presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Феликс Кулов, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери:
"Мен кааласам да, каалабасам да Жанышты кызматка алып келишмек"
- 24-мартта оппозиция курултай өткөрүп, бийликке бир катар талаптарды койду. Арасында "Президент авторитардык башкаруудан кайтсын" дегени да бар экен. Буга кандай комментарий бересиз?
- Ачык суроого түз жооп берейин. Бир караганда ушундай деп айтууга негиз бардай көрүнөт. Алардын талабында "айрым фракция лидерлеринин айынан парламенттик башкарууга өтө албай, президент тарабынан бийликти узурпациялоо болуп атат" - деп жазылыптыр. Биринчиден кайсы фракция лидерлери экени так айтылган эмес. Экинчиден баардык фракциялар башкаруучу коалицияда болушкан. Баарынан көп коалицияны "Ата-Журт" фракциясы башкарган. Бул жерде спикер болуп турган Акматбек Келдибековго суроо туулуп атат. Эгер ушундай деп ойлошсо, анда Келдибеков дагы бийликти узурпациялоого катышканын мойнуна алышы керек. Бирок маселенин төркүнү башкада. Бийликтин бир колго топтолуп жатканына фракция лидерлеринин күнөөсү канчалык? Буга мындай жооп берейин, жакында депутаттык топтор боюнча мыйзам кабыл алынды. Баардык фракция лидерлери буга каршы чыкты. Эмне үчүн каршы болдук? Эгер депутаттык топту түзсөк, анда партиялык башкаруу жөнүндө кеп кылбай эле койгонубуз оң болот. Анда мурдагыдай эле бир мандаттуу шайлоо системасын киргизишибиз керек. Мунун аркасынан "миллионерлер клубу" пайда болот. Жалаң акчалуулар шайланып келет. Эми азыр деле акчалуулар бар деңизчи, бирок азыркы системада атайын квоталар бөлүнгөн да. Жаштарга, аялдарга, башка улуттагыларга деп. Ошондуктан биз депутаттык топтордун куралышына каршы чыкканбыз. Бирок президент кол коюп берди. Бул жерде президент жаңылып калды. Бул маселе боюнча президенттин юридикалык бөлүмү туура түшүндүрмө бере алышкан жок. Жаңы мыйзамда "Шайлоо бүткөндөн кийин депутат фракция менен чогу болобу же өз алдынча кетеби өзү чечет. Эгер фракция менен идеялык көз карашы туура келбей калса, өз алдынча кетүүгө укугу бар" деп жазылып турат. Сени партиянын атынан эл шайласа, анан 2 күндөн кийин партия менен идеалык көз карашың кантип туура келбей калат? Көрдүңөрбү, биздин көпчүлүк депутаттар кандай акылсыз мыйзамды колдоп берип коюшту. Мындай болгондо партиялык парламент жөнүндө сөз да болбошу керек. Моюнга алышыбыз керек, парламент шайланып келгенден баштап, ич ара ызы-чуудан башыбыз чыкпай, интрига менен алек болдук. Жогорку Кеңеш алсыз болуп, бир пикирге келе албай атканда, албетте президенттин ролу, таасири күчөйт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Парламент тигинтип атса, Президент өзү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жөнүндөгү картаны аныктап, тышкы саясатты өзү жүргүзүп, демилгени өзү колго алууга туура келди. Бул жерде бийликти узурпациялап алды деп Президентти күнөөлөгөнгө болбойт. Фракция лидерлерин дагы күнөөлөгөнгө болбойт.
- Анда ким күнөөлүү?
- Конституцияны жазгандар күнөөлүү. Негизинен Конституция жакшы жазылган, бирок ушул бөлүгүндө карама-каршылыктар болуп калган. Башмыйзамдагы ушул мүчүлүштүктүн айынан ар бир депутат өз каалаганын кыла баштады, бөлүнө баштады. Партиялык программаны ишке ашырууга кыйынчылыктар түзүлдү. "Андай кылганга болбойт" -десек, айрымдары "фракция лидерлери партиялык диктатура орнотуп жатат "- деп кыйкырып чыгышты. Биз партиялык жоопкерчиликтин элементтерин жоготуп алдык. Алар кимдин алдында жооп берет? Партиянын алдында жооп беришпейт, анткени алар өз алдынча депутат, эл алдында жооп бербейт, анткени жеке өзү элге эч нерсе деп убада берген эмес. Парламент ушундай иштерден башы арыла албай атса, өлкө ыдырап кетпеши үчүн албетте Президент кайсы бир ыйгарым укуктарды өзүнө алууга туура келди.
- Адахан Мадумаров "Курманбек Салиевич каршы чыкканына карабай Жаныш Бакиевди бийликке Кулов алып келген" деп атат. Бул кептин чындыгы канчалык?
- Жакшы суроо. Акыркы убакта бул жөнүндө кызуу кеп болуп атат. Кандай болгонун ачык айтайын. Мен премьер-министр болуп турганда, мага Президенттин администрация жетекчисинин орун басары Медет Садыркулов менен ИИМ министри Мурат Суталинов кирип "Жаныш Салиевичти ИИМ министринин биринчи орун басары кылып дайындап бериңиз" - деп келишти. Министрдин орун басарларын премьер бекитчү да. Мен "бул боюнча президенттин маалыматы барбы?"- десем, "ооба, билет, болбосо сизге кирбейт элек" - дешти. Президент мага жиберип аткандан кийин, каалайсыңбы, каалабайсыңбы баары бир отургузмак. Тигилерге "мен өзүм президентке кирип чыгайын, силер менен талкуулабай турайын" - дедим. Курманбек Салиевичке кирип "Жаныштын ошол жакка барышына өзүң кандай пикирдесиң?" - деп сурасам "Иним мен үчүн эле өспөй калышы керекпи? Көчөдөн келген эмес, Карагандадагы милиция окуу жайын бүткөн, лейтенант кезинен бери өз маңдай тери менен ушул даражага жетти. Акаевдин учурунда артынан казып, эч нерсе таба албай коюшту. Эмне үчүн мен ага бут тозушум керек? Менин иним экендигин эске албаганда, ага карата терс пикириң, нааразычылыгың барбы?" - деди. "Нааразычылыгым жок. Эгер ИИМ министри өзү суранып атса, анда макулмун. Бирок ИИМге эмес, ГКНБга алып баралык" - дедим. "Эмнеге ал жакка" -дейт. "Мен ал жакта иштеп кеткем. Оппозиция тигинткени атат, минткени атат деп, баарын эле эл душманы кылып асмандан алып эле ар кайсыны айта беришет, иниңди ал жерге алып барсаң, кырдаалды өзү көзөмөлдөп, сага туура маалыматтарды берип турат" -дедим. Ошентип Жаныш коопсуздук кызматына орун басар болуп калган. Кандай болгон күндө дагы ИИМ өтө чоң кызмат. Коргоо министрлиги, Коопсуздук кызматына караганда өтө күчтүү уюм. Ошондуктан Жаныштын ИИМде иштешин чынында каалаган эмесмин. Президентке өзүм барып жолукканымдын да себеби ошол болгон.
- Бирок Жаныш Бакиевдин талапкерлигине караманча-каршы чыгып туруп алсаңыз кандай болот эле?
- Ал эмне үчүн ушундай болуп калды? Эмне үчүн чоң кылмышка барды? Бийликке азгырылып, бузулуп кетиши менин күнөөмбү? Ата-энесинин же президент агасынын күнөөсүбү? "Мен кызматка койгом, анан кылмышкер болуп кетти" деп ой жүгүрткөнүбүз туура эмес го. Башка адам эмес, өзүбүздүн балдарыбыз эртең кандай болуп чыгаарын билбейбиз да? Президент өзү каалап атканда, ага эч ким каршы чыга алмак эмес. Ал баардык кадрдык маселени президент өзү чечкен. Анын үстүнө Жанышты ал кызматка коюуга негиз бар болчу. Анткени ал көчөдөн келген эмес. Өз ишин мыкты билчү. Бир заводдо механик болуп иштеп же базарда соода кылып жүргөн жеринен коопсуздук кызматына орун басар кылып дайындап койсок бир жөн. Мисалы мен Коопсуздук комитетин башкарып турганда, мага Мисир Ашыркуловду орун басар кылып дайындаган. Мен эч нерсе дей алган эмесмин. Мен ага көрсөтмө да жазган эмесмин, мажбурлап туруп эле жаздырып коюшкан.
- Ашыркулов менен мамилеңиз начар беле?
- Эч кандай мамилем жок болчу.
- Эми өлкөдөгү акыркы кырдаалга кайрылсак. Оппозициянын митингдери Кыргызстандын саясий жашоосуна канчалык деңгээлде таасир эте алышы мүмкүн?
- Тынч митингдерге биз эч качан каршы чыкпашыбыз керек. Баардыгы мыйзам чегинде болсо, каалашса күнүгө чыга беришсин. Акчага чыгыштыбы, өздөрү чыгыштыбы, баары бир эл чыгып атат. Талаптары кандай, ал жагын да карап, бир пикирге келип, ынтымак менен чечишибиз керек. Митинг өтө берсин, бирок башка маселе мародерлор жана митингге чогулган элдин арты менен чагым уюштурууга камынгандар. 13-мартта Бишкекте митинг болот экен дегенде элдер чочуп, кыжаалат болуп атышпадыбы. Анткени эл азыр эч кимге ишенбей калган. Эки революцияны башынан өткөрүп, мародерчулукту көрүп, кадимкидей көңүлү калбадыбы. Митинг болгондо эле мародерлор эске түшүп, коркуп атышат. Ошондо биз мародерчулукка жол бербейбиз - деп чыкканбыз. Митингдерге каршы болбошубуз керек. Бирок жанагыдай чагымчылык аракеттерди баарылап ооздуктап, каршы турсак баары жакшы болот.
- Былтыр жергиликтүү кеңештердин жыйынтыгына нааразы болуп, коалициялык көпчүлүктөн чыкмакчы болуп, кийин тынчып калдыңыз?
- Башка жерди айтпаганда да Бишкек шаарында шайлоо кандай өткөнүн жакшы билебиз. Ачыгын айтканда мэрия "Ар-Намыс" келсе бир далай кызматкерлерди иштен алат деп, ачык эле бизге каршы иштешти. Бир топ мыйзам бузуулар болду, аны элдин баары жакшы билет. Шайлоо ушундай кир өткөндөн кийин каршылык иретинде коалициялык көпчүлүктүн лидерлигинен кетем дедим. Мен партиялаштарым менен болушум керек да. Бирок тартип боюнча отставкаңды кабыл алуу же албоо боюнча коалициялык көпчүлүк чечет. Алар менин отставкамды кабыл алышкан жок. Нааразычылыгымды кабыл алышып, шайлоо кодексиндеги айрым мыйзам жоболорун өзгөртөлү деген талабыбызга макул болушту. Азыр мыйзам долбоору даяр болуп калды. Эксперттердин элегинен өткөрүп, парламентке алып чыгабыз.
- Азыркы оппозиция лидерлерине кандай баа бересиз?
- Эгер аларды эл колдоп атса, бийлик алар менен эсептешиши керек. Ал адам бизге жагабы, жакпайбы алардын айткандарына кулак төшөп, талаптарын угушубуз керек. Эгер аларды эл колдоп атса! Мен азыркы оппозициядагылардын баары менен мамилем жакшы. Айрым маселелер боюнча саясий көз караштарыбыз келишпей калышы мүмкүн, бирок адам катары мамилем жакшы. Мисалы ошол эле Келдибеков, Бекназаровдор менен көп учурда көз карашым туура чыга бербейт.
- Акылбек Жапаров депутат болуп турганда, сизди фракция лидерлигинен алуу боюнча аракеттер болгон эле. Кийин Каржы министри болуп кеткен Акылбек Жапаровдун талапкерлиги азыркы Өкмөт куралып атканда көрсөтүлгөн жок. Себеби эмнеде, ички чыр-чатагыңарбы? Азыр ал адам менен мамилеңиз кандай?
- Жок чыр-чатак болгон эмес. Сыртынан ошондой көрүнүшү мүмкүн, бирок иш жүзүндө андай эмес.
(Уландысы 10-бетте)











кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??