presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бундестаг жана Берлиндеги кыргыз боз үйү
Ноорузду утурлай Германиянын бир катар шаарларында кыргыздардын башын бириктирип, кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн даңазалаган бир катар иш-чаралар өттү. Германиядагы элчи Болот Отунбаев оболу Нооруз алдында Мюнхен, Бонн өңдүү чоң шаарлардагы кыргыздар менен жолугушту. Андан кийин 24-мартта Берлин шаарындагы этнографиялык музейде 100 миңдей адам катышкан чоң иш-чара жана улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун көргөзмөсүн өткөрдү. Чоң кыргыз боз үйү тигилип, кыргыз элинин маданиятын даңазалаган көргөзмө менен коштолгон бул чоң иш-чарага Германиянын Бундестагынын депутаттары, немистин кадырлуу коомдук ишмерлери катышты. Германиянын федералдык президенти Гаук мырзанын жубайы Шадт айым да катышып, салтанаттын ачылышында сөз сүйлөп Нооруз менен куттуктады. Ошондой эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө да кызыгуу арттырып, келген коноктор улуу жазуучубуздун чыгармалары, кыргыздын каада-салты, улуттук кол өнөрчүлүгү менен да таанышты. Германиядагы кыргыз элчиси Болот Отунбаев былтыртан бери Швеция, Сан Марино өлкөлөрүндөгү дагы Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеп келатат. Европадагы үч чоң килейген өлкө үчүн бир учурда элчи болуп, ошол деңгээлде иш алып барыш оңой эмес. Экс-президент Роза Отунбаеванын иниси болгону үчүн бир топ токмок жеп, туш-туштан жааган сындарга чыдап, унчукпай гана өзүн жалаң иши, билими менен көрсөткөнү менен утуп келатат. Германияда Болот Отунбаев эң башкысы экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө, Кыргызстанга инвестиция тартууга маани берип, улам жаңы эшиктерди каккылап, тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Элчи Болот Отунбаев Германияга барганы чет мамлекеттеги кыргыздардын башын бириктирүүгө далбастап келатат. Элчи бүт командасын ээрчитип алып Нооруз майрамын утурлай Германияны түрө кыдырып, бардык шаарлардагы кыргыздарды чогултуп, ал-акыбалын сурап, көйгөйлөрүн угуп, ошондой эле Ноорузга карата майрамдык иш-чараларды өткөрдү. Германиядагы кыргыздар Болот Отунбаев барганы бат-бат жолугуп, черлери жазылып, элчинин жөнөкөйлүгүнө, адамгерчилик сапаттарына ыраазы болуп "элчи ушундай элге жакын болсо" деп айтып жүрүшөт. Айрыкча Германиядагы студенттер каалаган суроолоруна элчиден жооп алышып, көйгөйлөрүн бат чечилгенине жыргап эле калышты. Германияда соңку кездери кыргыздын улуттук каада-салтын, тилин жана дилин пропагандалап, кыргыздардын башын бириктирген иш-чараларды байма бай өтүүдө. Немистер эми кыргыз элин жакындан таанып, инвесторлор көбөйөр деген үмүт бар.
Тиленбек АЗЫК



Манас БАЛБАЕВ:
"Буга чейин да бул дарыгерлердин
колунан мындай адам өлтүрүүгө тете иштер болгон"

Дарыгерлердин шалаакылыгынан кырчындай өмүрлөр кыйылып, кайдыгерлигинен канчалаган ата-эне өз канынан жаралган баладан ажырап жүрөгү тилинип отурса, канчалаган күнөөсүз наристелер эне жытын искебей калышууда. Акыркы кезде төрөттөн көз жумган болочок энелердин саны арбын. Буга чейин адилеттик издеп, дарыгерлерге наалат айтып келген бир тууган эки бажанын арманын жазсак, эми алмончоктой кызынан ажырап, оор жоготууга туш болгон Манас Балбаев кызынын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп, акыйкаттык издеп арманын айтты.

- Кызым, Балбаева Нелли Манасовна 1976-жылы 25-августта Кара-Балта шаарында туулган. Кызым мектепте, жогорку окуу жайда мыкты окуп, кызыл диплом менен аяктаган. Нелли өз эмгеги менен жакшы ийгиликтерге жетишип, Кара-Балта шаарындагы Чүй университетинин деканы болчу. Карьера жасайм деп жүрүп, турмушка да кеч чыгып, 36 жашында тун наристесин күтүп жаткан кези эле. Кызыма ноябрда жолугуп, төрөөр убагын сурасам. "Папа аз калды декабрда төрөйм" деген эле. 26-декабрда Кара-Балта шаарынын төрөт үйүнө текшерүүгө барса, дарыгерлер эч кандай текшерүүсүз, эч кандай даярдыгы жок, ичти жарып төрөтүүгө (кесаревого) киргизишкен. "Кесаровону" көтөрө алабы? Кош бойлуунун ден-соолугун текшерип, даярдап туруп киргизиши керек эле да. Кызым күлүп-жайнап кирген бойдон аман чыкпай калды. Бирок, кудайга шүгүр баланы аман алып калышты.
- Учурда баланын абалы кандай?
- Баланын абалы жакшы, үч ай болуп, торолуп калды. Уулум Залкардын эки кызы бар эле, үчүнчү уулу кылып каттатып, келинчеги менен биргелешип багышууда.
- Төрөткө катышкан дарыгерлерди так атап бере аласызбы?
- Төрөтүүгө Батырбекова, Маймылова, Иманкулова, Бектенов, Билаловалар катышкан. Бул дарыгерлер кызымдан эч кандай "анализ" албастан төрөткө киргизишкендиктен, кызым толгоону көтөрө албай каза тапты. Көрсө толгоонун ийнесин сайганда дароо жан бериптир да, бала аман калыптыр. Кызымдын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү. Кызымды текшерүүдөн өткөрбөстөн ичин жарып төрөтүшкөн. Толгоонун дарыларын көтөрө албай кырчындай өмүр кыйылды. дарыгерлердин кайдыгерлиги каргашалуу окуяга алып келди. Мындай кырдаалды токтотууга, бул дарыгерлерге өз жазасын берүүгө колдон келишинче аракет кылам. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн да өтүнөм, мындай шалаакылык менен иш алып барган, кайдыгер дарыгерлерди көзөмөлгө алуу зарыл.
- Кызыңыз буга чейин ооручу эмес беле?
- Кызым буга чейин эч кандай ооручу эмес, эч жеринен операция да болгон жок. Кош бойлуу убагында текшерүүдөн өтүп турду, бир да оорусу байкалган жок. Кош бойлуу кезинде 7 айында узиге текшерилет да, азыр заманбап техника, баланын салмагынан бери көрсөтөт жок дегенде ошондо деле бир жери ооруса билмекпиз да. Так кесе айта алам, кызым "кесаровосуз" эле төрөмөк. Дарыгерлер кош бойлуулардын ичин жарып алууга ашыгышат, анткени "кесарово" кылгандын да "ставкасы" бар, атайын акча алышат. Бул боюнча документтер бар. Төрөткө катышкан дарыгерлердин үстүнөн Жайыл районунун ИИБсинин начальнигине арыз жаздым. Азыр бул иш прокурор да карап жаткан кези. Учурда жактоочунун кеңеши менен бул иштин аягына чыгуу аракетиндебиз. Бул окуя көз жаздымда калса, кызымдын тагдырын кайра кимдир бирөөлөрдө кайталанып калышы толук мүмкүн. Буга чейин да бул дарыгерлердин колунан мындай адам өлтүрүүгө тете иштер болгон, канча аялзаты төрөттөн көз жумганын көрсөтүп бере алам. 2005-жылы кенже кызым төрөлгөндө да, жубайымдын ичин жарып албаса болбойт дешип, "кесарово" кылышкан. Ошол кезде "кесаровонун" ставкасы 4500-5000 сом болчу, азыр 8000 сом экен. Кызылдай акча түшүп атса, ушундай жолго бара беришет экен. "Адам өмүрүнөн да акчаны жогору баалашат тура" деген ойго келдим. Алтургай бир тууган бажамдын келини Исабекова Кенжекан Сейдиевна 2006-жылы 12-майда ушул эле төрөт үйүнөн, так ушул дарыгерлердин колунан каза тапкан. Убагында кайрылбаган жери калган жок. Уюшкан дарыгерлердин түбү түпкүлүктүү болгондуктан, жыйынтык чыкпай калган.

Венера НАРКЕЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??