Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Рухий дөөлөттүн майрамы

Жергебизге жадырап Жаз келди! Жаз менен кошо адамзатка өмүр берген, мээрими Күндөй жаркыган Энелердин, жалпы эле аял затынын майрамы менен бирге Улуу Ууздун улуу күнүн белгилеген Нооруз майрамы да белгиленди! Күн менен түн теңелип, Жаңы жылдын башталышын даңазалаган ушул түпкү ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан көөнө майрамды эли-журтубуз жакшы маанай, ынтымак-ырашкердик, ыр-күүлөр, улуттук оюндар, улуттук түркүн дүйүм, тамак-аш-Кут-береке менен тосуп алышты. Майрамды шаңга бөлөп, калайык-калкыбыздын көңүл кушун көкөлөткөн дагы бир сонун көрүнүш, ордо калаабыздагы тоо булбулу Токтогулдун ысымын алып жүргөн Улуттук Филармонияда 20-21-мартта өткөн эки күндүк Эл аралык төкмө акындардын Айтышы болду!


Жараткан биздин элибизге башкаларда жок өнөрдүн туу чокусу - манасчылык менен төкмөлүктү берип, ырасында жакшы эле жалгаптыр... Башкасын коюп, Түрк дүйнөсүн алсак деле, мындай эгиз өнөр бөлөктөрдүн шыбагасына тийбеген. Элибизде айтылып келгендей: "Өнөрдүн алды-кызыл тил" - демекчи, көчмөндүк доорлордун алтын казынасы--руханий асыл кенчтин баарысы алп "МАНАС" эпосубуз баштаган толгон дастандарыбызда, элдик оозеки чыгармачылыктын бизге жеткен бардык үлгү, мурастарында сакталып калган. Эми ошончолук рухий кенчтерди - Чыныгы адам болуунун, мекенчилдик менен баатырдыктын, аруулук менен сулуулуктун идеяларынын жазылбаган мыйзамдарын коштоп жүрүп отурган мурастарды атадан - балага, муундан-муунга, устаттан-шакиртке бир эле эс-тутум аркылуу өткөрүп келген элибизге манасчылык менен төкмөлүк өнөрдүн энчилениши да бекеринен эместир?! Башка элдердин түшүнө да кирбеген, өтө чоң интеллектини, акыл көрөңгөсүн, мыкты эс-тутумду талап эткен бул эгиз өнөрдүн касиети чынында эле табышмак... Алмадай баштын ичине Сагымбай менен Саякбай аталарга окшогон манасчылар миллионго жакын ыр саптарын батырып, дастанды күндүр-түндүр, жайдыр-кыштыр айтышкан болсо, төкмө акындар алардан кем калышпай, көргөн-билгендерин, дүйнө таанымдарын, адилеттик менен калыстыкты көркөм сөздүн кудурети менен бермет шурудай тизмектеп, чечендик, акындык өнөрдүн касиет-күчүн санат-насыят, терме, айтыш ырлары менен Журт аралап жүрүп, элге тааныткан нечендеген акындар өткөн. Бизге ысымдары белгилүү ак таңдайлар, бири миңге татыган, орошон ойлуу дулдулдар: Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Арстанбек, Калыгул, Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Коргол, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Токтонаалы, Ысмайыл, Казыбек, Боогачы, Ашыраалы, Тууганбай, Эстебес сындуу аталарыбыздын ташкындаган өнөрлөрү алардын көзү өткөнү менен сөзү өлбөй, касиеттүү Ала-Тообуздун кокту-колотторун дагы деле аралап келет...
Кийинки биздин замандаштарыбыз: Ашыраалы, Тууганбай, Эстебес аталар бирин-бири ээрчип, арабыздан көчкөндө төкмөлөрдүн журту аңгырап ээн калгандай, жайдак калгандай, андай акындар эми бизден чыкпачудай сезилди эле. Жараткандын көзү түз экен, "Аккан арыктан-суу агат!" -демекчи, алардын шакирттери торолуп, Замирбек Үсөнбаев агабызды жалгызсыратпай, жаш төкмө акындарыбыздын саны арбып, кемелине келип, оролуна толуп баратканына элибиз күбө. Жеңишбек менен Аалы, Элмирбек менен Амантай, Азамат- не деген суу төгүлбөс жорголор?! Алардын катарына азыр жаш таңдай тайлардын кошулганы да баарыбыз үчүн абдан кубанычтуу! Ар бири Кыргыздын намысына жарап берчү азаматтар! Кудайым алардын алтын баштарын аман коюп, өнөрлөрү күн санап өрүш ала берсин! Алган байгелүү сыйлыктары өздөрүнө кут болсун!

Өнөрдү аздектеп, көркөм сөз баккан төкмө акындардын шыгына-шык кошуп, аларга мыкты шарт түзүп берип, атан төө көтөрө алгыс жүктү аркалап, "каруусун казык кылып", элине талыкпай кызмат өтөп жүргөн "Айтыш" коомунун төрагасы Садык Шер-Нияз иниме чын ниетибизден ыраазылык айтып, ишине албан-албан ийгиликтерди каалап кетели! Элибиздин эсебинен маяна алып, "куурай башын сындырбай", мээлейдей алмашкан кадрдык баш-аламандыктын "сазында" отурган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бул жааттагы жумуштарын жалгыз өзү эле бүтүрүп, жүрөгү Элим, жерим! -деп соккон Садык инибиз көп иштерди жасап келе жатканын элибиз көрүп турат. Ушундай азаматтардын катарлары өссүн!

Ушул жерден КТРдин директору Кубат Оторбаевдин, ЭЛТРдин директору Шайырбек Абдырахман уулунун "Эл аралык Айтыш-2013тү" уюштуруу иштерине кошкон салымдарын айтпай кетсек болбос? Айрыкча, ЭЛТР Айтышты түз эфирде алып көргөзүп, көңкү Журтубузду, анын ичинде чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн кандаштарыбызды бир кумардан чыгарды белем?! Көрбөй калгандардын армандары аттын башындай болуп, "Ошол көрсөтүүнү дагы бир ирет кайталап коюшаар бекен?"- деген үмүттө жүрүшөт. Себеби, бул жолку Айтыш элибиздин бүйүрүн кызытып, эки кишинин башы кошулган жерде сөз болуп, коомчулугубузда өтө чоң резонансты жаратты.

Эми буга чейин өткөрүлүп келген казак-кыргыз айтыштарын эске алсак, казак тарап айтышка мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, мектеп окуучуларына чейин чечендикке даярдаган кароо-сынактарды өткөрүшүп, кызыктыруучу чоң-чоң байгелерди коюшаары айтылып келди. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" -демекчи, айрым "акылы бар, эси жок" казактын "тентек" акындары бизден барган төкмөлөрүбүздү "ит талагандай" кылгандарын уккан элибизде бир аз таарыныч бар эле. Кечээ эле ачарчылыктан казак "кайың саап" калганда, кыргыз элибиз колунда бар ырыскысын тең бөлүшкөнүн бүгүн унутуп, азыр: "Кыргыздар тентип, бизге кул болдуңар" - деп, үстөмөндөп тургандары кимге жаксын? Негизи, Кыргыз улуу эл экенин, бизге кыянатчылык кылгандардын эсебин Кудай табаарын алар кайдан билишсин?! "Катылгандын катыгын берип, чукугандай курч сөздөрү менен Хандан-бектен кайра тартпаган, адилет-калыстыгынан жанбаган Аалы акыныбыз намыска жарап келип жүрөт! Анын казак акындарына берген ар жолку жооптору дисктерге көчүрүлүп, калың элибизге капкачан эле тарап кеткен. Кудай Аалынын өмүрүнө береке, өзүнө кубат, чыгармачылык жаңы дем-күч берип, көзү менен сөзү жамандардан сактасын!

Жашоо жагдайыбыз бир күнү оңолоор? Адашкан, ач көз, кекиртеги керней ажолордун кесепетинен жарды болсок эле, бизге намыстын кереги жок бекен?! Анан, бу сапар өткөн Айтышта казактардын "жосунун" кайталабай, "таш менен урганды-аш менен уруп", ынтымакты сактап, уюштуруучуларыбыз байгелерди тең бөлүп, айкөлдүктү көргөзгөндөрү эң эле туура иш болду.
Батыштын эли: "Кудайдын бар-жогун илимий доктрина менен далилдейбиз"- деп, илимди алдыңкы орунга коюшса, арабдар Жараткандын өзүн бир Исламга "менчиктеп", фанатизмге берилип, динди баарынан жогору санашса, биздин элибиз Теңирдин өзүн көркөм сөз өнөрү, комузу, көкүрөгү менен таанып, өнөрдүн ээлерин аздектеп келген эл эмеспи?! Турмуш жагдайына жараша, соңку мезгилдерде эли-журтубуз руханий гүлазыктарга өтө муктаж болуп, суусап турат. Ошондуктан, совет доорундагыдай "агитпоезд" уюштуруп, журт аралап, манасчылар, төкмө акындар, комузчулар жети дубан элибизге өз таланттарын тартуулап келүүсүнө шарт түзүлүп берилсе, атаганат?! Азыркы өнөр ээлерин көргөн жаш балдар келечекте аларга шыктанышып, үлгү алып, өнөр сересине умтулушмак чыгаар?

Аягында айтаарым, бийлик башындагылар мансапка жеткенде баарын унутушуп, калайык-калкты шайлоолор жакындаганда эстей калышпай, кандай көйгөй же саамалык болбосун, эл менен эл, журт менен журт болуп, чогуу болушса дейм. Бул жолку Айтышка башка чоңдорубуздан мурда Маданиятты тейлегендер келип коюшса болмок... Элден бөлүнүп алышып, өздөрүнүн тар чөйрөсүнүн "казанында кайнай" беришип, калктын колдоосунан кур- жалак калаарын билишпейт го? Акыркы убакта модага айланып кетти: - Жогорку бийликтегилер элди майрамдар менен жандуу куттуктагандын ордуна сүрөттөрүнүн алдына жардамчылары жазып берген супсак сөздөрдүн текстин дикторлор теледен окуган болушат. Мындай текеберчилик, кош көңүл-кайдыгерлик мамилелер элдин кыжырына, албетте, тийбей койбойт...Ошондуктан, намыс кылбай эле, өздөрүнөн акыл чыкпаса, биздин аткаминерлерибиз казактардын эл жакшыларынын өз тилине, дилине, маданиятына карата жасап жаткан изги иштеринен үлгү ала жүрүшсө дейм!
24-март, 2013-жыл.
"МАНАС Эли" коомунун мүчөсү:
САПАРБАЕВА
АЙКАНЫШ
КЕРИМ кызы.
Тел.: 0777 58 37 04,
0312 42 10 51;


КУТТУУ ЭЛ САГА
БЕРГЕН БАТАСЫ БАР!
Туткучев Аалы деген нак күлүк бар, .
Даңканы ташты жараар сай күлүк - ал.
Жараткан ӨЗҮ колдоп, аман болгун,
Куттуу Эл сага берген батасы бар!
Кыргыз!-деп, кызыл тилиң сайратасың,
Улутка тутка болоор азаматым!
Калыстык үчүн айтып коюш керек,
Төкмөлүктүн даванын чындап аштың.
Колуңда кылым баскан комузуң бар,
Кош миздүү канжардан курч, үч кылы бар.
Төкмөлүк каныңдагы кеткис дөөлөт-
Кудурет! Көз тийбесин, күткүн сөөлөт.
Улут үчүн башыңсайып, алдыңнамыс,
УлууЖурт тыңдаптурду, болупкалыс.
Оогон Кут кайтып элге конду белем?!
Оолжуган топ күлүктөр калды алыс…
Өнөр -жайы өнүккөн мармаркалаа,
Өнөрпозду баалаган баурларга.
Алышып чакырык кат Астанадан,
Ак таңдайлар барышкан чоң жарышка.

Элчи менен ырчыны абалтадан,
Сый-урматын көрсөтүп, эл баалаган.
Салт бузулду, сакталбай атаганат,
Айхайлашты, бербестен, орун-жатак.

Урпагынын осолдук кылганына,
Улуу Рухтар болду го, өтө капа…
"Түбү бирге-түтүшпөйт"-деген сөз бар,
Оодарылып кеткендир, Көкчө Ата?!

Кыргыз-казак боордошпуз, бир тууганбыз,
Тастыктайт муну азыр Улуу тарых.
Тилди, дилди тазартып, аруулансак,-
Бир элбиз, төбөбүздө ТЕҢИР калыс!
25-март, 2013-жыл. БИШКЕК шаары.
АЛЫМБЕКОВА ГҮЛМИРА.
Тел: 0705 15 15 45, 55-05-13.