Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Абеков ачкачылык менен азаттыкка чыккысы келет
Коомчулукка эрмек болуп, бир чети элдин башын ооруткан абактагы кыргыздын "аттуу-баштуу" айыпталуучулары кезектеги бекер концертин тартуулап турган учуру. Мына, танган менен калп айткандын дүйнөлүк чемпиону Ташиевдин "тамашасына" улай, "Альфа-Телеком" ачык акционердик коомунун экс-президентинин экс-башкы кеңешчиси Алмаз Абеков да 7-марттан бери абакта ачкачылык кармап, "кыз боозуп, энесин коркутат" болуп олтурат. Башкасы бүтүп, ушу Абеков калды эле. Кыйкырып турбаса, кысыр калчудай болуп, бул дагы сасык саясатын баштады. Баракелде, Алмаз мырзага "даңк жана дүңк" дейли.
Эске сала кетсек, Абеков, "Альфа-Телекомдун" мурунку президенти Азамат Мурзалиев жана "Новострой сервис" коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек өткөн жылдын январь айында мамлекетке 142 миллион сом зыян келтирди деген айып менен УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан камалган эле. Ошондон бери, алардын соттук иши Чубактын кунундай эле созулуп, бүтпөй келатат.
Ал эми качан болсо, коррупционерлерге, кылмышкерлерге адвокат болуп жүргөн Икрамидин Айткулов деген адвокат Абековдун да кызыкчылыгын коргоп: " Абеков өзү иштеп чыккан "Алиппе ТВ" аттуу долбоордун негизинде алыскы аймактардагы окуучуларды жалпы тестирлөөгө даярдоону максат кылган эле. Мындан улам буга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, сотко кайрылганбыз. Абековдун мындай демилгесин Билим берүү министри К. Садыков да колдоп, соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранган. Бирок сот 6-мартта муну канааттандырган жок"- деп "Азаттыкка" агынан жарылып, аз жерден ыйлап жибере жаздаптыр. Мейли, Абеков абакта ачкачылык кармап, ашказанына жара жарата берсин, Айткулов болсо азаттыкта ыйламыш этип, акчасын алып, аны "саан уйдай" саай берсин. Айтор, экөө акылы жеткен ишин кылсын. Бирок мыйзам деген болушу керек да. Мыйзам боюнча Абеков "Алиппе ТВ" эмес, жаңы Американы ачса да, өз жазасын алып, абакта олтурушу зарыл. Андай кыйын экен, өзү ачкан "Алиппе ТВсынын" келечегине кам көрөт экен, анда суук колу менен мамлекеттин акчасын урдабай койбойбу, алкымын тыйып.
Бир сөз менен айтканда, Абеков ачкачылык жарыялап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бургусу келип турат. "Алиппесинин" аркасы менен азаттыкка чыккысы келет.
Жок, жолдош Абеков! Сиз өзүңүздүн коррупциялык аракетиңиз менен "Алиппенин" атын булгап койдуңуз. Ал жеке менчигиңиз болсо да, эми ага барып иштөөгө моралдык укугуңуз жок. Ал долбооруңузду жаап койгонуңуз , же башка бир капчыктууга сатканыңыз оң. Же, ушинтип ар кадамга барып, догурунуп жатып азаттыкка чыгып алып, "Алиппеге" келип, окуучуларга мамлекеттин акчасын кантип уурдаш керектигин жана коррупция менен камалып калгандарга эптеп эле эркиндикке чыгуунун аракети болгон ачкачылык кармоону үйрөтөсүзбү? Негизи, ким болбосун жетекчиге карап түздөнөт эмеспи, окуучулар эми сизге түздөнөлү десе, сиздин кейпиңиз бул.
Кыскасы, "кыскан киши бай болот" демекчи, Абеков жашоодогу жолун түз эмес, жаза басып кыйшайтып алды. Эми аны түздөш керек. Түздөш үчүн, минтип бет тырмарлык кылбай, айыбына жараша жазасын алып, түрмөнүн төрүндө тынч олтурууга абзел.

Канат Садыковдун кандай
кызыкчылыгы бар?
Абековдун адвокаты Айткуловдун айтканына караганда министр Канат Садыков Абековду үй түрмөгө чыгарууну суранып, сот акелердин алдынан өткөн экен. Бул атактуу акын Жалил агабыздын баласы Абеков үчүн мынча эмне күйүп-жанат? Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги качантан бери Абековдун "Алиппе ТВсынын" көзүн карап калган? Же ансыз иш кыла албай калганбы? Ошончолук эле, "Алиппе ТВ" долбоору мамлекетке аба менен суудай керек болуп жатса, аны министрлик өзү деле ишке ашырып коюуга кудурети жетет эмеспи. Абековдун мээси жеткен, Садыковдун мээси жетпейби, ал долбоорго?
Балким, Абеков Канат мырзанын "оозун майлап" коюп, аны минтип ортого салып жүрбөсүн? Чынын айтканда, "Алиппе ТВ" Кыргызстандын билим берүү тармагына канчалык эмгеги сиңди? Бул да чоң суроо? Бул долбоор жаңы гана жанданып, иштеп баштаганы жалпыга маалым...
Анын үстүнө "Мегакомдо" 10догон миллион сомдорду уурдагандарды кантип жазалоо мамлекеттин, мыйзамдын иши. А, министр Садыков болсо, өзү ишин кыйратып салгансып, соттун ишине кийлигишип, көрсөтмө берип турат.
Деги, министрлерге коррупционерлерди коргоп, аларга адвокат болуу укугун ким берди? Албетте, Садыковдун Абековду ачыктан-ачык коргоп жатышында, кандайдыр бир саясат бар. Жөн адам, абактагыларды коргоп, келесоо болуптурбу? Акырында айтарыбыз, "Мегакомдун" иши менен жаткан Абеков, Мурзалиевдер абакта бир эмес, миң жолу ачкачылык кармасын, ден соолугу "халтура" болуп ооруп калсын, бирок аларга эркиндиктин эшиги жабык . Муну президент менен парламент катуу көзөмөлгө алышы абзел. Болбосо, биздин айкөл сот акелер ортодо оюн жүргүзүп, айыптууларды азаттыкка чыгарганга чоң уста келет эмеспи...





КТРК 50 миллион cом эмес,
50 тыйын да төлөбөшү керек...
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары Коомдук биринчи канал Орусиянын биринчи каналынын сигналдарын Кыргызстанга таратуу үчүн өз бюджетинен 50 миллион сом төлөп жаткандыгын сындап, аны мындан ары токтотууну өкмөткө сунуш кылды. Туура, сунуш.
Маалымат катары айта кетсек, Орусиянын биринчи каналы өз өлкөсүндө гана эмес, КМШ өлкөлөрү боюнча да таасирдүү жана абройлуу канал болуп эсептелет. Бул каналдын жылдык бюджети миллиард долларды чапчыйт. Анын 51 пайызына федералдык өкмөт, 49 пайызына белгилүү олигархтар Роман Абрамович менен Юрий Ковальчук ээлик кылат. Бир жылда тапкан таза кирешеси 100 миллион доллардан ашат.
Океңдердин ал биринчи каналын Кыргызстанга тарттыруу келишими Акаевдин тушунда, так айтканда 1996-жылы эки тараптуу болуп түзүлгөн. Негедир, ал келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына эмес, тескерисинче океңдердин пайдасына чечилип, кыргыз тарап жыл сайын 10 миллион сом төлөп турууну өз мойнуна алган. Ал келишим боюнча Орусия тарап биринчи канал аркылуу Кыргызстанга сапаттуу жана эң башкысы биздин мамлекеттин аброюна шек келтирбей турган маалыматтарды таратары белгиленген. Бирок жалпыга белгилүү болгондой, орус телеканалы ал келишимге көп учурда көз жумуп, мамлекетибиздеги буга чейин болуп келген ар кандай саясий кырдаалды "жумурткадан кыр издөө" ыкмасы менен чагылдырышып, маалымат майданында бизди өздөрү каалагандай " ур-тепкиге" алып келишкени ырас. Чынында биз болсо, коркок билиш болуп, олчойгон акчабызды берип, "көзүбүздү чыгара" койсо да, унчукпай туруп берип келатабыз.
Коомдук каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев " азыр Орусиянын биринчи каналын таратуу акысы жогорулап, биз жылына 50 миллион сом төлөйбүз " деп ачыгын айтты. Өзбекстан менен Тажикстан сыяктуу коңшу өлкөлөр, Орусиянын бул каналын биз сыяктуу эле көрүшөт. Бирок биздей "берешен" болуп бир тыйын төлөшпөйт, анткени ал өлкөлөрдө биринчи канал кабелдик телеканалдар аркылуу көргөзүлөт. Биз болсо, "мен Кудайга шалпылдак" дегендей, "бөйрөктөн шыйрак чыгарып", мамлекетке каршы келген иштерди колдоп жүрөбүз. 50 млн. сом биздин электей жыртык бюджетибизге (өзгөчө КТРКга дейли) кичинекей акча эмес, чоң акча. Коомдук канал бул акчаны Баткендин жана башка аймактардын алыскы айылдарына өз каналынын сигналын тартууга сарптаса, өтө чоң иш болот эле да. Белгилүү болгондой биздин күзгө басар, эң негизги Коомдук каналыбызды көрө албаган да мекендештерибиз бар. Муну, Кубат мырза, бизге караганда жакшы билер.
Чынында 50 миллион сом кыргыз элинин кызыкчылыгына эмес, Орусиянын биринчи каналынын кызыкчылыгы үчүн төлөнүп жатат. Бул нерсе, мамлекетке каршы иш эмей, эмне?
Биринчи каналдай эле таасирдүү жана абройлуу болуп эсептелген ошол эле Орусиянын "РТР-планета", "РТР-культура", "РТР-24" телеканалдары өз программаларын Кыргызстанга таратуу үчүн жылына бизге 96 миллион сом төлөшөрү маалыматтарда айтылып келет. Анда эмне, биринчи канал өзгөчөбү? Өзгөчө болсо, өзүнө өзгөчө болгон чыгар, бирок кыргыз мамлекетине эч кандай деле өзгөчөлүгү жок. Деги, биздин Коомдук каналыбыз Биринчи каналга жыл сайын 50 миллион сомду эмне үчүн төлөйт? Акыл жүгүртүп, ойлоп көрөлүчү? Россиянын жалпы кызыкчылыгын, идеологиясын, жакшы-жаман саясатын, экономикасын, маданиятын, салт-санасын, өбүшүп-жытташканын, айтор өздөрүн дүйнөгө даңктаган ар кандай берүүлөрүн күндүр-түндүр көрсөтүп, элибиздин мээсине илгерки союз кезиндей эле "шыкап" жаткандыгы үчүнбү? Ушул бизге керекпи? Бекер болсо да, мейли дейт элек. Андан да күйгүзгөнү орус тарап өз каналын Кыргызстанга таратууга уруксат бергендиги үчүн, ар кандай сөздөрдү айтып колко кылып келатканы айтылууда. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" деген ушул эмеспи. Негизи, мындай шарттагы кызматтарды четке какканыбыз, алда канча акыл менен жасалган иш болмок.
Туйлабай туура жана буйтактатпай түз айтсак, Өкмөт депутаттардын сунушун тез аранын ичинде карап, 1996-жылы түзүлгөн түбү жакшы эмес бул келишимди жокко чыгарышы керек. Болбосо, Орусиянын каналы өз берүүлөрүн Кыргызстандын аймагына толук тарап жаткандыгы үчүн тиешелүү суммада акча төлөшсүн, жогоруда айткан "РТР" каналдарына окшоп. Керек болсо, Жогорку Кеңеш менен өкмөт кыргыз мамлекетине зыяндуу болуп түзүлгөн келишимди түзүү демилгеси кимдерге таандык болгонун ачыкка чыгарып, ал адамдардын жоопкерчилигин карап койсо, эч кандай ашыкча болбойт эле. Тескерисинче, башкаларга баалуу сабак болот эле да.

Бетти даярдаган, Айбек Шамшыкеев