк менен зомбулуктун ортосундагы кандуу кармаш ошол күнү болду.
Урматтуу мекендештерим!
7-апрелдеги элибиздин эрдиги болбосо Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын болмок. Себеби өлкөбүз 7-апрелге чейин кандай абалда калгандыгын бардыгыбыз жакшы билебиз.
Чыркыраган чындыкты айтам деп көз жумган замандаштарыбызды эстесек. Бийликтеги зөөкүрлөр сын пикир үчүн уруп-сабап, колу-бутун сындырып, өлкөдөн качууга мажбур болгондорду эстесек. Бийлик аталарыбыз кашыктап чогулткан элдин байлыгын итбекер ар тарапка сатканын эстесек. Бийлик менен криминал кол алышып өлкөнү бирге башкарып тургандыгын эстесек!
Урматтуу мекендештерим!
Эл шейит кеткен баатырларын эч качан унутпайт!
Арадан үч жыл өтсө да, кырчындай уулдарынан ажыраган элибиздин көз жашы али кургай элек. Бирок ушул кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз ондогон жылдарга тете жолду басып өттү. Биз башка мамлекет болдук. Биз сабырдуу, күчтүү, келечекке багыт алган коомго айландык.
Азыр эмгектене турган мезгил келди. Ар бирибиз четте калбай, жеке өзүбүздөн баштайлы! Мамлекет мага эмне берет дебей, мен өзүм мекениме эмне жардам бере алам деп сурасак!
Кудайдын колдоосу менен, биргелешип өлкөбүздү өнүгүү жолуна салалы! Биз Аксы жана апрель баатырлары эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз!
Кудай элибизди, жерибизди колдосун! Ынтымак, биримдик берсин! Жашасын Кыргызстан!".




Ата баркы менен кыз өтөбү?
Абдыганы Эркебаев президентке чуркап...
Жалпыга белгилүү болгондой ЖКнын экс-спикери, Улуттук илимдер академиясынын азыркы президенти, айтылуу чиновник Абдыганы Эркебаевдин Октябрь райондук сотунун убактылуу төрайымы Гүлайым Эркебаева аттуу кызы жана ушул соттун судьясы Мамасадык Абдыкалыков экөө 2-апрель күнү Бишкектин "Меридиан" кафесинде А. Г. аттуу жарандын соттогу ишин "оң жакка чечип беребиз" деп 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан кармалган эле.
Маалымат катары айта кетсек, Эркебаева Гүлайым Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу болуп, 2-3 айдан бери иштеп жаткан. Ал эми Мамасадык Абдыкалыков деген "азамат" дагы ушул эле райондук соттун судьясы. Бул адам 2011-жылы 23-сентябрда дагы пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Мындайча айтканда, пара алмай боюнча жетиштүү тажрыйбасы бар. Бирок 2011-жылы да "суудан кургак" чыгып кеткен. Себеби, анын шилекей алышкан досу Дастан Айжигитов ал кезде Соттор кеңешинин төрагасы болчу. Ушундан улам Айжигит аксакалдын уулу "ай, ай, койгула" деп жатып Абдыкалыковду жоопко тартуудан сактап калган. Белгилүү болгондой кайсы бир судья кылмыш ишин кылса, Соттор кеңеши (жалпы мүчөсү 14) аны жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук бериши керек. Соттор кеңешин калчап олтурган Дастан мырза, досун жоопкерчиликке тартуу маселесин четке кагып койгон. Ошентип, Абдыкалыков эч нерсе кылбагандай кызмат ордунда иштеп кала берген.
Эми Эркебаевдин кызы Гүлайым тууралуу айтылган ар кандай кептер өтө арбын. Көбү позитивдүү эмес экен. Ошондон улам, ал жагын жазбай туралы, анын да өз кезеги келээр...
Дагы бир кызыгы Эркебаева менен Абдыкалыков экөөлөп арыдан- бери бүтүрмөкчү болушкан А. Г. аттуу жарандын иши өздөрү иштеп жаткан Октябрь райондук сотуна караштуу иш эместиги айтылууда. Ал иш Шаардык соттун карай турган иши экен. Көрдүңүзбү, Эркебаева менен Абдыкалыков Шаардык сот үчүн да жооп берип, ал жактын да иштерин ушундай жол бүткөрүп калышкан. Көрсө, арам акча жасоонун амалы ар кандай жоопкерчиликсиздикке жана өзүм билемдикке алып келет турбайбы.
Аксакал болуп, урмат-сый көрөр учурда "колу туткак", "тентек" кызынын айынан минтип эл-журтка уят болуп, жер карап турган Абдыганы Эркебаев болсо, кызын суудан кургак чыгаруунун айласын көрүп, Ак үйгө барып ажо Алмазбек Атамбаевдин эшигин сагалап, бир-эки курдай барганын тар чөйрөдөгү таасирлүү адамдар айтышууда. Бирок ажо Абдыганы аксакалды "мен соттордун ишине кийлигишпейм" деп сылык - сыпаа узатып койгон имиш.
Не кылат анан? Кантсе да, ата эмеспи. Кызы үчүн түтпөй жатат да...

Дастан Айжигитов
дагы сактап калабы?
Дастан мырза, кыргызга төбөсү көрүнгөн саясатчы, Баткен облусунун мурунку губернатору, президенттин кеңешчиси кызматтарында иштеген Султан Айжигитовдун бир тууган иниси. Учурда Чүй облустук сотунун төрагасы кызматын ээлеп турган чагы. Андан тышкары, жакында эле Соттор кеңешинин төрагалык кызматына экинчи ирет шайланып алды. Ал ушул кызматта турган чагында, бир катар тескери иштерге "добро" бергендигин да айтып жүрүшөт. Кыязы, мамлекеттин кызыкчылыгына караганда, жеке кызыкчылыкты жогору койгон "азамат" неме окшобойбу. Дастан мырзанын андай "даамдуу" иштери тууралуу кийинки сандарыбызда кабарлайлы...
Султан агасынан башка да 2-3 бир тууганы ини-агалары сот тармагында жооптуу кызматтарында иштешет. Айтор, Айжигитовдор жалпысы менен сот тармагында орун алышкан экен.
Жогоруда Абдыкалыков Мамасадыктын мындан 2 жыл мурун пара алып кармалганын, аны Дастан досу "сүттөн ак кылып" коргоп калганын жаздык.
Азыр болсо Гүлайым Эркебаева менен Абдыкалыков экөөнү жоопкерчиликке тартуу маселеси карала элек. Эч нерсе кылышпагандай, бул экөө тең өз ордуларында "былк" этпей иштеп жатышат. Экөөн жоопко тартуу маселесин эми Соттор кеңеши карайт. Абдыкалыков болсо досу Дастанга таянып жатканы белгилүү. Ал эми экс-спикердин эрке кызы биринчи кезекте атасына, андан кийин Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага таянууда. Анткени, аны кызматка койгон дал ушул Феруза айым. Айтмакчы, Гүлайым Эркебаева Октябрь райондук сотунун төрайымынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп мыйзамсыз дайындалгандыгы тууралуу арбын кептер бар. Мисалы, мыйзам боюнча, бул орунга кимди же кайсы орун басарды дайындоо керек аталган райондун сотунун мурунку төрагасы көрсөтмөк. Бирок мурунку төрага Шаардык сотко көтөрүлүп кеткенде, бул жерде ушундай бир кызык жагдай түзүлгөн. Гүлайым Эркебаеваны бул кызматка жалпы жамаат эмес, анын азыркы учурдагы шериги судья Абдыкалыков Мамасадык көрсөткөн дешет. Негизи, анын кызматка кимдир - бирөөнү көрсөтүүгө укугу да жок эле да. Бул жерде баш аламандыкка жол берип жаткан Феруза айым Мамасадыктын ал көрсөтмөсүн колдоого алып, Гүлайымды олтургуза салган. Мына сага, парадокс.
Акырында айтарыбыз, бул чуулгандуу иштин жыйынтыгын күтө туралы. Эркебаева менен Абдыкалыков жоопкерчиликке тартылабы же бири атасынын, экинчиси досу Дастандын коргоосунда, колдоосунда болуп, бул жолу да "суудан кургак" чыгып кетишеби? Эгер андай болсо, соттор тазаланат деген илгери үмүттөн толугу менен үмүт үзүш керек. Президенттин аброюна да шек кетери турган иш...

Айбек Шамшыкеев