Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өкмөттөгү өзгөрүү...
Сатыбалдиев жетектеген өкмөт өзгөрүүгө туш болуп, бир катар кадрдык алмашуулар орун алды. Бул жолу туура чечим болду. Себеп дегенде жумушунан жугумдуу ийгилик жарата албаган Маданият жана маалымат министри Ибрагим Жунусов жана жаштар, эмгек, жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов отставкага кетти. Бирок Алиясбек мырзаны кайрадан ордуна калтыруу маселесин ЖКнын "Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү" боюнча комитетти жактырып койду. Ал эми Ибрагимдин ордуна, буга чейин аталган министрликте биринчи орун басар болуп келген Кожогелди Култегиндин талапкерлиги жактырылды. Ошондой эле Ички иштер министрлигине Абдылда Суранчиевдин талапкерлиги, жаңы түзүлүп жаткан ашыкча вице-премьер министр кызматына ИИМди эптей албаган аксакал Атахановдун талапкерлигин жактырды. Эми бул адамдардын талапкерлиги ЖКнын пленардык жыйынында каралмакчы.


Ибрагим эми ректорбу?
Тар чөйрөдө Ибрагимдин ордуна "Замандашка" тең төрага болгон Садык Шер-нияз келет деген да чындыкка жакын маалымат айтылып турат. Эгер Садык мырза келип калса, иштин көзүн билген адам эмеспи, маданият тармагын оңдойт эле. Иш менен эмес, интрига менен алек болуп жүргөн Ибрагим эми "Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок " дегендей ахыбалда калганы менен, ал учурда өкмөттүн эшигин каккылап: "мага консерваторияны же искусство институтун бергиле" - деп ыйлап жүргөнү айтылууда. Эмнеси болсо да, экс-министрди Жантөрө акеси анча көп ыйлатпай консерваторияга болбосо да, Искусство институтуна же башка бир жерге алып бара тургандыгы айтылат. Эгер Жунусовду консерваторияга алып барышса, анда аталган окуу жайдын жалпы жамааты аны "жаанын огу " менен тосуп алары буга чейин эле белгилүү болуп калган. Андыктан Искусство институтун көп жылдан бери каалашынча башкарып, көп кемчиликтерди кетиргендиги ЖМКда ачык айтылып келаткан Субаналиевдин ордуна барары айтылууда. Субаналиев буга чейин эле кетет, кетпейт болуп ордунда олку-солку болуп турган эле. Негизи деңгээли төмөн Жунусовду кайра кызматка коюп, эркелетпей эс алдырса оң болмок. Ал ошого толугу менен татыктуу эле да...


Пайзулла Рахмановдун иши узартылды...
Пайдасынан зыяны көп, атагынан чатагы арбын Биринчи Май райондук соту Пайзуллабек Рахмановдун ишине байланыштуу тергөө мөөнөттү 15- мартка чейин узартып таштады. Эмнеге узартканы деле белгисиз. Эптеп, ишти улам артка жылдырып бөйрөктөн шыйрак чыгарып, бир балээнин башынан чыкканы турат окшойт. Рахманов деген ири коррупционердин миллиондорду жегени айдан - ачык. Андыктан сот акелер бул жолу да ойноп кетпесин, байкагылачы деги…


Бишкектеги ок атышуу…
27-февраль күнү Бишкектин Түштүк дарбаза аймагында алты жаш жигит Голливуддун киносундагы актерлордой атышып, ал жерде жашаган элдин үрөйүн учурду. "Голливуддун актерлорунун" арасынан 31 жаштагы Мирлан аттуу жигит башына ок тийип каза болду. Дагы бирөө бутунан жарат алган. Атышуу менен аяктаган бул аянычтуу окуяга 9 миң доллар карыз акча себеп болгон. Эки көпкөн жигит карыз акчаны өндүрүү маселесин чечүү үчүн, досторун ээрчите келишкен. Ал жерге жетип келген милициянын күчөтүлгөн тобу, "актерлордун" бир канчасын изи сууй элегинде колго түшүрүүгө үлгүрүшкөн. Криминалисттер окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 4 гильзасын табышкан. Кийин тергөөдө белгилүү болгондой, акча доолашкан эки жигит жеке ишкерлик менен алектенишчү экен. Бирөөсү үстөккө акча берген экен. Кептин баары ошол үстөк акча маселесинен келип чыккан. Акча менен ачуу деген ушундай балээге алып барат эмеспи…


Атамбаев япондор менен сүйлөшүп жатат
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кечээ Японияга расмий сапарынын жүрүшүндө аталган өлкөнүн парламентинин Төмөнкү палатасынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Нацуо Ямагучи, ЛИКАнын вице-президенти Киеши Кодера менен сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушуу бири бирин жакшы түшүнгөн маанайда болуп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, саясий маселелер талкууланды.


Жээнбеков Жолдошеванын оозун жапты...
"Ата-Журттун" акылдуу десе акылдуу эмес, же акылсыз десе акылсыз да эмес, айтор айла жок айым депутаты Жылдыз Жолдошева спикер Асылбек Жээнбековга адаттагысындай асылып: "сиз спикер болуп турганда 4 депутат камакка алынды"- деп эч бир логикага сыйбай турган сөз айтты эле, ага Асылбек мырза татыктуу жооп берип, жаагын жаап кылды: " Абактагы төрт депутатты тосмодон мен секиртип, түрмөгө мен отургузган эмесмин. Алар өздөрү ошондой кадамга барышты, эч ким аларды мажбурлаган жок. А эмне себептен буга чейин спикерлердин тушунда бейкүнөө атылып кеткен 5 депутатты айтпайсыздар? Эки күнөөсүз адам менен Медет Садыркулов өрттөлүп өлтүрүлгөн, муну эмнеге айтып чыккан жоксуздар? "Азыркы спикердин тушунда" деп айыптап жатасыздар. Мурдагы парламенттин тушунда электр энергиянын наркы эки эсе болгон. Пенсионер, студенттерден телефондук сүйлөшүү үчүн 60 тыйындан негизсиз кармалып турган, "Түндүк электр", "Чыгыш электр" ААКлары ит бекер сатылып кеткен, муну эмне айтпайсыздар? Биз бул көйгөйдүн баарын жөнгө сала алдык. Бүгүнкү парламент Кудайга шүгүр иштеп жатат. Идеалдуу дегенден алысмын, бирок көч бара-бара түзүлөт" - деди. Уят-сыйытты билбеген Жолдошева ушул кепти укмак.


"Мени соттосоңор, Кудайды соттогонуңар"
Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурунку жетекчиси ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталууда. Экс-муфтий мындай дооматка макул эмес. Ал сотто төмөндөгү кепти айтты: "Муфтияттын ажылыктан жана башка жактан түшкөн кирешелери бар. Ошондон туумдары менен 8 млн сом төлөгөн эмессиңер деп айыптап жатышат. Биз муну туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, бул акчадан эч кандай салык төлөнбөйт, зекет дагы берилбейт. Жыйырма жылдан бери төлөнгөн эмес, мындан ары да төлөнбөйт. Биз Кудайдын шариятын аткарганга аракет кылдык. Эгер мени соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттошу керек болот" деди. Катуу айтты. Акча деген балакет мындан да катуу айттырат...


Алтын азабыңды берет
Генпрокуратура "Кумтөр" боюнча туура эмес келишим түзүлгөн, анда коррупциялык иш бар деп туруп биртоп берене менен кылмыш ишин козгоду. Алар: коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик сатып алууну Кыргыз республикасынын кызыкчылыгына каршы келген жол менен жүргүзүлүшү ж.б. Эгерде иш туура изилденип-иликтенсе, анда бир катар мурунку чиновниктердин алты амалы түгөнөт окшоду. Алардын кээ биринин аттарын атап коелу: А.Акаев, К.Бакиев, Т.Чынгышев, Д.Сарыгулов, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Үсөнов, А.Елисеев, М.Бакиев, К.Курманалиев. Азыр булардын "куйруктары бүлкүлдөп" жатса керек…


"Ак-Кеме" акча төлөйт
"Ак-Кеме" мейманканасы карыздарын төлөбөй жатат деп каржы министри аларды сотко берген эле. Ошондо сот каржы министрлигинин пайдасына чечип, "Ак-Кеме" 10 млн доллар төлөп берсин деп чечим чыгарган. Ал чечимге көнбөгөн "Ак-Кеме" аппеляция берип, жакында ал иш Бишкек шаардык сотунда каралды. Каралды да мурунку соттун чечимин туура деп тапты. Эми "Ак-Кеме" арыз жолун улантат. Каржы министринин орун басары Байкончоковдун айтуусунда "Ак-Кеме" 2017-жылдын ноябрь айына чейин каржы министрлигине 9 млн 978 миң доллар төлөп бериши керек.