Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Венесуэла жана
Уго Чавес
Саясатка аттануу…
Дүйнө коомчулугун өзүнө бурган өткөн жуманын эң чоң жаңылыктарынын бирине окурмандардын назарын бургубуз келди. 5-март күнү Венесуэланын президенти Уга Чавес 59 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул адам дүйнө тарыхына өз ысымын өлбөс-өчпөс кылып жазып кеткен улуу инсандардын катарынан түбөлүккө орун алды. Анын басып өткөн жолу кызыктарга жана (айрыкча президенттерге) чоң сабак болчу өрнөктөргө бай болду. Бирок Уго Чавес өз өлкөсүндө өтө чоң аброй күткөнү менен дүйнө коомчулугунда карама-каршылыкты жараткан лидерлердин бири болгон. Ал ушундай сапаты менен дүйнөлүк атаң-даңкка жетти десек да болот.
…Венесуэла Латын Америкада жайгашкан 27,635 миллион калкы бар, демократиялык принциптерди туу туткан, акыркы жылдары өнүгүү жолунда келаткан өлкөлөрдүн бири. Нефтиге бай өлкө. Экономикасынын 80 пайызын нефтиден түшкөн киреше түзөт. Уга Чавес ушул өлкөдө Сабанета шаарында 1954-жылы 28-июлда жарык дүйнөгө келген. Анын ата-теги афро-индейстерден болгон. Апасы кичинекей Угону священник болот деп ойлоп жүргөн, бирок Уго жаш кезинен тарта эле спорттун бир түрү бейсболго кызыгып, атактуу бейсболист болбосо да, бул оюнду өмүрүнүн акырына чейин жакшы көрүп, ойноп өттү. 1975-жылы Венесуэланын аскер академиясын аяктайт. Саясатка эрте кызыккан Уго окууну бүткөндөн кийин, аскер тармагында эмгектенип жүргөн кезинде эле Боливариандык революциялык кыймылын түзүп чыккан.

Түрмөдө жаткан жылдар
1990-1991-жылдары Венесуэланын жакыр жашоодо жашаган коомчулугу бийликке нааразычылыгын билдирип, көтөрүлүшкө чыгып, мөөнөтсүз митингдер башталат. Ал узакка созулган көтөрүлүштүн бирин, тактап айтканда, 1992-жылы 4-февралда полковник Уго Чавес жетектеп чыккан. Бул күнкү митингге жалпысынан 133 офицер жана миң солдат катышкан. Уго өлкөнүн борбору Каракаста аскер калоннасын жетектеп, бийликти кулатып, төңкөрүш жасоого аракет кылган. Бийлик менен көтөрүлүшчүлөрдүн кагылышуусу жарым күнгө созулуп, 17 жоокер мерт кетип, 50дөн ашык адам каза тапкан. Бирок бийликтин күчү үстөмдүк кылып баратканда Чавес жеңилгенин билдирип, өзүнүн тарапташтарын куралын таштатат да, бул окуянын жоопкерчилигин өз мойнуна алат, бирок ал багынып жатып, түз эфирден "бул жолу биздин аракетибиз ийгиликсиз болуп калды, ошон үчүн куралыбызды таштадык, эми бул күрөш мындан ары да уланат " деп тайманбай айткан. Ошентип, бийлик аны эки жылга соттойт. Уго 1994-жылы эркиндикке чыгат. Эркиндикке чыгары менен "Бешинчи Республика кыймылын" түзүп, бийликке активдүү оппозицияга өтөт. Ошол жылдан тартып ал, Куба, Аргентина, Сирия ж.б. мамлекеттерин кыдырат. Барган жеринде "бизге революция керек, революция жасашыбыз керек" деп тартынбай айтып турган.
Ал дүйнөлүк диктаторлор Муамар Каддафи, Саддам Хусейин, Сталиндерди жакшы көргөн. Ал тургай, ал адам укугун мыкты коргогон үчүн Триполиде Кадаффи атындагы сыйлыкты алган. Ал эми өз өлкөсүнөн Хусейин менен биринчи болуп жолугуп, аны менен кенен баарлашкан.

Президенттикке алып келген жеңиш
Чавес 1998-жылы өзү түзүп чыккан "Бешинчи республика кыймылы" менен парламенттик шайлоого катышат. Ал шайлоочуларга өлкөнү гүлдөп өскөн коррупцияны жана коррупционерлерди тазалоого, конституциялык реформа кылууну убада берет. Анын мындай убадасына ынанган "Патриот плюс" ж.б. бир нече майда партиялар да колдоого алат. Натыйжада жеңишке жетишип, палатадагы 189 орундун 78син алышат. Ушул эле жылы Улуттук конгрессте азчылыкты түзсө да, президенттик шайлоого катышып, жалпы шайлоочулардын 55 пайыз добушун алып, Венесуэланын 74-президенти болуп шайланат.
Ал убада кылгандай эле 2000-жылы Венесуэла жаңы Конституцияны кабыл алат. Жаңы Конституциянын негизинде кайрадан шайлоо өтүп, Чавестин ДПР (Движение пятая республика) партиясы жеңишке жетишип, палатадагы 165 орундун 92сине ээ болот.

Ийгиликсиз
төңкөрүш
2001-жылы Чавес өлкөдөгү ири нефти компаниянын жетекчисин жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүн алмаштырат. Анын бул кадрдык жүрүшү элитанын нааразычылыгын жаратып, натыйжада 2002-жылы 16-февралда Марафлорес аятында бийлик менен оппозициянын куралдуу кагылыш орун алат. Бул кагылышты жалпысынан 60 адам набыт кетет. 18-апрелден тарта өлкөдө аскер көтөрүлүшү башталып, аны мэр. А. Пен жетекчиликке алат. Мэрге "сухопутный войсканын" командири Э.Васкесом кошулуп, экөө биригип, Чавести бийликтен кулатуу максатында, аны туткундашып, белгисиз тарапка алып жөнөшөт. Бул окуядан кийин генерал Лукас баштаган бийликтин бир катар мүчөлөрү "Чавес өлкөнү башкарууга жараксыз" деп жар салышат. Оппозиция Чавестин ордуна ишкерлер ассоциациясынын президенти Педро Кармонду олтургузушат. Ал келери менен парламентти таратып, Чавес президент болуп турган жылдары кабыл алынган мыйзамдардын баарын жокко чыгарып, кедей- кембагалдардын пайдасына бөлүнгөн мамлекеттик байлыкты кайра ордуна коёт. Ошондой эле Башкы прокуратуранын ишин да убактылуу токтотуп коёт. Бирок армиянын жарымынан көбү жана коомчулуктун басымдуу бөлүгү Уго Чавестин бошотулушун жана бийликке кайра алып келүүнү талап кылып Каракастын көчөлөрүнө чыгышат. Мындайды күтпөгөн П. Кармон өлкөнү жетектөөдөн баш тартат.
Чавестин каршылаштары белгисиз аралдардын биринде туткунда жаткан Чавести алып келишип, кайра ордуна коюуга мажбур болушат. Мамлекеттик төңкөрүш уюштургандар териштирилип, түрмөгө олтургузулат. Мына ушундан кийин Уго Чавестин даңкы таш жарып, дүйнөлүк лидер катары кабыл алына баштайт.
"Алло, президент?"
Уго Чавес Венесуэлага 4 жолу президент болуп шайланып, 4-жолу өзүнүн президенттик ант берүүсүнө катыша албай ажалга моюн сунду. Ал жалпы жонунан 13 жыл президент болуп турду. Бул өлкө ушунча жылдын ичинде бир топ өзгөрүүгө туш болуп, экономикасы мурункуга салыштырмалуу жакшы деңгээлде жанданды. Чавеске дүйнөлүк атакты өзүнүн саясаттагы эки чечкиндүү кадамы алып келди. Биринчиси: ал башынан кедей-кембагалдардын таламын талашып келген. Ал тургай ал өлкөнүн башкы каналында "Алло, президент?" аттуу көрсөтүү ачып, ал көрсөтүүдө министрлерди, губернаторлорду кандай иштеп жатканы боюнча суракка алып, өзү жалпы коомчулуктун ар кандай суроолоруна түз эфирде жооп берип турган. Бул көрсөтүү айрым учурларда 7-8 саат бою созулуп, дүйнөлүк рекорд (айтмакчы, биздин президент да Чавестин ушундай ыкмасын колдонсо ашыкча болбойт эле) коёт.
Экинчиси: Чавес Американы ачык эле башкы душманы катары эсептерин ЖМКда көп кайталап айтып келген. Экс-президент Бушту "шайтан" деп атаган. Ал Россия баштаган дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү менен жакшы мамиле түзүп, өз өлкөсүнүн аброюн дүйнөлүк аренада бир топ жогору көтөрүүгө жетише алды. Маселен, Уго өзү аскер адамы болгондуктан, Венесуэланын аскер тармагын кыйла көтөрүп кетти. Буга бир мисал келтире кетели. Ал Путин менен жакын мамиле түзүп, АКШдан курал сатып алууну токтотуп, Россиядан 52 млн. долларга 100 миң автомат калашников сатып алган. Ошол эле жылы Россия менен экинчи келишимин түзүп, Венесуэлага АК-103 үлгүсүндөгү автомат жана ок чыгарган заводду 474,6 долларга курууга келишим түзгөн.

Сөөгү
бальзамдалган
14-лидер
Чавес узакка созулган рак оорусунан, 5-6 жолку оор операциядан кийин көз жумду. Венесуэлада 7 күн аза күтүү күнү деп жарыяланып, Чавести улуттук баатыр катары эсептешкен миллиондогон эл көз жашын тыя албай, терең кайгыга батты. Ошондой эле Куба, Иран, Белоруссия (бул өлкөлөрдүн президенттери Чавестин жакын достору) баштаган бир нече өлкөлөрдө 3 күн аза күтүү жарыяланды.
Аны акыркы сапарга узатуу салтанатына 22 мамлекеттин президенти жана 55 мамлекеттен атайын делегация келди. Баары бир ооздон Уго чыгаан саясатчы, улуу лидер экенин баса белгилешти. Бийлик анын сөөгүн бальзамдоо чечимин кабыл алды. Эске сала кетсек, буга чейин дүйнөнүн Ленин баштаган 13 чыгаан саясатчысы бальзамдалган эле. Чавес 14сү болуп калды.
Эми бул өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 14 - апрелге белгиленди. Шайлоодо Чавестин мураскери (буга чейин вице президент болуп келген) учурда убактылуу президент Николос Мадуро жана оппозициянын лидери ат салышмакчы. Маалымат катары, айта кетсек, ал 2012-жылы президенттик шайлоодо Чавес менен ат салышып, жалпы шайлоочулардын 45 пайыз добушуна ээ болгон. Ал эми Чавес 55 пайыз менен жеңишке жеткен эле...

Айбек Шамшыкеев