Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Каапыр-ай, кайдыгерлер
Кайдыгер дарыгер...
каза тапкан эже-сиңди

Дарыгерлерди өмүр сакчысы деп, көп учурда алкап келебиз. Бирок, ошол эле учурда кайдыгерликтин, текеберликтин азабынан дарыгерлердин колунан каза таап калгандар аз эмес.
Кудайдан коркпос, чындыкты тоготпос, өз билгенин кылып, кыянаттык кылган дарыгерлердин азабынан 2 айдын ичинде Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Адилет жана Фарида Табалдиева аттуу эже-сиңдилердин кырчындай өмүрлөрү кыйылууда. Эже-сиңдинин артында 1 айлык жана 4айлык ымыркайлары энесиз калды. Ажал улук, чындык ачуу. Чындык, акыйкаттык издеп, төрөттөн каза тапкан жубайларынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү далилдөөнү талап кылып, тиешелүү жерлерге кайрылып жүргөндөрүн ичинен кан өтүп, сыздап, дарыгерлерге наалат айтып отурушту.

Өмүрбек Байгабылов,
Жети-Өгүз районунун Саруу
айылынын тургуну:
- Жубайым, Адилет Табалдиева экөөбүз эки кызды тарбиялап, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарында элек. Үчүнчү балабызды уул күтүп сүйүнүчүбүз койнубузга батпай турган чакта, жубайым 31 жашында дарыгерлердин кайдыгерлеринен каза таап отурат. 2013-жылдын 16-январында Ысык-Көл областтык төрөт үйүнө алып келдик, аман-эсен көз жарып биз күткөн уулубуз жарык дүйнөгө келди. Бирок, жубайымдын абалы оор эле. Кан кетип, денеси саргарып да кеткен. Төрөттөн кийин реанимацияга алып киришкен, таң атканча каралбаптыр. Мүмкүн ошондон да абалы начарлап кетти. Бишкек шаарындагы М.Мамакеев атындагы ооруканага жолдомо беришти, ага чейин 18-январда Караколдон узиге текшерип, "таза" деп жыйынтык чыгарышкан. Мамакеевге келип операцияга кирди. Операцияда "жатын ириңдеп жараксыз болуп, канга өтүп кеткен, аны себебинен боор, бөйрөк иштебей каза таап калды" дешти. Каза болгондон кийин медициналык экспертизанын тергөөсүнө алып барганыбызда матканын жараксызы туурасында эч нерсе айтышкан жок, такыр башка жыйынтыктар, "Геппотит С" жана башака жыйынтыктарды айтышып, операциядагы жыйынтык менен дал келген жок. Экспертизанын бир айдан кийинки жыйынтыгын карасам такыр башка жыйынтык. Учурда баланын абалы жакшы, апам карап жатат. Тогуз ай эненин курсагында жашаган балага жукпаган "Геппотит С" кайдан жубайымда болушу мүмкүн. Дарыгерлер "Аялыңдын организми эки кишиге иштей албай ден-соолугу начарлап кеткен" дешет. Ал чындык болсо, ден-соолугу начар энеден, дени сак бала төрөлмөк беле? Караколдуку менен экспертизанын жыйынтыгы коёндой окшош. Демек, бул жерде сүйлөшүүлөр болгон, булар жатын таза дешүүдө. Ал эми операция жатынына жасалып атпайбы. Кимисиники чындык? Буларга катуу чара колдонуп, текшерүү жүргүзүп берүүнү суранып, тиешелүү жерлерге кайрылуудамын.

Өзгөчө Караколдун
дарыгерлерине чара көрүлсүн.
Эмне үчүн абалы начарлап атканын билип туруп, ушул ооруканага жолдомо беришет. Себеби, байланыштар бар. Өлгөндөн кийин союуга биз жактан эч ким кирген эмес, ал эми дарыгерлер "катышты" деп жалган маалыматтарды айтышууда. Врачтарга барып "качан катыштык эле?" дегенибизде. "Силерди катыштырганга закон да жок" деп жооп беришти. Негизи, төрөткө, операцияга жакын адамдарынан киргизиши керек да, бизге айтышкан да жок, кирген да эмеспиз. Өлгөндөн кийин союлганын да көргөн жокпуз. Жубайымдын кесиби акушер-гинеколог, буга чейин башка аялдарды төрөтүп, ымыркайларга киндик эне эле. Кош бойлуу кезинде кантип өзүн карабай койсун? Врачтар эки башка жыйынтык чыгарышууда, жатынын таза дешсе, операция кылышты. Мүмкүн төрөт убагында катачылык кетиришти? Дарыгерлердин кайдыгерлеринен кырчындай өмүр кыйылып отурат, буларга тиешелүү чара колдонулсун. Ким күнөөлүү экендиги аныкталгандан соң укук коргоо органдарына кайрылам. Буларга катуу чара колдонбосо, эртең эле мындай көрүнүштөр кайталана бериши мүмкүн.

Сүйүнбай
Барктабасов,
Жети-Өгүз районун Саруу
айылынын тургуну:
- Жубайым Таабалдиева Фарида 34 жашында 2012-жылдын 27-октябрда Кызыл-Суу районунун төрөт үйүнө алып барганбыз. Буга чейин жергиликтүү оорукананын текшерүүсүндө болуп, жакшы абалда эле. Киргенде толгоосу жакшы баштала электе суусун жарып, баланы кургак ташташкан. Мен келсем кечки 7ге ичти жарып алууга дайындап коюшуптур. "Караколдун ооруканасына алып барам" десем, врачтар бербей койду. "Жолдон бала, же аялың бир нерсе болсо биз жооп" беребиз дешип. Колуктумдун чыдабай, кыйналып турганын көрүп макул болдум. "Наркозго" 1000 сом, төрөткөндөрүнө 3000 сом акы алышты да, 3 күндөн соң ооруканадан "абалы жакшы" деп чыгарышкан. Төрөт убагында кыйналганга баланын башында шишик бар, төрөлгөндөн тартып 3-4 түрлүү дары ичүүдө. Баланы өзүм үч ай бактым, бага албай кыйналганымдан кайнагамдар "бала басканга чейин биз багалы" деп алып кетишкенине бир ай болду. Ооруканадан чыккандан кийин бир да дарыгер келип баланын, аялымдын абалын сураган жок. Алгач ооруканадан чыкканда жакшы эле болчу, 9-ноябрда "башым айланып, алым кетип атат" деп, абалы начарлай баштады. 12-ноябрь күнү таңкы 5терде эсин жоготуп, оор абалда жатып калды. Дароо ооруканага жеткирип барсак, ооруканада барсак күзөттө бир да дарыгер жок, өзүм көтөрүп кирдим. Габуа жана Жыргалбаева аттуу врачтарды үйүнөн салып келгиче келинчегим 1 сааттан ашык эч кароосуз оор абалда жатты. Врачтар келди, 20 мүнөттөн кийин бөлмөсүнө агамды чакырышты, аркасынан кирип барсам, агам ыйлап чыгып келатыптыр. Ошондо жубайымдан айрылганымды билдим. Ошентип, мен врачтарды таап келгиче эле каза болуп калыптыр. Врачтар "эртең мененки саат 8ге чейин башкы дарыгер келгиче алып кет, болбосо союп, бир топ убакыт кармашат" дешти. Сойдурганына каршы болуп, тез жардамдын машинасы менен жеткирип берүүнү сурансам, беришкен жок, "өзүңөрдүн машинаңар менен алып кеткиле" деп. Өлгөндөн кийин сойгонуна агам, эжем, жездем катышты, өпкөсүнө кан толуп калыптыр "Тромб" деп жыйынтык чыгарып беришиптир.

Өлгөндөн кийинки документтерди эч кимге бербей катып алышкан.
Республикага отчёт кеткен эмес, өлүктү жашырып коюшкан. Адам өмүрүнө кол салды деп эсептейм. Таабалдиева деген врач келип "баланы энеси менен көрүп кетишкен, жакшы болчу" деп жазып берүүмдү суранып, үч жолу келди. "Келгениңер чын болсо жазат элем, жалган нерсени жазбайм" дедим. Баланын китепчесинде да жазылып жүрөт "17-ноябрда барганыбызда баланын жана эненин абалы жакшы" деп. Колуктум болсо 12-январда каза болгон. Эч текшерүү болбосо оюндагысын жаза беришет экен. Төрт бала энесиз калды. Эгер, кыйналып төрөгөнүн билген врачтар алдына ала абалын сурап барганда, же врачтар өз ордунда болгондо жубайым аман калат эле. Дарыгерлердин кайдыгерлигинен колуктуман ажырап, 4 бала менен калдым. Габуа деген врач "кесеровада да, скрытияда да" кызуу абалда эле. Дарыгерлер эмне себептен документтерди катып бербей жатышат? Арызданайын десем документтер да жок. Ошонун да бир себеби бар. Дарыгерлерге адам өлтүрүү беренеси менен өз жазасын бериш керек. Буларга туура, так чара колдонуп берүүнү талап кылып, тиешелүү жерлерге кайрылып, адилеттүүлүк издеп жүрөм.

Венера НАРКЕЕВА