Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакырчаактан эмес, баатырдан коркуш керек
Кайсы бир макаламда жаздым эле: бийликке болгон кумар, байлыкка, баңгизатка болгон кумардан кем калбайт деп. Эми бул тапталган чындык дечи, антсе да кайра-кайра айтып туруу кээде жакшы жыйынтык берет эмеспи. Айтып туралы.
Азыр кыргыз коомчулугуна бийлик кумары ушунчалык келди дейсиң, жалаң эле ошонун кеби менен аракети. Ага деле мейли эле, Адам болуп жаралгандан кийин ага багышталган нерселердин баарына эгедер болгонго аракет кылганынан криминал издеш туура эмес болуп калат. Бирок, бир маселени кантип унуттук: сен ошол умтулган нерсеге татыктуу бол, ошого ээ болсоң аны ыгы менен пайдалан, жөн эле ээ болуп коюштун өзүңө пайдасы бар деп эсептесең, өңгөгө зыяны чоң. Айталы, кайсы бир адам жан үрөп жүрүп, ар түрдүү жол менен чоң байлыкка жетти да анысын басып жатканы. Ал ошол адамдын гана көкүрөк-көөдөнүн жылытып турат, башка пайдасы жок. Ал каражат башкаларга да тийешелүү эле, бирок, башкалар андан ала алышпай калды. Ага деле мейли эле, эгерде тиги байлыкты басып алган адам бей-бечараларга жардам берсе, эл керегине жарап берген ар кандай курулуштарды курса ж.б. А бизде антпейт. Акчасын жүгүртүп, "жилбик кылып" акча туудуруп туруш керек. Өзүнө гана пайда. Азыр бизде ошондой адамдардын өзүнчө бир катмары пайда болду.
Байлыкка умтулуу менен эле бийликке умтулуу адам табиятында бар дебедикпи. Бул жерде ар адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн эсептеп-чоттоп алышы кажет. Маселен, "айыл өкмөтү болсом, ошол айылдагыларды башкарып кете аламбы, жер-перин иштеткенге көмөктөшө аламбы, айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жарамым жетеби, аким тура эмес, маселе койсо, көрсөтмө берсе, ачык каршы чыгып, аны оңдоого коркпой аракет кыла аламбы…" сыяктуу толгон суроо коюлушу керек болсо, биздин "азаматтар" андай суроолор менен алектенип олтурбайт, Аким да боло алат, губернатор да боло алат, министр да боло алат, президент болуш деле чыйт түкүрүм нерсе! Ушинтип кудай уруп жатпайбы. Биз-кыргыздар ар кимибиз бийлик тепкичтериндеги өз-өз орундарыбызды объективдүүлүк менен таба албай турган жолго түшүп алдык. Илгери кайсы бир адамды кызматынан көтөрүп жатса, "мен ал ишти алып кете алар бекем" деп санаага батып, ал оюн жетекчилерге ачык эле айтып турушчу да. Эми болсо, көчөдөн бирөөнү кармап туруп аким болосуңбу десең, түз эле "болбогондочу" дейт. Азыркы биздин кызматкерлердин көпчүлүгү ишке чектелгенден кийин ошол кызматтын аки-чүкүсүн үйрөнүп-билип жатышпайбы. Ар ким өз ордунда болбой, мамлекетибиздин чалмакейи чалынып жаткан кези.
Момундай бир көрүнүштү алалы: бирөөнүн үйү, беш бөлмө, ичи толтура буюм-терим. Бирок, алардын баары чаржайыт коюлган, телевизорду дал ортодогу тегерек столдо, узатасынан коюлган гарнитур, китептер, вазалар, чыны чайнектер, кийим-кечек, балдарынын оюнчуктары, да бир бөлмөсүндө керебеттер узун-туурасына туш келди коюлган, үстүндө жуурканы бар, көрпөсү бар, килеми бар, шырдагы бар, эмнегедир муздаткычты ушул жерге коюп алыптыр. Көрсө, ичиндегилерди бала-чака бир эле жеп албасын деп үй ээси кайтарып жатат тура… уктоочу бөлмөдө энеси камыр жайып жатты эле, тентек уулу тебелеп кетти... үйдүн ичи апырык менен сапырык. Бала-чака чалынып жатканы, мүдүрүлүп жатканы, бири көйнөк издесе, экинчиси байпагын издеп жатканы. Телевизордун маңдайына олтуруп тамагын жеп, футбол көрүп жаткан үй ээсинин бутуна аялы чалынып оңкодон кетти… иши кылып ушундай… Биздин мамлекет дагы ушул сүрөттөгүдөй. Кызматкерлерди тиги үйдөгү буюм-теримдердей эле көрүнгөн жерге кое берген да. Ошондон улам экономика "өлүү" абалында турат, маданиятыбыздын "сыры дагы, сыны дагы" кетип барат, адамдык нарк-насил деген короп турат, алдуусу алсызын баса калып жатканы, кыз-жигиттер "Валентин күнү" деп өбүшүп, үйүгүшүп жатканы, кары-картаңдардын шору кайнады! Эми бүгүнкү негативдердин баарын санаш чоң жумуш, анын үстүнө баарыбыз билебиз. Маселе, ошол ишмалдасы чыгып бараткан турмушубузду кантип оңдодук дегенде. Оңдоого, албетте, аракеттер бар. Бирок, майнабы аз. Ишке тоскоол болгон окуялар, көрүнүштөр, ошондой терс жагдайды жаратып жаткан адамдар улутубуздун дурус жолго түшүшүнө тосмо коюп жатканы.
Мына ошондой тоскоолдуктарды, тосмолорду жаратып жаткан, өздөрүнчө эле күдүңдөп жүргөн топтор, уюшмалар бар. Алардын бири "Кыргызстанды сактоо" аттуу кыймыл дегени. Анын башында илгери спикер боло калып, анан аялынын фирмасы менен парламенттин бир топ акчасын "куюктуруп" жиберген Мукар Чолпонбаев турат экен. "Сактоо" деген маани, адатта өтө коркунучтуу окуялардын, кубулуштардын алдында айтылса керек эле. Майдадан баштайлы, маселен, кайсы бир жаныбарды сактап калуу, илбирсти дейли, анан топон суудан сактап калуу, жер титирөөдөн сактап калуу, басып кирген душмандан сактап калуу, мыйзамдуу бийликти көңтөрүүдөн сактап калуу ж.б. Чолпонбаев Кыргызстанды эмнеден сактап калам деп алына ченебей жулунуп турат?! Эл аман, жер аман. Элдин пейили кетип баратат, коррупция чырмап алды… мына ошолорду турмуштан кууп, турмушту оңдош керек. Жеке мен ушул Чолпонбаев сактап калган мамлекетте жашагым деле келбейт. Кыргызстанымда эле жашайм…
Баса, бир ирет Феликс Кулов жаман жорукту баштап "элдик фронт" дегенди түзүп, акыр-аягы артын карабай сызып берген, санаалаштарын талаага таштап. Ошондо газдан көзүнүн жашын агызып Темир Сариев гана калган. Чолпонбаев да Куловдун кейпин кийгени турат кейиптенди.
Эгерде Чолпонбаев чын эле өзүн көрсөтүүгө аракет кылып жаткандай кыйын саясатчы болсо, аны колдогон эл массасы болуш керек, мамлекеттеги кетирилип жаткан кемчиликтерди оңдоо үчүн баланчадай деген программасы болуш керек, аны менен бирге "сактап калалы" деген жаман жорукту баштабай, мындай жол менен кетели, тигиндей жол менен кетели, бул алгылыктуу жол деш керек эле да. Болуптур, адыраңдай кетип "Кыргызстанды сактап калуу" кыймылын түзүптүр, эми ошол ишти жасачу, аны кыймылга келтирчү рычагдары барбы. Эч нерсеси жок! Бийликти басып алуу керек деген гана ишке ашпачу идеясы бар. А турсун, кантип басып алууну деле биле бербейт. Дале болуптур дейли, бүт бийликти Чолпонбаевге берип коелу, анан эмне болот? Эми аны элестетүү да өтө эле коркунучтуу! Бала-чаканын жүрөгү түшпөсүн…
Туура, бийликти басып алуу болот, эгерде эл массасы көтөрүлсө. Анан эле кызматтан куулгандар менен кызматка илине албай калгандар чогулуп алып оозуна келгенди отой берсе эле, эл аларды артынан ээрчип кетпейт! Азыр митингдерди уюштуруп мамлекеттеги стабилдүүлүктү ыргагынан бузабыз деген күчтөр бар. Алардын башында Бакиевдер турарын, каражатын берип атканын эл билип бүттү. Бакиевдер бул жерден алып кеткен акчаларын ала жатышмак беле, реванш алууга жумшайт, кайрадан бийликти алып калабызбы деген үмүтү бар да. Бирок, алардын үмүтү эми эч качан ишке ашпайт. Бул жерден "эч качан эч качан" деп айтпа деген кепти деле унутканыбыз жок…
6-январда Чолпонбаев менен Жыпар Жекшеев телевизордон сүйлөп турушту. Ошондо, журналист кыз "жазгы айдап-себүүгө митингдер тоскоол болбос бекен" десе, Чолпонбаев "жок, тоскоол болбойт, мамлекети үчүн күйгөндөр баарына кайыл болуп туруп келет, каражатты да өз чөнтөгүнөн чыгарат" деп жатпайбы. Азыр кайсы келесоо, баарын таштап салып, жер айдатам деп катып жүргөн акчасын сарптап Мукебиз таарынып калбасын деп Бишкекке, айталы, Баткенден, Талас менен Көлдөн ж.б. дубандардын келет экен. Келбей калсын. Эгерде акча берсе, анда кеп башка. Эми бул чындыкты да бурмалагысы келет да. Чолпонбаев ошол жерде дагы минтип турганы: "Президенттик башкаруу киргизиш керек деп парламентти таркатуу кыймылынын башчысы Мирослав Ниязов бийликтин заказын аткарып жатат" деп. Биз билгенден Ниязов эч качан бийликтин заказын аткарбайт. Чолпонбаевге бир нерсе сүйлөп салып "көк улакты көтөрүп чапкандай" эле кеп экен, кечирип койгула…
Чолпонбаевдин кыймылын Курманбек Бакиевдин тушунда түзсө, жарашып жатып калмак, накта керектүү учуру болмок. Анткени, мамлекетибиз диктатурага айланып калган, сөз эркиндиги деген муунтулуп жаткан, саясий оппоненттер өлтүрүлүп жаткан, бүтүндөй мамлекеттин бюджети Максимдин колунда болгон, кыргыз улуту "кой" деген баада турган ж.б. Чолпонбаев ошондой кырдаалда атырылып чыккан жок эле го? Буга кайсы жооп болор….
Азыркы бийлик системасы, жеке бийлиги жок, жамандыр-жакшыдыр парламенттик башкаруубуз бар бийлик Бакиевдер кылгандын бирин кылган жок го. Туура, коррупция менен кылмыштуулук күчүндө. Бирок, аларды күчөткөн, "байлатма жинди" кылып, кутуртуп кеткен Бакиев бийлиги эле да. Ал кезде кайсы чоң камалды эле? Азыр четинен кармалып, камалып жатат, кезектегиси көп.
Өткөндө "Ата Мекен" партиясы митинг уюштуруп, жол тосуп алышкандан кийин президент андайга каршы мыйзам жарыялабады беле. Эми аны да башкача чечмелешип "президент кызматынан коркуп мыйзамын чыгарды" деп жатышпайбы. Биринчиден. Атамбаев кызматынан корко тургандай себеп жок, өзү деле коркпос, экинчиден, митинг уюштуруп, анан жолду бууп алган болбойт да. Андайга каршы болду. Мындан эч кандай башка маанинин издештин кереги жок.
Азимбек Бекназаров азаматыбыз да ары бир урунуп, бери бир урунуп жүргөнү. Аны "революциянын бульдозеру" деп койсо, чындап эле ишенип алган өңдөнөт, деле киришпеген маселеси жок, анан калса, баарынын үстүнөн тургандай, эч нерседен коркпой тургандай жүргөнү кызык. Бульдозерлордун быт-чытын чыгарып кетчү Т-90 деген акыркы үлгүдөгү танктар бар "танки грязи не бояться!" - "өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло" деген кеп укмуш айтылган да!
Оппозиция деле, позициянын нанын жеп жаткандар деле бир мамлекеттин уулдары, кыздары, дагы маанилештирип айтсак,. бир улуттун кулундары. Адам жашоосунда ар жол болот экен, ар кыял болот экен, алар идеяларга алпарып такайт экен, идеялар каршылашып кетет экен… мунун баары турмуш. Бирок, кадимкидей эле душмандашып туруу жакшы жол эмес.
Эки-экиден бириге калып уюм, бирикме, топтошмо ж.б. түзүп, анан эле бийликти басып алчу элек деп аялдарды алдыга салып алкылдатып, кызмат тийбей калганын айкыртып туру кээ бирөөлөрдүн "жашоо модасына" айланып барат. Ал жакшы жол эмес.

Баратбай Аракеев