presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Концерттен түшкөн каражаттар кайда жумшалат?

Борбор калаабыздагы концерт, маданий иш чаралардын көбү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлүп келет, бирок аталган эки маданий жайга коюлган концерт, иш чаралардан жылына канча каражат түшөөрү коомчулукка маалым эмес, биз билгенден жакшы эле түшсө керек, себеби, " экөөнүн тең ижара акысы кымбат" деп артисттердин көбү айтып жүрүшөт. Мисалы филармониянын ижара акысы саатына 20 миң сом болсо, спорт ордосунуку 15 миң сом экен, ошондо эки саат концерт коюлса эле, 40 миң сомго жакын каражат түшүп жатпайбы. Ал эми түшкөн каражаттар кайда жумшалып жатат? Мына ушул суроо менен биз, аталган эки жайдын кызматкерлерине суроо салдык...

Даниэл Осмон уулу,
Кожомкул атындагы спорт ордосунун директорунун орун басары:
- Бакыт мырза, ырчылардын ижара акысы кымбат, шарты жок деп айтып жүрүшөт, бул боюнча эмне айта аласыз?
- Спорт ордосунун шарты жаман эмес, мурдагы жылы 6 миллион сомго орунтуктарды алмаштырганбыз. Кээ бир ырчылар муздак дей беришет, муздак деле эмес, жылуу эле. Ижара акы болсо, 20 миң деп жүрүшөт, 20 миң эмес, саатына 15 миң сом алабыз. Филармония, опера балет театрына караганда биздин ижара акыбыз абдан эле арзан. Ошондой эле адам дагы көп батат, 2200 орунтугубуз бар. Ал эми ижарадан түшкөн каражаттар толугу менен аталган жайды ремонттоп, оңдоп түзөөгө жумшалат. Бир топ жылдан бери ажатканабыз оңдолбой келди эле, азыр аны оңдоп жатабыз.
- 6 миллион сом өкмөттөн бөлүнүп берилдиби?
- Жок эч кандай өкмөттөн бөлүнүп берилген жок. Өз каражатыбызга алмаштырдык. Тендер жарыяладык эле, "Кыргыз мебель" фирмасы утуп алып, жасап беришти. Биз негизи мамлекеттен бир да тыйын албайбыз жана бир да тыйын бербейбиз, өзүбүздү өзүбүз каржылап, спорт ордосун сактап келе жатабыз.
- Спорт ордосуна бильярд зал ачып алганыңыздарды билебиз...
- Антип каражат таппасак болбойт да. Жашырганда эмне бильярд зал, дүкөнүбүз бар. Кээде көргөзмөлөр өткөрүлүп калат, андан акча табабыз.
- Жалпы канча кызматкер эмгектенет, алардын алган маяналары канча?
- 60 жакын кызматкер иштейт. Алган айлыктары ишине жараша 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин алышат. Музыкалык аппаратурабыз бар, аныбыз эски аны моюнга алышыбыз керек, бирок келечекте жаңыласак деген оюбуз бар.
- Билет сатуу маселесин кантип жөнгө салса болот? Себеби көтөрүп саткан сатуучулар, 200 сомдук билетти 500 сомдон саткан учурлары болуп келет...
- Бул боюнча атайын мыйзам кабыл алып, закондун негизинде жөнгө салыш керек го дейм. Болбосо биз тыя алчудай эмеспиз, буга чейин көп эле аракет кылдык бирок, жыйынтык болбоду. Анын үстүнө ырчылар дагы билеттерин кассага койбой, ошол ортомчуларга берип саттырып жатпайбы.

Каныбек Ажымүдүнов,
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук
филармониясынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси:
- Каныбек мырза, кепти ток этээр жеринен баштайлы, ижарадан түшкөн каражаттар кайда жумшалат?
- Эң негизгиси светке, сууга анан, артисттердин айлыгы аз да, аларга 30 пайыз кошумча каражат катары беребиз, анан калганын мамлекетке төгөбүз, ашыкча каражат, эч жакка сарпталбайт.
- Жалпысынан филармонияда канча орун бар?
- Чоң залда 1108 орун, ал эми кичи залда 375 орун бар, ижара акыбыз болсо саатына мурун 25 миң сом эле, азыр 20 миң сом, 20 миң арзан эле да. Мисалы ырчылар эки күн концерт коюшат, эки күндө жок эле дегенде 1500 жакын адам кирет да. Ошондо билетти 500 сомдон сатканда эле канча каражат түшүп жатат. Ырчылар аны билбей эле, ижара акыны кымбат дей беришет.




Искендер ШАРШЕЕВ, саясат таануучу:
"Популист саясатчылар "Кумтөрдү"
бийликке келүү үчүн колдонуп жатышат"
- Оппозиция жээгиндеги саясатчылар Жалал-Абаддагы курултайда: "Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин апрель айынын аягына чейин карап, "Кумтөр маселеси Кыргызстандын кызыкчылыгына чечилмейинче башка кен чыгуучу жайларды берүүдө чет элдик инвесторлор үчүн мараторий жарыялоо керек" деген талап коюшту. Сиздин оюңуз кандай?
- Бул саясый спекуляция. Кыргызстандагы популист саясатчылар элдин көйгөйлүү маселелерин изилдешип, анан аны чечүү үчүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп, саясый оюнга айлантып жиберишет. Азыр дагы ошондой саясатчылар талылуу маселени кармашып, аны менен элдин башын айлантуу аркылуу өздөрү бийликке келүүнү көздөп жатышат. Бул "Кумтөр" маселеси өтө дыкаттык менен, терең иликтене турган маселе. Аны кылыч менен чапкандай эле шыла чаап бир жактуу чечим чыгарып салганга болбойт. Андан кайра өзүбүз жапа чегип калышыбыз мүмкүн.
- Ошол эле Жалал-Абад шаарында болуп өткөн курултайдын резолюциясында ""Кумтөр" маселесин көтөргөндүгү үчүн абакка алынган "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана башкаларды толук актоо жана бошотуу" талабы дагы бар. Чындыгында эле булар "Кумтөр" маселеси үчүн темир тордо отурушабы?
- Мен бул тармакта адис эмесмин. Бирок, адистер менен кеңешип, алардын пикирин угуп жатам. Андан сырткары интернет-сайттарда видео, аудио жазмалар кенен көрсөтүлүп турат. Андан ал депутаттардын бирөөсү ачык эле бийликти күч менен алмаштырууга сунуш, чакырык таштаганын көрөбүз. Биздин Конституцияда: "Бийлик мыйзамдуу жол менен гана алмашыш керек" деп жазылып турат. 2005-жылы дагы ыңкылап менен бийлик алмашты, 2010-жылы деле ошондой болду. Анан улам-улам эле аны кайталай бергенде мамлекетибиз жарга такалат. Акаев, Бакиевдердин убагында оппозиция лидерлерин абакка камап турушкан. Азыр абактагы депутаттар дагы өздөрүн оппозицияда болгондугубуз үчүн камалдык деп жатышат. Кандай гана учурда жашабайлы, мыйзамды бузган адам кылмышкер деп эсептелинет. Аларды актап, бошотуп жиберүү талабы бул саясый талап. Ал саясый талап мыйзамды бузууга жол берип жатат. Мен өзүм дагы акыркы учурларда ушундай кырдаалдарга тушугуп жатам. Кылмышкер кылмыш жасайт дагы анан "Кыргызбыз го, кечирип кой" дешет. Мыйзамдуу жол менен эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт. Андай болсо биз өнүкпөй эле Орто кылымга кайра кайрылып жашай берели. үңкүрлөрдө жашайлы, кылычты колго алып ар кимге чабуул жасап оокат кылалы. Ушундай кантип болсун? Биз алдыны көздөй умтулбай, кайра артты көздөй кетип жатпайлыбы?
Бетти даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??