Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чындык барбы?..
"Инимди өлтүргөндөр жазаланса...?

Жүрөктү титиреткен бул кылмыш былтыр февраль айында болгон, тактап айтканда 23- февралда. Анда бешиктен бели чыга элек 19- 20 жаштагы жаш балдар өздөрү менен курбалдаш 22 жаштагы Азамат Мамбетакунов аттуу жигитти мойнуна кур салып, муунтуп өлтүрүшкөн экен, эмесе окуянын чоо жайы төмөнкүчө...

Көпчүлүк жаштар сыяктуу эле Азамат "Мицубиси" үлгүсүндөгү машинеси менен таксовайтетип оокат кылган. 23- февралда ал күндөгүсүндөй эле жумушка чыгат. Түнкү саат он экиден өткөндөн кийин аны Батыш авто бекетинин жанындагы "Улан" кафесинин алдынан 5- 6 бала токтотуп, Кудайберген базарына жеткирип коюусун өтүнүшөт. Оюна эч жамандык келбеген Азамат эргулдарды салып алып, аталган базарды көздөй алып жөнөйт. Эргулдар жеткен жерине жеткенден кийин Азаматтын мойнуна кур салып, муунтуп өлтүрүп, буту колун байлап, чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен экен. Машинени болсо ары бери айдап, 5- кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн арасына алып барып таштап салышкан. Көп өтпөй эле кылмышкерлер кылтакка илинип, бирок ушул убакка чейин тиешелүү деңгээлде жазасын алыша элек экен. Бул боюнча биздин редакциябызга Азаматтын эжеси Асел кайрылып, буларды айтып берди...

Асел Мамбетакунова,
Азамат Мамбетакуновдун бир
тууган эжеси:

- Инимди өлтүргөн негизи төрт жигит. Раатбек уулу Уланбек, Кубанычбек уулу Ыйман, Абдылдаев Аманат, Асан уулу Асылбек деген. Айрымдары инимди өлтүргөнгө чейин эле машине тоноп, мал уурдап, соттолуп, бирок камалбай келишиптир. Азыр дагы эптеп кутулуп кетүүнүн аракетин көрүп жатышат.
- Учурда камактабы?
- Камакта, камакта болгону менен соттор ишти создуктуруп, чечпей жатышат. Былтыртан бери 15 жолу сот болду. Бирде биринин адвокаты келбей калcа, бирде дагы бир нерсе болуп эле соттук процесс артка жылдырылууда.
- Ишти кайсыл сот карап жатат?
- Буга чейин Свердлов райондук соту карап, шаардык сотко өтүш керек эле. Өткөнбү өткөн эмеспи так биле албай жатам. Өтсө деле кечеңдеп жатат окшойт. Телевидениеге чыгып, өз оюбузду айттык. Акыйкатчы Турсунбек Акунга деле кайрылдым. Ал колунан келген жардамын берди. Бирок соттон биз күткөндөй жыйынтык болбой келүүдө. Кылмышкерлердин биринин апасы Жогорку Кеңеште иштейт экен деп уктум, же балким сотко ошол кийлигишип, артка жылдыртып жатабы билбейм. Бир жылдын чинде иш Жогорку Сотто каралбаса дагы шаардык сотто каралып калыш керек эле да.
- Иниңиз жөнүндө да кыскача айта кетсеңиз?
- Иним Азамат 22 жашта болчу. Үйдө жалгыз бала эле. Инимден ажырагандан кийин атам дагы оорукчан болуп калды. Кылмышкерлер болсо күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан, бирок жогоруда айткандай сот создугууда. Айлам кетип жардам болуп калаар деген үмүт менен сиздерге кайрылып жатам.
- Күнөөлүүлөр, акчалай жардам бере алыштыбы?
- Жок эч кандай жардам берген жок. Жардам бермек түгүл учурда "колуңардан эмне келмек эле, билген жериңерге баргыла"- деп кайра бизди күнөөлөп жатышат.

Мирлан Алымбаев