Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадрлар
мээси менен
тандалсын
Бүткүл дүйнө жүзүндө бардык мезгилдерде мамлекеттик кызматтарда иштөө ары кадырлуу да, ары барктуу да деп эсептелип келген жана дагы эле эсептелип келет. "Кадрлар бардыгын чечет" деп бекер айтылбаса керек. Ар дайым кадрдык тепкич менен жетекчи кызматтарга жетүүгө ар кандай аракеттер көрүлгөн. Ал максатта тааныш-билиштик, ишенимдүү адамдарга болгон приоритет дайыма болуп келген.
Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы жаңы жетекчи өз командасы менен келет деген бүтүм, жаман да болсо, азыркы мамлекеттик кызматтарга болгон тандоо системасынан жогору турган партиялык-советтик иргөө ишин түп тамырынан бери кыйратты. Ал жегичтерге даңгыр жол ачты. Ошондо жооптуу кесиптеги кызматкерлерди мындай кой, ишканадагы пол жуугучка чейин алмаштырылбадыбы. Ал эми жеке айдоочу, катчы, жардамчыны эле эмес, иш креслосуна чейин жаңыртылды. Мамлекеттик кызматтагылардын негизги иши- советтик-партиялык мезгилде жыйналган элдин байлыктарын талап-таноо гана болуп калган. Иштин көзүн билбеген, тажрыйбасыз, бирок жеп-ичкен эле эмес, кыйраткычтык боюнча ашкан шылуун тууган-урук, таяке-жээндер жана кайындар мамлекеттик кызматтардын майлуу орундарын ээлешти, азыркы байлыктарынын пайдубалдарын түзүштү. Ал иштерин "үй-бүлөсүн бага албагандар элди бага алмак беле" деп акташты. Соттор: "пулду көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр" дешти. Ошентип, алдым-жуттумдук иштерге жүзү каралык актануу табылды. Өлкөдө жакырчылык сазына батты. Кара жанды баксам деп беш миллион калктын миллиондон ашыгы чет өлкөлөргө кетишти. Алардын ордуна кытайлыктар, индустар, корейлер келишти. Таза аба, жаратылыш кереметин, алардын мекенине салыштырмалуу текейден арзанчылык жашоону кыргыз жеринен таап отурукташып алышты.
Мамлекеттик кызматтагы жегичтикке каршы башталган күрөш толук кандуу жүрбөй тыгылып калгандай. Коррупцияга каршы күрөштүн жеңишсиз бүтүшүн сезгендер көз ачыктык кылып муну жоготуу таптакыр мүмкүн эмес деп көсөмдүк кылып актануу жолуна кадам коюшту. Болбосо, МАИ, прокуратура, Сот, Салык, бажы системасындагы паракорчулук ошол эле бойдон жашап жатканына, кыргыз аткаминерлеринин чет өлкөлөрдө курулуп үзүрлүү иштеп жаткан мейманканалары, ишканалары тууралуу аңыз кептер далил эмей эмне, андай сөздөр азайган дагы жок. Аларды териштирүүгө күч органдарынын жетекчилери "кызматкерлерибиздин профессионалдык деңгээли жеткен менен алган маяналары жетишпейт" деп актанып жатпайбы. Алар жакшы маяна алышканда жегичтердин бардыгын эчак чет жерлерден алып келип, кайра кустуруп беришмек экен. Анда эле жегичтер, уурулар кескен азаймак, мамлекеттин карыздарын төлөп азайтуу, мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акыларын, пенсияларды жогорулатуу мүмкүнчүлүгү пайда болмок, эл турмушу оңолуу жолуна түшмөк да. Аларды жазалап дарылоо болбогон соң коррупция деген дарт рак оорусундай мамлекет бутактарына жайылып кетти.
Канткенде мамлекеттик кызматка иш билги, билимдүү, таза, коррупцияга малынбаган адамдар келет? Эң алды жакшы маяна, жакшы социалдык камсыздоо кепилдиги, ошондо гана ар бир мамлекеттик кызматкер иш орду үчүн жан талашып, мамлекеттик кызматтан четтеп калбаш үчүн далбас урмак да, коррупциялык илдеттен алыс болмок.
Ар бир кызматкер өз ишин так билип, жогорку сапатта аткарыш үчүн иш ордунун жобосун так иштеп чыгуу, ошого жараша талап коюу керек. Ар кызматта үч жылдан ашык олтуруу сенектикке алып келет. Кызматкер ар үч жылда же өсүү деңгээлине жараша конкурстук негизде башка ишке чектелиши максатка ылайыктуу болмок. Бул иш мамлекеттик кадр кызматынын аткаруучу ишинин өзөгүн түзүш керек. Ал эми кирешени декларациялоо иши салык мекемесине өткөрүлсө максатка ылайыктуу болмок. Азыр мамлекеттик кызмат киреше тескөөчү мекемеге айланып алды. Мамлекеттик кызматкерлердин укугу бузулуп жатса да жетекчинин таламын коргойт. Бир жетекчи кызматкерди иштен туура эмес бошоткондугу же ашык адамга айлык төлөгөнү үчүн айып тартпайт, сот кызматкердин пайдасына чечсе, кызматкердин бош жүргөн убактагы айлыгы - анын ордунда иштеп жаткан кызматкер дагы айлык алып жатканына карабай эмне үчүн мекеменин эсебинен төлөнүш керек? Жетекчи өз чөнтөгүнөн төлөп катасын оңдошу менен айыбын тартканда туура болмок.
Мамлекеттик кызматкерлердин маяналарын түзүүдөгү өкмөттүн системасына таң каласың. Каржы министрлигиндегилер ушундай бир жолду ойлоп табышкан, аны өздөштүрүү үчүн бухгалтердик жогорку билимиң аздык кылат. Эң кызыктуусу - минималдык базалык ставка дегендин ар кайсы мамлекеттик мекемеге ар кандай болушу. Биздин гана өлкөдө бир канча минималдык базалык ставка болот экен. Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери үчүн сөз жок бөлөк ставка дечи, ал жашыруун. Жогорку Сот, Акыйкатчы, Мамлекеттик кадрлар кызматынын аппараттары үчүн минималдык ставка министрликтерге, комитеттерге караганда 2,5 миң сомго, а БШКныкы 1 миңге жогору болушу өкмөткө ким сүймөнчүк экенин көрсөтүп турса, өндүрүш менен байланыштуу министрликтер өкмөттүн өгөй балдарындай экен. Өкмөт деле улуу катын, кичүү катын принцибинен арыла албай жатыптыр. Болбосо, эмнеге бардыгын бирдей карабайбыз, бир базалык ставка кылбайбыз?
Жогорку Сот, Акыйкатчы көз карандысыз болуш керек дейбиз, министрлерден дагы жогорку маянаны өкмөттөн алышса, булар кантип көз карандысыз боло алат? Очойто айлык берсең дагы соттор "пайгамбарчылап жолунан тайып" кетпешине ким кепилдик кылат. Ошондуктан карапайым калк закондон кыпындай да кыйшайбай, заңды бекем сакташы гана керек. Күнөөлүүлөрдүн акчалай айыптары сотторду каржылоого берилсе, бюджетке жеңилдик болоору айдан ачык.
Арийне, күч тармактарындагы кызматкерлердин айлыгы жогору болуш керек дечи. Эмненин эсебинен? Албетте, алардын мамлекеттик кызматта иштегенинин үстөгү, наамдары үчүн төлөмдөр жана кийимдери. Буга кошумча электр жана отун-суу менен газга болгон чыгымдар кошулуш керек.
Май кармаган бармагын жалайт дейт эмеспи кыргыздар. Каржы министрлиги жалабай эле сугунуп, өз көмөчүнө күлдү жакшы эле тартып алып, очойто маяна коюп алышына караганда байбиченин улуу уулу болсо керек, өкмөт деле ажо деле тиштери өтпөгөндөй. Калгандары баштары жерге тийгенче кулдук урушуп, каражат сурап жүргөнү жүргөн. Бул министрликти мамлекет ичиндеги мамлекет деп бекер жерден айтышпаса керек.
Илим-билим, маданият, айыл-чарба жаман көргөн токолдун балдарындай дейсиң, каржылабай эле эмнеге өнүгүү жок деп жектегенге эле көнгөнбүз. Дыйкандар ыйлай-сыктай азык-түлүктөрдү өндүрүп, жарым-жартылай элди багып жатса, ырчыларыбыз тойлордо ырдап, кыл калемчилер сүрөттөрүн эптеп сатып оокат кылып жатса, дарыгерлер менен мугалимдер кантет? Бюджет толбой жатса ооруканаларды дагы, мектептерди дагы коммерциялаштырбаска эч чара калбагандай. Ансыз деле дары-дармектин чыгымын оорулуулар өздөрү төлөгөнүн мындай кой, операция жасаганга жана дарылагандыгы үчүн врачтарга төлөп жатпайбызбы. Дарылануу эчак эле коммерцияга өткөнүн баардыгыбыз билебиз, бирок негедир аны мойнубузга алгыбыз келбейт. Чет мамлекеттердегидей эле медицинаны да коммерцияга өткөрөлү. Тез арада дарылоо кызматтарынын тарифтерин Монополияга каршы комитет менен иштеп чыгыш керек, кылчактагандан пайда жок. Медициналык мекемелер өкмөттөн акча сурабай, мамлекетке салык төлөсүн.
Мамлекетке инвестиция тартуу, Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан товарларды, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү рекламалоо - экономикалык дипломатия - тышкы саясатыбыздын өзөгүн түзүш керек. Бул жаатка тышкы иштер министрлигинин эки жана көп тараптуу иштерин, элчиликтердин жана кызматкерлердин санын кеңейтүү абзел. Көптөгөн социалдык проектилерге гранттарды тартуу менен бюджеттин тартыштыгын жеңилдетүү ар бир дипломаттын түздөн-түз милдети болуш керек. Бирок, бул ишке эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөрдү жакшы билген, чет тилдеринде эркин сүйлөгөн, чет элдик дипломаттардан кем эмес билимдүү, алар менен бир деңгээлде макулдашууларды жүргүзө алган, такшалган адистердин тартылышы талапка ылайыктуу. Арийне, мамлекеттик мекемелердин арасында тышкы иштер министрлигиндегилердин айлык маянасы өлкөдөгү орточо айлыктан төмөн болушунун өзү эле тышкы саясатыбызга болгон начар мамилени айгинелейт. Тышкы иштер министрлигин департаментинин башчысынын айлык маянасы унаа жана байланыш министрлигинин башкы адиси менен барабар болушу кандай? Тарыхтагы оор мезгилдерде дагы дээрдик бардык өлкөлөрдө дипломатияга өзгөчө шарт түзүлгөн.
Союз мезгилди мисал кылбай эле койсок да азыркы тапта коңшу мамлекеттер өз дипломаттарын өкүлдүк кийим менен камсыздап, тил билгени үчүн (европалык тилге 10%, кытай, араб тилдерине 20%) маянасына үстөк кошуп, ысык өлкөлөрдө иштегендерге 60 күн отпуска бериши, пенсияга которуу системасын кайра карап ж.б. кошумча каражат жана колдоолор дипломатиялык кызматкерлерге болгон камкордук болмок. Бул тармакка кызматкерлерди тарбиялап даярдоо узак убакытты талап кылат. "Парашютисттердин" келиши менен кызматтык жогорулашка бөгөт түзүлүп жатышы да, 10-15 жылда такшалган дипломаттардын мамлекеттик кызматтан эл аралык уюмдарга, коммерциялык тармактарга кетип жатышы, такшалган дипломаттардын кол жууп калышыбыз өкүнүчтүү нерсе.
Мамлекет жана өкмөт башчылар бул баш аламандыкты оңдобосо, анда бизге ушундай тушак чечилбейт.
Мамлекеттик кадр саясаты оң болмоюн, жогорку адистердин ордун өлөсөлүү кызматкерлер ээлеп, кирди-чыкты адамдар мамлекеттик ишти эч качан алдыга жылдырбайт, өлкөбүздүн жакын арада оңолуп кетиши жарыя бойдон кала берери бышык.

Сактанбек Кадыралиев,
пенсионер