Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Рысбек Жабиров, режиссёр, 5-март ак калпак күнүнүн негиздөөчүсү:
"Кыргыздар калпагыбыз
менен бийикпиз..."

- Рысбек байке, бүгүн мына сиз демилге кылып көтөрүп чыккан ак калпак күнү белгиленип жатат, аталган күндүн белгиленип жатканына быйыл үч жыл болду. Буга чейин бул күнү ар кандай иш чараларды уюштуруп калчу элеңиз, быйыл анткен жоксуз окшойт, себеби эмнеде?
- Мени кубантканы ак калпак күнүн коомчулук туура кабыл алып, колдоп кетишти. Ак калпак күнү белгиленгенден тартып эле өлкөнүн баардык аймактарынан жарандар телефон чалып, "аталган идеяны ырас эле ойлоп табыптырсыз" деп, ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Мурдагы жылы жаңы башталып, анча болгон эмес, былтыр аябай жакшы болду. Мектептерде атайын концерттик программалар уюштурулуп, жогорку окуу жайларында атайын иш-чаралар өткөрүлгөн. Райондун борборлорунда мырзаларыбыз ак калпактарын кийип алып парадга басышкан эле. Ал эми быйыл 5-март ак калпак күнү экенин эл билип калды, өздөрү калпактарын кийип көчөгө чыгышса керек деп аракет кылган жерим жок. Элибиз калпакты бир эле 5-мартта эске алып кийбей, дайыма баштарынан түшүрбөй кийип жүрүшсө жакшы болот эле.
- Сиз аракет кылбаганыңыз менен 5-март ак калпак күнү экендиги ММК аркылуу маалымдалып жатты го...
- Ооба, айрым массалык маалымат каражаттарына барып, маалымдап коюусун өтүнгөм, аларга ырахмат маалымдап беришти. Негизи китеп чыгарсаң, ал китеп сенин балаңдай болуп калат го, идея деле ошондой экен, жакшы идея ойлоп таап, аны ишке ашырсаң ал деле балаңдай болуп калат экен. 5-мартта жарандарыбыз калпак кийсе экен, элибиздин калпак кийип жүргөнүн дүйнө эли көрсө деп тилейм. Анткени кыргыз эли калпагы менен бийик да.
- Чиновниктер болобу, жөнөкөй жарандар болобу кээ бирөө калпакты кол жоолук катары пайдаланып, мончого кийип барып жүргөнүн көрүп билип жүрөбүз, бул боюнча эмне айта аласыз?
- Бул мени абдан өкүндүрөт, калпакты мончого кийип барып, кол жоолук катары тебелеп тепсегендерди улуттун чыккынчылары деп деле эсептесек болот. Бирок, биз канчалык патриот болуп, чыркыраганыбыз менен калпакты мончого алып барып, кол жоолук кылгандарды токтото алчудай эмеспиз. Айла жок мен мунун башкача жолун ойлоп таптым. Ал мындай; чымкый кара кийизден эле калпак сыяктуу бир баш кийим тигип, ошону кийип барышса туура болчудай. Аны жасап, атайын мончого кийип барганга деп базарларда сатыш керек, ошентип эле калпагыбызды кор кылбай сактап калбасак, сактап кала алчудай эмеспиз.
-Аталган идеяны ойлоп таап, жарыялап чыкканыңыз боюнча да айтып берсеңиз?
- Бир күнү мончого барсам, жаш бала калпак кийип отурган экен, "парга"- киргенде калпагын жамбашына басып отуруп алды. Ошол жерден ызы-чуу болуп, бир топ адамдар мени колдогон. Ошондон кийин эле канткенде калпактын кадыр баркын көтөрө алам деген ой келип, аталган идея жаралган. Мисалы, ата-бабабыз калпак кийип эле чоңойгон да. Тарыхка токтолуп, эски сүрөттөрдү карасак, он киши сүрөткө түшсө, ошол он кишинин экөө шляпа кийип турса, сегизи калпак кийип турушат. Алар эмне шляпа кийбей акылсыз болгонбу? Жок алар акылдуу болушкан. Чет өлкөлүктөр калпагыбызга кандай суктанышат. Депутат Эгемберди Эрматов айтып келди го, башындагы кийизден тигилген допусуна арабдардын кандай кызыкканын, кыскасы калпакты кор кылбай, аздектешибиз керек.
- Ирина Карамушкина өңдүү айрым эл өкүлдөрү калпакты чет элдик жаранга белекке берип, калпак тууралуу туура эмес пикир айтканы айтылып жүрөт…
- Карамушкинаныкы албетте туура эмес, Кыргызстанда жашап жатып, кыргыздын баш кийимине шек келтиргени. Бирок, орус Карамушкина эмес, калпакты жакшы түшүнгөн кыргыздар деле ошентип жатпайбы. Анан биз Карамушкинага таарынып эмне кылабыз. Эгер кыргыздар калпакты сыйлап, урматташса, орустар деле унчуга алмак эмес.
- Канткенде элибизди калпакты, деги эле кыргыздын улуттук баалулуктарын аздектеп сүйүүгө үндөй алабыз деп ойлойсуз?
- Салижан Жигитовдун жакшы сөзү бар, "кыргыз кыйналыш керек, ошондо оңолот" деген, бирок кыргыз эли жыйырма жылдан бери эле кыйналып келе жатабыз эч оңолбодук, тескерисинче барган сайын улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп, жоголуп бара жатабыз. Ачыгын айтканда келечегибиз кандай болот, балдарыбыз кандай күндү көрүп жашайт, элестетүү деле кыйын болуп калды. Өткөндө жогорку окуу жайында окуган эки студенттен Төлөгөн Касымбеков ким десем билишпейт. Демек, Касымбековду билбеген студенттен эмнени күтүп болот?
- Режиссёр экениңизди билебиз, кино тартып да баштаган экенсиз, сыр болбосо кандай кино тартып жатасыз?
- Туура режиссёрмун. Бирок мен учурдагы көп режиссёрлордон айырмаланып, элдин аң сезимин ойгото турган, тарбиялык мааниси жогору кино тартсам деп аракет кылып жүрөм. Ойлор көп. Бир топ кинонун сценарийин жазып даярдап койгом. Тилекке каршы каражат жок. Жакында эле эптеп каражат таап, Ош окуясы жана дин маселеси боюнча кыска метраждуу эки кино тартып, аяктоо алдында турам. Буюрса жакынкы айларда элибиз күбө боло алышат.
- Учурдагы тартылып жаткан кинолорго кандай баа бересиз?
- Көп эле кинолор тартылып жатат, кээси "Голливудду" туурап, сапаттуу кино тартууга аракет кылышууда. Канчалык Голливудду туурап аракет кылганыбыз менен биз Голливуддай кино тарта албайбыз. Ошентсе да кудайга шүгүр, кино тармагы жаман да болсо алдыга жылууда.
Актан Арым Кубат "Свет аке" тасмасын тартканда мен ал кишиге айткам, "кыргыз эли 1916-жылдагы үркүн убагында, согуш учурунда эч кандай кайыр сурап, дубана болгон эмес, кыздарыбыз сойку болуп денесин саткан эмес"- деп. Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй"- тасмасы тартылганда дагы ошол өңдүү оюмду билдирдим.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев