presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аялы саясатка аралашам дейт э-эй!
Жакынкы эле күндөрү Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун жубайы "Ак кеме" мейманканасында КСДПнын саясий кеңешин сый тамакка чакырып, чай бериптир. Максаты саясатка аралашып, КСДПнын аялдар канатын түзүү экен. Мындай кадамы менен Иса мырзанын жубайы Толкун айым кийинки шайлоолордо парламентке квота менен барчу аялдардын тизмесин тактоону, жана сунуштоону колго алмакчы болуптур. Башкача айтканда, КСДП партиясынан шайлоого ким катышат, канчанчы тизме менен барат дегенди өз көзөмөлүнө алып, чечүүчү фигурага айлануу максатын тымызын ишке ашырмак. Тилекке каршы, арканды узун таштап жаткан айымдын идеясын КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү түшүнбөй калмак беле. Мындай жылма саясатка ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева, белгилүү журналист Жылдыз Мусабековалар каршы болушкан. Бир топ саясий кеңештин мүчөлөрү сый тамакка келбей койгон. Бир гана КСДПнын парламенттеги кожоюну Чыныбай Турсунбеков Өмүркуловдун жубайын колдоп, шыкактап, туура идея дегенди саясий кеңештин мүчөлөрүнө түшүндүрүп, ынандыра албай убара тартыптыр. Бирок, саясатты жакшы түшүнгөндөр бир эле партияны жаштар канаты, эми аялдар канаты деп бөлүп-жара берген туура эместигин белгилешип, колдобой коюшканы айтылууда.
Айтор, Иса Өмүркулов Бишкек мэрлигин оңдуу тарта албай жатканда, аялынын саясатка аралашып, маселе чечем дегени өөн учурайт экен. Аялдары саясатка аралашкан чиновниктердин иши жүрбөй, аягы жакшы болчу эмес эле. Көрсө, Иса мырзанын иши жүрүшпөй жатканын себеби ушул жакта жаткан окшобойбу.

Эбин тапкан эки жейби?
Бакиевдин сүймөнчүктүү кадры, азыркы бийликтин дагы эбин таап колтугуна кирпи алган Мамлекеттик курулуш жана аймакты өнүктүрүү агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев деген "самындай жылмышып колго токтобогон" чиновник бар. Кандай бийлик болсун эбин табат. Эбин тапкан эки жейт болуп, эми бул эргул Бишкек мэринин Турак-жай коммуналдык башкармалыгын өкмөттүн түзүмүн кайра түзүүдө Жантөрө Сатыбалдиев "ымалашып" өзүнө ыйгарттырып алыптыр. Муну менен Каныбек мырза Бишкек мэринин функциясын өзүнө алып, Бишкек шаарын дагы башкарайын деген көрүнөт. Иса мырза иштей албаган жөндөмсүздүгү ушул жагдайга алып келип жатабы, же Каныбек Нарбаев аябай эле "шылуунбу" айтор бул бийликтин тушунда да каалаганын алып, каалаганын жасай турган өңдөнүп калды. Сейсмикалык талапка туура келбеген курулуштар салынып жатат деген адистердин коңгуроосу тынбай кагылып, кокус бир нерсе болсо буга Нарбаев түздөн-түз жоопкерчилик тартышы керектиги тууралуу айтылган сөздөр Өкмөт жетекчилеринин кулагына кирбей, минтип кайра эркелетип кызматтык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип берип жатканы таң калтырат экен.


"Ата Мекенчилердин" бири камалып, бири кармалды

Равшан Сабиров соттолду
Бишкек шаардык соту мурунку социалдык өнүгүү министри, "атамекенчил" Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоого чечим чыгарды. Ал чет өлкөлүк уюмдан пара алгандыгы үчүн кармалган эле. Ал эми анын мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов 6 жылга эркинен ажыратылды.
Сабировдун туугандары "сот туура эмес чечим чыгарды, көрсөтмөсүн үч ирет өзгөрткөн неменин айткандарына ишенип алышты" деп Жогорку Сотко арызданмай болуп жатышат. Коррупционерлерди ушинтип жазалаш керек! Бир суроо: мурун аны актап салган Биринчи Май райсоту эми жооп береби?

"Жин" камакта
"Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаарынын депутаты болуп алган "Жин" деген каймана аты бар "кримбала" Алтынбек Арзымбаев деген "адам өлтүргөнгө аракет жасады жана хулиганчылык кылган" деген шек менен Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул жинди "Жин" бирөөнү атып, ал ооруканада жатат экен.
Эске сала кетсек, аталган Кара-Көл шаарынан мэрлик кызматты "Өнүгүү" партиясынын талапкерлиги утканы менен, "Ата Мекен" партиясынын лөктөрүнүн кийлигишүүсү менен, ошондой эле Арзымбаевге окшогондордун коркутуп-үркүтүүлөрүнөн дайындоо кечеңдеп келген. Эми тиешелүү органдар Арзымбаевдин окуясынан кийин татыктуу жыйынтык чыгарып, "Өнүгүүнүн" талапкерин дайындабаса, адилеттик болбой калат го.

Текебаев дагы бир утушка ээ болду
"Ата Мекен" партиясынын атасы, алчы-таасынан жазбаган өмүрбек Текебаев учурдагы саясий жүрүштөрүндө дагы бир жолу утушка ээ болуп, кенен дем алып турган чагы. Тагыраак айтканда, мурдараак анын саясий оппоненттери "2010-жылы жалпы референдум жолу менен кабыл алынган КРнын Конституциясынын айрым беренелерин өмүрбек Текебаев өзү каалагандай алмаштырып койгон" деген кине коюп, акыры бул боюнча ЖКда атайын комиссия түзүлүп, Башмыйзамды барактоого киришкен болчу. Ошондон бери дээрлик жарым жыл иштеген комиссия өзүнүн жыйынтыгында Текебаевдин Конституцияны бурмалагандыгы боюнча илинчек таппагандыгын ачыкка чыгарган. Ошентип, кечээ апрелдеги морадерлук боюнча иш кандай четке кагылса, бул чырлуу иш дагы ошондой эле суу кечпей кала берди. Бирок, парламенттин айрым депутаттары бул жыйынтыкка караманча каршы чыгып, комиссиянын ишин улантууну, анын курамына адистерди тартууну сунуштап жатышат. Анткен менен көпчүлүгү комиссиянын жыйынтыгына баш ийип, токтом токуп салышты.

Акундун жеңиши, оппозициянын
жемишиби?
Жакында Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматына экинчи мөөнөткө дайындалган Турсунбек Акун учурдагы бийликке коңгуроо кагып, "оппозициянын талаптарын уккула, алар деле киши" сыягында айкырып чыкты. Анын сөзүнө таянсак, оппозициянын талаптары же болбосо элге "Бийликти басып алабыз, баскыла, депутаттардын кабинеттерин ээлеп алабыз" деп кыйкырып, Акүйдүн тосмосунан ашып түшүп, коопсуздук кызматчыларына кол салган депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдорду боштондукка чыгарууну бийлик ылдамдатыш керек имиш. Эми чындап келгенде ушул Акыйкатчынын айтаар сөзүбү? Ал депутаттар боюнча азыр мыйзам чегинде сот иши уланып жатканын, эгер күнөөлөрү далилденбей турган болсо, мыйзам чегинде бошотулаарын, ал тургай аларды тосмодон аттап түшүүгө бийлик түртпөгөнүн Турсунбек мырза эле билбей жатпаса, коомчулук жакшы эле кабардар эмеспи. Көрсө, кайран Тукебиз акыйкатчы болоордун алдында оппозициячыл депутаттарга жыла басып кирип, "мени шайласаңар, лидерлериңерди бошотконго жардам берем" деп убада берип, азыр ошонун өтөөсүнө чыгып жаткан окшобойбу?!

Бабановдун бизнестери буулабы?
Экс-өкмөт башчы өмүрбек Бабановго тиешелүү делген "АКБ Кыргызстан банкына" каршы чабуулду Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баштачудай болуп турат. Бул боюнча "Ар-намыстын" ачуулуу депутаты Анарбек Калматов парламент жыйынында катуу талап менен чыгып, Улуттук Банктын башчысын бурчка такады. "Эмне үчүн Кыргызстанда мамлекеттик органдар арасындагы каражат жүгүртүүлөр башка коммерциялык банктар же мамлекеттик банктар аркылуу эмес, так ошол "АКБ Кыргызстан" банкы аркылуу жүргүзүлөт? Мамлекеттик органдар муну тез арада чечип, мамлекеттик кызыкчылыкты ишке ашырышы керек!",- деди ал.
Бир чети эл өкүлүнүн бул сөзүндө деле чындык бардай. Анткени, мамлекеттик органдар арасындагы тынымсыз акча которуулар жеке менчик банктардын капчыгына миллиондогон сомдорду салып берип жатканы айдан ачык эмеспи. Бир кезде Максим Бакиев дагы кыбыр эткен каражаттын баарын өзүнүн мыйзамсыз менчиктеп алган "Азия Универсал Банкы" аркылуу жүргүзүп, миллиарддарды солоп кеткен эмеспи...

Спорт ордосу жок болот
Кожомкул атындагы спорт ордосунан айрылып калуу коркунучу бар, анткени, анын түндүк тарабында курулуп жаткан турак-жайлардын залакасы тийет. Бирок, ошого карабастан курулуш иштери уланып жатат. Мунун тез арада токтотуу керек. Эгерде имарат жарактан чыгып кала турган болсо, кайра жаңы спорт ордосун курууга мамлекеттин кудурети жетеби? Ал үйлөрдүн курулушу боюнча айрым министрлердин жана депутаттардын кулактары чыгып жатат",- деп билдирди КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева депутат.
Мындай кеп көп эле айтылып жатат, бирок, эч кандай чара көрүлбөйт. Азыр шаардын ичинде бирине бири учкашкан курулуштар толтура. Ошолордун баарынын эле аркасында бийликте олтурган адамдар турат. "Балык башынан сасып" жаткан соң эч нерсе кылууга болбойт.





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??