presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Шалиман Нурматова, ардагер диктор:
"Агам Кыргызстанды башкарып кетмек"

Нурматова Шалиман көп жыл радиодо диктор болуп эмгектенген. Бул эже кадимки эле Кеңеш Кулматовдун бир тууган карындашы. Билгендерибиз көп, билбегендер да бар, Кеңеш агабыз кыргыздын бычакка сап жигиттеринен болуп жаралып, Фрунзе шаарын башкарып турган, андан кийин Кыргызстан Борбордук Комитетинин катчысы кызматына чейин жеткен. Анан бир ирет шайтан басып жанагы Леонид Ильич Брежнев көп адамдын көзүнчө Турдакун Усубалиевге: "Кулматов эл үчүн кенч экен, сиздин орунду басчу жигит экен" деп коет. Анан балээ башталат, тың чыкмаларды анча жактыра бербечү Усубалиев аксакал Кулматовду куугунтуктап жүрүп олтуруп, акыры Москвага кетирип тынат. Кулматов ал жерде Тышкы иштер министрлигинде окуйт, иштейт, посол болуп да кызмат өтөйт… Калган кепти Шалиман эже менен бирге улайлы.

- Баратбай, сен ошол мен кыйналып турган кезде интервью алып "Акылдан эмес, агасынан азап…" деп рубрика коюп "Асабага" чыгарып, мени колдоп көтөрмөлөп койдуң эле, аныңа чоң рахмат! Андан бери жыйырма жылга чукулдаган экен.
- Ооба, ошончо жыл өтүп кетиптир. Андан кийин Сиз менен кезиккеним ушул, аман турасызбы?
- Кудая тобо дейин, жашоо эл катары өтүп жатат. Балдар чоңойду, неберелердин алды үйлөнүп жатат. Мына, азыр сени менен сүйлөшүп жатып, ошол мен үчүн аябагандай кыйын күндү элестетип денем жыйырыла түшүп жатпайбы. Кеңеш агам куугунтукталып, анын аркасы менен мени иштен кетиргендин аракети болуп жаткан аябагандай оор кезде баягы агам чоң кызматында турган кезде мени менен жакшы мамиледе жүргөндөр, үйгө келип чай ичип жүргөндөр эле, мени көрө сала көчөнүн наркы өйүзүнө өтө качып жүрүшпөйбү. Ошондо адамдардын кээ биринин ушунчалык пас табиятын сезип бир жагынан таң калып, экинчи жагынан жиним келип, кылар айла жок абалда калдым да. Чынын айтайын, агам кызматында олтурганда телерадиодо иштеген далай кесиптештериме жардамымды бергем, кээ бирин баласын бала бакчага орноштурсам, дагы бирөөнүн үй алышына да жардамым тийген, наам, сыйлык дегендерине жардам бергем. Мисалы, раматылык Жолдубай Кайыповду агама ээрчитип барып тааныштырып, аны мактап туруп жардам бердиргем. Аны өткөндө туугандары деле айтышты. Өзүн наам- паам дегенди алган жокмун… Анда жакшы санаалашмын дегендердин саны аябай көп эле. Анан алар жөө тумандай эле тарап кетип жатпайбы. Кандай гана жийиркеничтүү көрүнүш! Кандай болсо да мен эл үчүн кызмат кылгам деп айта алам.
- Шалиман эже, Кеңеш агабыз ошондо чын эле Кыргызстанды башкарууга жарап турду беле?
- Жарайт болчу. Мен бул кепти агам үчүн айтканым жок, ошол кезде элдин баары эле кеп кылып калган: "Кулматов, Мураталиевдер Кыргызстандын башына туруп берчү жигиттер" деп. Анан туш- туштан чабуул башташып акыры кетирип тынышты да.
- А Сизди кантип кетиришти?
- Мен ал кезде телерадиокомитеттин бириккен профсоюз уюмунун төрагасы болчумун. Анан бир күнү эле чет элге барчу делегацияны башкарып барып кел, мурун жетекчи кылып шайлаган адамыбыз ооруп калды дешкенин макул болуп Германияга делегацияны баштап барып келдим. Келерим менен эле "сен өзүңдү өзүң билип эле кетип калыпсың" деп асылып туруп алышпадыбы.
- Өздөрү жиберип коюппу?
- Ооба. Өзүмдү өзүм билип кантип кетет элем? Ошентип артыман калбай турганда баса бердим, дегинкиси иштен кетиришти да.
Иштен кеткенимден кийин жашоо үчүн күчүмдү аяган жокмун, чөгүп калган жокмун эл катары оокатым өтө берди. Мен жаш кезимен эле диктордук кесипти эңсеп калгам да. Кийин ал тилегим орундалып, жогорку категориядагы диктор деген наамга чейин жеттим. Агам иштеп турганда канча ирет айтпады башка бир жакшы иште иштебейсиңби деп, болгон жокмун. Ошентип, иштен кеткенден кийин кесибим жаныма тынчтык бербейт, өзүнө чакырат да турат. Акыры чыдабай калдым көрүнөт түз эле Асанбек Стамовго бардым. Раматылык Асанбек ал кезде телерадионун төрагасы болчу. Аны мурун эле окуп жүргөндө жакшы таанычу элем. Ал мени "ойлонуп көрөйүн" деп узатты. Бир күнү телефон чалып чакыртты. Барсам айтты: "Сени ишке алалы, бирок, мурунку категорияңды бере албайбыз. Анан сен "мени ишке алгыла деп өзүм келгем, кандай айлык, кандай категория берсе да каршылыгым жок, иштей берем" деп жаз деп жаздырып алды. Ошентип иштеп жүрдүм… Кийин- кийин бир ирет ооруп, ишибиздеги медпунктка көрүнүп, тез үйүңүзгө барып жатыңыз дегенинен кеткем. Иштен улуксаты жок кетесиң деп асылып алышканынан баса бердим.
- Анан тирдик кандай кетти?
- Жашоо күрөш дейт эмеспи, айла жоктон күрөшөт экенсиң, жакшылык издейт экенсиң… Балдарым болуп турфирма ачып Пакистанга каттай баштадык, кийин Аравияга каттадык. Материалдык жактан кыйналган жокмун. Кудай берген тура, балдар, кыздарым жаман чыккан жок…
- Кеңеш агаңыз Москвага кетип, ал жерде деле мамлекеттик деңгээлдеги иште иштеди да, Тышкы иштер министрлигин айтканым. Анан Сизди Москвага алып кетейин деген жокпу?
- Айткан жок. Айткан күндө деле мен ал жакка бармак эмесмин. Баарын таштап салып кете берүү мага болбойт эле. Агам го таптакыр айласы жоктон кеткен да.
- Усубалиев бийликтен кетти, мамлекет башына Акаев келди. Ошондо Кеңеш байкени кызматка чакырышкан жокпу?
- Чакырышты. Энебиздин кыркын бергенде Кеңеш байкем Москвадан учуп келди. Ошондо бул жердегилер аны чакырып Тышкы иштер министрлигин башкарып бериңиз дегенде макулдугун берген экен. Бизге айтып берген. Анан кайра Москвага кетип эле келбей койду. Менимче, тиги- бу маселелерди таразалап көрүп сунуш кылган иштен баш тартса керек.

- Ал жерге Кыяз Молдокасымов төрага болгондон кийин бардым. Аксакалдар кеңешинин төрагасы да болдум. Ар кандай иш- чараларына катышып, тажрыйба бөлүштүк дегендей…Кыязга чоң рахмат, түшүнүктүү жигит. Аны менен бүгүнкү күнгө чейин байланышып турам.
- Азыркы дикторлор менен Сиздин убактагы дикторлордун айырмасы канчалык?
- Мезгил өткөн сайын ар нерсенин, көрүнүштүн эскиси калып, жаңысы анын ордун басып турат эмеспи. Ал жашоонун мыйзамы. Анан диктордук кесип да өзгөрүүгө чалдыгат. Илгери биздин тушта радиодо иштеген дикторлордун үнү таптаза, уккулуктуу, жеткиликтүү, угарманды дароо өзүнө тартып алчу үнү болгон да. Талап өтө катуу коюлчу. Азыр андай эмес, жакшы дикторлордун катарында үнү анча жагымдуу эместер дагы бар. Телекөрсөтүүдө үн негизди ролду ойнобойт дейт элем, анткени, көрөрман диктордун сырткы кебетесине да алаксыйт, кыймыл- аракетине да алаксыйт. Ал эми радиодо диктордун кебетеси көрүнбөйт да, жалгыз гана үнү угулат, угармандын бүт дити ошол үндө болот.
Раматылык Мелис Эшимкановдун убагында телерадионун коомдук иштерине активдүү катыштым. Дикторлорго сабак да өттүм. Айлык албай эле жардам берчүмүн, кийин бир аз айлык коюп беришти. Мелис баарын түшүнгөн жигит эле. "Коллектив аябай көп экен, кээ бирөө жөн эле айлык алып жүрөт экен" деп кыскартууну аябай жасабадыбы. Бир жагынан жакшы болсо, экинчи жагынан пенсияга чыгарына бир- эки жыл калгандар да кыскарылып кетти. Кандай болсо да Мелис жакшы иштеди.
- Телерадиого байкоочу кеңеш дегендин зарылчылыгы канча?
- Байкоочу кеңеш бардык министрликте эле иштеп турбайбы. Телекөрсөтүүгө да керек. Чогулуп алып көрсөтүүнүн сапатын көтөрүүгө, келечектин жакшы жолун тандоого аракет кылышат. Бирок, анын курамында билимдүү, телекөрсөтүү жөнүндөгү мыкты түшүнүгү бар, адамгерчиликтүү, ар кандай интригалардан алыс адамдар болуш керек. Тилекке каршы, азыркы байкоочу кеңеште мурун телерадиодо иштеген бир- экөө бар, "биздин убакта андай болчу, мындай болчу" деп эле көрүнгөндү айта берет дейт. Андайлардан арылуу керек, орундарын жаштарга берсин да.
- Ал жердеги жетекчилер кандай иштеп жатат деп ойлойсуз?
- Менимче, дурус иштеп жатышат. Кубат Оторбаев, Мырзакул Мамбеталиев, Кайрат Иманалиев үчөө тең эле билимдүү, түшүнүктүү жигиттер. Изденип жатышат да…
Суроо берген
Баратбай Аракеев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??