presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Раев министр болду, эми Бакиевди алып келели
Жакшы жигиттердин жаман иштерин жазып жатып баарына жаман көрүнүп бүтмөй да болдум. Башка вариант издесем, анысы да табылбай кечигет…
Бул ирет Султан Раев үкөм жөнүндө жазып турганым. Жазбайм дедим эле, болбоду… Анткени, ал бир ирет жөндөй албай, министрликти агенттикке айлантып баса берген маданият министрлиги орунга кайра барып жатпайбы. Орун басар болуп да иштегени бар.
Раев Акаев бийлигине да, Бакиев бийлигине да, азыркы бийликке да "бир дем менен" кызмат кылып келатат. Аталган бийликтерге кызмат кылган тушта эл кызыкчылыгына эмес, өз байлыгына аябай чоң салым кошкон экен, биздин гезиттин балдары жазып түгөтө албай коюшту. Султан үкөм өзү кичипейил, токтоо жигиттердин бири, бирөөнө жаман сөзү жок, анан эмгекчилдигин айт. Бирок, анын кызмат жолундагы кээ бир фактылар андан "терс образ" жаратып турганы. Ал эч качан "болбойт" же "жок" дебейт, ар дайым "хоп" дейт, анан "хобун" көрсөтөт дейсиң… Айланайын, санап олтурса, бу Раевдин толгон үйлөрү, пансионаттары, машиналары бар экен, өзүнө отчет берип турчу кайсы бир шылуун башкарган курулуш фирма дагы анын кызыкчылыгына иштейт дейт. Анысы ремонт жасаса, жарым акчасын чөнтөккө салат дейт. Ушунун баарын эл айтып жатса, Генпрокуратура аз болсо да кызыгып койбойт. Бирок, аларды деле түшүнсө болот, анткени коррупция дегениң массалык мүнөзгө айланган абалда дайынын таппай калышпадыбы! Раев кызматка турары менен эле "клубдарды ремонт жасатам" дебедиби, далай каражат жеке чөнтөктөргө кирип кетерин айтып турат деп биз калдык.
Мен билгенден Раевдин элге даңаза болгон, аңыз болгон чыгармалары булар деп дароо санап бере албайсың, дароо эстетип салчу чыгармалары деле жок өңдүү. Бир адабиятчы айтты эле "Раевде карандай эмгек деген аябай көп, анын чыгармалары карандай күчкө салынып жаралган чыгармалар, ага кошумча Айтматов менен Жусубалиевди туураганды аябай жакшы көрөт" деп. Бул бүтүмдүн чын-бышыгын биле албай келем. Анткени, көңүл токтотуп бир дагы чыгармасын окуп көргөн эмесмин. Ошентип, анын чыгармаларынын саны аябай көп, бирок, сапат жагынан аксап турат экен. Анан ошондой чыгармаларын чет элге которттурганга укмуштуудай жөндөмдүү. Дегеле өзүнө келгенде алдына адам салдырбай тургандай ишмердүүлүгү бар, кааласа, Англиянын королевасынан сыйлык алып коюу ал үчүн анча деле кыйын эмес. Ал эми биздеги Токтогул атындагы сыйлыкты жөн эле алып койду. Кантип алганын акындар менен жазуучулар жакшы билет, көп маанини көп уктум. Мен аны кайталап олтурбайын. Баарынан да "Эл жазуучу" деген эң чоң наамды алып алганына таң калгандар аябай көп. Эми Раевдин ала элеги "Кыргыз Эл баатыры" наамы эле калат, аз өтсө аны да алышы толук ыктымал. Раевдин карандай зордук менен койдурткан драмалары да арбын. Бирок, кайсынысын эл кезекке туруп көргөн? Эч кайсынысын. Анын чыгармачылыгы жөнүндө шашпай жазыш зарылчылыгын жеке мен аз мурун эле түшүндүм, буюрса, колдон келишинче "жиликтеп" берүүгө аракетибизди жасайбыз. Өзүм мыкты чыгармаларды жаратпасам да, бирөөнүн алешем чыгармаларын дурус талдачу элем…
Раев министр болуп турганда эч бир орчун иш жасабай эле, бийлик башындагыларга кандайдыр бир жол менен жагып, үнүн чыгарбай, кыялын көрсөтпөй жүрө берет экен. Эң таң калыштуусу азыркы президентке кантип, кандай жол менен жагып алганын биле албай башты катырата тырмагандар арбын.
Эске түшүп жатпайбы, Бакиевдин инаугурациясында Травиатанын ариясын ырдатып уят болгон. Травиата денесин саткан неме да. Баса, Бакиев да ошондой сойку болуп кетпедиби. Роза Отунбаевага жазып берген сөзү да аны жалпы журтка уят кылган эмеспи!
Маданият деген кеп адамды Адам кылуу деген кеп. Биздин жетекчилик анын маанисин билбесе, же билгиси келбесе эле, маданият тармагы менен ар кандай эксперименттерди жүргүзө берүүгө болбойт. Ошонун айынан дилибиз бузулуп жатат. Ушундай кырдаалда ресурсун түгөткөн адамды кайра-кайра кызматка кое бербей, Садык Шер деген турат, Кожогелди Кулуев деген турат, койбойбу ошолордон.
Биз азыркы бийлик башындагыларга таптакыр түшүнгүбүз келбей турат, анткени мындай: диктатор, кылмышкер Бакиевди кулаткандан кийин анын кошоматчыларын, идеялаштарын жооптуу кызматтарга жолотпош керек да. Азыркы кызматтарда Бакиевдин чачпагын көтөрүп жүргөндөр көп болуп кеткен жокпу?! Албетте көп. Ал кезеги маданият министри Султан Раевди кайра ордуна алып келишти, андай болгондон кийин Конгантиевди ИИМге министр кылсын, Бакыт Калиевди Коргоо министри кылсын, Мурат Суталинов УКМКнын төрагасына коюш керек… Жанышы келип Атамбаевди кайтарып берсин! Болуп жаткан иш ушундай "логиканы" жаратып жатпайбы!
Азырынча кыска кеп ушул. Узунун улай турган убакыт алыс эмес…

Баратбай Аракеев




"Ат айланып казыгын тапты"
КГБнын башчысы, "Алиби" гезитинин Башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Мамлекеттик монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Ошентип, "ат айланып казыгын табат демекчи" мурунку кызматына кайра барды. Өкмөт ишенич артып жаткандан кийин, иштесин да. Эми өзүн сын менен эмес, иш менен көргөзчү мезгил башталат. Ага Бабырбек мырзанын даремети жетсе керек.

Аллахтын жолундагы Акылбектин "Америкасы"...
Экс-министр Акылбек Жапаров албетте, кыргыздан чыккан кыйын экономисттердин бири экени талашсыз. Бирок, анын эсепкор мээси дайыма эле мамлекет үчүн эмес, көп убакта өзүнүн пайдасына иштеп, экономикалык саясатта жүргөн 15 жыл ичинде Кыргызстандагы эң эле бай адамдардын бири болгондугу айныгыc факт. А мамлекеттин экономикасы болсо баягы эле бойдон арабөк абалда келе жатат. Антсе да акыркы мезгилде Акылбек акебиз "койго паспорт берели десем күлдүңөр эле, мына ошол келди" деген сүйүктүү фразасын көп кайталоо менен азыркы Президент Атамбаевдин саясатын да кескин сынга алып, "Президенттин өнүгүү программасы "Кудай колдосо, баары жакшы болот" деген программа, ишке ашпайт" таризинде ой жоруп жаткан убагы. Кызык, өзү деле акыркы эки жылдан бери Аллахтын жолуна түшүп, беш маал намаз окуганын мактанып калчу эле, анда неге Кудайдын берээрине ишенбейт? Же Атамбаевдин Кудайы менен Акылбектин Кудайы эки башкабы? Айтор, акылы ашып-ташыгансыган саясатчынын бул айтканына таң калып, баш чайкагандар арбып туру...



кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??