presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Манат Эшимбеков,
Кыргыз Эл артисти, Эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү:
"Курмангазы Исанаев цирк тен жылына 200 миң долларга чейин чөнтөгүнө салат…"

Урматтуу окурмандар, эске сала кетсек, өткөн жылдын этегинде биздин гезит "Маданият жана маалымат министрлигиндеги уурдалган миллиондор " аттуу макаланы сандан-санга жарыяланганбыз. Ал макалаларда КырДрамда, Опера жана балет театрында, филармониядагы, Искусство институтунда, Тарых музейинде уурдалган миллиондорду ачык жазганбыз. Мурда жарыялангандай, кезек Циркке бөлүнгөн 36 миллион сомдун баянына жеткен. Бирок биз бул тууралуу цирктин директору Исанаевге бир эмес, бир нече ирет кайрылдык. Ал киши качан болсо "Эсептөө палатасы текшерип жатат, тиешелүү кагаздарды кийин беребиз" деген суу кечпеген шылтоолорду айтып, айтор убакыт чоюп, "коррупция жыттанган" кагаздарды катып келаткан учурда, редакциябызга кыргыздын желегин дүйнө жүзүнө желбиретип, ар дайым намысты коргоп, көп мамлекеттерде өткөн фестивалдарда баш байгени жеңип келаткан, Кыргыз Эл артисти Манат Эшимбеков жана аны менен бирге иштешкен көрүнүктүү цирк артисти, бир катар эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү Мурат Акматов кайрылып, цирктеги коррупцияны, бүгүнкү ат сарай кейпиндеги ахыбалын жана директор Исанаевдин ишмердүүлүгү тууралуу кызык кептерди айтып берди. Эмесе, бул кызыктуу маекти бирге окуп, бирге жыйынтык чыгаралы…

- Манат мырза, цирк тармагында канча жылдан бери иштеп келатасыз?
- Мен өзүм Чүй облусунун Сокулук районунан болом. Циркте 1972- жылы иштеп баштадым. 1973- 1974- жылдары аскерде кызмат өтөдүм. 1975- жылы циркке келсем , "орун жок деп" кызматка албай койду. Андан кийин Москвадагы циркте 1982- жылга чейин иштедим. Мен Москвада иштеп жүрүп, цирк эмне экенин жан дүйнөм менен үйрөнүп, терең түшүндүм. 1982- жылдан баштап кыргыз циркинде иштеп баштадым.1985- жылы акробатта ойногон жигиттердин жетекчиси болуп калдым.1989- жылдан тартып , ушул күнгө чейин дүйнө кыдырып, бир нече мамлекеттен баш байгелерди утуп, кыргыз циркин дүйнө жүзүнө таанытуу менен алектенип келдим.
- Сөзүңүзгө аралжы. Андай зор эмгегиңизге карабастан сизди азыркы директор Курмангазы Исанаев цирктен эмне себептен кууп салды?
- Менин айтайын дегеним, мына ушул маселе. Исанаев циркке 2004- жылдары директор болуп дайындалган. Чынын айтыш керек. Бул адам циркти түшүнбөйт, анткени кесипкөй эмес, мурун милицияда иштеп жүргөн, цирк тармагына таптакыр чоочун адам. Дагы уялбай, 2007- жылы "КРнын" маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамды алып алды. Кадыр Тажиев деген цирктен 1991- жылы куулуп, бизнеске кеткен. Ал болсо 15 жылдан кийин, кайра циркке келип, Исанаевге орун басар болду, анан ашып кетсе 5- 6 жыл иштеп "Кыргыз Эл артисти" наамын алды. Кайсы эмгеги үчүн, таптакыр түшүнүксүз? Исанаев болсо уялбай, "Манатка берилген "Эл артисти" наамын цирктеги ар бир артистке берсе болот" деп айтты. Мен түз айтайын, кыргыз циркинде мендей болуп, дүйнөнү кыдырып, Кыргызстандын атын тааныткан адам болгон жок. Нуркан Урмановду айтышты. Бирок ал чет жакка чыккан жок, өлкө ичинде эле иштеди. Ошон үчүн ал ыйык наамга көрүнгөнгө эле бериле бербеши керек. Мисалы, артиссиңби, спортчусуңбу, айтор өз тармагыңда бир ийгилик жаратышың керек да. Спорт менен машыксаң, Азиянын, анан Европанын, анан дүйнөнүн чемпиону болушуң керек. Цирктеги артист деле ошол жолдо болуп, улам такшалып, өсүп турушу керек. Мен мактангандай болбоюн, менин цирктеги номурларым менен дүйнөдөгү ар бир агент эч тартынбай келишим түзүп иштешет. Мисалы, азыр быйылкыга да, эмдиги жылкыга да түзүлгөн келишимдерибиз бар. Себеби, ачык айтканда биздин номур дүйнөдө жок номур. Биздин балдар ат менен да, ошол эле учурда аркан менен да ойношот.
- Кайсыл өлкөлөрдү кыдырганыңызды жана ал жакта жүрүп жеңип алган сыйлыктарыңыз тууралуу да айтып койсоңуз?
- Алгач, биз 1989- жылы Германияда бир жыл чакыруу менен иштеп келдик. Союз кулагандан кийин, Кытайдагы фестивалга катышып келдик. 1995- жылы кайра Германияга, Австрияга бир жылдык келишим менен иштегени кеттик. Бирок ал жерде беш ай иштегенден кийин, мен Москвага келип, Американын (дүйнө жүзү боюнча эң чоң цирк) цирки менен келишим түзүп, ал жакка иштеп калдык. Ал жакта иштеп жүргөндө, биздин циркте көрсөткөн жалгыз номурубуз үчүн атайын аскер учагы Нью - Йорк- Киев, Киев - Бишкек, Бишкек - Нью - Йорк каттамы боюнча учуп, 12 атыбызды, 12 жигитибизди ташыган. Чыгымы 400 миң долларды чапчыптыр. Чынында мындай окуя дүйнөдө боло элек. Мен муну менен мактанбайм. Бирок бул да болсо, биздин эмгегибиз да. Америкалыктар көрүнгөн эле артисттерге 400 миң доллар корото бербейт да. 1999- жылы Америкадан Европага чыгып кеттик. Европада ошол жылдан баштап, ушул жылга чейин иштеп келдик. Жалпылай айтканда, Япония, Австралия жана Жаңы Зеландия өлкөлөрүндө гана болгон жокпуз, калган мамлекеттерин баарын кыдырып, кыргыз өнөрүн тартууладык. Мен кыргыз тарыхында биринчи болуп дүйнө жүзүндө цирк жаатында берилчү, эң жогорку "Оскар" ("Серебряный клон") сыйлыгын ( муну орустар да алган) биз 2010- жылы Монако деген мамлекеттин Монте- Карло шаарында алганбыз. Азырынча башкалар ала элек, алгандар да сейрек кездешет. Бул сыйлыкты кыргыз цирки эми качан утат, бул чынында белгисиз, балким 20 жыл, балким 40 жыл? Андан кийин Франциядан эки жолу абройлуу сыйлыкты уттук. Европанын "Масив" деген аттардын фестивалында биринчиликти алдык, айта кетчү нерсе, ал жерде дүйнөгө белгилүү актёр Пьер Решар судьянын төрагасы болгон. Италиядан "Алтын цирк" деген фестивалда да жеңүүчү болдук. Андан тышкары, Голандияда биринчи орунду, Румыниядан экинчи, Польшадан да экинчи орунду алдык. Мындан тышкары, да алган сыйлыктарыбыз бар. Быйыл болсо, кыргыз циркине кайтып келсек, директор минтип "сен эчак жумуштан кеткенсиң, прогул кылдың" деп күйбөгөн жерди күл кылып олтурат.
- Кандайча? Цирктен арыз жазып чыгып кеттиңиз беле?
- Эч кандай арыз жазган эмесмин. "Цирктен чыктым, иштебейм" деп да эч кимге айткан эмесмин. Жашым да келип калды. Эми кыргыз циркинде машыктыруучу болуп иштейин, тажрыйбамды жаштарга бөлүшөйүн деген тилегим бар эле...
- Мунун себеби эмнеде?
- Мен дүйнөнү кыдырып, кыргыз циркине кайтарып келатканымды уккан Исанаев "эми бул цирктин директорлугуна талапкер болуп, менин ордумду тартып алат" деп коркуп, мен келерим менен кызматтан кубалады. Мен эч качан директор болом деп айткан эмесмин. Исанаев экөөбүздүн көз карашыбыз такыр эки башка, ал башка чөйрөнүн адамы, цирктин адамы эмес, орустар "быдло" деп айтып коёт эмеспи, ал адам ошондой... Азыр цирк "33 номурубуз бар" деп айтып жатпайбы, бар болсо бар болгондур, бирок анын баары "самодеятельность" деп айтат элем. Ал номурлар менен ресторан- кафелерде ж.б. жерлерде иштешет, ал деңгээл менен чынында менин деңгээлимди салыштырууга болбойт. Мен 2010- жылы Исанаев менен Раевди Монакодо боло турган бүткүл дүйнөлүк фестивалга чакырып, мейманканаларына чейин даярдадым. Бирок экөө тең келбей коюшту. Ким эле чакырып жатыптыр ал экөөнү? Уялбай Исанаев телефондон: "ал жактан бизге үч маал тамак берилеби" деп жинге тийди да. Сөздүн ачыгы, жамандагандык эмес, Исанаев ушундай маданияты жок адам, ал тургай сүйлөшүп олтурганда да, маданияттуу олтурбай куттуу иш бөлмөсүндө маңдайында ким олтурат, кашынып, какырынып, тырманып, көп учурда ичимдик жыттанып эле олтурат. Муну өзү да жакшы билет. Бетине дагы айтканбыз. Анан кайдан цирк өнүгөт?
- Сиздер цирк тармагын жакшы билесиздер да, айтсаңыз кыргыз циркин оңдоп- түзөөгө бөлүнгөн 36 миллион сом максаттуу пайдаланылды деп эсептейсиздерби? Анткени, бул тууралуу ар кандай кептер өтө эле арбын айтылып келет...
- Кептин баары мына ушунда. Биз ал 36 миллиондун кандай болуп, кайсыл ишке жумшалганын билбейбиз. Анткени колубузда тиешелүү кагаздар жок. Ал кагаздарды директор ачыкка чыгарбай, катып жатат. Бир билгенибиз, силер сандан- санга жазган С. Раевдин "Элайтик" фирмасына 5 миллион сомун которуп берген. Бирок ал фирма эч нерсе иш жасаган эмес. Ишенбесеңер, циркти барып көргүлө. Эптеп эле косметикалык иштер менен чампалашып, ар кандай сыр менен боёп коюшкан. Манеж эскирип, ат оюндарына жарабай, иштен чыгып калган десек болот. Калыстык үчүн айтып коюш керек, цирк бүгүнкү күндө ат сарай кейпинде. Көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасалган жок. Коррупция жакшы өнүккөн. Эгер Жогорку Кеңеш депутаттардын комиссиясын түзүп, жакшы иликтеп чыкса, циркте толгон- токой былыктар ачыкка чыгат эле. Биздин циркке келген Россиянын ж.б. мамлекеттин артисттери циркибиздин абалын көрүп абдан таң калышат да, шарттардын жоктугунан улам нааразы болуп кетишет. Азыр циркте иштешкен артисттердин бири да Мурат Акматов экөөбүз менен саламдашпайт, анткени Исанаев аларды коркутуп алган. Мисалга, мени жумуштан кетиргенин айтат. "Мен деген Манатты кетиргем силер ким болуп калыпсыңар" дегендей эле мамиле кылат. Жогоруда коррупция тууралуу айттык, Ал маселеге дагы бир мисал: Исанаев бир учурда Тажиевди да кубалап, экөө урушуп турган. Ошондо ал мага: "Исанаев цирктин тегерегинде ижарага берилген кафе ж.б. ошондой башка өлкөлөрдөн келген цирктен жылына 150- 200 миң долларга чейин өз чөнтөгүнө салат " деп айткан. Анын айтканында калет жок. Чынында ошондой, муну жакшы текшерсе эле чыгып калат.

Мурат Акматов цирк
артисти, эл аралык
фестивалдардын
жеңүүчүсү, учурда циркте эмгектенет:
- Мен да бул маселеге үн кошо кетейин, Европадан келгениме 3 жыл болду. Манаттын айткандарына толук кошулам. Чынында цирктин ахыбалы өтө начар. Себеби, жетекчинин цирк тууралуу түшүнүгү да, жөндөмү да жок. Азыр мен билгенден циркте "өлүк жандар" иштешет. Мисалы, оркестр бар, 13 адам эмгектенет. Бирок мен алардын ушунча болуп, иштегенин көргөнүм жок, ал тургай алардын олтуруп иштей турган орундары жок. Алар оюн болуп жатканда, оюнду музыка менен коштоп турушу керек да. Негизи штатта 183 адам. Жыйналышка болгону 50- 60 адам эле келет. Мейли, 30- 40 командировкада жүрөт дейли, калганы толук иштеш керек да, күн сайын. А, мен такай иштеген 30дай эле адамды көрөм. Үч ай мурун Искусство институтунда иштеп жүргөн Эсеналиев дегенди өзүнө орун басар кылып алды. Ал болсо цирк тууралуу эч кандай түшүнүгү жок. Мен бул тууралуу сурасам да, "билбейм " деп эле ачык айтты. "Билбесең, кантип иштеп жүрөсүң" деп сурасам, унчукпайт калат.
Күйдүргөн нерседен айтайын. Мисалы, мен эл аралык фестивалдан утуп келсем, Тажиев менен Исанаев экөө "сенин номуруң жарайбы?" деп мени текшерип жатышпайбы. Бул деген жеткен көрө албастык эмей эмне? Болбосо, кайсы жетекчи намысты коргоп, мамлекетке сыймык алып келген артисти ошентип да кодулап текшерет?
Эл билбеген дагы аянычтуу окуяны ачыкка чыгарайын. 2010- жылы Кыргыз Эл артисти Салмоор Урманбетов 60 жашка чыгып чыкпай (цирк тармагында өмүр бою иштеген) Кытайда кайтыш болуп калды. Ага ошол кездеги президент Роза Отунбаева өзүнүн фондунан цирк жетекчилигине "акыркы сапарга татыктуу узаткыла, баргыла" деп 100 миң сом берген. Бирок Исанаев "ал акчаны президент берген жок" деп, бизге бербей койду, биз төртөөбүз өзүбүздүн акчабызга барып, ал аксакалыбызга топурак салып келдик. Өкүнүчтүүсү, ал адам Кытайдан Казакстанга бир топ кыйынчылыктар менен алынып келип (аялы казак эле) Казакстанга коюлуп калды. Арабыздан ушу кезге чейин (баары циркте иштешкен) 33 адам өтүп кетти. Бири да акыркы сапарга цирктен узатылган жок. Ал эми 2008- жылы Москвадан келген цирктен бир баланы аюу чайнап өлтүрүп салса, ошону циркте салтанат менен 3 күн кармап, анан Москвага жөнөтүштү.
Жогоруда Манат Исанаевдин Монакого келбей койгонун айтпадыбы, мен да айтайын. Астанада өтүүчү фестивалга жыл сайын чакырат директорду. Бирок ал барбайт. Тажиевди же башка бир циркте штатта жок орус жигитти жиберип коёт.
- Мурат мырза, сиз циркте иштеп жатыпсыз. Цирктин ахыбалы ошончолук эле ат сарай болуп калганбы?
- Сөз жок ошондой. Москванын цирки келип жатат. Алардын артисттери менен сүйлөшүп калсаң: "мындай абалы начар циркти биринчи жолу көрүп жатабыз, ичине киргенде имаратка эмес, үңкүргө киргендей эле болуп калат экенсиң. Ушунча "развал" болуптур циркиңер" деп ачык айтышат. Казактар болсо, талкаланган манежде аттарын такалатып туруп, чуркатышпадыбы... Дагы бир кызык. Цирк мамлекеттик бюджеттен акча алат. Бирок цирктеги артисттердин баары көркөм жетекчи болуп иштеп жаткан Тажиевдин менчик ЧПсы аркылуу өтүшөт. Мына, ойлоп көрүңүз. Тажиев мамлекетти акчасы менен цирктин артисттерин өзүнүн ЧПсынан өткөрөт. Бул эмне деген өзүм билемдик? Мындай баш аламандыкты эч ким текшербейт, буга директор Исанаев да көз жумуп койгон, кыязы экөө бөлүшөт окшобойбу? Андан тышкары, кош бухгалтерия иштейт. Бухгалтерлер да таза эмес. Эми буга далил келтирейин. Цирктин азыркы башкы бухгалтери Букен менен эсептөө бөлүмүндөгү бухгалтер Зоя Хаджаевна экөө бир кезде Караколдо Коммуналдык чарбада чогу иштешкен. Иштериндеги бир топ кемчиликтер орун алып, натыйжада Зоя эжебиз соттолгон. Бирок канча жылга соттолгонун билбейм, бирок ишти жаап коюшса керек эле. Кыскасы, азыр циркте соттолгон адам бухгалтер болуп иштеп жатат. Муну мурдагы жылы текшергенде анын соттолгондугу ачыкка чыккан эле. Ал адам мурунку ишинде жеп ичтиби, бул ишинде да жеп ичет. Жебейт деп ким кепилдик берет?
- Манат мырза, суроо сизге. Эми сиздин талап кандай?
- Мен Исанаевди сотко бердим. Жакында сот иши башталат. Бирок Исанаев кызматтан кетиши керек. Исанаевди "ал крутой, Заряда "Нурлан" деген базары бар, бизнесмен" деп айтышат. Ошончо крутой болсо, Астанага 4 балага акча төлөп фестивалга жөнөтүп койбойбу... Кыргыз цирки көп жылга артка кылып калды. Кыскасы, Исанаев турганда кыргыз цирки өнүкпөйт, тескерисинче жоголот.
Дагы бир айтайын дегеним. Кыргыз эли Маданият министрине жарыбай койду. Мен өмүрүмдө 12- 13 министр менен иштештим. Эч ким кыйраткан жок. Кийинки министрлер маданиятты такыр талкалап салышты. "Балама" деген ыры менен чыккан ырчы Ибрагим эч нерсе кылган жок. Андан мурунку министр Нурлан Шакиевге да цирктеги абалды айтып киргенбиз. Кирсек, ал бизди карап да койгон жок, эки көзү телевизордо, эки бутун столго чыгарып алган. Бизди уккан да жок. "Мен театр жетекчилерине бүт бизнесмендерди алып келем, силердин колуңардан эч нерсе келбейт "- деп чиренип атып, акыры өзү кетти. Эми өкмөт Султан Раевди кайрадан министр кылып шайлап койду. Бул эмне деген тамтык? Бул адам буга чейин, бир эмес, эки жолу министр болуп, өзүн көрсөткөн. Эч кандай жетишкендик болгон эмес, баары артка кеткен, маданият талкаланган. Кыскасы, Раев иштей албайт, баягы система, баягы бойдон калат...
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??