Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ишенбай Кадырбеков, экс-депутат, БШКнын мүчөсү:
" Т. Абдраимов эмне себептен депутаттардан акча
жыйнаганын билбейм..."

"БШК нын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жергиликтүү кеңештин депутаттарынан мыйзамсыз акча чогултуп, өзүнө кызматтык унаа сатып алган" деп, айрым жаштар уюмдарынын өкүлдөрү айтып чыккан эле. Бул боюнча биз окуянын чоо жайын билүү максатында Туйгунаалы мырзага барганыбызда ал киши ооруп ооруканада болгондуктан, БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков менен учкай маектештик.

- Ишенбай мырза, БШКнын жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов жергиликтүү кеңештин депутаттарынан жыйнаган акчага жип үлгүсүндөгү машине сатып алганы айтылууда. Аталган комиссиянын мүчөсү катары бул боюнча сиз эмнелерди айта аласыз?
- Мыйзам боюнча БШКнын каржы маселесин бир гана төрага чечет. Ошондуктан биз, БШКнын мүчөлөрү төрага кайсы акчага, кантип машине сатып алып жатат, билбейбиз. Билсек дагы силерден, жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн угуп билип жатабыз. Кыскасын айтканда көп нерсени төрага өзү чечет. Анткени анын укугу жогору, укугу жогору болсо өзүңөр билесиңер, жоопкерчилиги дагы ошончолук чоң болот. Башында бул маселени жаштар партиясы көтөрүп, ошондо мен айткам, "БШК депутаттардан акча чогултууга укугу жок" деп. Төрага болсо "маселени Башкы прокуратура иликтесин, ошондон кийин гана жооп берем" деген оюн билдирген.
-Кээ бир депутаттар БШКнын мыйзамын өзгөртүү керек экенин билдирип жатышат, өзгөртүү керектир...
- Мыйзам боюнча азыр БШКнын каржы маселесин, кадыр маселесин төрага өзү чечип жатат, ошону өзгөртүп, аталган маселелерди БШКнын мүчөлөрүнүн макулдугу менен чечкендей кылыш керек. Негизи шайлоонун өзүнүн сметасы болот. Ал сметаны биз бекитип беребиз. Ага ылайык, депутаттарга берилчү төш белги, күбөлүктөрдү БШК мамлекеттен берилген акчага сатып алып, аны депутаттарга бекер таратып бериши керек болчу. Канча экени эсимде жок, сметада 3 жарым миллион сомго жакын каражат каралган экен.
Ошондой эле депутаттар элдин өкүлү. Аларды эл шайлады. Жогору Кеңештин депутаттары республикалык деңгээлдеги депутаттар болсо, жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактын деңгээлиндеги депутаттар. ЖКнын депутаттарына караганда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын алып барып жаткан иштери оор. Мисалы, ЖКнын депутаттары мыйзам чыгаруу менен эле алектенсе, жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактардагы көйгөйлүү маселелердин баарын чечип, эл менен тыгыз кызматташышат. Ал тургай азыркы баш мыйзам боюнча алардын укуктары дагы жогору, акимдерди дагы алар шайлашууда. Ошондуктан, ЖКнын депутаттарына төш белги, күбөлүктөрдү мамлекеттин эсебинен берип, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан акча жыйнаган болбойт. Эмне себептен, кайсы ой менен Туйгунаалы Абдраимов алардан акча жыйнаганын ушул убакка чейин биле албай, таң калып жүрөм. Же бирөөлөр тарабынан "жыйнайсың"- деген көрсөтмө болгонбу, белгисиз.
- Айрымдар ЖКны таратыш керек деп жатышат, таратуу керек экендигин экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов дагы айтып чыкты, президент болсо таратпоо керек экендигин билдирди. Убагында депутат болгон адам катары бул боюнча оюңуз кандай?
- Депутаттарды таратуу керек деген бизде эле эмес, көп эле мамлекеттерде айтылууда. Ошол эле Грецияда, Израилде айтылып жатат. Себеби саясат ушундай, шайлоодо уткандар, утулгандар болот. Утулгандар жөн жатпайт, алар жогоруда айткандай парламентти таратыш керек деп оппозиция боло беришет. Мен азыркы баш мыйзамды жазууга өз салымымды кошкон адам катары айтып коёюн, парламентти таркатууда бир гана күч бар, ал депутаттардын өзүн өзү таркатуусу. Өздөрүнөн башка парламентти эч ким тарката албайт, ал тургай президенттин дагы таркатууга укугу жок. Бул боюнча президент жакшы айтты. "Парламенттин эки жылдык мөөнөтү калды. Эки жыл чыдагыла" деп. Чыдаш керек, баардыгы мыйзам жолу менен болсо, ошондо бизде өнүгүү болот да. Парламентти деле жамандай бериштин кереги жок, анткени биринчи жолу парламенттик башкарууда жашап жатабыз. Албетте, депутаттардын арасында саясатка болгон аң сезими, көз карашы калыптана элек депутаттар жок эмес, аларды дагы түшүнүш керек. Эң негизгиси талаш тартыштын баары көчөдө болбой, парламенттин ичинде болуп, ачык айкын элге чагылдырылып жатканы биз үчүн чоң жеңиш болууда.
- Депутаттардын санын азайтуу керек экендигин да айтып жатышпайбы...
- Азайтуу керек деген болбогон сөз. Эмне себептен ушул кезге чейин "легендарлуу парламенттин убагында жакшы мыйзамдар кабыл алынган" деп айтып келишет. Анткени анда депутаттардын саны көп болгон. Ошол себептен жакшы мыйзамдар кабыл алынган. Канчалык депутат көп болсо, талашып тартышып, жакшы мыйзамдар кабыл алынат. Мен убагында депутаттардын саны 35 болгондо да депутат болгом, 90 депутат болгондо да болдум. Аз болгондуктан, 18 депутат чогула калып эле туура эмес мыйзамдарды кабыл алып койгон учурларыбыз болгон. Андыктан, бүгүнкү күнү 120 депутат аз. Мындан да көбөйтүп, тескерисинче парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын азайтуу зарыл. Азыр депутаттар парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын көбөйтүп алып эле мамлекетти ашыкча чыгымга учуратып жатышат. Былтыр өкмөт үч миңге жакын кызматкерди кыскартабыз деди эле, кыскарганын деле байкаган жокмун. Алар өкмөттөн кеткени менен башка структурага барып эле иштеп алышты.
- Былтыр төрага алмашканда кыскартуу болбоду беле?
- Парламентте, өкмөттө, президенттик аппаратта болобу, туруктуу иштей турган аппарат кызматкерлери болуш керек. Эгер аппарат кызматкерлери туруктуу болсо, саясат да туруктуу болот. Бизде кандай президент алмашса, же өкмөт алмашса, аппарат кызматкерлеринин баары алмашат. Мисалы бир жылы Италияда бир жылдын ичинде он эки жолу өкмөт алмашкан, бирок аппарат эч алмашкан эмес. Аппарат алмашпагандыктан, экономикасы кадимкидей өнүгүп, саясаты өз нугунда уланып жатты. Биз дагы ошондой болуп, тууган урук, жек жаатыбызды кызматка алуудан алыстап, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө тийишпиз.
- Төрага алмашканга чейин сиз, экс-төрага Акматбек Келдибековдун кеңешчиси белеңиз?
- Ооба, мен Келдибековдун кеңешчиси болчумун. Келдибеков кеткенден кийин мен дагы кеттим.
- БШКнын мүчөлүгүнөн башка өкмөт тарабынан сизге кызмат сунушталган учурлар болуп атабы?
- Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы болгондой эле, кызматта дагы убагы менен иштеш керек экен. Кечке эле иштей берсең, энергия, ресурс түгөнүп чарчайт экенсиң дегендей. Анын үстүнө бүгүн мен кызматка барып алсам, менин оппоненттерим эртең эле айтып чыгышы мүмкүн. "Кечээ эле камалып чыккан Ишенбай Кадырбеков, бүгүн минтип кызматка барып алды" - деп. Буга чейин Кудайга шүгүр, мамлекет үчүн иштедим. Кудай ден соолук берсе дагы деле иштеп берээрмин.
- Бакиевдер сизди жөн камабаганы, Мамлекеттик Курулуш агенттигин жетектеп жүргөндө мыйзамсыз иштерге жол берип, коррупцияга аралашкандыгыңыз жөнүндө кептер айтылып жүрөт, айтылган кептердин кандайдыр бир деңгээлде чындыгы болсо керек...
- Жок иним, айтылган кептин баары ушак. Менин Бакиевдердин безине тийип алганымдын себеби биринчиден президенттик шайлоого ат салышайын деген оюм бар болчу. Экинчиден, агенттикти жетектеп , көптөгөн мыйзамсыз иштерге жол бербей, мамлекет башында турган айрым чиновниктердин жерлерди басып алып, шаар ичине мыйзамсыз кабат-кабат үйлөрдү курушуна каршы чыккам. Алар мага каршы кол топтоп, аны "Ак-Жолдун" алтымыш депутаты колдогон. Анткени 60 депутаттан ичинде жер менен бизнес кылгандары да бар болчу да. Андан тышкары Данияр Үсөнов мэр болуп, ал шаарды өз билгениндей пайдаланууга аракет кылган. Ага мен каршы чыгып, "жерге сен ээсиң, ал эми шаар ичине үйлөрдүн курулушуна мамлекет ээ" деп баш берген эмесмин. Кийин Нариман Түлеев дагы анын жолун улады. Ошондой эле Медет Садыркулов жакын тууганын "кызматка ал"- дегенде дагы албай койгом, атын айтпай эле коёюн ошол кезде Чүйдүн губернатору болгон бир саясатчы Көл жээгиндеги кылымдардан бери каз-өрдөктөр конуп келе жаткан жерден "10 гектар жер бер пансионат курам"- дегенде ага дагы берген эмесмин. Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев, жерлерди оңду солду таратып, сатып жатканда аны дагы колго чапкам, кыскасы ошонун баары кошулуп, Бакиевдер мени түрмөгө камашты.
- Түрмөдө өткөн окуядан дагы кыскача айтып берсеңиз?
- Ал кезде мамлекет алсыз болуп, мамлекетти башкарууга каралар аралашып жаткан учур эле. Мен шаардагы №1 СИЗОдо жаттым, ошондо аталган СИЗОдо тартип жок болчу. Кечки саат жетиден эртең мененки саат жетиге чейин СИЗОну каралар башкарчу. Алар каалаган "хатасына" кирип, сындырчу адамын сындырып, алчусун алып, уруп-согуп кетишчү. Кудай ал жакты көрсөтпөсүн.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев