presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Темир Сариев, Экономика министри
"Азыркы кезде маалымат
согушу жүрүп жатат"
- Темир Аргембаевич, сизге Дастан Сарыгулов мамлекеттик комиссиянын жетекчиси катары кайрылып, айрым маалыматтарды жашырып коюптур деген доомат койду. Чын эле ошондой болдубу?
- Кумтөрдөгү болгон жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссия 25 кишиден түзүлгөн. Комиссия курамына Жогорку Кеңештин 8 депутатты, өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттер киришти. Бир эле Сариев барып маселе чечип келген жок. Мамлекеттик комиссиянын иши ачык-айкын болду. Эгерде Дастан Сарыгуловдо биз билбей калган конкреттүү маалыматтар болсо, ошол кездеги Кумтөрдөгү мыйзамсыз иштерге аралашкан чиновниктердин тизмесин берсин, биз дароо элге жарыялап туруп, токтоосуз Башкы прокуратурага жөнөтөбүз. Ошондой эле Кумтөрдө Кыргызстандын 30 жараны акционер экенин, "ошолордун тизмесин дагы берген жоксуң" деп айтып жатат. Мамлекеттик комиссия Центерранын акционерлеринин тизмесин караганда андай фамилияларды тапкан жокпуз. Эгерде Дастан Сарыгуловдо андай тизме болсо берсин. Эмнеге жаап-жашырып жатат. Кимдир бирөө менен соодалашкысы келип жатабы? Жок болсо, айткан сөзүн кайра алсын. Болбосо бул сөзү үчүн жооп бериши керек.
- Демек, ошол кездеги Кумтөрдөгү чырлуу иштерге аралашып, кол койгондор актанып жатышабы?
- Ооба, ошондой десек жарашат. Чындыгында учурда ошол кезде келишимдерге кол койгондор актанып башташты. Азыр Акаевди да, Бакиевди да чакырып келип сурасаң, бир тыйын алган эмеспиз, баары туура болгон деп актанышат. Арийне 1992-94-жылкы келишимден баштап, 2003-2004-жылкы, 2009-жылкы келишимдердин баарында Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы корголбой калган. Туура, аталган келишимдерди бири-бири менен салыштырып көрсөк, кандайдыр бир деңгээлде бир келишимден бир келишимдин артыкчылыгы бар. Биз үч келишимдин эң кыянаттык менен түзүлгөнү 2003-жылкы келишим болгон деп ачык жаздык. Бирок биз баардык келишимдерде орой каталар кеткенин, бир топ кемчилдиктерге жол берилгенин так көрсөттүк. Ушунун баарын өкмөттүк жыйында, парламентте ачык талкуулап, айтып бердик. Жогорку Кеңеш мамлекеттик комиссиянын чыгарган корутундусу менен макулбуз деп токтом чыгарып берди. Парламентте эки күн болгон талкуу эки күн КТРКдан көрсөтүлдү. Эл мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен толук таанышты.
Эми өкмөт токтомдо көрсөтүлгөн үч ай мөөнөттүн ичинде, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Дастан Сарыгуловдун бизге доомат коюп жатышы бул башталышы. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" болуп, чындыкты жазып, айтып чыкканыбыз үчүн кээ бир чиновниктер бизди күнөөлөп, жамандап, жалаа жаба башташат. Мен муну ошол Жогорку Кеңеште эле айткам. Биз комиссиянын мүчөлөрү болгон 25 киши өз абийирибиздин, намысыбыздын, жоопкерчилигибиздин негизинде Кумтөр боюнча чыгарган корутундуга баарыбыз макул болуп кол коюп бердик. Биз өз сөзүбүздү айттык. Эми кезек өкмөт менен парламентте. Жыйырманчы майга чейин сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, өкмөт бир тараптуу келишимди бузат.
- Канада тарап 2009-жылкы түзүлгөн келишимдин мыйзамдуулугун айтып, аны бузууга барбай тургандыгын билдирди. Мунун өзү сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпасын билдирип турат десе болобу?
- Азырынча сыртынан тон бычпай туралы. Ооба, алар "биз келишим менен иштейбиз, келишим мыйзамдуу, биз аны бузбайбыз, бирок сүйлөшүүлөрдөн качпайбыз" деп айтып жатышат. Ачык айтыш керек, бул жерде психологиялык чоң согуш болуп жатат. Алар биз талап кылган келишим бузулуп, Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеп кала турган болсо 4 миллиард 700 миллион сомго чейин көп салык төлөп калышат. Эгер алтындын баасы өссө аталган суммадан да көп төлөшөт. Алар ушул нерседен качып жатышат. Акча деген ар нерсени сүйлөтөт экен, учурда Канада тарап өз көз караштарын билдирип жатышат. Бирок биздин бардык бийлик бутактары Кумтөр боюнча туруктуу позициясын көрсөттү, Центерра Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, ошонун негизинде иштейт, же түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу жокко чыгарат. Башка жол жок.
- Канада тарап келишимдер бузулса, Эл аралык сотко чейин кайрылышаарын билдирди. Эгер жагдай эл аралык сотко жетсе, Кыргызстан утабы, же утулабы деген суроо учурда коомчулукту түйшөлтүп турат...
- Мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгында биз ачык "тобокелчилик бар" деп жаздык. Ооба, эл аралык сотторго кайрылуу болсо тобокелчилик болот. Аны биз жаап-жашырган жокпуз. Бирок Центеррада дагы тобокелчилик бар. Алар сотко берип утуп алган күндө деле, бул жакка келип иштеши керек. Аларда Кумтөрдөн башка активи жок. Ошондуктан алар утуп алды дейли, бирок ошондон кийин бул жакка келип иштей алышабы?.. Бул алар утуп калса деген нерседен чыккан жагдай, эгер биз утуп алсакчы? Анда алар таптакыр баарынан айрылып калып жатышпайбы? Ошол үчүн тобокелчилик эки жакта тең бирдей.
Учурда Кумтөрдө 600 тоннадан ашык алтын бар. Бул бүгүнкү күндөгү алтындын баасы менен 30 миллиард доллардан ашык каражатты түзөт. Мындай каражаттан алардын да айрылып калгысы келбейт. Ошондуктан алар дагы жети өлчөп, бир кесишет. Чынын айталы, азыркы кезде маалымат согушу жүрүп жатат. Биз бул маалымат согушунан уттурбашыбыз зарыл.
- Биз Кумтөрдөн салыкты жогорулатуу, экологиялык зыяндарды төлөтүү менен гана чектелебизби, же дагы активдерди көбөйтүү сыяктуу орчундуу талаптар аткарылабы?
- Активдер жогорулабайт. Көбөйтүлгөн салык төлөмдөрүн, экологиялык зыяндар боюнча каражаттарды толук ала баштайбыз. Маселен, Центерра буга чейин экологиялык зыяндар үчүн бир жылда 310 миң доллар гана төлөшсө, эми биз койгон талапка ылайык 10 миллион доллардан ашык каражат төлөй турган болот. Мындан сырткары социалдык милдеттемелерди толук аткарышы керек.
Буларда азыр Кумтөр оперейтинг, Кумтөр голд деген эки башкаруучу компания бар. Ушул экөөнү бириктирип бир компания кылып, анын башкаруучусу 2015-жылдан баштап кыргыз атуулу болуш керектигин айтып жатабыз. Муну менен биз башкаруу системасын өзүбүзгө алып жатабыз. Мындан сырткары Центеррадагы директорлор кеңешиндеги эки мүчөбүздү төрткө чейин көбөйткүлө деген талап койдук. Ошондой эле, Нарын суусун анализдей турган лаборатория куруу, кызыл китепке кирген төрт жалбырактуу жоогазынды, арча карагайды, жаныбарларды сактоо боюнча атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, тийиштүү иш-чара көрүүнү, айлана-чөйрөнү коргоо, мөңгүлөрдү сактоону, Барскоонго кеткен 20 километр жерди асфальттоону, калдыктарды сактоочу жаңы жай курууну, рекультивациялык фонд түзүп, ага түшчү каражатты кайра эсептеп чыгуу сыяктуу бир катар ойлонулган, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон талаптарды койдук.
- Эми бул талаптар ишке ашат деп ишенесизби?
- Ашат. Өкмөт үч айдын ичинде коюлган талаптар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эгер Центерра ага көнбөсө экинчи пункт иштейт. Келишимдер бир тараптуу жокко чыгарылат.
- Дароо эле денонсацияга барбайлы деген сунуштар айтылып келет. Эмнеге бул кадамга барбай жатасыздар?
- Биринчи, сүйлөшүү жол менен маселени чечкенге аракет кылган оң. Дароо эле соттошконго барганда болбой калат. Биз аларга ойлонгонго мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Эгер биздин сунуш-талаптарга көнүшпөсө, денонсацияга барабыз. Үч ай деп мөөнөтүн коюп койдук. Эгер мөөнөтүн койбосок анда, туура эмес кылып койдуңар деп айтса жарашмак. Мына үч айдын бир айы деле бүткөнү калды, эмки жуманын орто чендеринде Канаданын өкүлдөрү келет. Сүйлөшүүлөр башталат. Мурдагыдан айырмаланып, сүйлөшүүлөрдүн баары бир гана Бишкекте өтөт. Массалык маалыматтарына ачык болот.
- Мамлекеттик комиссия элди алдап жатат деген пикирлер айтылып, ал түгүл Кумтөр боюнча тартылган дисктер таратылып жатканын өзүңүз деле жакшы билсеңиз керек. Бул боюнча эмне дээр элеңиз?
- Мамлекеттик комиссиянын чыгарган жыйынтыгы ачык-айкын парламентте талкууланып элге баары көрсөтүлдү. Эч ким эч нерсе жашырган жок. Парламенттеги талкууда депутат Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровдун катын окуп берди. Эгер Садыр Жапаровдо чындап биз жашырган, же биз билбеген фактылар болсо ачыкка чыгарбайбы. Эмне катып отурат? Кимдир бирөө менен соодалашкысы келип жатабы? Эмнеге бул убакка чейин унчукпай отурду? Билген факты маалыматы болсо элге чыгарсын, жаап-жашырып жашыруун иш кылбай. Биз популизм менен алектенген жокпуз. Реалдуу иш жасадык. Анткени биз жоопкерчиликти сезебиз. Чындыкты туу тутуп иштеп бердик.
- Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын Кумтөр боюнча отчётун эле мамлекеттик комиссия көчүрүп алды. Кумтөрдүн айынан Жапаров болсо СИЗОдо отурат. Бул деген акыйкатсыздык болуп калды дегенге кандай карайсыз?
(Уландысы 11-бетте)






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??