presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ, ырчы:
"Тасмада терс каармандын ролун жаратып, депутаттын образын
чагылдырдым"

Өжөр талант ийгиликке жетет
Албетте, өжөрлөнүп, тыным албай эмгектенүү көп ийгиликтерге алып келет. Чыгармачылыктын түйшүгү менен изденүү үстүндөмүн. Өзгөчө кино жаатында күжүрмөн эмгектенип, жаңыдан эле "Карт бойдок" аттуу тасма жарык көрдү. Өз кесибим менен продюсерлик эмгекти аркалап, тасманын продюсеримин, проект менин эмгегиме таандык. Режиссеру Акжол Бекболотов, сценарийди жазган Үсөн Дайырбеков. 1-майда кино сынчыларынын назарына салабыз. Үй-бүлөлүк комедия жанрындагы тасма. "Карт бойдоктор" деп аталгандай эле, 35-40 жаштагы карт бойдоктордун жашоо-турмушу чагылдырылат. Карт бойдок кантип үйлөндү? Карт бойдок кимге үйлөндү? Эмнеге карт бойдок? Карт бойдок качан үйлөндү? деген суроолордун негизинде тартылды. Былтыркы жылдын ноябрь, декабрь айларында идеяларды топ топ, сценарийди түзүп баштаганбыз. Январдан тартып съёмканы баштаганбыз, учурда үндөрү жазылууда, баш аягы бул киного 7 ай убакыт талап кылынды. Буюрса, май айлары менен жарыкка чыгып, көрөрмандардын купулуна толгон тасма болот деген ишеничтемин. Тасмада терс каармандын ролун жаратып, Осмон Кочкорбаевич деген Шаардык Кеңештин депутатынын образын чагылдырдым. Карт бойдоктордун башкы каарманы Камчы Сарыбаев, ал эми каарман айым Адинай Кемелова аттуу модель кыз.


Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
Кандай кырдаал болбосун бардыгын эриш-аркак алып жүрүү зарыл. Ырчылык менен көп ийгиликтерге жетиштим, өзүмдүн ордумду таап, ушул даражага келдим. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, актерлук экинчи кесибим. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктагам. Ал эми Б. Бейшеналиеванын продюсердик билим алып, кино продюсер жаатын тандагам. Өз кесибимде алгачкы проектим "Аманат" тасмасы, ал эми бул тасма экинчи эмгегим.


Сыноодон сынба
Сын көз карашты туура кабыл алып, чыныгы чыгармачыл адам сын-пикирге эч качан чычалабашы зарыл. Коомчулуктун пикиринен эч качан көкөлөп, же ылдый чөкпөш керек. Кемчилик баарыбызда бар, эл көзү менен сынга кабылабыз, сын-пикирге терикпестен, элдин пикири менен түздөнүшүбүз абзел. Музыкалык билим алууда, чыгармачылыкта тажрыйба топтоодо көп таланттуу эже-агайлардан сабак алдым. Сын-пикирин уктум, уруш жедим, ошонун жыйынтыгы менен ушул ийгиликтерге жеттим.


Кыргызды кыргыз кылган
үч кыл комуз
Кыргыз - десе улуттук аспабыбыз үч кыл комуз эске түшөт эмеспи, жүрөгүнө ыр уялаган ар бир кыргыз комузда кол ойнотуп, кыргыз жыттанган ырларды созолонтуу кажет. Кыргыздын улуттук аспабы комузду кыргыз жигитинин милдети катары черткенди билем, ошондой эле жогорку деңгээлде болбосо да өзүм үчүн фортепианодо ойнойм. Ал эми музыкалык кесибим кыл кыяк, төрт жыл окугандан соң албетте кыл кыякта ойнойм.


Талантка таазим
Негизи кыргыз эли талантка бай эл экенин эч ким тана албайт. Кино жаатында да уучубуз кур эмес, не деген таланттуу актерлор, кино чеберлери өткөн. Өз убагында кинодо кыргыздын атын чыгарышкан. Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттуу агаларыбыздын таланттарына ар дайым таазим кылып келебиз. Ал эми учурдагы заманбап тасмалардын каармандарынан американын белгилүү актерлору Уилл Смитти жана Николас Кейджди американын актеру, продюсеру, режиссеру катары жогору баа берем.


Күйөрмандарыма ыр майрам
Чыгармачылыкта жакшы ийгликтерге жетишүү менен бир топ күйөрмандарды топтодум. Ыйык сахнага келгениме эмдиги жылы он жыл болот. Ошондуктан, жеке концертимди аркы жылга пландадым. Буюрса, күйөрмандарыма эмдиги жылдын жаз айларына өзгөчө ыр майрам даярдайм.


Жан дүйнө
Күлкү көңүлдүн байлыгы дейт эмеспи, канчалык күлүп, ачык маанайда, жайдары жүрсөң кылган ишиң да шар болуп, күлүп жүрүү менен жаныңдагыларга да жакшы маанай жаратасың. Айрым убакта көңүл чөгүп, капаланган учурлар болот. Бирок, өзүмдү-өзүм кармап, шайыр жүрүүгө умтулам. Маанайды ачып, жан-дүйнөсүн тазартуу ар бир адамдын өзүнүн колунда.


Үй-бүлөдө
Үй-бүлөдө эки баланын бактылуу атасымын. Кызым, Даткайым 5 жашта. Уулум, Бай Амир күзүндө экиге толот. Жумуштан чарчап барсам балдарым тосуп чыгып, жубайым ысык тамагын камдап турса чарчаганымды унутам. Үй-бүлөмдүн курчоосунда бул жашоонун бактылуулугун сезем.


Венера НАРКЕЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??