presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Казактар сүтүбүздү ичет
Мамлекеттик башкы ветеринардык инспектор Самат Алиевдин билдирүүсү боюнча, Казакстан бизден сүт азыктарын сатып ала баштайт. Казакстандын тиешелүү кызматы Кыргызстанга келип сүт иштеткен 11 ишкананын продукцияларын изилдеп чыгып жогорудагыдай чечим чыгарышкан. Анткен менен казактарга сүт сатуу укугун 11 ишкананын баары эле албайт экен.

Аялдар администрацияда укташты
Жалал-Абадда "Ата Журт" партиясынын камакта жаткан лидерлерин бошотуу керек деп уюштурулган митинг уланып жатат. Аларда дагы бир талап бар- "Кумтөр" кенин мамлекетке алуу керек. 5-мартта Жалал-Абад мамлекеттик администрациясынын имаратына кирип алган аялдар ошол жакта түнөп жатышат. Бул боюнча облустук милийса протокол түзүп сотко өткөзгөн.

Сарыбаев туура айтчу эле
Белгилүү да, белдүү да экономист Айылчы Сарыбаев оппозиция жөнүндө мындай дейт: "Мен буларды оппозиция деп эсептебейм. Булар азыркы парламенттин, өкмөттүн ишин сындаган фундаменталдуу эч кандай программасы жок. Жөн эле, кыргызча эле кыйкырмай. Кыйкырып жаткандардын бирөөнө эле кызмат берсе, позициясын жыйыштырып коюп эле кызматка туруп кала турган адамдар. Буларга кызмат гана керек. Эл саясаттан тажады, тынч жашагысы келет, ар кимиси өз оокатын кылып атат". Сарыбаев жөн эле айта бербейт.

Акындын эргүүсү
Акын эмеспи, КСДП фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов минтип эргип турганы: "Бизге калп айтуу жана эки жүздүүлүк вирусунан арылткан революция керек. Бизге өз кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн психологияга каршы революция керек. Бизге ички баалуулуктарды жана маданиятты тепселеп жоготууга жол бербеген революция керек" деп. Жакшы эргиген, бирок, эргиген менен реалдуулуктун арасы ой, о-ой, аябагандай алыс жол!

Казак кармалды
УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматынын жигиттери 6-мартта 1 млн 320 миң жасалма акциздик марканы сатмакчы болуп жүргөн Казакстандын жаранын колго түшүрдү. Эгерде ал сатылып кетсе, анда мамлекетибизге 17 млн 160 миң сом зыян келтирмек экен.

Накен Касиев өкмөттө
Накен Касиев Өкмөт алдындагы өзүн өзү башкаруу жана этникалык карым-катнаш агентствосунун деректири болуп шайланды.

Кримавторитет атылды
Жалал-Абад шаарында саат 11.30да уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү, кримавторитет сыпаттамасы бар Болот Маматов дегенди дал эле үйүнүн жанынан атып кетишти. Макаров тапанчасы менен төшкө аткан экен. Дароо эле милиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармоо үчүн операцияны башташкан. Азырынча майнап чыга элек.

Турсунбеков эмнеден
коркот?
Парламентти таркатуу керек деген чакырык депутат Чыныбай Турсунбековго таптакыр жакпай турат. Анын бир гана себеби бар: бу Турсунбеков дегениң Атамбаевдин аркасы менен депутат болуп, элге аздан тааныла баштаган жолу бар эмеспи. Мына ошол жолу буулуп калбаса экен деп жанталашып жатканы. Анткени, Турсунбеков депутаттан кетери менен эле кайрадан белгисизден короосуна талп дей түшөт да. Эгерде чыгаан саясатчы же коомдук ишмер, жок эле дегенде жакшы акын болсо бир жөн эле да… Бүгүнкү кырдаалда парламенттин тарашы менен тарабашынын эч кандай деле айырмасы жок сыяктуу…

КУУнун Эл аралык
байланыштары
Келе жаткан май айында 80 жылдыгы белгилегени турган Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен алып барып жаткан иштери өзүнчө кенен сөз кыла турган тема.
КНРдын Синьцзянь университетинен Борбор Азия боюнча соода жана экономика илим- изилдөө институтунун ректору Ван Цзунь жетектеген өкүлдөр тобу, андан соң Жапониянын Нагоя университетинин Юмико Миноура айым жетектеген өкүлдөрү КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов менен бир күндө жолугушту. Анда студенттерди алмашып окутуу, башка маселелерде өз ара кызматташуу кызуу талкууланды. Аткарылуучу иштердин планы түзүлдү.
КЭРдин 5 студенти КУУга келип, окуй башташты. Жакында Түркиянын Кастамону университетине биздин 16 студент окууга жөнөтүлөт. Мурда 32 студентибиз аталган окуу жайда бир семестрден окуп кайтып келишкен.




Бөрк ал десе, баш алмайбы?
Мамлекетибиздин кызыкчылыгын коргогон жакшы, бирок ашыкча аракеттер "Аштан жок, же баштан жок" болуп калган кырдаалга кептеп койчудай болуп калды. "Кумтөр" компаниясынын тегерегинде ызы-чуудан кийин алтын казуучу ишканаларга мамлекеттик Салык инспекциясы тарабынан ат тезегин кургатпаган текшерүүлөр бара берип, инвесторлорду чарчатып жатканы маалым болду. "Экопартнер" консалтинг компаниясынын башкы директору Светлана Борцованын айтымында, мамлекеттик Салык инспекциясы ар дайым мыйзамга туура келбеген текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат. "Алар өздөрүнүн функционалдык милдеттенмелеринин чегинен тышкары, кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Өздөрүнүн текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарында ар дайым бир нече көйгөйлөрдү көрсөтүшөт. Бирде жер казынасын максатсыз пайдаланып жатасыңар дешсе, бирде айлана-чөйрө боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп келишет. Негизи бул жаатта геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентчилиги иш жүргүзөт эмеспи" дейт Светлана айым.
Ырасында Салык инспекциясынын бул маселелерге кандайча тиешеси бар экендигин өздөрүнөн эле сурап билбесек, башка эч ким биле бербейт экен.
2012-жылдан тарта алтын өндүрүүчү ишканаларга болгон салыктын баасы үч эсе көтөрүлүп кеткенин айтпай коюуга болбостур. Бул туурасында минералдык ресурстар боюнча Эл аралык кесиптик кеңеш комитетинин төрагасы Рустам Ташиев билдирди. Анын айтымында салыктын көлөмү жаңы мыйзамдын жана Салык кодексине кирген өзгөртүүлөрдүн негизинде пайданын 24 пайызынан 76 пайызга чейин көтөрүлүп кеткен. Андан сырткары 2012-жылы өкмөт пайданын салыгын көбөйтүп, кирешеге салык салып жана жаңы салык төлөмдөрүн киргизген. Ташиевдин белгилешинче, буга чейин алар салык базасынын көбөйүшүнө ар дайым каршы чыгып келишкен. Бирок, бул жолу аргасыздан "макул" болууга барышкан…

Чылпагын алам деп, көзүн чукуйбу дегендей...
КСДПнын депутаты Ыргал Кадыралиева чет өлкөгө чыгып жаткан кыздарга 23 жашка чейин тыюу салуу керектиги туурасында мыйзам долбоорун токуп, коомчулукта ар түрдүү пикир жаратып турган учур. Ыргал айым мындай жагдайга кыргыз кыздарынын чет өлкөгө иштегени барып, чет жерде ар кимден бала төрөп таштап кетип жатканы менен түшүндүрүп, бул көрүнүш кыргыздын кадырын кетирип жатат дейт. Албетте, мындай терс көрүнүштүн болуп жатканын эч ким тана албайт. Бирок ар бир жаран 18 жашка толуп, паспорт алгандан кийин өзүнүн жасаган ишине өзү жоопкер болорун эске алсак, Ыргал айым жарандардын укугун чектеп жатканы коомчулукту бушайман кылды. Мындан улам, айрым энелер нааразы болуп Ак үй алдына митингге да чыкканга үлгүрдү. Андыктан бул маселени мыйзам менен эмес, ата-энелерге түшүндүрүү аркылуу чечкен оң белем.

Жолдон качкыла ЖКнын
машинасы келе жатат...
Көпкөндө да депутаттардын айдоочулары көптү. Киши койдуруп кетишет. Өйдө-төмөн, эч кимди көзгө илбей мас болуп алып айдашат. Бир нерсе болсо баланча депутаттын айдоочусумун деген күбөлүгүн көтөрүп чабышат. Мына 5-март күнү "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун айдоочусу 0033 КG номерлүү машина менен Төмөнкү Ала-Арча районунда бир адамды сүзүп кеткен. Экспертизанын жыйынтыгы айдоочунун мас экенин аныктаган.
Буга дейре ЖКнын депутаттары Ирина Карамушкинанын айдоочусу менен Саматов Жыргалбектин жардамчысы мас абалында киши койдуруп кетишип, экөө тең киши өмүрүн кыйышкан. Эл өкүлдөрүнүн айдоочулар менен жардамчыларынын мындай көпкөндүгү качан токтойт. Депутаттар тартип, мыйзамдуулукту өздөрүнөн баштабаса, айдоочу, жардамчыларынын мындай жоруктары менен башкаларга кантип өрнөк боло алмак.





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??