presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аскар САЛЫМБЕКОВ, коомдук ишмер:
"Пикетчилерди ээрчибей,
акыл-эстүүлөрдү ээрчисек..."

Эсенгелди ЖУМАДИЛОВ, долбоордун жумушчу тобунун жетекчиси:
"Саламаттыкты сактоо, коррупция,
билим берүү тармактарын талкууга алсак..."

- "Кыргызстандын Идеялык Картасы" долбоору менен иш алып баруунун негизги максаты эмне?
Эсенгелди Жумадилов: - "Кыргызстандын Идеялык Картасы" маалымат казынасы болуп, биригүүгө, жаңы багытта иш алып барууга себепкер болушу зарыл. Өнүккөн мамлекеттерге көз салсак көп учурда маалыматты, идеяны коомдон сурайт. Америкада атайын "Акыл борборлору" бар, алар мамлекетке коомдо болуп жаткан идеяларды жеткирет. Москвада болобу, Америкада же Кыргызстанда болобу ишкерлер, илимий иштер менен иштегендер жана түркүн багытта иштеген жарандар жетиштүү. Ошондуктан коом ординардуу маалыматтарга бай. Батышта маалыматтык технология өнүгүп "Краудсорсинг" платформасы менен калктан акыл сурашууда. Биздин менталитетибизде өкмөт элден акыл сураса "өкмөттүн алсыздыгы" деген түшүнүк бар. Өнүккөн өлкөлөрдө, тескерисинче, элинен акыл сурай албаган бийлик "алсыз" эсептелет. Коомчулуктан акыл сурап, аны колдой билүү зарыл. Кыргызстанда илимдин артынан түшкөн, экономиканы терең түшүнгөн жаштар көп, бирок алардын идеясын уккан эч ким жок. Идеялык Картанын максаты 20 жылдан бери угулбай жаткан идеяларды мамлекетке сунуштоо. Негизги идеяларды алып чыгуу менен Кыргызстандагы жаштарды колдоо. Коллективдик интеллектин б.а. "билим алып жүргөн жаштар, академиктер, окумуштуулар, ишкерлер, коомдук ишмерлер" деп 5 даражага бөлүнгөн жарандардын идеяларын топтоо, талкуулоо, баалоо аркылуу коомдук документтерди иштеп чыгууга умтулуудабыз. "Кыргыздын баары идеолог, жалпы журттан келген идеянын баарын окуп чыгуу мүмкүн эмес" дешет. Ошондуктан, Краудсорсинг платформасы менен иш алып баруу баарыбызга жеңилдик түзөт. Платформанын негизинде бир жарым ай сайын белгилүү темаларды көтөрүп турабыз. Учурда "Бажы союзуна кирүүдө коомдук пикир кандай? Артыкчылыгы жана тийе турган залакасы", "Мамлекет менен ишкерлердин кызматташтыгы", "Кыргызстандын терс көрүнүштөрүнөн канткенде кутулса болот?" ушундай үч темада талкуу жүрүүдө. www.fpi.kg сайты аркылуу коомчулукту бул маселелерди талкуулоого чакыруудабыз жана учурда катталгандардын саны күндөн-күнгө арбый баштады. Кийинки алып чыгуучу теманы коом өзү аныктап, зарыл темаларды сунуштайт.
- Кайсы темаларга кайрылууну сунушташууда?
Эсенгелди Жумадилов: - Саламаттыкты сактоо, коррупция, билим берүү тармактарын талкууга алсак деген сунуштарды киргизишүүдө. Талкууга жаштар, белгилүү эксперттер, чет жерлерде эмгектенген жарандар катышууда.
- Интернет колдонбогон карапайым калк кандай кайрылса болот?
Эсенгелди Жумадилов: - Кыргызстан Борбор Азия боюнча интернет колдонуу боюнча алдыңкы орунда турат. Өзгөчө идея берүүчү эксперттер, ишкерлер, жаштар интернетти мыкты билишет, ошондуктан байланыш булагы интернетти тандадык. Эмки кадамдарыбызда интернет гана эмес, бетме-бет кезигишүүлөр да болот.
Аскар Салымбеков: - Апрель айында жер-жерлерди кыдырып, долбоордун ачылышын өткөзүп, калың журттун да пикирин угабыз. Ар бир областка байланышчу адамдарды дайындап, Идеялык Картанын маңызын түшүндүрүп, элге жайылтууну пландадык.
- Краудсорсинг термини эмнени түшүндүрөт?
Эсенгелди Жумадилов: - "Краудсорсинг" - "жамааттык ой-пикир менен коомдук маселелерди чечүү" дегенди түшүндүрөт. Бизден жакыр мамлекет Кенияда "Краудсорсинг" платформасы менен жамааттык ой-пикир аянтчасы менен кризистик, ар кандай кагылышуу учурларынан чыгып келишет. Жамааттык ой-пикир менен Исландияда конституция жазып чыгышты. Карапайым калкта баалуу маалымат жок деп ойлошот. Бирок калк чындыгында идея жана маалыматтын булагы.
- Долбоордун ачылышында буга чейин бийликте ишенимден кеткен адамдар катышты, буларды көргөн коомчулук долбоорго ишеним артпай калбайбы? Баягы эле адамдар турбайбы дегенчелик кылып...
Аскар Салымбеков: - Акаевдин убагында иштегенби, Бакиевдин убагында иштегенби, же бир партияда экенине карабай, идея берчү адамдардын баарына чакыруу жибердик. Аларды Бакиевдин, же Акаевдин убагында иштеген деп көө менен шыбай бергенден пайда чыкпайт. Ар бирибиздин акыл-эсибиз бар, академик, илимий адамдар болобу, эли үчүн иштегиси келет. Мисалы, Осмонакун Ибраимов "Азаттыкта" абдан жакшы берүүлөрдү уюштурууда.
Жакшы бир нерсени айтып өтөйүн, Кытайда социализмде болобузбу, же капитализмде болобузбу? деген талаш-тартышта Ден Сяопин "кандай түстө мышык болбосун, кара болобу, ак болобу чычкан кармаса болду" дегендей, кандай адам болбосун, Кыргызстанды туңгуюктан чыгарып кетүүгө даяр болуп, жакшы идеяларын айтууга умтулган бардык адамдарга биздин эшик ачык.
- Акаевдин, же Бакиевдин убагында ошол адамдардын колунда бийлик турганда жакшы идеяларын айтпаган, эми айтып чыгышат, окумуштуулар, мыкты эксперттер деп сиз түшүнгөнүңүз менен карапайым калктын канына жеп-ичкен, коррупционерлер катары сиңип калган да...
Аскар Салымбеков: - Тарыхка кылчайсак, үй-бүлөлүк диктатура түзүлүп келген. Эл Бакиев, Акаев учурунда өз оюн ачык айта алчу эмес. Бардыгын бетке айта албай, ушул турмушка келдик. Убагында идеология да жаздык, ал да ишке ашпай калган. Биздин идеология жазалы деген оюбуз жок, ой-пикирлерди топтоп, мыкты идеялардан улуттук өнүгүү жолун куралы деп жатабыз.
- Бул идеялар менен Кыргызстанга кандай салым кошсок дейсиз?
Аскар Салымбеков: - Билимдүү жаштарыбыздын идеясын ачыкка чыгарып, саясий элитаны даярдасак. Кыргыз эли-жери үчүн күйгөн улан-кыздарыбыз көп. Саясий элита алмашып турат эмеспи, кийинки элитага Кыргызстанга күйүп-бышкан, акыл-эстүү, илим-билимдүү жаштардын келишин каалайбыз.
- Саясат жеп-ичүү, коррупция, атаандаштык, бирин-бири каралаган ыплас жолдор менен курчалган, саясаттын таза жолу барбы? Таза, жаңы саясий элитаны кантип түзсө болот?
Аскар Салымбеков: - Аң-сезимди өзгөртүп, жаңы көз караштар менен караган адамдар келиши зарыл. Коррупцияга малынбаган, бир жээктен экинчи жээкке секиргендердин баары азайып, жаңы тажрыйба менен тарбияланган конструктивдүү күчтөр келиши керек. "Жаңы күчтөр, келечекте таза, адилеттүү саясий элита келсе" деген тилекти президентибиз да айтууда. Акылдуу жаштарыбыз Малайзиянын, Сингапурдун, Япониянын тажрыйбасын алып келип, биздин мамлекетке кызмат кылып, акыл-эстүү адамдардын коомун түзүү биздин максаттабыз. Акыл-эстүү адамдардын артынан ээрчисек, "кетсин" деп кыйкырган пикетчилердин артынан ээрчибей. Бирдиктүү иш алып барып, билимдүү адамдарды түптөсөк чоң иш жасаган болобуз.
- Саясий элита алмашып турат дедиңиз, жеке пикириңизде бизде жаңы саясий элита түзүлдүбү?
Аскар Салымбеков: - Акаевдин, Бакиевдин убагындагы демократия, демократиянын "пародиясы" болуп калбадыбы. Демократия дегенибиз менен автократияга айланып, үй-бүлөлүк башкарууга кеттик. Азыр партиялардын парламентаризмин башыбыздан өткөрүүдөбүз. Парламенттик башкаруу демократиянын туу чокусу. Буга да нааразычылыктар көп, бирок жеке оюмда бул парламент аягына чейин иштеш керек. Жакпай калды деп, конституцияны жамаачылай баштаганда дагы кандай болуп кетебиз, белгисиз. Парламент аягына чейин иштесе, кандай депутаттар отурат, анын баары иргелип, эл түшүнүп таразага салат. Кийинки шайлоого барганда акыл-эстүү, юрист, экономист билимдүү адистер келе баштайт. Дароо тазаланып, элита алмашууга сыйкырдуу таякча жок да. Көч бара-бара түзөлөт, иштин аягына чейин чыдоо абзел. Бирок, даярдык менен келген акылдуу кыргыздын патриоттору келсе коом өзгөрө баштайт.
- Идеялык картаны эмне себептен буга чейин баштаган эмессиз?
- Кыргызстандын жагдайын көпчүлүк түшүнүп кабатыр болууда. Туңгуюктан чыгып, алдыга умтулуп, өнүгүп-өскөн мамлекеттерди көрүп өзүбүздү салыштырат экенсиң. Акыркы 20 жылдын ичинде алдыга жылыштын ордуна, артка кетүүдөбүз. Революциялар тынымсыз болууда. Кыргызстанды жакшы турмушка алып келүүгө топтор түзүлүп, айрымдар курултай өткөрсө, айрымдар митинг, пикеттер аркылуу чыгышууда. Айрым жаштар изилдөө борборлорун түздү. Мен да коомдук интеллектке салым кошсок деген ойго келип, Прогрессивдүү демилгелер Фондун түзүп, ишти баштадым. Элдин маанилүү идеяларын топтоо максатында Идеялык картаны түзүү ишин баштадык.
- Идеялык картаны түзүп, жаштарды чогултканыңызга караганда, саясаттан чарчадыңызбы?
Аскар Салымбеков: - Араба алдыда атыбыз артта болуп, 20 жылдан бери шайлоо, конституция, референдум деп саясат менен байланып, экономикабыз артта калды. Коомдогу көйгөйлөрдү алдыга коюп, экономиканы көтөрүүнү максат кылып, саясаттан алыстап жумушсуздук, жакырчылык, бажы союзу туурасында талкуу жүргүзсөк дедик.

Венера НАРКЕЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??