presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



РЕФОРМА
Реформа деген ар кандай боло берет турбайбы. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин, Японияда конституциялык реформа жүрүп, натыйжасында согуштан, өзгөчө атомдук бомбалоодон талкаланган өлкө, бир нече жылда, дүйнөдө болбогондой экономикалык өсүш көрсөтүп, ички дүң продукциясынын көлөмү боюнча дүнүйөдө экинчи орунга чыккан. Ошондой эле өсүштү Германия да көрсөтүп, ИДП боюнча үчүнчү орунга чыккан. Кызык! Алар эмнеге экономикасын көтөрүп, элдин камын ойлогон бир түшүнүксүз кадамдарга барды экен?
Биздин реформалардын максаты башкача. Мисалга биздин өкмөттүн акыркы реформалары. Бул реформаны, өлкөнүн эки күч министрликтеринин жумушун терс жолго салып, талкалап койгон адамга, жылуу орун даярдаш үчүн жүргүздүк. Ал адамдын ишмердигинин жыйынтыгында, учурда Рысалиев талкалап, баш көтөртпөй бараткан, чет өлкөлөрдө качып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтордун лөктөрү туулган жерине кайтып келип жыргал турмушта жашай баштады. Кылмыштуулук болсо кескин түрдө көбөйүп, акыр аягында, айласыздан ал министрди жумуштан алууга мажбур болушту. Андай запкыдан тажаган эл өх деп сүйүнүп түлөө берели деп турганда, эртеси эле ал министрди кайра вице-премьер кылып дайындап коюшту, аны да жөн эле унчукпай, билмексен болуп коюп койбой, реформа деп жер дүңгүрөтүп коюшту.
Японияда жылдык ИДП он триллион доллардын тегерегинде экен, анын премьер министри эч кандай вице-премьерлери жок эле жумуш алып бара берет экен. А, эмне үчүн япондорго караганда үч миң эсе аз ИДПсы бар Кыргызстанда төрт вице-премьер болуш керек? Биз, коррупцияга каршы күрөшө албастыгыбызды моюнга алып, ар бир вице-премьер коррупцияны канчадыр бир эсе көбөйтөөрүн ойлошубуз керек да. Же кандайдыр бир жумушту алдыга жылдырып, өлкөгө пайда алып келген вице-премьерди көрдүңөр беле? Мен андайды көрө элекмин! Бир жөнөкөй нерсени түшүнүүгө мезгил жетти; министрби, вице-премьерби же башка жетекчиби, биз аны килейген бош каптай көрүшүбүз керек, биздин милдетибиз ал капка акча толтуруп турушубуз керек. Алардын эч кандай жоопкерчилиги жок, жумуш жакпай калса оорун которуштуруп башка жылуу жерге барып алат.
Реформа жүргүзөм десе, эмне үчүн премьер-министр айыл чарба министрлигинен баштабайт. Бул министрликте бир нече жыл министр болуп иштеген И.Айдаралиев өгүнү ачыгынан жарылып атпайбы.Бул министрлик эмне жумуш аткарып жатканын мен эмдигиче түшүнө элекмин-деп. Ошон үчүн башты оорутпай ошол министрликти жоюп анын бюджетине кетип жаткан бир жарым миллиард сомду дыйкандарга пайызы жок кредит кылып таратып бер да ордуна үч департамент түзүп кой : мелиорация, ветеринария жана айыл чарба продукциясын чет өлкөлөргө сатуу боюнча. Аларга бюджеттен бир тыйын бербе. Тескерисинче план берип, жылына баланча акча төгөсүң деп милдеттендирип кой. Бир гана баса көрсөтчү нерсе, айыл чарба продукциясын сатканга, курсагы челейген жегичтерди койбой, Россия, Казакстанда соода түйүндөрү бар он чакты жаш кишини коюп койгула, беш-он жылда биздин бюджеттин жартысын ошолор толтуруп турбаса, мен мурдумду туурасынан кесип берейин-дейт белгилүү экономист Алымкулов Ж.
А азыркы жүргүзүлгөн реформадан элге бир гана пайда болду. Өзүнүн маданиятын өтө төмөн экенин көрсөтүп, паракорлугу менен элди уят кылган министрди ордунан алып койгонго- тобоо!- деп туралы..

Баяман Омар




Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге,
КР Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго,
КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге,
КР мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевге,
УКМК алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматына
Сокулук районунун тургундары Гүлүйпа Карымшакова жана Тамара Эрматовадан

Арыз

2010-жылдан бери адам укугун коргоо жаатында, акыйкаттык, адилеттүүлүк жөнүндө көптөгөн сөздөр болгон менен Кыргызстандын карапайым элдери ошол адилеттүүлүктүн жытын да сезбей келет. Кайсы жерге барбагын баягы эле тууган-туушкандык, жердешчилик өкүм сүрүп, чөнтөгү калыңдардын күнү тууп турганын бардык жерден сезесиң.
Мен Гүлүйпа Карымшакова 2006-жылдан бери Сокулук райондук маданият бөлүм башчылык кызматтарында адис, башкы адис, убактылуу маданият бөлүм башчылык кызматтарында иштеп келдим. 2008-жылы райондук маданият бөлүм башчылыгына бош орун үчүн сынактык тестирлөөгө Тилек Абшекиров экөөбүз атаандаш болуп катышып тестирлөөдөн өттүк. Анан кайра министрликтик алдындагы комиссияга аңгемелешүү сынагына келгенде Муктасар Өзүбековдун жана статс-катчы Мухтаалы Абдыбековичтин түздөн-түз кийлигишүүсү жана тааныш-билиш аркылуу Тилек Абшекеровду дайындап коюшту. Ал эми мен министрликтин 2009-жылы №8-буйругу менен башкы адис болуп дайындалдым. Ал эми июнь айында мен иштеп жаткан орунга кайрадан сынак жарыялап, мени кайрадан мажбурлоо жолу менен кайра тестирлөөгө катыштырып 42 упай алсам да мени 2009-жылы 9-сентябрда негизсиз кызматтан бошотуп салды. Мен ушул күнгө чейин кызматсыз, акыйкаттык издеп жүрөм. Бул туурасында бир нече жолу Маданият министрлигине кайрылсам эч кандай натыйжа чыкпады.
Андан кийин 2012-жылдын 5-июнунда Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Сокулук райондук маданият бөлүм башчылык бош кызмат орунга жарыяланган сынак боюнча, мамлекеттик кадр кызматы өткөргөн тестирлөө сынагына катышып, Г.Карымшакова 34, Т.Эрматова 31, С.Анырова 34 упай менен өттүк. Бирок 2012-жылдын 18-июнунда Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы түзүлгөн комиссия аңгемелешүү сынагын өткөрүп, маданият бөлүм башчылык кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарды "КР Коррупция менен күрөшүү", "КР Эмгек кодекси", "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамды одоно бузуп, аны бурмалап, бут тосуу жолу менен бизди өткөрбөй коюшту. Маданият бөлүм башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптарга жооп бербеген, Субагүл Анырованы комиссиянын мүчөсү, атайын бут тосуу аракети менен "өзүбүз даярдаган кадр" - деп Сокулук райондук маданият бөлүм башчысын кызмат ордуна жетекчи жылып дайындашты.
Жогорудагы туура эмес чечилген кызматтык дайындоо боюнча Маданият жана туризм министри И.Жунусовго арыз жазып кайрылсак ал жактан ушул күнгө чейин "ак же көк" деген жооп болбоду жана мыйзамга ылайык чечип бербеди. Аргабыз кетип, акыйкатсыздыкка зээнибиз кейигенде эки ирет КР Мамлекеттик кадр кызматына кайрылууга арыз бердик. Бул кызмат биринчи жолу 2012-жылы 20-июлунда Маданият министри И.Жунусовдун наамына мыйзамсыз буйруктарды жокко чыгарып, сунуш катты он күн ичинде аткаруу мөөнөтүн көрсөтүп кат жөнөттү. Ал эми министрлик сунуш катты 2012-жылдын 9-ноябрына чейин узартуу жөнүндө сураныч менен мамлекеттик кадр кызматына кайрылган. Бирок ал ушул күнгө чейин аткарылбай келет. Министр И.Жунусов арызыбызда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин карабагандыктан Мамлекеттик кадр кызматына кайрадан кайрылууга мажбур болуп арыз жаздык. Ал эми аталган кызмат 2012-жылдын 27-декабрында Сокулук районунун маданият бөлүмүнүн башчысы С.Анырова мыйзам бузуу жолу менен Сокулук районунун маданият бөлүмүнүн башчылыгына келгенин, эгер он күн ичине талаптар аткарылбаса бул иш Өкмөт аппаратына жана Башкы прокуратурага жөнөтүлөрүн билдирген кат жөнөткөн. Бирок бул маселе мындан кийин да мыйзам жолунда чечилбей убакытты узартуу, оозеки түрдө ар кандай кызматтарды сунуштап келишет.
Урматтуу бийлик башындагылар, ушул арызыбызды мыйзам чегинде карап адилеттүү чечип берүүңүздөрдү суранабыз.

Гүлүйпа Карымшакова
Тамара Эрматова




Темир Сариев, Экономика министри
"Азыркы кезде
маалымат согушу
жүрүп
жатат"

(Башы 8-бетте)
- Биз 1992-жылдан баштап Кумтөр долбоорун толугу менен изилдеп, иликтеп чыктык. Бизге чейинки комиссиялар деле иликтеп чыгышкан. Окшоштуктар бар. Себеби кайсы комиссия болсун, бир эле нерсени карадык да. Бирок корутунду да биз баарын конкреттүү факты менен болгон кемчилдик мыйзам бузууларды толук көрсөтүп бердик. Ушул жагынан биз башкалардан айырмаланабыз. Жапаровдун комиссиясы чыгарган корутунду да башкача чечим кабыл алуу керектиги көрсөтүлгөн. Башкача айтканда Кумтөрдү дароо улутташтыралы, анын жетекчилерин шайлайлы деп, кимдер келиши керектигинен бери тизмесин даярдап койгон. Эч кандай конкурсу жок эле ушул адамдарды бекитип берип койгула дешкен.

Биз болсо бардык сунуш-талаптар боюнча үч айдын ичинде өкмөткө канадалыктар менен сүйлөшүп, мыйзамсыз келишимди жокко чыгарууну, буга чейинки мыйзамдуу келишимге кол койгон биздин жарандардын укуктук жоопкерчилигин карап чыгып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарылдыгын белгилеп Башкы прокуратура жөнөттүк. Парламент биздин корутундуну толугу менен колдоп беришти.
- Сиздин жеке пикириңизде, Башкы прокуратура күнөөлүүлөрдү жоопко тартууда чечкиндүү чара колдонуп, ишти аягына чыгара алабы?
- Өткөн жумада Башкы прокуратура биздин комиссиянын жыйынтыгы менен, Кумтөр боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимди түзүүгө аралашкан бир катар чиновниктерге кылмыш ишин козгоду. Жыйынтыгы кандай болот күтө туралы. Анткени иликтөө ишине эч ким кийлигише албайт. Баары мыйзам чегинде болушу шарт. Биз өзүбүздүн мыйзам бузган чиновниктерди жоопко тарта албай туруп, Центерранын өкүлдөрүн жоопко тарта албайбыз. Биз өзүбүздүн чиновниктерди жоопко тартсак, эртең эл аралык сотко барып калсак, жүзүбүз жарык болот. Мына биз мамлекеттин кызыкчылыгына кыянаттык кылып, мыйзамсыз келишимдерди түзгөн чиновниктерди жоопко тарттык, адилеттүү чечим чыгарып бергиле деп айта алабыз. Канададан дагы ошону талап кылсак жарашат.
- Кумтөргө кошумча берилип кеткен жер маселеси кандай чечилет?
- Кумтөргө 2009-жылкы келишим боюнча Чудинов өкмөт башчысы болуп турганда Ээр-Таш, Сары-Чат коругундагы 16,5 миң гектар жер кошумча берилип кеткен. Ал жерде 40 тонна алтындын кору бар. Бирок бул жер өзгөчө коргоого алынган жер деп өкмөттүн токтому менен жокко чыгарылды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында бул маселе дагы чечилет.

Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??