presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



КЫРГЫЗ КООМУ КАНТКЕНДЕ АДЕП-АХЛАК КРИЗИСИНЕН ЧЫГАТ?
же АРСТАНБЕКТИН ОСУЯТТАРЫ

1. "Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң".

Улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармаларынын акыл-ой мазмунун терең карай келгенде, мындай бир орчундуу логикалык ой корутундусу, осуят келип чыкпай койбойт. Эл-журт менен, калайык-калктын кайгы-кубанычы менен иши жок, өзүнүн гана жеке кызыкчылыктарынын алкагынан чыкпаган, өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде аны-муну ишим бар деген, өз көмөчүнө дайыма күл тарткан адамдын өмүр-жашоосунда башкаларга оң жагынан таалим, сабак боло турган адеп-ахлактык, моралдык маани-маңыз болбойт. Арстанбектин этикалык философиясы боюнча жеке кишинин акыл-эси, руханий дүйнөсү, жүрүм-турумунун тамыры, өзүнөн жогору турган бир бийик элдик мүдөө-идеалдар, жалпы таламдар менен бекем ашташып байланышып турганда гана, анын адеп-ахлагынын баа-баркы болмок. "Тирүүлүк өзү зор дөөлөт",- дейт акын, ага татыктуу болуп жашаш керек. Мына ушундай ойдон улам Арстанбек "Ата-журтун ардакташ, азаматтын белгиси"- деп баса айтып отурат, "Терме" деген чыгармасында. Ал эми жаш акын Жеңижокко карата ырдаган ырында "Элдин зарын зардап өт, эзелки ырын ырдап өт",- деп бийик идеалга багыттап, кеңешин берет. Акын пенде баласынын жашоосунун маңызын элге, ата-журтка кызмат кылууда деген ишенимге бекиген. Эл, Ата Мекен, Ала-Тоо Арстанбектин этикалык түшүнүгүндө адамдын жүрүм-турумунун адептик жогорку чен-өлчөмү. Мындайча айтканда, эл мүдөөсү, эл кызыкчылыгы - адамдын адеп-ахлагын баалоонун критерийи. Сен жалпыга, элге кызмат кылганың менен кишисиң. Мындай ой, айрыкча "Терме" ырында даана чагылдырылганын көрөбүз:
Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен адамсың.
Кабарың күнгө кетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да,
Жараткандын дүйнөсү,
Бүт колуңа өтсө да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң.
Дагы бир жолу айталы, көрүнүп тургандай, эгер адамдын ашып-ташкан байлыгы, азуусун айга жанган бийлиги, атак-даңкы - бардыгы өзү үчүн гана болсо, өзүнүн гана керт башынын кызыкчылыгын, жыргалын тейлесе, эл-журттун бакубатына тиешеси жок болсо, калайык-калкка жарыгы тийбесе, анда андай адам, Арстанбектин түшүнүгүндө, элден бөлүнүп ээн тоодо коколой башы жашаган жапайы кийикке тете.

2. Элдин чекесине чыккан чыйкан, калайык-калктын шору ким?

Арстанбектин калк башында турган башчылардын, аткаминерлердин, байлыгы, бийлиги бар үлкөндөрдүн адеп-ахлагына койгон талаптары да бийик. Акындын адеп-ахлак позициясы боюнча, башкаруучулар элдин үмүт тилектери, мүдөө-кызыкчылыктары менен болгон тыгыз байланышына, алардын элге жакшылык иш кылгандыктарына, катардагы букара калкка жана коңшу элге жасаган мээримдүү, адилеттүү мамилесине, журттун турмуш-тиричилигин оңоого карата болгон ак ниет эмгегине жараша бааланууга тийиш. Эгерде эл башкаруучулардын жүрүм-туруму мындай асыл сапаттарга карама-каршы чыкса, тескери болсо, анда андай жетекчилердин баа-баркы, аброю болмок эмес жана мындай башчылар, атка минерлер элдик эң оор жазага татыктуу. Мына ошондуктан өз заманында андай төбөлдөрдүн "адеп-ахлагына" карата Арстанбек өзүнүн төмөндөгүдөй элдешпес айыптоо бүтүмүн чыгарган:
Зорлугу өтсө жакырга,
Зомбулук кылса бакырга,
Зордун түбү - кара жер.
Катарлаш элге кан чачса,
Канкорлорго жан тартса,
Кандын жайы - кара жер.
Кара өзгөй болсо калкына,
Калктын жетпей баркына,
Жакырдык жанды кыйнаса,
Акимдин жайы - кара жер.
Арстанбектин нравалык өкүмү ушундай, калайыкка мээрими, жакшылыгы жок, зордукчул, кара өзгөй, "калк камын ойлобой, казына чачкан" өзүмчүл жетекчилердин эл башында турганынан көрө, чым жазданып кара жер алдында калганы жакшы. Мындай башчылар - калайыктын шору, элдин чекесине чыккан чыйкан.
Арстанбек акын өз заманында далай-далай башчылардын адилетсиз жорук - жосундарын көрүп, күйүп-бышып: "ушул заман тар заман, азуулууга бар заман, бечарага зар заман", - деп ырдаган. Калкына кайрымы жок, өзүмчүл аткаминерлердин, чиновниктердин бүгүнкү күндөгү эгемендүү Кыргызстандын турмушунда да көбөйүп, Арстанбек айткандай, андайлардан "барк кеткендиги, каада-нуска нарк кеткендиги" өкүнүчтүү. Бирок ошондой өзүмчүл, калк байлыгын соргон жегич жетекчилер биздин коомдо жазалануунун, түрмөгө камалуунун ордуна (Арстанбекче айтканда "кара жерге көмүлүүнүн" ордуна), көп учурда кайра кызматтан кызматка көтөрүлүп чардап жүрүшкөндүгү өзүнчө бир трагедия. Коррупцияга, паракорлукка малынган бүгүнкү көп жетекчилердин жашоосу, Арстанбектин логикасы менен айтканда, адеп-ахлак мазмун жагынан көңдөй. Алар - "элден чыккан кийик". Ырасында эле, мындай "кийиктер" көбөйсө, калайык-журттун турмушунун оңолбостугун Арстанбек дагы дааналап мындай айткан: "өзү үчүн жан берген, өзүмчүлдүн белгиси, мындай адам көбөйсө, жумурай журт маарыбайт, урук-тууган жарыбайт".

3. Кимдин таажысы
башынан түшпөйт,
тактысы астынан кетпейт?

Эл ичинен адилет, калыс, акылгөй башчыларды көрсө, Арстанбек чын ниетинен кубанган жана өзүнүн этикалык чен-өлчөмдөрүнө туура келгендиги үчүн андайларды урматтап, ырга салып даңаза кылган. Ошондой калыс, оор басырыктуу, элге караштуу даанышман башчылардын бири 19-кылымда көлдөгү Хан Боромбай болгон экен. Хан Боромбайды "Калыс сөздү айтайын, көлдө сүзчү кеме элең, калк коргогон эр элең. Саябандуу бак элең, салтанаттуу жан элең" деп даңазалаган акын. Арстанбектин ою боюнча мыкты башчы эли үчүн саябандуу бакка окшош. Ал өзү мыкты башчы жөнүндөгү оюн дагы минтип ырастаган:
"Баркташып эл менен жүргөндүн,
Байсалдуу өмүр сүргөндүн,
Таажысы түшпөйт башынан,
Тактысы кетпейт астынан".
Демек, адал, ак кызматка, букараларга калыс, гумандуу камкор мамилеге негизделген эл менен болгон биримдик - калк башчысынын адеп-ахлагын баалоонун моралдык чен-өлчөмү. Арстанбектин этикалык көз караштарынан ушундай корутунду чыгып турат.

4. Адамдагы кара жерге көмүлүүчү сапаттар же канткенде жамаатка "акыр заман" келет?

Арстанбектин туу туткан этикалык көз карашы адам жамаатында кездешкен пас, жаман, терс, маскара, былгытма жорук-жосундарды таптакыр кабыл кылбагандыгы жана алар менен келише албагандыгы менен айырмаланып турат. Терс жосундарга карата акындын кескин бүтүмү төмөнкүдөй:
Арзанды кымбат баалаган,
Сүткордун жайы - кара жер.
Айылга бүлүк чыр салган,
Анткордун жайы - кара жер.
Алсызга кайрым кылбаган,
Залимдин жайы - кара жер.
Өмүрүн кыйган адамдын,
Канкордун жайы - кара жер.
Ушак-айың сүйлөгөн,
Уяттын жайын билбеген,
Жамандын жайы - кара жер.
Адамга жок пайдасы,
Ач көздүн жайы - кара жер.
Ошондой эле, Арстанбек акын өз ара мамилелердеги оройлукту, жетим козуну жоготтуң деп жетим баланы урган катаалдыкты, сүттү төгүп алдың деп жесир аялды сыздатып сөккөн акмакчылыкты, сөздүн ыгын билбей сөөдүрөп сүйлөгөндү, аркырап беттен алган ажаандыкты, азаматтын баркын билбес наадандыкты, жакшылыкты көрө албас ичи тардыкты, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына корсулдап, аларды жакшылап бакпай, бекерчи болуп, түтүн чыккан үйдөн тамак аңдып басып жүргөн намыссыздыкты, күнү уктап, түнүндө ууру кылган уятсыздыкты, табакка түп калтырбай баардыгын шыпырып жеген сугалак жетесиздикти, эмгектен качкан эринчээктикти, өзүн өзү мактаган көйрөңдүктү, жолдошун жолго таштаган жосунсуздукту өзүнүн жектей тургандыгын "Терме" ырында ачык жарыялаган. Ал бул өңдүү жаман сапаттардан жана каадасыздыктан алыс болууга замандаштарын үндөгөн жана мындай терс, жагымсыз илдеттер адам деген ардактуу атка көлөкө түшүргөн, жамаатты ичинен ирите турган көрүнүштөр деп түшүнгөн жана мындай жосундарга күйүп-бышып дайыма каршы ырдаган.
Арстанбектин чыгармачылыгынын этикалык дүйнөсүнө тереңдеп үңүлгөнүбүздө, ал дүйнөдөн адам жамааты адам деген атка жарашкан адал, аруу адеп-ахлак, каада, эреже, мыйзамдарды бекем карманган учурда гана адам жамааты катары жашап тура алат деген корутунду чыкпай койбойт. Кылымдарды карытып, илгертен келе жаткан түптүү моралдык эреже-нормалар, адеп-ахлак мыйзамдары адамдар тарабынан сакталбай, баркталбай бузула турган болсо, коомдо кандай натыйжа келип тууларын жана бул эмненин белгиси экендигин Арстанбек мындайча эскерткен:
Урматы кетсе уулунун,
Кадыры кетсе карынын,
Азаматтын курбалы -
Зайыптын кетсе ыйманы,
Кыздын кетсе кылыгы,
Келиндин кетсе келбети,
Ата-эненин кымбаты -
Уулдун кетсе уяты,
Журт бузулуп нарк кетсе,
Каадасы кетсе ырчынын -
Бул акыр заман белгиси
Арстандын келбейт көргүсү.
Демек, Арстанбектин оюнун логикасынан байыртан адам коллективинде түптөлүп, турмуш сыноосунан өткөн адеп-ахлак эрежелер адамдар тарабынан аздектелип баркталса, сакталса гана жамаатта адеп-ыймандык, туруктуулук өкүм сүрүп, эл-журт бакубатта жашайт деген жыйынтык ишараланып жатат. "Шарият менен иши жок, заманың келди жакындап", - дейт Арстанбек. "Шарият" деген сөз бул жерде жалпы эле изги моралдык эреже-жоболор маанисинде колдонулуп жатат. Бекем адеп-ахлак жоболорусуз, жамаат бузулуунун, бүлүнүүнүн жолуна түшөт деген маанини туюндурат акындын этикалык даанышмандыгы. Ошондой бекем адеп-ахлак жоболору бар, кичүүсү улуусун, уулу атасын сыйлаган, келини ызааттуу, кызы уяттуу коом деп акын кыргыз жамаатын эсептеген. Россиялык капиталисттик мамилелердин акырындап кириши менен кыргыз жамаатындагы адеп-ахлак идиллиясынын (бейпилчилигинин) бузулуу процессинин башталышына күбө болгон акын ичинен миң толгонуп өкүнүч-арман менен: "булут минсең жетпейсиң, мурункунун наркына, бурулдайсың түтүндөй, бул замандын дартына" деп ырдаган.

5. Арстанбектин атуулдук адеп-ахлак кодекси - бүгүнкү ыймандык кризистен чыгуунун жол картасы

Арстанбек чындыкка, акыйкатка, калыстыкка, адамгерчиликке, боорукерликке, күйүмдүүлүккө, өзүн жөнөкөй тутууга, жоомарттыкка каршы келген терс жосундарга кылыч болуп чабылган, арамдыкты оттой куйкалаган түздүккө, "эл камын ойлогон азаматтыкка" негизделген жамаатчыл, атуулдук-граждандык күжүрмөн, айкөл жүрүм-турумду баарынан жогору койгон. Мына ушундай бийик этикалык эреже-жобону Арстанбек өзүнүн акын Жеңижокко карата кайрылып ырдаган төмөнкү сөзүндө дааналап ачыкка чыгарган:
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Жетимдерге көмөк бол,
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Урууларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол.
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол.
Кара өзгөй болбой калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Жери жокко конуш бол,
Эти жокко союш бол.
(Уландысы кийинки санда)

Бул, албетте акын гана ушундай болуш керек деген сөз эмес. Мындай жүрүм-турум этикасы жамаат, коом мүчөлөрүнүн, ар бир жарандын адеп-ахлагына тиешелүү касиет болуш керек. Бул ырда адамдык-атуулдук жүрүм-турумдун бүтүндөй бир кодекси, программасы берилген. Арстанбектин көз карашында ушундай күжүрмөн активдүү, гуманисттик адеп-ахлак этикасы гана жаранга элдин сүйүүсүн жана урматтоосун алып келе алат, адамдын аброюн көтөрүп, көздөгөн нравалык бийиктикке жетелеп чыгара алат. Мындай адеп-ахлак программасы азыркы биздин коомдун ар бир атуулу үчүн да зарыл болуп отурбайбы. Арстанбектин этикасынын өлбөстүгү дал ушунда туруп жатат.
Арстанбек өзү элим-жерим деген чоң патриот болгон. Ал кыргыз жеринин, элинин падышалык бийликтин баскынчылыгы алдында калганына атуул катары ичи күйүп, катуу кайгырып жүрүп дүйнөдөн өткөн. Арстанбектин чыгармачылыгынын маани мазмунунун логикасынан өз жериңде тыштан келген бөтөн күчтөргө кул болуп калбоого, кыргыздын ар-намысын алдырбоого, Алатоо Мекендин азаматы болууга үндөгөн атуулдук чакырык дайыма угулуп турат. "Кокондук алды көлүңдү, кокуйлатты элиңди", падышачылыктын тушунда "каптап тузду көтөргөн, көлүк болду элибиз, башка чапса былк этпес, өлүк болду элибиз", - деген ыр саптары Арстанбектин кордукка, баскынчылыкка, көз карандылыкка, кулдукка чыдабай кыйкырган патриоттук ачуу чаңырыгы, рух бунту катары сезилет. Патриот акын өзү уулдук жүрөгү менен терең сүйгөн "салаалап аккан булагы, сапсары болгон тулаңы, сагындырган ыраңы" Алатоо жергесинин бөтөндөрдүн бут алдында тепселишин түк көтөрө алган эмес, буга жан дүйнөсү чыдай алган эмес. Тирүүсүндө колониалдык баскынчылык кыргыз жергесине алып келген азап-тозокторду жана терс көрүнүштөрдү тайманбай ачык ырдап, калкка жарыя кылган ("Тарзаман", "Каңтарбай менен айтышы"). Ал акындык өнөрү менен калайыкты ар намыска ойготуунун, жамааттын адеп-ахлагын бекемдөөнүн камында болуп, бийик этикалык идеалдарга изден тайбай кызмат кылган.
Арстанбек Буйлаш уулунун этикалык даанышмандыгы, адеп-ахлак нускалары эскирбей турган, бүгүнкү күнү биз терең үйрөнүп моралдык практикабызда түздөн-түз колдоно турган баа жеткис руханий дөөлөттөр болуп эсептелет. Өз элинин патриоту болууга үндөгөн, элдик аруу адеп-ахлак эрежелеринин туусун бийик кармоого, жамааттагы ыплас моралдык илдеттерди айыптоого жана ага каршы активдүү күрөшүүгө чакырган Арстанбектин этикасын үйрөнүү жана аны менен куралдануу дүйнөлүк глобалдашуу процессинин оп тартып, ассимиляциялап таштоочу күчүнүн алдында өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү сактап өнүгүүбүзгө жана кризистен чыгуубузга омок-таяныч болмок.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??