presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Феликс Кулов, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери:
"Мен кааласам да, каалабасам
да Жанышты кызматка алып келишмек"

(Башталышы 8-бетте)
Бабановдун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк жарыялап атканыбызда, "ал жактагы биздин өкүлдөрүбүздү эмне кылабыз?" - деген суроо туулган. Вице-премьер министр, Айыл-чарба жана Каржы министри "Ар-Намыстан " эле да. Аларды кандай кылабыз деген маселени фракциядагылар чогуу талкууладык. Биздин фракцияда демократия, баарын чогуу чаран чечебиз. "Алар министр бойдон калууга татыктуубу же жокпу, жашыруун добуш берүү менен аныктайлы" - дедик. Акылбек Жапаровго "калсын" дегенге 2 добуш жетпей калды, беркилерге да ушундай терс жооптор болду. Баарылап, "алар министр болуп отура алышпайт" деген жамааттык чечим кабыл алганбыз. Болгону ушул. Эч кандай жеке мамиле жок, фракциянын чечими болгон. Азыр мамилебиз жакшы эле. Башында биз экономикалык программаны чогу иштеп баштаганбыз. Азыр ал бул программаны элге жайылтып, лекция окуп жүрбөйбү. "Бүтсөң кел, фракцияда чогу карайлы, эшигибиз ар дайым ачык" - дегем. Саясатта жеке мамиле, таарыныч деген болбошу керек. Эгер ал адам таланттуубу, идеялары жакшыбы "жагат, жакпайт" дегенди четке кагып, чогу иш алып барышыбыз керек. Ошондо өнүгүү, өсүү болот.
- "Мамлекеттик тил мыйзамы" боюнча да сурабай кетпесем болбойт. Кыргыз тилине мамилеңиз өзгөрдүбү?
- Мен бул мыйзамды толугу менен колдойм. Кулов не кылаар экен деп көбү карап турат. Мен кыргыз тилин колдойм. Туура, адабий тилде, кыргыз тилинде кыйратып сүйлөй албайм. Албетте бул менин кемчилигим, бирок кырдаал ошондой болду да. Эсимде, биз 2-3 - класста окуп жүргөндө "бүттү, мындан кийин кыргыз тилин окубайбыз, партия, өкмөт ушундай чечим кабыл алды, кыргыз тилинин эми кереги жок"- деп айтышкан. Үйдө кыргыз тилинде апам менен гана сүйлөшчүмүн. Атам эртең менен кетет, кечинде келет, сүйлөшүп калганда деле орус тилинде сүйлөшчүбүз. Бала-бакчага барганга чейин мен орусча бир сөз билчү эмесмин. Бакчага баргандан кийин жашоом жалаң орус тили менен байланышып калды да. Чөйрөмдүн баары орус тилдүүлөр болду. Көчөдөгү балдар, мектептеги классташтар, армияда, окуу жайда, кийин жумушумда деле жалаң орус тилдүүлөр менен аралашып жүрдүм. Бирок маселе жеке мен жөнүндө эмес. Маселе тилибизде. Тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Мисалы мен айыл жерине барып шайлоочуларым менен орусча сүйлөшө албайм. Мен кыргызча түшүндүрө алам, билбеген сөздөрүмдү колумду жаңсап болсо дагы түшүндүрөм. Бирок расмий жерлерде кыргыз тилинин баркын кетирбей так, туура сүйлөшүм керек. Кыргыз тили баарыбызга керек. Бирок мажбурлап, таңуулаган туура эмес. Мисалы менде иштеген кыргыз мектебин бүткөн, кыргызча кыйын билген кыргыз эле жигиттер мыйзам жаза келгенде кыргызча жаза алышпайт, орусча жазып атышат. Тилекке каршы мен эч нерсе дей албайм. Израилде барып калып, ал жакта терминалогиялык комиссия деген иштээрин билдим. Алар баардык терминдерди иврит тилине которуп, кадимкидей тартипке салышкан экен. Ал комиссия которгон нерсе мыйзам. Ошол бойдон колдонулат. А бизде ар ким кандай которуп атышпайбы. Үналгы дейбиз дешсе, кээ бири радио эле деп айтабыз деп, башаламандык болуп атат. Ошондуктан бизге дагы Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын алдындабы же өз алдынчабы айтор ушундай терминалогиялык комиссия керек. Дагы бир маселе англис тилинде TOEFL деген бар. Тилди билүүнүн деңгээли. Биз дагы ошол сыяктуу кылып мыйзамга жазышыбыз керек болчу. Өз кесибиң боюнча эл менен пикир алышууга жетишээрлик деңгээлде тилди билишиң керек деп койсок, эч ким чочулабайт болчу. Мисалы орус улутундагы катардагы милиция кызматкерине кыргызча саясатты же адабиятты түшүндүрүп эмне кылат. "Токто, баспа, бул жакка кол кой, тигил жакка барып тынч отур" - деп пикир алыша алса болду да. Ошентип акырындык менен үйрөнүп кетишмек. Бир окуяны айтып берейин, орус улутундагы депутат кесиптешим менен Кытайга барып калдым. Орус тилин билген котормочу жок болуп калып, казак тили менен кытай тилин гана билген казак кыз котормочу болду. Орусча эч нерсе сүйлөгөн жок. Кытайчадан казакчага которуп берет, мен тиги депутатка орусча которуп берем. Бир жолу кафеге кирип калдык, котормочу кыз бир жакка кеткен. Тиги орус депутат наны түгөнүп калып, официантка кыргызча "ай нан берчи" - деп атпайбы. "Курсагың ачканда кыргызча сүйлөдүңбү" - деп мен күлдүм. Ошондуктан кырдаал түзүлсө, анан шарт түзүп берсек тилибиз өнүгөт.

Маектешкен
Эрнис Балбаков




Өлөсөлүү өкмөттүк концерттер
Бийликтин сүрү, айбаты болуш керек. Сүрүн жоготкондо калкынын алдында кадыр-баркы түшүп, урмат-сыйдан айрылат. Аңдабаган ажону аңдан арты түртүп жиберчү кошоматчылар ар дайым жашай берет эмеспи. Эл гана көрөгөч, бардыгын баамдап, таразалап турат. Коомдогу болуп жаткан бийик деңгээлдеги ар кандай маданий иш-чаралар бийлик башындагылардын аткарган ишинин көрсөткүчү. Көп тараптуу көрсөткүчтөрдүн бир гана тармагы тууралуу ой таштап кетейинчи. Ал - акыркы жылдардагы ар кандай салтанаттуу иш чараларды коштоп, майрамдык маанай тартуулаган, көркөмдөп көркүн ача турган өкмөттүк деңгээлдеги майрамдык концерттер тууралуу.
Эстен чыга элек эң акыркы Нооруз майрамын эле алалы. Филармониянын ичи Ажобуз баш болуп, ардагерлер төш болуп, ар кандай бийлик бутактарынын жетекчилерине толуптур. Мен жогоруда айткан айбат менен сүр ушул жерде экен. А.Атамбаев алтындай сөздөрүн айтып, жакынкы келечекте өлкөбүз байлыгы арткан мамлекетке айланып, жыргал жашоого бөлөнөрүбүздү "Кудай буюрса" менен бекемдеп өттү. Ылайым ошондой болсун, оозуна май! Кеп салтанаттын экинчи бөлүгүндө, концертинде. Майрамдык деп айтканга ооз барбайт. Концерттик программага кирген ырлардын дээрлиги экинчи да эмес, үчүнчү-төртүнчү "сорттогу" ырлар. Аткаруучулардын көпчүлүгү да ошондой. Майрамдык концертти даярдагандар өкмөттүк салтанат менен кыргыздын аш-тойунун айырмасын ажырата албаган немелерге окшобойбу. Кулактандыруусу жок чыккан жеке ырчыларды ырдын мазмунуна туура келип келбесе деле, жарашса жарашпаса да, иши кылып кыйшаңдаган бийчилер тобу коштогон номурлар биринин артынан бири чыгып жатты. Элге белгилүү эки-үч ырдын да ишпалдасы чыккан. Айтылуу Атай Огонбаевдин "Эсимдеси" башталып келип эле "заманбап" ритм коштогон башка обонго өтүп кетти. "Бал жакшы" аттуу элдик ырдын "тагдыры" да ошого окшоду. Элдин жадымындагы жакшы ыр "Таң сыры" белгилүү ырчынын начар аткаруусунда таптакыр бедели түшүп калды. Көрүүчүлөр башын чайкап, колун шилтеп отурганы экрандан көрүнүп турду. Нооруз майрамы негизи элдик, фольклор жыттанган майрам. Анда неге концерттин уюштуруучулары комузду танды экен. Элдик аспап коштогон бир да ыр болгон жок. Нооруз - жаз майрамы, жаңылануунун, жарыктын майрамы. Филармониянын ичи да, сахнасы да карарып гана турду. Режиссер менен жарык коюучулар майрам экенин эстен чыгарып коюшкандай.
Мыйзам чыгаруучу депутаттардын төрагасы (спикер) жана Конституциялык укуктун гаранты президент отурган бул концертте кашкайтып туруп мыйзам жана укуктар бузулуп жатты. Биринчиси - аткарылып жаткан ырлардын авторлору (композитор, обончу, акын) атүгүл чыгарманын аты аталбастан биринин артынан бири кетип жатты. Жаратмандардын авторлук укугу бузулду. Экинчиси - аткаруучулардын аттары да жарыяланбады. Белгилүүлөрүн таанысак, белгисизи ошол боюнча калды. Ырчылардын укугу бузулду. Үчүнчүсү - башынан аягына чейин фонограмма менен өткөн бул концерт жакында кабыл алынган фонограмма тууралуу мыйзамды бузду. Болгондо да Спикер менен Президентти каратып туруп, билгениңерди кылып алгыла дегенчелик болду...
Кыйратып койгонсуп бул концерт кечинде теледен кайталанып берилди. Ошол эле учурда "Мир" телеканалынан өзбек менен тажик туугандардын Ноорузду стадиондо укмуштуудай жасалга менен бийик майрамдык маанайда тосуп жаткандарын көрсөтүп жатты. Казак туугандардын Ноорузду майрамдаганы да бир керемет экендигин казактардын бардык телеканалдары аркалуу жыл сайын көрүп келебиз. Карап отуруп ардандым. Эмне, бизде оркестрлер, хор коллективдери, фольклордук ансамблдер, керилген кесипкөй бийчилер, эл сүйгөн эл артисттери жок беле? Эбактан эле өкмөттүк концерттерди атайын кабыл алчу комиссия болчу эле. Алар кайда, болсо эмнени карашты. Мындай иш-чараны өткөрүүгө кабелтең акча каралат. Аны кимдер кайсап койду экен деген ой келет. Акча бар жерде иштин көзү эмес, акчанын өзү ойноп кетип жатса керек. Жооптуулар шаар билермандары деп уктум. Колдорунан келбегенден кийин, а балким, өкмөт деңгээлиндеги иш-чараларга адистешип калган маданият министрлиги даярдаса башкача деңгээлде өтөт беле...
Негизи эле мындай концерттерге олуттуу мамиле болуш керек. Жанагы кыргызга жат кыйшаңдаган эстрада жылдызына караганда сахна толо оркестр, хор тизилип "Кыргызстан" деп турса дене боюң дүркүрөбөйбү. Кудайдан жакшылыкты сураганда да жалгыздабай мечитке же чиркөөгө миңдеген киши барып сыйынса үнү жетет дешет го. Өткөн мезгилдеги "Гүлдө Кыргызстан", "Шаңдан Кыргызстан" ж.б. элди, жер-сууну даңктаган хордук чыгармалар - кантаталар, ораториялар сыяктуу көлөмдүү жанрлар жөндөн-жөн унутта калып кетти. Таланттардан уучубуз кур эмес. Кичинекей Кыргызстанда эки симфониялык, эки эл аспаптар, бир нече камералык оркестрлер, ондогон фольклордук ансамблдер, жайнаган эмгек сиңирген жана эл артисттери, оозунан шекери төгүлгөн төкмөлөр, күргүштөтө айткан манасчылар, кубулжута черткен комузчулар, республикабыздагы башка улуттун ырчы-чоорчулары, деги айта берсе ар жагы дагы бир далай. Ошолорду орду менен пайдалана албай, жыл ичинде өтүүчү майрамдарга же мааракеге байланышкан ар кандай өкмөттүк концерттердин баркы, наркы түшүп, уюштуруучулардын кыял, ой-чабыты пастыгынан, чыгармачылык көрөңгөсү аздыгынан деңгээл төмөндөгөндөн төмөндөп, өлөсаал, жүдөгөн абалда.

Турдубек Чокиев,
композитор





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??