Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кемелбек Нанаев дүйнөдөн өттү...
4-апрелде 68 жаш курагында К.Нанаев Ысык-Көл облусунда узакка созулган оорудан улам каза тапты. Ал Аскар Акаевдин убагында: Улуттук банктын төрагасы, Каржы министри, КРнын 1-вице-премьер-министри жана Орусиядагы Кыргызстандын элчиси өңдүү үлкөн кызматтарда иштеген.
Эске сала кетсек, кыргыз тарыхында чоң чиновник катары калган Нанаев кызматта турган кезинде бир топ чуулгандуу иштерге аралашканы менен белгилүү. Мисалы, 2005-жылы төңкөрүштөн кийин изин суутуп кеткенде Башкы прокуратура "Оор натыйжаларга алып келген бийлик же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча сырттан айып таккан. Ал издөөгө алынган жана ага карата камакка алуу токтому чыгарылган. Ага карата кылмыш иштери: 1993-жылдын башында Кыргызстан бийлиги "ЮБС" швециялык банкына 1,5 тонна алтын салып, анын ордуна кредит катары 13 млн 380 миң доллар алышкан. Ал эми К.Нанаев болсо Улуттук банктын жетекчиси болуп иштеп жатып, бул акчадан 2 млн долларды "Сиабеко" канадалык компанияга которулушу тууралуу документке кол койгон. Ушул сыяктуу кылмыштардын негизинде ал 2010-жылы өзүнүн энесинин үйүнөн кармалган. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" демекчи Кемелбек Нанаев да кайтпас дүйнөгө кетти. Бул киши Акаев доорунун өзүнчө бир "добулбасы" эле. Не демекчибиз, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!


Учкундун ишин узартпагыла...
Вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев өткөн жумада парламентте депутаттардын Учкун Ташбаев боюнча суроосуна: "Бул иш боюнча бир катар лицензиялардын берилиши тууралуу маселе каралып жатат. Укук коргоо органдары берилген лицензиялардын канчалык мыйзамдуу экенин карап жатышат. Булардын баары тергөө ишинин аягында гана ачыкталат" - деген оюн айтты. Бул жагы элге белгилүү деңизчи, бирок тергөөгө такап Учкундун ишин анчалык убакыт чоюп узартпагыла. Анткени, Ташбаев мамлекетке каршы иштерди жасаганы жалпы элге белгилүү. Ошондуктан Учкундун "учкуну" эркиндикте эмес, түрмөдө "чачырашы" зарыл.


25 жаштагы кызын министрдин орун басары кылгысы келген депутат...
Алмазбек Атамбаев өткөн жумада Кыргыз техникалык университетине барып, студенттер менен жолугуп, алардын суроосуна жооп берип келгени белгилүү. Ак көңүлү кармаса аябай ачылып сүйлөгөндү жакшы көргөн ажобуз студенттердин ар түркүн суроолоруна ачык жооп узатты. Кыязы, анысына өзү да ыраазы болсо керек. Ошол жолугушуудагы ажонун айткан жоопторунун бирөөсүн мисалга алалы.
"Мага жакында эле депутаттардын бирөөсү келип, 25 жаштагы кызын министрдин орун басары кызматына коюп бериңиз деп суранды. Мен анын сунушунан баш тарттым. Депутат таарынып кетти. Азыр жакшы кызматтарга байланышы бар адамдар келип, билимдүү балдарыбыз жумуш таппай жүрүшөт. Биз бул нерсени токтотушубуз керек", - деди. Туура, "балык башынан сасыйт болбой" ушундай катуу болуп, ар дайым башкаларга үлгү көрсөтсө…
Эми өзүңүздөр, баамдап көргүлө. Ажого барып, он гүлүнүн бир гүлү ачыла эле "сары ооз балапан" кызын министрдин орун басары кылгысы келген кайсы депутат? Албетте, ажо менен мурда-кийин жакшы мамиледе, аны менен ачык сүйлөшүп жүргөн бир эргул эл өкүлү да. Анын ысымын табуу, көпчүлүккө кыйынчылык деле жаратпайт.


А. Мадумаров аким болуп дайындалды
Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп 33 жаштагы Акрам Мадумаров дайындалды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан райондук кеңештин кароосуна төрт талапкер: "Ата Мекен" партиясынан Замирбек Жарматов, партиясыз Акрам Мадумаров, Коммунисттер партиясынан Жалаллиддин Рахматуллаев жана "Ар-Намыс" партиясынан Асамедин Ташовдор сунушталган. Добуш берүүгө 294 депутаттын 280и катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында А.Мадумаровго 192 добуш берилген. Ал эми А.Ташовго 52, З.Жарматов 23 добушка ээ болгон. Ж.Рахматуллаев шайлоого катышуудан баш тарткан.


Пара берем деп кылтакка илинди
Чүйдүн Ысык-Ата районундагы аймактык казына бөлүмүнүн башчысы М.Р. аттуу адам УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине 150 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери аталган казыналыктын башчысы тарабынан мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына колдонгон финансылык мыйзамсыз иштерди аныктаган соң, башчы ишти жаап салуу үчүн 150 миң сом пара сунуштаган.
Натыйжада, аталган окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 304- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 314- (пара берүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.


Камчы Көлбаевдин иши сотко өттү
Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу, курал жана жарылуучу зат алып жүрүү, маңзат өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Көлбаевдин иши боюнча тергөө аяктап, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек, Көлбаев 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алып келинип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.


Жалил Сыдыков дүйнө салды
Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Обончу-композитор, акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жалил Сыдыков 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Жалил Сыдыков - маданияттын мыкты кызматкери жана көптөгөн грамота менен дипломдордун ээси, сынактардын лауреаты болгон, беш китептин, 150дөн ашык поэзия жанрындагы жана 250гө жакын обондуу ырлардын автору болуп, 100дөн ашык макала жана сахналаштырылган 5 оюнга музыка жазган. Маркумдун жакындарына "Фабула" гезитинин жамааты көңүл айтат.


"Фабула-пресс"




Эл өкүлдөрү эми Элмурат Обдуновду коргоого алышты
Парламенттин эң коррупциялашкан эки фракциясы бар. Бири "Республика, экинчиси "Ата-Журт". Бул чыркыраган чындыкты эч ким четке да кага албайт. Ачык айтканда, аштан-көчтөн калган саясатчы сөрөй жана бизнесмендер менен топтолгон бул эки фракцияда коррупциялуу иштерге шектелгендердин тизмеси улам узарып барат. Мисалга алсак, камакта жүргөн Түлеев Нариман, качып жүргөн Нурлан Сулайманов, Искак Пирматов. Эми "Респуликада" Пирматовдун жанына шерик болуп Элмурат Обдунов деген да эл анча тааныбаган депутат кошулуп турган чагы.
Эске сала кетсек, бул жигитке кылмыш иши былтыр 15-ноябрда эле козголгон болчу. Себеби, ал 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турган кезинде жөн жүрбөй, напсисин агытып, окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алгандыгы үчүн Баш прокуратура тарабынан айыпталган. Ошондон бери Аида айым башында турган Баш прокуратура тергөө иштерин "кызуу" жүргүзүп олтуруп, өткөн жумада Жогорку Кеңешке Обдуновдун кол тийбестигин алуу маселеси менен кайрылды. Ал кайрылууга ЖК адатынча каршылык көрсөтүп, Элмуратты эптеп эсен-аман коргоп койду. Келтирген жүйөөсү: "Обдуновго козголгон кылмыш ишинде анын күнөөсүн толук далилдей турган материалдар бар, депутатка карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон жана жоопко тартууга негиз жок"- деп жоктон барды жараткандай кадамга барды. Депутаттардын кол тийбестиги кокосуна жетип турган Башпрокуратура: "Бул кылмыш иш боюнча Обдуновдун күнөөсү толук далилденген. Ал эми Обдунов баш болуп, аталган иш боюнча айыпталган адамдар зыянды төлөп бергени алардын кылмышка тиешеси жок экенин далилдебейт" деп өз билдирүүсүн таратты.
Айтмакчы, Обдуновдун иши боюнча иликтөө жүргүзгөн парламенттик комиссияны "Ар-Намысчы" Абдырахман Маматалиев жетектеген.
Кыязы, бул чала саясатчы Маматалиевдин кайраты да, калыстыгы да жок неме көрүнбөйбү. Болбосо 2,5 млн. сомду жеп алганы анык болуп, баары ачыкка чыккан иштин минтип изин өчүргүсү келип турганын кара. "Кур аякка бата жүрбөйт " демекчи, Обдунов кесиптештеринин мындай колдоосун алдына - алып, "отметка" кылгандыр. Болбосо, өзү үчүн мындай "кереметтин" жаралышы бир аз болсо да кыйынга турат эле. Кантсе да, буга чейин ушундай коррупциялык иши менен айыбы ачылып, азырынча "суудан кургак чыгып" турган партиялашы Искак Пирматовдон асыл баалуу кеп-кеңештерди алса керектир да.
Кыргыздын "Карга карганын көзүн чукубайт" деген макалы дал ушул эл өкүлдөрүнө куп жарашып турат. Буларың, биринин абийири айрандай төгүлүп жатса, уялбай этпей эле, аны коргоп, сүттөн ак кылып эле актап, мактап, жада калса жактап эле жатып калышат. Ушундай эл өкүлүнүн Кыргыз элине кереги барбы? Албетте, жок. Чынын айтканда, эл өкүлдөрү элдин кызыкчылыгын бир тыйынча да коргошкон жок, тескерисинче жалаң гана өз кызыкчылыктарын гана коргоп, кутургандан кутуруп келатышат.
Не демекчибиз, жалпы эл Баш прокуратуранын мындай кадамын колдоого алат. Эси жок эл өкүлдөрүнүн элге каршы аракетин менен тынымсыз да, талыкпай да күрөшө бергиле демекчибиз. Анткени, акыркы чындык жеңет! Пирматов да, Обдунов да бир күнү болбосо, бир күнү өз кылгандарына жооп берчү күн да келет!

Айбек Шамшыкеев