presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айтты да койду
Кыргыз депутаттарынын кээде ойду-тоону сүйлөп, ишке ашпаган куру кыялдарды Американы ачып жаткансып ач айкырык салып чыкмай адаты бар. Ошондойлордун бири Дастан Бекешов өткөндө "алкоголдук ичимдиктерди сатып алууда ар бир жаран паспортун көрсөтүп, сатып алгандай кылып мыйзамга киргизиш керек" - дегенди айтты. Албетте "ачуу сууга" каршы чыгып жатканын кош колдоп колдойбуз. Бирок бул айтканы чындыктан ат чабым алыста болуп атпайбы?

Алимова гезит ачты
Жаш болсо да кыргыз журналистикасында ат көтөргүс эмгегин өтөп келе жаткан Дилбар Алимова өлкөбүздүн гезит майданына дагы бир жаңы басылманы алып чыкты. Гезитинин аталышы "Полит Клиника". Аты айтып тургандай, андагы кесиптештерибиз кутум менен куйтулуктан алыска кете албай жаткан саясатчылардын сазайын окутуп, "сасыткыларынын" чыныгы жүзүн элге журтка ачып берүүгө белсенип атышыптыр. "Политклиникачы" кесиптештерибизге ийгилик каалайбыз!

Шириндин "ширин" сөздөрү ай!
"Ата-Мекендин" эрке депутаты Ширин Айтматова Убактылуу Өкмөттөгүлөрдү ур-тепкиге алып бүтө албай, социалдык түйүндөрдүн, интернет баракчаларынын жылдызына айланды. Анан дагы бул "эрке кыз" бир жылдан бери Кыргызстанга чет жактан дары-дармек ташып келүүчү азербайжандык бир фирманы жамандап бүтө албай койду. "Тоту кушчасынан" кайра - кайра кайталап атканынан Шириндин дагы дары-дармек бизнесинде кызыкчылыгы барбы деген ойго жетеленгендер да болду. Жел болбосо, талдын башы кыймылдабаган сыяктуу эле Ширин айым англиялык бир компаниянын камчысын чаап жатканын, ага Өкмөттөн Жоомарт Оторбаев көмөк көрсөтүп жатканын эшиттик.

КСДПда кыл чайнаш
КСДП партиясынын ардагер мүчөсү Иса Өмүркуловго "балапан" депутат Данияр Тербишалиев тиш кайрады. "Шаар мэри Өмүркулов Бишкектин өзгөчө коргоодогу аймактарынан жер тилкелерин сатып салды" деген Тербишалиевдин айыптоолоруна шаар мэри өз жообун берди. "Тербишалиев кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатат, Депутат жогорку трибунадан такталган маалыматты айтышы керек. Мен Бишкектен бир чарчы да жерди саткан эмесмин, тескерисинче кайтарып жатам"- деди.

Соттордун дагы тизгинин тартыш керек...
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 28-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кылмышкерлерди мыйзамсыз бошотуп ийген сотторду мөөнөтүнөн мурда кызматынан чакыртып алуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Депутаттын айтымында, Кыргызстанда коррупция жана пара менен кармалган 10 адамдын 8ин сот камактан чыгарып жиберген. Бул туурасында: "Мамлекетке ири суммадагы зыян келтирген адамдарды соттор коррупциялык жол менен бошотуп жатышат. Алардын арасында Биринчимай райондук, Бишкек шаардык, Жалал-Абад облустук, Ысык-Ата райондук жана Октябрь райондук сотунун судьялары бар", - деди ал.

ИИМ министри Абдылда Суранчиевдин үйүнө ууру кирдиби?...
Бизге жеткен маалыматтарга караганда өткөн аптада Ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнө ууру кирип, үйүндөгү баасы 5 миң долларды чапчыган үй буюмдарын сомдоп кеткен экен. Министрдин үйүнө ууруга кирген кандай ууру болду экен деп биз турабыз...

Ушулар кантип оппозиция болот?
Жаз чыкканы адатка айланган митинг-пикет башталып, айрым саясатчы сөрөйлөр эл көйгөйүн бийликке жеткизмекчибиз дешип оппозициянын ролун аткара башташты. Оппозиция дегенибиз, баягы эле баягы эле Мадумаров, Бекназаров, Келдибеков окшогондор. Жүзү жарык, булганбаган таза күч жок. Аштан-көчтөн калган, артында калбыры барлар "сөөк" тийбей калгандан улам, бийликке муштум кезеп жатышат. Булардын ишмердүүлүгү туурасында айтсаң, былыктарын санап бүтпөйсүң. Жазган сайын сасышат. Анан ушулар кантип эл мүдөөсүн коргоп жарытат. Андыктан адегенде басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү таза болуп, анан эл таламын талашса жарашат эле. Тилекке каршы, буларда андай нарктуулук жок болуп жатпайбы, түгөттүкү десе...

Депутатым, көппөчү!
Жогорку Кеңештин 58 депутатында 154 курал бар экенин депутат Карамушкина айтып турат. Депутаттын пикири боюнча Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салыш керек. Бу депутат айым эң туура маселе көтөрүп жатат. Ойлоп көрөлүчү, парламент деген туш тарабынан кайтарууга алынган, анан алардын баарын талкалап келип депутаттарга кол салабы?! Парламент имаратында курал алып жүрүү көпкөндүктүн, обу жоктуктун иши. Жанынан коркуп кантип депутат болушкан? Эгерде бирөө кайсы бир депутатты аткысы келсе, замбирек сүйрөп жүрсө да "тырс" эттирип эле атып салат! Анан да төрт депутат аял куралчан дейт. Маселен, алардын бири Жолдошева айым болсо, анан ал чыдабай кетип Текебаев мырзаны "кых" дедирип салса... кой, анын бетин нары кылсын!

Атамбаев суракка барды, Жапаровдун калпын айтты
Темир тор артына жатып алып, "чокчолой баатыр" болуп жаткан Садыр Жапаров "Атамбаев Бакиевдин тушунда премьер министр болуп турганда 4 млрд долларлык алтындын запасы бар Иштамберди алтын кенин 40 миллион долларга сатып салган" - деген. Камактагы эл өкүлүнүн айткандары карандай калп экенин Президент Алмазбек Атамбаев айтып чыкты. Айтып гана тим болбой ал айыптар боюнча Башкы прокуратурага барып сурак берди. "Менин жашыра турган эч нерсем жок. Ар ким колу менен кылганын мойну менен тартышы керек" - деди. Биз билгенден экинчи Кумтөр атыккан атактуу бул алтын кенди Максим Бакиев жана ЦАРИИдеги командасы Жетим тоосундагы темир кендерин кошуп туруп кытайлыктарга "пулдамакчы" болгонун ошол кезде элдин баары эле айтып чыккан. Максим талап-тоноп жатканда ооз ачканга жарабаган Жапаровго бүгүн жан кирип, кыргыздын кен байлыктарына кейиген кишинин кейпин кийип жатат. Бала баатыр экен, Бакиевдерге убагында айтпайт беле "антпегиле, минтпегиле" деп.

Чиниңерге каршылык жок, бирок казынабыз тескери чимирилип жатпайбы?!
Март айынын башында бир катар ЖК депутаттары класстык чиндерди алышты. Буга чейин деле алып жатышкан далайы. Алганына анчейин ич күйдүлүгүбүз жок эле, бирок айлыгына кошулган кошумча акчалары бир далай болуп атпайбы. 2012-жылдын 1-январына карата Кыргызстан боюнча 9 463 мамлекеттик кызматкердин ар кандай даражадагы класстык чиндери бар экен. Ар бирине 600 сомдон 1800 сомго чейин кошумча төлөмдөр кошулат. Ар бир айда 10 миллион сомго жакын акча алардын "классы" үчүн төлөнүп, какшып калган казынабыз дагы карайлап атпайбы. 10 миңге жакын чини бар мамлекеттик кызматкерлердин көбү жогорудагы депутаттарга окшоп жалаң майлуу-сүттүү мансаптарда иштешет. Көбүнүн гүлдөгөн бизнеси бар. Ал акчаны мугалимдер менен пенсиядагыларга бөлүп берсек, сонун болмок!

Кыргызстан өз аймагында НАТО жүктөрүн текшере алат
"Азаттык" сайты маалымдагандай, Кыргызстан Ооганстандан ташыла турган НАТОнун жүктөрүн өз аймагында текшере алат. Мындай укукту камсыз кылган НАТО менен Кыргызстандын ортосундагы келишим Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн жөнөтүлүп, парламенттин расмий сайтына жарыяланды. 2012-жылдын 22-майында НАТОнун Чикагодогу саммитинде кол коюлган бул келишимге ылайык, Кыргызстандын аймагы аркылуу өлүмгө алып келбей турган жүктөр гана ташылат. Мындай жүктөр "Ооганстан-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан" маршруту боюнча өтөт. Жогорку Кеңеш келишимди качан караары белгисиз.
2014-жылы НАТО менен АКШнын аскердик күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгарылат. Азыр Бишкектеги АКШнын базасы Ооганстандагы эл аралык күчтөргө транзиттик борбор катары кызмат кылууда. Маалыматка ылайык, ай сайын бул борбор аркылуу 25 миңдей аскер ары-бери каттап турат




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??