Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Абдыгул ЧОТБАЕВ,
генерал-лейтенант,
Ооган согушунун ардагери:
"5 кишинин бири болосуз-дешкен,
акырында 42-орунга
түртүп коюшуптур"
- Ооганстанга кандайча чакырылып калгансыз?
- 1979-жылы Алма-Ата шаарындагы жогорку аскердик окуу жайын бүтүрдүм. Окууну аяктаган соң Өзбекстандын Термез шаарына кызмат өтөгөнү жиберишти. 1979-жылдын декабрь айында Ооганстанга келдик, биздин аскердик бөлүк чек аранын жээгинде болчу. Ошол жерде 81-жылга чейин кызмат өтөдүм. Кызматыбызды которууга приказ чыгып, Россия федерациясынын Владимирский областынын Кавров шаарында взводдун командири, ротанын командири, батальондун командири болуп эмгектендим. 1987-жылы Москва шаарындагы жогорку аскер академиясын бүтүрдүм. 1989-жылы кайрадан Термез шаарына 177-полктун штабынын начальниги болуп дайындалдым. 1990-жылы 720 окуучу кызматкерлердин начальниги болдум. 1991-жылы окуучу полктун командири болдум. Советтер союзу жоюлгандан кийин келип 1992-жылы Улуттук гвардияны жетектедим.
- Алгачкы кармашууңуз өмүр бою эсиңизде калса керек?
- Ооганстанга баратканыбызды башында эч кимибиз билген эмеспиз. Адаттагыдай эле тревога менен көтөрүлүп, машыгуу болду. "Кайда барабыз, эмне кылабыз" эч нерсе билген эмеспиз. 25-декабрда Аму дарыясына бет алганда гана Ооганстанга баратканыбызды түшүндүк. Командирлерибиз "Ооганстанга барабыз, аларга жардам беребиз, убакыт өткөндөн кийин чыгабыз" деп түшүндүрүштү. 1979-жылы 25-декабрда Москва убактысы менен кечки саат 3төрдө биздин рота турган жерде алгачкы атышуу башталды. Салант ашуусунан өткөндөн кийин, Кабулдун четине келип 1 суткадай туруп калдык. Батальондун командири келип "түн ичинде бир операция болот, ошого биздин батальон кезекте турат" - деди. Ошентип алгачкы кармаш, алгач кан, алгачкы жоготууларды баштан өткөрдүк.
- Согуш деген согуш да, "өлүп каламбы, үйгө кайтпай каламбы" - деп, жаныңыздан түңүлгөн учурлар көп эле болсо керек?
- Взводдун командири болдум. 50дөй катардагы жоокерлер колумдан өттү. Алардын баары, мен баш болуп жарадар болдук "Согушта корккон эмесмин" дегендер калп айтышат. Тирүү адам болгондон кийин кандай салгылашуу болбосун коркосуң. Согушка чейин "согуш кандай өтөт, аскерлерим тирүү калса экен, өлсөм сөөгүм ушул жерде көмүлбөй калбаса экен" деп коркосуң. Ал эми согуш убагында жаныңды сактап калуу аракетинде болуп, андай ойлор менен алпурушууга убактың болбойт. Коркуу сезимин билбей да каласың. Согуштан кийин тыныгып калганда кан кечип жүргөнүңдү элестетип, "кантип тирүү калдым" деп жакаңды кармайсың. Эң жаманы жаныңда жүргөн жоокериң каза болгондо кайгырасың. Алыста бир туугандай болуп каласың да. Жоокерлери көп кайтыш болгон командирлер азыркыга чейин алардын ата-энелеринин алдында өздөрүн күнөөлүү сезишет.
- Учурдагы Ооганстандын абалын көрүп турабыз. Совет аскерлеринин Ооганстандагы төгүлгөн каны өзүн актадыбы?
- Ооганстандагы согушка 620 миңдей офицерлер, катардагы жоокерлер катышты. Алардын ичинен 15051 аскер каза болду. Канчалаган адам жарадар болду. Канчалаган техника, каражат жумшалды. Менин оюмча төгүлгөн кан толук акталган жок. Бирок убакыт өткөн сайын заман менен кошо, адамдар да өзгөрөт экенбиз. "Кереги жок эле согуш болгон"- деп айтышыбыз мүмкүн, бирок Советтик армия "жеңип келебиз" деген максатта эмес, "жардам беребиз"- деген ой менен аттанганбыз.
Ал жерде 9 жылдан ашык кызмат кылышты. Ооганстанга көп жардамдар берилди, мектептер, комбинаттар, тамдар курулду, жолдорду оңдошту. 1989-жылы Термез шаарында кызмат кылып жатканда Мазари-Шариф шаарына бардым. Ал жерден ооган аскерлерине жолуктум "советтик армия калсаңар жакшы болот эле" - дешкен. 2000-жылы жана 2002-жылы Ооганстанга Американын авиабазасы аркылуу баргам. Ооганда кызмат кылгандар менен баарлаштым. Орусча жакшы сүйлөшөт экен. Алардын арасынан мени менен согушкан кишилер менен жолуктум. "Сиз менен согушсак да, биз сизди урматтайбыз, силер менен согушканда чыныгы, таза согуш болгон. Жекеме-жеке, автомат менен жөө жалаңдап согушчу элек, азыр Америка самолет менен бомба ташташат, колуна курал кармаган душманды өлтүрүшпөй, жаш балдар, аялдар, карылар бомба астында калышууда" дешет. Бизге болгон пикирлери түз экен.
- Ал эми аларга болгон сиздин пикириңиз кандай, душман катары кек сактайсызбы?
- Согуш убагында, жаш кезимде ойлочумун, алар биздин душман деп, жек көрүү бар эле. Бирге кызматташкан адамдарды согушта өлтүрүшкөн деп тиш кайрап турчумун. Ал эми убакыт өткөндө оюм башка нукка бурулду. Алар да өз убагында эли-жерин коргошту. Биз аларга баскынчы болуп калдык да.
- Учурдагы Ооганстандын абалына кандай баа бересиз?
- Учурда америкалыктар бизден көп согушууда. 2014-жылы кетебиз деп жатышат. Ошол согуштун эмне пайдасы бар. Мисалы, Кыргызстанга башка мамлекеттин аскерлери келип согуш баштаса, кыргыз эли аны каалабаса эч ким бизди жеңе албайт. Кандай күчтүү курал менен келбесин, биз каалабагандан кийин жеңишке жетише албайт. Ата-бабабыздан калган жерибиз, элибизди кандай гана жаран болбосун коргоп, намыска туруп беришет.
- Азыркы кыргыз армиясына көз карашыңыз...
- Учурдагы кыргыз армиясына баа бере албайм, себеби 2005-жылдан бери кызматта эмесмин. Офицерлер, кызматтык жамаат менен сүйлөшүп, катышып турабыз. Жөн гана жаран катары көрүп, угуп жатам. Чынын айтыш керек начар. Начарлыгы каражат маселесине барып такалат. Каражат ойдогудай болсо жигиттерибиз мыкты кызматта болмок. Аскердеги абалды баары уккусу келет, жамандап жазгысы келишет, офицерлер иштебей жатат дешет. Биринчиден, Кыргызстанда саясий абал кандай? Элдин ой-пикири кандай? Учурда армияда 1992-жылдан кийинки, суверендүү Кыргызстанда туулган балдар кызмат кылууда. Идеологиялык багыт жок, базар экономикасында тарбияланган жигиттер. Экинчиден, физикалык абалы начар. Негизинен армияда өп-чап турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары кызмат кылышат. Көпчүлүгү эртең менен, түштө, кечинде чай нан менен отургандарын баарыбыз билебиз. Үчүнчүдөн, митинг, пикет, төңкөрүш, талап тоноочулукту көрүштү. Алар менен сүйлөшсөң, башка планетадан келгендей сезесиң. Бирок, маселе аларда эмес. Маселе ушунун баарын жөндөп, туура багытка сала албаган бийликте болуп атат.
- Бийлик демекчи, шайлоого катышып жатканыңызды көрдүк эле, саясатка аралашайын деген оюңуз барбы?
- Азыр парламентте 120 депутат отурат. Буга чейин түндүк-түштүк болсо, азыр партияларга бөлүнүшөт. Ар бир партиянын ичинде топ-топко бөлүп, жеңилдик алып алышты. 120 кишинин 120 ою, 120 түшүнүгү бар адамдар чогулду. Биримдик жок. Биздин кемчилик ачык эле айтайын, Жогорку Кеңештен чыгууда. Партиялык тизме туура эмес. Буга чейинки эмгегин эске албай туруп, акчаны ким көп берсе, ошолорду тизменин алдына чыгарышты. Бизнесменби, бандитпи, ал жагы экинчи планда калды. Былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоо болду. Бул жерде да акчалуулар өттү. КСДП менен чыккам. 87 талапкердин 42-тизмесинде элем. Өздөрү "14 жыл шаардык кеңеште депутат болуптурсуз, эл урматтайт, бизге кошулуңуз"- дешкенинен макулдугумду бергем. Башка партиялар да "биринчи тизмеде болосуз, бир тыйын кереги жок" - деп чакырышкан. Биринчи убадамды КСДПга бергенден кийин, эки-жакка секиргеним туура эмес"- деп макул болгон эмесмин. Аскер кызматындагы адам болгон соң, сөзгө бекем туруу зарыл, мырзалык намысым ага жол берген жок. Мага башында "беш кишинин бири болосуз" дешкен, "макул" дедим. Аягында жылдырып отуруп 42-орунга түртүп коюшуптур. .
- Таарынычтар болгон жокпу?
- Айрымдары тизмени карап, артка жылып калгандарын көрүп таарынып кетип калышты, мен аягына чейин турайын дедим. Таарынсам өзүмө таарынышым керек, башка партия менен барсам өтүп кетмекмин. Экинчиден, тизмени билбеген кишилер түздү. Эл менен жолугуп, 37 шайлоо аймактарына бардым. Мени менен акчасы бар, бирок эки сөздү кошо албай, эмнени сүйлөш керекти билбегендер жүрүштү. Ошончо жолугушууда баары мени колдоп, жакшы маанайда узатып жатышты. Бүгүнкү күнгө чейин телефон чалып, жолуккан жерден "жолдош генерал, эмне үчүн сиз депутат болбой калдыңыз, биз сизге добуш бербедик беле?" - деп жатышат. "Мен үчүн эмес, партияга добуш бергенсиз" - деп түшүндүрүп жатам. Шаардык кеңеште отурбасам да, мага кайрылып, жардам сурагандар көп. Жардамга муктаждардын, өтүнүчтөрүн жогорку жактагыларга жеткирем, эч качан четте калбайм. Бакиевдин убагында да шаардык кеңешке депутат болгонумда кулатып салышты, баары бир элге жардам берип, четтеп калган эмесмин. Өзүмдү патриот деп билем, кылган ишим да ошого жараша болушу керек.
(Уландысы бар)

Маектешкен
Венера Наркеева