Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Карысы бардын ырысы бар...
Мамбет Мамакеев,
Улуттук хирургия борборунун директору, Кыргыз Эл баатыры:
"Бойдок деген Эрнст Акрамов Мая аттуу орус кызга үйлөнгөн…"
- Мамбет ага, сиздин кол астыңызда иштеген врачтардын көбү колу жеңил, жакшы врачтар деп угабыз. Эрнист Тилеков деген врач азыр сиз жасаган операциянын баарын жасап, сиздин ордуңузду басып келе жатыптыр. Орун басар да кылып алган экенсиз, буюрса Эрнист Тилековду ордуңузга калтырайын оюңуз бар го...
- Ошондой десем да болот. Иштеп эле жүрө берсем дейм, бирок, эртедир кечтир баары бир карылыкка моюн сунуп, ишти таштоого туура келет да. Ошондо азыркы ээлеген ордумду уулум Канатка же Эрнистке өткөрүп берсемби деген оюм бар. Анткени экөө тең тажрыйбалуу врачтар. Баласын мактаптыр дебесин, уулум жөнүндө айтпай эле, Эрнист жөнүндө айтып берейин, Эрнист азыр мен кылган операциянын баарын кыла алат. Буга чейин боорго өтө оор операция кыла элек болчубуз. Азыр ошол оор операцияны Эрнист жасап жатат. Ошондой эле гинекологиялык ооруларды дагы операция кылып, дарылачу менин бирден бир ишенген дарыгерим Эрнист. Төрөй албай жүрүп, Эрнистке келип көрүнүп, төрөгөн аялдар да жок эмес. Негизи адамдын иши менен сүйлөгөн сөзү дал келип турушу керек. Убагында оозу сүйлөп, колунан эч нерсе келбеген врачтар менен деле иштешкем. Андайларды мен аябай жек көрөм, өзгөчө калп айтканды. Эрнисти студент кезинен баштап тарбиялап, бирге иштешип келе жатам, бир да жолу калп айтып, туура эмес иш кылганын көрө элекмин. Айтканды убагы менен аткарып, түз жүрөт. Жердиги болсо көлдүк, кээ бирөө ойлошу мүмкүн, иниси экен деп. Жок эч кандай иним эмес, мен Ак-Суудан болсом Эрнист Тоң районунан. Ооруканада он бешке жакын врач иштейт, алар кечирип коюшсун, Эрниске эч кимиси тең келе алышпайт.
- Жердешчилик боюнча кеп салып калдыңыз, айрым жетекчилер кызматка алууда жердешчиликке басым жасашат эмеспи, сиз антпейсизби?
- Эң негизгиси мен билимине, иш тажрыйбасына карайм. Көпчүлүк дарыгерлерди студент кезинен баштап эле тарбиялап алабыз. Бирок убагында жердешчиликке басым жасаган учурлар деле болгон. Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарып турганда "Мамбет ооруканада иштеген дарыгерлердин канчасы кыргыздар, канчасы башка улуттан" деп сурап калды. Эмне болду десем, "кыргыздар көбүрөөк иштесин" дейт. Ошондон кийин жердешчиликке басым жасап, ооруканадагы дарыгерлердин жердигин сурап көрсөм, башка улуттан дагы Нарындан, Таластан, Оштон көбүрөөк болуп көлдүктөр аз экен. Кийин көлдүктөрдүн дагы санын көбөйтүп, башкаларга теңедим. Башкалардай болуп, биз эч убакта мен түндүк, сен түштүк деп бөлүнбөйбүз, баарыбыз биригип, ынтымакта иштеп жатабыз. Албетте арабызда унчукпай жүрүп, туура эмес иштерди жасагандар деле бар. Аларга мен ачык эле айтам. Эгер ичиңерде арам оюңар болсо, жашырбай ачык айткыла деп.
- Белгилүү хирург Эрнст Акрамов, сиздин окуучуңуз экенин билебиз, ал боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Ал убагында менин үйүмдөн чыкчу эмес. Аны мен баламдай эле көрүп, жумушка алып, башкаларга кылбаган жакшылыкты ошого кылчумун. Катардагы дарыгерден, орун басарлыкка чейин көтөргөм. Илимий иштеринин баарын жактаттырдым. Мен бир жакка кеткенде, орун басарым катары иштин баарын ошого табыштап кетчүмүн. Бир жолу алыска кетип, келсем дарыгерлер арызданып калышты. Эмне болду десем, "сиз жок орун басарыңыз баарыбызды кууратты"- дешет. Көрсө ал менин көзүм мындай болоору менен эле баарын куурата берчү экен. Андан тышкары анын бирөөлөрдүн материалын менчиктеп чет элдик журналга жарыялап ийген дагы жайы бар. Ал мындайча; "диссертация жазабыз"- деп эки дарыгер материал жазып мага алып келишиптир, мен биринчи Акрамовго алып баргыла, анан мага алып келгиле дегем. Акрамов материалдарды алыптыр дагы тиги экөөнө "жоготуп ийдим"- деп, материалды өзүнүн атынан чет элдик журналга жарыялап ийген экен. Жарыялаганда дагы материал кандай болсо ошол бойдон жарыялаптыр, болгону фамилиясын гана өзгөртүп, өзүнүн фамилиясын коюп коюптур. Көп өтпөй эле мен аны билип калып ызы-чуу кылсам, бети чыдабай койду окшойт, арызын жазып, жумуштан кеткен. Кийин бир аз убакыт министр болуп иштей калган Ойрот Тургунбаев дегенге кошулуп алып, менин үстүмөн арыз жазып, арызданып жүрдү. Учурда Акрамовдун жашы жетимиштен ашса керек, үй-бүлөсү жок, киши менен катышпайт деп угам. Бир-эки жыл мурун Чүй облустук ооруканасында жашайт экен деп уккам, азыр кайда экенин билбейм. Анан кээ бирөө айтып жүрүшпөйбү, "Акрамов такыр эле аял албаптыр"- деп, жок андай эмес, ал үйлөнгөн, Мая аттуу орус кызын алган. Бирок Маянын боюнан түшүп калып, бат эле аны кетирип ийген.
- Сиздин кол астыңызда иштеп жүргөндө үйлөнсө керек...
- Ооба, ошол учурда үйлөнгөн. Мая ооруканада иштечү. Жароокер жакшы кыз эле. Бир күнү эле Акрамов Маяны жетелеп алып келиптир, "биз үйлөнүп алдык, ата-энем билбесин, экинчи атам катары сиз эле билиңиз"- деп. Макул деп ата-энесине билгизбей, "балалуу болсо анан баласы менен кошо сүйүнчүлөп баралы"- деп жүргөм. Тилекке каршы Маянын боюнан түшүп калып, ошондон кийин эле Акрамов Маяны таштап салды. Маянын багы бар экен, көп өтпөй эле бир орус жигит менен таанышып, баш кошуп, Россияга кеткен, эки-үч жыл мурун келиптир, жолдошун ээрчитип алып, эки балалуу болуп, жакшынакай болгон келин болуптур. Акрамов андан кийин дагы бир келин менен жакын мамиледе болуп жүрдү, бирок үйлөнгөн жок. Ата-энеси болсо өзбек улутунан эле, экөө тең каза болгон. Эжеси да бар эле ал дагы каза болуп калыптыр. Азыр бир иниси бар, аны менен катышпайт экен.
- Бакиевдин "Ак жол" партиясына мүчө болуп депутат да болбодубу...
- "Үйүм жок"- деп шылтоо айтып, ооруканада жашаганы менен акчасы көп. Акчасы көп үчүн депутат болду да. Раматылык Медет Садыркуловдун "Моя страна" деген партиясына кирип, ошол аркылуу депутат болгон.
- Уулуңуз Канат Мамбетович чоң бизнесмен деп угабыз. Ошол чынбы?
- Туура, баламдын бизнесмен экенин жашырбайм. Үй-бүлөдө бала деле бири-бирине окшобойт экен, улуу балам быйыл элүүгө чыгат, Канат экөөнүн айрымасы асман менен жердей. Улуу балам эптеп оокат кылып, жашап жүргөнүнө ыраазымын. Ал эми Канат болсо студент кезинен эле бизнес кылып, Чынгыз Айтматовдун иниси Илгиз Айтматовдун уулу экөө Россиядан самын, айна жана башка каражаттарды алып келип сатып башташкан. Ошентип жүрүп, студент кезинде эле өз күчү менен машина алган. Окууну болсо бешке бүттү. Накен Касиевдин баласы менен группалаш эле, анын баласы эптеп үч алып бүтүргөн. Кыскасы Канатымдын дээринде бар экен, бизнесин өркүндөтүп, "ШНОС" деген май куюучу жайларын ачты. Азыр анысын сатып, банктарды ачып, ошону иштетип жатат. Ооруканага да аябай көп жардам кылды. Оорукананын экономикалык иштеринин баарын ошол Канатым тейлейт.
- Быйыл 85 жылдык тоюңузду өткөрдүңүз, тоюңуз сиз ойлогондой эле өттүбү?
- Мен биринчиден кесиптештериме ыраазымын. Мени колдоп, коштоп тоюмду өткөрүп беришти. Кеткен чыгымдын барын уулум каржылады. Мамлекеттен болсо алчу наам, сыйлыктын баарын алдым. Кудай ден соолук берсе, эл аман болуп, эл ичинде биз аман болуп жашап жүрө берсек болду. Учурдан пайдаланып, мен бир нерсени баса белгилеп айта кетейин. Акаев жаман болгону менен ал абдан билимдүү адам эле. Өлүм житимден такыр калчу эмес, ал эми бүгүнкү саясатчылар, жамандыкка такыр басып барышпайт. Жакында эле окумуштуу Курман-гали Каракеев жүзгө чыгып каза болду. Өлкө жетекчилеринен бирөө да басып барган жок. Жок дегенде вице-премьерлердин бирөө басып барып койсо болмок.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев