Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Диний кырдаалды жөнгө салуу зарыл дейт...
Бүгүнкү күндө диний кырдаал курч көйгөйлөрдүн бири экенин президент Алмазбек Атамбаев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдөгү диний абалга эч ким көңүл бурбай, Кыргызстанга динди жамынып, ар кыл террорчул уюмдар кирип жатат. Ошондуктан президент диний билимге, бул чөйрөдөгү маселелерге азыртадан көңүл бурулбаса, кесепети кыйын болоорун эскертти. Өлкө башчысы диний кырдаал жакында Коргоо кеңешинде да караларын билдирди.


Воробьев "сайрап" бүттү
Беш жылдан бери Орус драма театрын каалагандай калчап келген Борис Воробьев иштен айдалды. Жаңы Маданият министринин жарытылуу иши катары азырынча ушул жаңылыкты айтсак болот. Бул Боря мамлекеттик театрдын айланасын кафе-ресторандарга толтуруп, эч кимди көзгө илбей сол чөнтөгүн толтуруп аткандыгы айтылып келген. Ал кептердин аныгын атайын кызматтар жакын арада аныктап чыгат деген ишеничибиз күч. Бирок Борис Воробьевдун иштен айдалышына театр кызматкерлеринин нааразычылыгы башкы себеп болду. Бакиевдин убагында дайындалып, ал бийликтин айрым ыкмаларын мыкты өздөштүргөн белем, өзүнө каршы чыккан актерлорду ачык эле коркутуп үркүтүп, өкүм зордугун бир топ эле көрсөткөн экен. "Биз өзүбүздүн өмүрүбүз үчүн коркуп атабыз. Биздин артыбыздан түшүп алып, коркутуп атат"- деген эле орус драмдын актеру Александр Марусич. Баарынан да Борис Воробьевдун кызматтан жөн кетпей театрдагы техникалык жабдууларды кошо көтөрө кеткени кызык болуп атат. "Бул техникаларга мамлекеттин бир тыйыны кеткен эмес, мен өзүм демөөрчүлөрдү таап алып келгем" - дептир.


Паракорчулардын бет пардасын ачкан вице-премьер
Коррупцияга күрөш күч алып, паракорчуларың күн сайын "пачкалап" кармалганы менен алардын аягы суюлчудай эмес. Бирок айрым аткаминерлерибиз аракетти катуу көрүп атканы байкалып атат. Вице-премьер министр Камила Талиева Саламаттыкты сактоо тармагындагы бир топ былыктарды чукуп атканын, эл мүлкүнө кол салгандарды колго чаап жатканын уктук. Мисалы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басарын акча кымырган аракеттери үчүн иштен айдаганын билдик. Өткөндө медициналык орто окуу жайынын башчысы өзүнө 40 миң сом айлык жаздырып алганына ачууланып, "катардагы мугалимдер 5 миңден айлык алып атса бул кылганыңыз кандай, мен вице-премьер министр катары 35 миң сом алам" - деп жини кашайды. Жакында эле ажыга барып келген Камила Абдразаковна эл үчүн ак эмгегин өтөп аткан экен.


Сабировдун да сабыры түгөндү
Оппозициялык "Республика" фракциясынын өкүлү Максат Сабиров башкалардан айырмаланып өзүн сабырдуу кармап, салабаттуу жүрчү эле. Бирок акыркы убактарга айрым Өкмөт мүчөлөрүнүн тоң моюндугуна, кенебестигине кейип гана тим болбой, агынан жарыла ач айкырык салды. "Пленардык жыйындарга министрлерди чакырабыз дагы, алардын ишине "канааттандыраарлык эмес" деген бааны беребиз. Сындайбыз, бирок бул эч нерсени өзгөртпөй атат, баары эле баягы бойдон калып атат. Эмнеге убактыбыз короп атат анда? Ошондуктан Өкмөткө ишенбөөчүлүк жарыялашыбыз керек"- деди. Албетте айткандары туура, бирок Өкмөттү улам-улам өзгөрткөндөн өлкөбүз өнүгүп кетпээрин көрдүк го. Андан көрө Сабировго окшогон эл өкүлдөрүбүз менен бүтүндөй элдин сабырын түгөткөн, иштей албай элди иренжитип аткан министрлерди иштен айдап турсак оңдуу болоор беле...


Кыргызды малга теңеген Максимдин бийлигин эңсегендерге эмне кеп?
Эртеңдерден Апрель окуясынын 3 жылдыгы белгиленгени турат. Айрым Бакиевге жан тарткан саясатчылар, эски бийликти тымызын эңсеген эл өкүлдөрү "Бакиев кетип башкасы келди, эмне өзгөрдү?" - деп элдин башын айлантып атат. Акырындап эски бийликти, өздөрү бүгүлө кызмат кылган балит бийликти актагысы келип атат. Бакиевдер бийликте турганда азыр Кыргызстан башкача болмок. Өнүкмөк эмеспиз, өксүмөкпүз. Таланып тонолмокпуз. Бир эле мисал, өткөндө орусиялык атактуу "Вести 24" телеканалы Борис Березовский тууралуу репортаж жасап, "Б.Березовскому однажды открылся кыргызский дворец". "Через Максима Бакиева он [Б.Березовский] вышел на Курманбека Бакиева. Кстати, Максим Бакиев хоть потом займет денег Березовскому на суд с Абрамовичем, а вот папа Курманбек тогда подвел. Он не успел отписать олигарху золотые прииски под Иссык-Кулем. Его вышвырнули из Бишкека так же, как Березовский помогал вышвырнуть Аскара Акаева" - деген маалыматтар айтылды. Мындан башка дагы далай кен байлыктарыбызды Максим дүйнөлүк олигархтардын колуна карматууга даяр тургандыгы тууралуу маалыматтар бар. Ушулардын баарын көрүп-билип туруп Бакиевдин бийлигине жан тартып аткандарга эмне демекчибиз?


Мыктыбек мыкты айтты
Парламенттеги ит жыгылыш, интригалар эми Өкмөт жакка өтүптүр. Бул тууралуу ЖКдагы оппозиция лидери Мыктыбек Абдылдаев айтып чыкты. "КСДПнын өкүлү болгон Атаханов Мамкаттоо кызматындагы ири коррупциялык иштер тууралуу айтты. Дагы бир социал-демократ депутат мэриядагы ири жемкорлук жөнүндө айтып атат. Коалициялык көпчүлүккө кирген "Ар-Намыс" фракциясы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктеги коррупциялык схемаларды чукуп чыкты. Эгер коалициялык көпчүлүк өздөрү түзгөн Өкмөттү көзөмөлдөй албаса, таркап кетишпейби" - деди. Аксакал депутаттын айтканында калет жок. Чын эле акыркы айлары көпчүлүк коалициясындагылар бир пикирге келе албай, биринин айыбын бири чукуп бүтө албай эле айласы кетип атат. Ич ара "ирип-чиришпей" айыптуусун ары кылып, абийирдүүсүн бери кылып, ишке өтүшсө жакшы болмок.


"Бульдозер" тескери бурулду
Айтылуу "революция бульдозери" деген ылакап аттын ээси Азимбек Бекназаров гезитибизди сотко бергендиги тууралуу Октябрь райондук сотунан чакыруу келиптир. Азырынча Азикеңдин гезитибизге болгон таарынычын так биле элекпиз, бизге койгон доосун да окуй элекпиз. Бирок өткөндө "Элдик кайрат" деген коомдун өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, "Апрель окуясында Ак үйдөн алынган акчаларды Азимбек Бекназаровго өткөрүп бергенбиз" - деп айткандарын, башкалар сыяктуу эле биз дагы жарыялаган жайыбыз бар. Ошондон кийин ачууланган Азикең Мамбетжунус Абылов дегендерди ээрчитип алып, маалымат жыйын өткөрүп, "Атамбаевдин тарапташтары мени каматкысы келип атат" - деп келип, өзүн каралап аткандардын башында биздин гезиттин турарын жанындагы Абылову аркылуу айттырган. Кыязы ошол окуя боюнча "сотко берем" - деп опурулуп аткан окшойт. "Элдик кайраттын" айткандарын жазбаган гезит, кеп кылбаган киши калган эмес. "Атамбаев менен аласа-бересебиз жок" - деп миң айтсак да ишенгиси келбеген Азикең Алмаз досуна болгон таарынычын бизден чыгарайын деп атса керек. Бирок биздин тайсалдай турган дагы, корко турган да жөнүбүз жок. Анткени "эски досубуз" Азимбек Бекназаров тууралуу аша чаппагандыгыбызды жакшы билебиз. Эски дос демекчи, Азикеңдин "бульдозер" болушуна биздин да салымыбыз чоң. Азыркы жайнаган гезиттер жашынып жүргөндө, ал кезде "Форум" деп аталган гезитибиз Азимбек Бекназаровдун Бакиевдерге каршы айткан жалындуу кептерин коркпой-үркпөй элге жеткирип келгенин элдин баары билет.

Бийлик Чолпонбаевден коркобу?
Кечээ күнү Акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Экономика министри Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев менен оппозициянын ана башчысы болуп чыга келген "Кыргызстанды сактоо " кыймылынын башчысы Мукар Чолпонбаев менен сүйлөштү. Бул сүйлөшүүгө парламенттеги оппозициялык азчылыктын өкүлдөрү келген жок. Жолугушууда Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча келишимди бузуу, Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандарынын санына квота киргизүү сыяктуу талаптарды койду. Бирок, акыл-эстүү адамга Текебаев, Сариевдердин ушу Чолпонбаевге жүгүрүп барып, анын суу кечпеген талаптарын укканы кызык эле эй. Башкага барышса да, Шалтаковичке барып, бийликтин да, өздөрүнүн кадыр-баркын кетирбей эле коюшса болмок. Баратбай Аракеев агабыз айтмакчы: "Мукар Чолпонбаев сактаган өлкөдө жашагандан көрө жашабай койгон артык!" Чолпонбаев ким экени, жалпыга белгилүү да…