Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Саамалык
Калипа СЕЙДАЛИЕВА,
"Кош жылдыз" долбоорунун негиздөөчүсү, теле алып баруучу:
"Телеберүү аркылуу
таанышууга, талкууга келип жаткандарын түшүнүшсө"

Чыгармачыл адамдар чарчаганды билбей, күндөн күнгө изденип келишет эмеспи жаңы идеяларды жаратып, элге жаңылык тартуулоону көздөп келген теленин ажарлуу айым Калипа Сейдалиеванын эмгегине таандык долбоорлор туурасында маектештик.

- Кандай жүрөсүз, окурмандарга кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Жакшы акырындап иштеп жүрөм. Учурда "Жар керек" деген жаңы долбоордун үстүндө эмгектенүүдөмүн. Бул долбоордун максаты улуттук дөөлөттөрүбүз, улуттук наркыбыз өз деңгээлинде болбогондуктан, үй-бүлө элдин өзөгү демекчи, үй-бүлө туурасында көйгөйлөрдү козгоп, жаштарыбызга түгөй табуу менен бирге үй-бүлө туурасында акыл-насааттарды айтууну максат кылганбыз. Түгөй издеп, жалгызсырап жүргөндөргө жардам көрсөтүп, 25тен 60 жашка чейинки жигиттерди жана айымдарды долбоорго катыштырып, таанышууга шарт түзөбүз. Азыр бир бурчта отуруп, күйөө күтүп отурчу заман эмес, ошондуктан жалгызсырап жүргөн түгөйсүздөргө түгөй тапсак деп ойлойм. Ошол таанышууда дөөлөттөрүбүзгө, салт-санаабызга кайрылып, түпкүлүктүү, үлгүлүү үй-бүлө курууга жаштарды тарбиялоо абзел. Коомчулукта орду бар, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү, окумуштуулар таанышууга катышып, өз пикирин, акыл-насаатын айтышат, үй-бүлө туурасында талкуу жүргүзөбүз. Улуттук дөөлөттөрүбүздүн сандыгын ачып, кыргыздын баалуулугун, барктуулугун жаштарга жеткирүү зарыл. Кыргыздын жакшы кыздары толтура турмушка чыга элек, ошондой эле бойдок жүргөн мыкты мырзалар да толуп турат. Ошолор үй-бүлө туурасында биздин долбоор аркылуу жакшы маалыматтарды алышса. Түгөйлөр бири-бирин издеп жүрө бербей табышса. Бирок, биздин менталитетибизге туура келбейт "күйөө издеп, же аял издеп телевидениеге кантип чыкмак элем" деп ата-эне, бир туугандарынан уялып, кыргызчылык кылып келбей коюштары мүмкүн. Бул жерде түгөй таппай калган айласыздар эмес, телеберүү аркылуу таанышууга, талкууга келип жаткандарын түшүнүшсө. Ошондуктан, атактуу акындар жигиттерди сүрөсө, кыргыздын үлгүлүү үй-бүлөсүн толуктаган ырчы айымдар жеңе милдетинде кыздарга сүрөөнчү болушат. Чыгармачылыкта үй-бүлөнү жакшы кармап туруу татаал нерсе, ошолордун арасынан үлгүлүү үй-бүлөнүн катарын толуктаган сонун чыгармачыл түгөйлөр бар. Ошолорду катыштырууну максат кылуудабыз.
- Долбоорго катышууну каалагандардын баарын алып чыгасыңарбы?
- Келгендерди карап көрүп, сынак өткөрүп, оозунда сөзү бар уул-кыздарды тандайбыз. Катышуучулар бири-бирин тандап, дароо өмүрлүк жарым болсун дешпейт, жөн гана таанышуу уюштурабыз. Мүмкүн бир көрүү менен жактырышып, жакшы үй-бүлө жаралып калаар.
- Көрүүчүлөр "Жар керек" долбоорун качан көрө алышат?
- Буюрса, 21-март Нооруз майрамына туштап жатабыз. Биздин демөөрчүбүз Турусбек Чүкүшевич, таанышуу Дасмиядагы чоң боз үйдүн ичинде уюштурулат. Улуттук боз үй ичинде түгөйлөрдү таанышуу менен кыргыздын келини, кайын ата, кайын эне ордун кандай болоорун да талкуулайбыз.
- Бул идея эмненин негизинде жаралды?
- Былтыр үй-бүлө жылына карата "Кош жүрөк" телеберүүсүн даярдагам. Ошол көрсөтүүнү эл да абдан жакшы кабыл алышты. Себеби, үлгүлүү үй-бүлөнү тарбиялык мааниде көрсөттүк да. Ошонун негизинде бул идеяны туура көрдүм.
- "Кош жүрөк" көрсөтүүсү канча убакытта көрсөтүлүп турат?
- Айына эки жолу көрсөтүлүп жаткан. Андан кийин "Кош жылдыз" долбоору менен алектенип, азыр бул долбоорго даярданып убакыттын тардыгынан тыныгуу болуп калды.
- Ал эми "Кош жылдыз" долбооруна кандай даярдыктар көрүлүүдө?
- Кош жылдыздын 1-айлампасынын 6 туру өттү. Гран Прини белгилүү коомдук ишмер Жамин Акималиев жеңбедиби. 2-айлампанын 1-туру Жаңы жылда бүткөн. Негизи бул долбоор көп убакытты талап кылат. Эки жуптун мүнөзү, үнү, кийими, кыскасы баары бири-бирине төп келиши зарыл. Ошентип ар бир түгөйдү тандап, ырларын жаздырганча көп убакыт өтүп кетет. 2-турун 31-августка пландап жатабыз. Буга чейин Эл аспаптар оркестри менен ырдашпадыбы, эмкисин кыргыздын унутулуп бараткан көөнөрбөс чыгармалары бар, ошол ырларды "Саамал" этнографиялык ансамбли менен алып чыксамбы деп пландадым. Ырчылардан катышууну каалагандар абдан көп, сынак өткөрөбүз. Чыгармачылыктан тышкаркы коомдук ишмер, врачтар, жөнөкөй элдин арасынан он түгөй тандап эл алдына чыгарабыз.
- Он түгөй, жыйырма адам да, көп кишинин ырын, кийимин даярдоо кыйынчылыкка турса керек...
- Концерттерде ырчылар келип ырдап кетип калышат да. Ал эми Кош жылдызда башынан, эки жуптун таанышуусунан башталат. Жуптардын үндөрү, жылдыздары төп келиши зарыл. Чогу ырдатайын деген жуптардын мүнөздөрү туура келишпей калып, жарымына чейин даярданып, ырды жаздырып, аранжировка жасап алгандан кийин жылдызы келишпей, урушуп кетишкендер да болгон. Андай убакта кыжаалат болуп, жумуштан чарчаганым менен долбоор ойдогудай өтүп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулаганда чарчаганымды унутуп, эргүү алам.
Венера НАРКЕЕВА

Бойдоктор, чамдагыла!
25 жаштан 60 жашка чейинки түгөй издеп, түйшөлүп жүргөн замандаштарыбызга Коомдук биринчи канал көмөк көрсөтөт. Байланыш телефондор 65 84 89, 0555 70 01 08.