Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мырзакматовдой жигиттер көп эмес
Депутат Алтынбек Сулайманов кайсы бир гезитке Акматбек Келдибековду аябай мактаптыр. Сулаймановдун мактоосуна ээ болуп турган Келдибеков кыргыз байларынын алдыңкыларынын катарына кантип кошулганы жөнүндө деле айтса болмок. Аны айтпайт.
Анан да Сулайманов Мырзакматов Келдибековго жетпейт дегенди айтат. Былтыр мэр болом деп аракет кылып, бирок, андан эч нерсе чыкпай калганына ичи тардык кылып жатат көрүнөт. Мырзакматов деген кыргызын накта эл деген, Ош шаарын мыкты шаар кылып жаткан азамат жигиттердин бири. Анан ошондой жигитти Сулаймановдун берген баасы төмөн түшүрө алмакпы?! Андай болбойт.

Көлбаевдин камагы дагы бир айга узарды
УКМКнын СИЗОсунда жаткан Камчы Көлбаевди Биринчи Май райсоту 9-мартта дагы бир айга камак мөөнөтүн узартты. Көлбаев "адамды уурдоо", "адамдарды эркинен мыйзамсыз ажыратуу", "куралды, ок-дарыларды жана жарылчу заттарды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, бирөөнө берүү, даярдоо жана сатуу", "баңгизаттарды сатып алуу, таратуу жана сатуу" беренелери боюнча күнөөлөнүп жатат.


Митингде талап-тоноого жол бербейбиз
"Ырыс алды-ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп, ага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, премьер-министр Шамил Атаханов жана күч түзүмдөрүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын, Чүй облустук администрациянын өкүлдөрү катышты. Жыйында коалициянын жетекчиси Феликс Кулов: "Бизди митингдерди өзү тынчсыздандырбайт, бизди митинг маалында болуп кетиши мүмкүн болгон талап-тоноочулук тууралуу ар кандай имиш кептер тынчсыздандырат. Биз мындай имиштерге бөгөт коюшубуз керек. Митингде эч кандай мыйзам бузууларга жол бербейбиз" деди.


Надира Нарматова азамат экен го
"Кыргызстанда жашагандыктан кыргыз тилинде сүйлөйм. Сөзүбүздү чет элдик меймандарга которуп беришет деп үмүттөнөм" деди орусча сүйлөөдөн баш тарткан депутат айым Надира Нарматова. Бишкекте парламент жана шайлоочуларга байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулуп, ага Улуу Британиянын, Словакиянын, Чехиянын, Казакстандын мыйзам чыгаруучу өкүлдөрү келген. Ал жерде синхрондук котормо орус тилинен англис тилине гана болот. Депутат айымдын талабы туура да.


Алымбай Султанов баңгизатты баса калат
Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Сокулук районунан "Фиат" автомашинасын токтотуп текшергенде анын ичинен 63 кг 257 грамм өлчөмүндөгү афгандардын баңгизат-гашиши табылган. Анын ээси Баткен облусунун 42 жаштагы тургуну экен. Эми бул адам 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Белгилеп койгонубуз туурадыр, баңгизатты көзөмөлдөө кызматына Алымбай Султанов келгени иш жанданып, далай наркобарондордун иши токтоп, наркотрафиктер кыскарып, кармалган баңги заттардын көлөмү өсүп жатат.

Данияр Үсөнов акча аябайт
Бакиевдер менен кошо артын карабай качкан Данияр Үсөнов бийликке каршы өткөрүлчү митингдерди Бакиевдер менен бирге эле каржылашып жатат деген маалымат тарады. Анысы деле туурадыр. Анткени, биринчиден, реванш алуу саясаты эскирбейт, экинчиден, "Кумтөр" боюнча ага дагы кылмыш иши козголуп жатканда азыркы бийликти кулатып салууга эки көзү төрт да.

"Жин" "Ата Мекенде" жок дейт
Бирөөнү атып жиберип камакта жаткан "Жин" деген каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү эмес деп, партия лидери Текебаев айтып чыкты. Мурун, шайлоо болуп жатканда "Ата Мекендин" мүчөсү деп жазбаган гезит калган эмес. Ошондо Текебаев үн каткан жок эле, эми "Жин" камалгандан кийин дароо айтып чыкты го…


Өмүркулов мырза "эс алабы?"
Бишкек шаардык Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев: "Шаардагы бардык чөйрөлөрдө жемкордук гүлдөп жатат. Кызматка тааныштарды алып, паракорчулукка малынган. Аткаруу бийлиги төмөнкү деңгээлде. Мэриянын демилгелери мааниге ээ эмес, популизмге толгон. Мисалы, көчөдө тентип жүргөн 200 итке ылайыкташтырылган 40 млн сомдук жайды курууну сунуш кылыптыр. Биздин көчөлөрдө болсо, 30 миңден 50 миңге чейин ит тентип жүрөт" дейт. Андан ары дагы толгон кемчиликтерди санайт Жээнчороев мырза. Анын партиялашы, депутат Эрнис Докенов: "Бишкектин жалпы карызы 1,225 млрд сом, бардык бюджеттин чыгаша бөлүмүнүн 19,2 пайызын түзөт. Эми түрктөрдөн карыз алып таштандыларды кайра иштетүүчү завод курганы жатышат. Аны кошсок, насыябыз 3,6 млрд сомго жетет. Ал карызды 38 жыл төлөйт экенбиз" деп кошумчалайт. Аларды угуп алып Өмүркуловдун эс алуучу мезгили келип калганбы деген ой дагы пайда болот экен…


Чолпонбаев жети "группировкасына" таянабы?
Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабын койгон митинг эртең борбордук аянтта өтөрү кабарланган. Акциясынын уюштуруучусу Акаев тушундагы парламенттин спикери, "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев. Бул кишинин соңку мезгилдеги жүрүштөрү туурасында түрдүү кептер айтылды. Ал турсун, төңкөрүштү жүзөгө ашыруунун негизги локомотиви Мукар Шалтакович экен деп эркин гезиттер жазып чыгышты. Бирок, ал мындай сөздөрдү караманча четке кагып келет. Эми Чолпонбаевдин эртеңки митинги боюнча да кызык каңшаар тарады. Аны эшитсек, экс-спикер бийликти басып алуу үчүн "бука моюн, жоон билек" спортчулардан турган жети топту Ак үй, Көк үйдү көздөй агытат имиш. "Ушинтсем эле төңкөрүш жасайм, бийликти ээлеп алам" деп жеңил ойго жетеленген го, кыязы? Чыңгызханды мисал келтирип, Ак үйдүн кашаасынан ашып түшкөн "ата журтчу" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдун тагдырын, чамасы, Мукар мырза түшүнбөгөн өңдөнөт. Карыганда небере-чөбөрөлөрүнүн жытын искеп, келининин колунан ысык чай ичкендин ордуна Кыргызстандын тагдыры менен ойноп, мыйзамсыз кадамга барганы үчүн темир тордо отуруп каларын сезеби десең? Негизи анын бул планын тийиштүү органдар билер бекен? Билсе алдын алышы керек го? М.Чолпонбаев жакын санаалаштарына бийликти аларын, мына ошондо Азимбек Бекназаров менен Мирослав Ниязовго көргүлүктү көрсөтөрүн каңкуулаганын уккандар бизге акырын шыбырап кетишти. Береги эки "эргулга" кекенгенинин себебин өзүнөн башка ит билсинби…


"Дженго" Ташиевдин митингин каржылайт экен
ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Кара-Суу районунун Сарай айылдык округунун башчысы Аким Баатыр кылмыш иштери үчүн колго түшүрүлгөн. Ал 2006-жылы Кара-Суу районунун каттоо кызматынын мурунку жетекчилери менен бирдикте "Кыргыз соода биримдиги" ЖЧКга тийешелүү 1,78 га жерди Сарай айылдык округуна мыйзамсыз өткөзүп алышкан. Анан дале болсо мыйзамсыз түрдө аталган жердин 0,76 га бөлүгүн жеке адамга 200 миң долларга сатып жиберишкен, айылдык округдун кассасына 42 миң доллар эле түшкөн. Ошол жер "Тураталы" базарына эч келишимсиз өтүп, ал жерге 1 миң 80 контейнер жайгашкан. Ар бир контейнер айына 300-500 доллар акы төлөшөт. Айыл округуна 30 контейнердин акысы берилсе, калганын Аким Баатырдын жана "Дженго" деген каймана аты бар, Түштүктүн "смотрящийи" Кадыр Досоновго түшүп турат экен. Досонов Ташиевдин досу жана аны колдогон митингдерди каржылап турат деп да жатышат.


Бекназаров чагымчыл маалымат
таратат дейт
Ушул тапта эмне кыларын билбей наркы-терки урунуп жүргөн Азимбек Бекназаров "мамлекеттик көңтөрүш жөнүндө чагымчыл маалыматтарды таратып жүргөнүн" КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков маалымдады. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясынын жабык жыйынында укук коргоо органдарынын билдирүүлөрүн угушкан. Алардын маалыматы боюнча Мукар Чолпонбаев, Мирослав Ниязовдор дагы чагымчыл маалыматтарды таратып жүрүшөт экен.


Гүлчамбар…
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкери Эркин Кененбаев менен Мукан Кененбаевге бир тууган иниси Эмилдин дүйнөдөн мезгилсиз өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Эмилдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

"Фабула-пресс"