Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Көздү мончок...
Зарина Хасанова, ырчы:
"Учурда чыгармачылык изденүүнүн үстүндөмүн"
Кыргыз эстрадасындагы жаш ырчылардын арасынан өзүнүн келишимдүү келбети менен айырмаланган эстрада ырчысы Зарина Хасанова ырчылык менен гана чектелбестен, алып баруучулук жактан да мыктылыгын көрсөтүп келет. Мындан сырткары Зарина өз кесиби журналистика менен да алектенип, ошол эле учурда Алексей Филатовдун бий мектебинде жаштарга ар кайсыл багыттан сабак берүүгө да жетишүүдө. Бир эмес, бир нече кесипте иштеп жаткан Зарина менен алдыдагы максаттары, чыгармачылыгы, жигиттер, сүйүү туурасында баарлаштык.

- Зарина кандайсың, кандай жаңылыктарың бар. Учурда эмне менен алектенип жатасың?
- Рахмат, жакшы. Учурда болгон күч-аракетимди окуума жумшап жатам. Азыр Орус- Кыргыз - Славян университетинин экономика бөлүмүндө акыркы курста окуп жатам. Кудай буюрса, жайында бүтүрөм. Окуумду ийгиликтүү аяктоо үчүн болгон убактымды окууга жумшоодомун. Албетте, жумушум, чыгармачылыгым четте калган жок. Ар кандай көңүл ачуучу программаларды алып баруудамын. Мындан сырткары журналисттик кесибим менен да алектенип жатам. Жакындан бери Алексей Филатовдун модель мектебинде актёрдук чеберчилик, психология, сүйлөө чеберчилиги, дефиледен сабак берүүдөмүн.
- Биздин билишибизче, өткөн жылы өзүңдү режиссёрлук жактан да сынап көрдүң эле. Ушул туурасында азыноолак кеп сала кетпейсиңби?
- Ооба, жаңы жылдын алдында мага эки кыска метраждуу тасмага режиссёр болуп бербейсиңби деген кызыктуу сунуш түшкөн болчу. Чынын айтсам ошол учурда жумушум аябай көп болуп, режиссёрлук милдети аркалоого такыр убактым жок эле. Бирок жаңы жылдык кечелердин көптүгүнө карабай ал сунушка дароо макулдугумду берип, өзүмдү режиссёр катары сынап көрдүм. Биринчи кыска метраждуу тасма "Верага арналган гүл" деп аталат. Жанры мелодрама. Тасма сүйүү, чындык, саткынчылык деген сыяктуу бүгүнкү турмуштун билинбеген бирок эң орчундуу болгон проблемаларын тамаша аркылуу коомчулукка ачып берет. Экинчи тасма трейлер жанрда десек болот. Ага "Коңгуроо" жана "Матрица" тасмаларынын пародиялары кирди. Мындан сырткары "Винни - Пух" мультфильминин каармандарын да коштук.
- Режиссердук милдетти кандай аткардың. Тарткан тасмаларың өзүңө жактыбы?
- Сьемкалык процесс жакшы өттү. Чынында менин таланттуу жана креативдүү командам бар. Буга чейин биз көп роликтерди, үйлөнүү үлпөт тойлорун тартып жүрчүбүз. Камераны биринчи жолу колума алып жаткан жокмун. Телекөрсөтүүдө иштеп, ал жактан алган тажрыйбам тасма тартууда көп жардамын тийгизди. Режиссура - аябай кызыктуу кесип. Чыгармачыл адам катары мага бул кесип абдан жакты. Өзүңдүн дүйнөңдү түзүп, аны каалагандай башкарып, андан кийин анын жыйынтыгынан рахат аласың. Режиссура ушундай сонун тармак экен.
- Өзүң тасмага тартылсам дейсиңби?
- Чынын айтсам, кайсыл бир жакшы киного тартылсам дейм. Эгер режиссерлордон жакшы сунуштар түшсө дароо макулдугумду бермекмин. Тилекке каршы, тасма жаатында тажрыйбам жок. Буга чейин бир гана тасмага тартылгам. Актан Абдыкалыковдун "У любви свои небеса" тасмасында роль жараткам. Бирок мага көп жолу сунуштар түшкөн. Ал тасмалардын баары кыргыз тилинде болгондуктан тартыла албай калдым. Анткени кыргызча жакшы сүйлөй албайм. Сүйлөсөм да акцент менен сүйлөйм. Бирок толук түшүнөм.
- Акыркы учурларда сахнадан көп көрүнбөй калдың. Мунун себеби эмнеде?
- Мен аз убакытка чыгармачылык тыныгуу алдым. Чыгармачыл адамдар кээ бир учурда тыныгуу алып турушу керек. Бул анын чыгармачылыгынын алга жылышына, сапаттуу - чыгышына, жаңы идеялардын пайда болушуна өбөлгө түзөт деп айтышат эмеспи. Мына ушул нерсени эске алдым. Дагы бир себеби, продюсери жок иштөө оор жана чыгымды көп талап кылат. Ырчылык өнөр мен үчүн хобби болгонун ар дайым айтып келем. Менин жандүйнөмө алып баруучулук, телекөрсөтүүдө иштөө жакын. Азыр телекөрсөтүүнү сагынып жатам. Биринчи мүмкүнчүлүк пайда болсо эле өзүмдүн автордук проектимди алып чыксамбы деп турам. Кудай буюрса, ал көңүл ачуучу программа болот.
- А ырчылык өнөрүң кандай болот. Ырчылык менен кош айтышасыңбы?
- Учурда мен чыгармачылык изденүүнүн үстүндө жүрөм. Мындан ары кандай кадам жасасам деп ойлонуп жатам. Албетте, менин сахнадан кетким келбейт. Тескерисинче, чыгармачылыгымды өркүндөтүп, алга жана алга деген ураан менен кетишим керек. Жогоруда жалгыз иштөө оор болуп жатат дебедимби. Келечекте продюсер менен иштешсемби деп жатам. Жакшы продюсер табылса иштешет элем. Кээде мага болуп көрбөгөндөй чыгармачылык эргүү келет. Андай учурда ыр жазам. Ырларым азырынча кагазда жана менин жандүйнөмдө. Бирок бир күнү мунун баары эл алдына чыгат деген чоң ишеничтемин. Көрөсүздөр бир күнү күтүлбөгөн жерден эң мыкты ырлар, клиптер менен күйөрмандарымды кубандырам.
- Эл аралык фестивалдарга катышууну каалайсыңбы?
- Жок. Андай жалындаган каалоо менде жок. Мага биздин жерде ырдап жүргөнүм эле жетет. Өзүм үчүн ырдайм. Ырдагым келгенде ырдап коём. Дүйнөнү багынтууга умтулбайм. Бирок биздин намысты коргоп чет жерге барып ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып келип, Кыргызстандын маданиятына зор эмгек кылып жаткан ырчыларды сыйлайм.
- Зарина, сен көп учурда ар кандай иш-чараларды, тойлорду алып барасың. Ушул жумушуң өзүңө жагабы же акча табуу үчүн эле иштейсиңби?
- Албетте, жагат. Мен эч качан өзүмө жакпаган ишти жасабайм. Акча башкы маселе эмес. Микрофонду колума алганда өзүмдү суудагы балыктай сезем. Элдин көңүлүн көтөрүүнү, жагымдуу маанай тартуулаганды абдан жактырам. Ушул кезге чейин алып барган иш-чараларымдын баары беш деген баага татыган. Бардык ишиме өзүм канааттанам жана мага ишеним артып той башкарткан адамдар да дайыма ыраазы болушат. Мен ар бир иш-чарага олуттуу мамиле кылам. Алдын-ала даярданып, жаңы сценарий жазып, жакшы ырчыларды, артисттерди чакырып, ар бир иш-чараны ар кандай багытта алып барам. Бири- бирине окшобойт. Бир жердеги оюн-зоокту башка жерде кайталабайм. Ошол үчүн мага чакыруулар көп түшөт. Азыр Алматыга да барып, казак туугандардын ар кандай иш-чараларын алып барып жатам.
- Журналисттик кесип менен иштеп жатасыңбы? Дегеним беш жыл жөн окуган эмессиң да?
- Ооба, журналисттик кесип мага башынан эле аябай жагат. Ошол үчүн ушул кесипти тандап алгам. Учурда чет элдик интернет сайттарына макалаларды жазып турам. Мурда жергиликтүү гезит- журналдарга да жазып турчумун. Акыркы кездерде убакыттын тардыгынан улам жазбай калдым. Биздин бир журнал иштешүүнү сунуштаган. Ал кезде менин убактым жок болуп, баш тарткам. Ал журналга мурда сүйүү, мода, жашоо туурасында макалаларымды жазып турчумун. Азыр андай макалаларды жазганга да убакыт жок.
- Эми жеке жашооңо кайрылсак. Жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Жеке жашоом туурасында айткым келбейт. Эми суроо берилгенден кийин жооп берейин. Учурда жүрөгүм бош. Мен аябай деле сүйүүгө берилген адам эмесмин. Кимдир- бирөө менен кечке алек болгон мага аябай оор. Эгер кимдир- бирөөнү сүйүп калсам, анда көпкө чейин, балким өмүр бою ал адамды сүйүшүм мүмкүн. Орусча айтканда однолюбмун. Бирок жигиттерди аябай тандайм. "Жашоону акылмандык менен өткөрүү үчүн көп нерсени билүү керек. Эң башкысы эки нерсе эсиңде болсун - көрүнгөн нерсени жегиче ачка отур жана көрүнгөн бирөө менен жүргүчө жалгыз жүр"- деп Омар Хайям айткандай жигит деп эле сүйүүсүн арнаган мырзалардын баары менен жүрө бербей, бир келген жашоодо өзүң сүйгөн сенин кадыр-баркыңа жеткен мырзага колуңду беришиң керек деген пикирдемин.
- Сиз жактырган мырза кандай мүнөздөргө ээ болушу керек?
- Мен өзүнө ишенген, ишмер жигиттерди баалайм. Мага "Эркектин сөзү өлгөнчө, өзү да өлсүн" деген накыл сөз жагат. Чыныгы жигит ар дайым өз сөзүнө туруп, ар бир жасаган иштерине жооп берип, берген убадаларын өз убагында аткарышы керек деп эсептейм. Ошондой эле, мен үчүн эң башкы нерсе ал мырзанын ар кайсы темада сөз таба билүүсү. Албетте, камкор, боорукер жана аялзатын сыйлай, сүйө билген сапаттарды да камтышы керек. Эркек аялзатын кандай урматтап, сыйлап, бааласа, аялзаты да ага ошондой мамиле кылат. Мырза - багбан, аял - гүл. Камкордуу багбан эң кооз гүлдү өстүрөт!
- Сүйүү үчүн көз-жаш төктүң беле?
- Буга чейин жоопсуз сүйүүгө кабылган эмесмин. Башымдан сүйүү өткөн. Мен жактырган мырзалар мени да жактырышкан. Кыскасы мамилелер эки тараптан тең бирдей болгон. Бирок жигит үчүн көз-жашын төкпөгөн кыз болбосо керек. Негизи аялзаты ыйлаак келет эмеспизби. Кээде болор-болбос нерсе үчүн деле көз жашыбызды көл кыла беребиз. А чыныгы мырза кыздын көз-жашын төктүрбөйт го дейм... Мен абдан эмоционалдуумун. Баарын ичиме катып, тымпыйып жүрө албайм. Ыза болсом ыйлайм, бирок бир нече убакыттан кийин каткырып күлүп, ишимди жасай берем.
- Өзүңдүн берген бир маектериңде саякатка чыгууну жакшы көрөм дедиң эле...
- Ооба, мен саякатка чыгууну абдан жакшы көрөм. Саякаттан ар дайым жаңыланып, бакытка толуп келем. Ар бир саякат көптөгөн оң маанайды жаратат жана дем- күч берет. Азырынча мен Америкага, Мексикага, Францияга, Араб Эмираттарына барып, жер көрүп келдим. Эң жакканы Париж шаары болду. Италияны көрсөм деп кыялданып жүрөм. Кудай буюрса, бул оюмду ишке ашырам деп ойлойм.
- Зарина, ар дайым татынакай болуп турасың. Сулуулугуңдун сыры эмнеде?
- Менин эч кандай сырым жок. Өзүңдү ар дайым татынакай алып жүрүү үчүн жакшы уктап, жана туура тамактаныш керек. Албетте, күн сайын келбетиңе кам көрүп туруу зарыл. Негизи адамдын сырткы сулуулугу анын ички жандүйнөсүнөн көз каранды. Эгерде адамдын жандүйнөсү таза, аруу болсо, ал адамдын жүзүнөн нур тамып турат.
- Бакыт деп эмнени түшүнөсүң?
- Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Менимче, жарык дүйнөнү көргөнүбүздүн, ден соолугубуздун чыңдыгы, жакындарыңдын амандыгы жана тынч уктап турганыбыздын өзү бакыт болсо керек. Мен Кудайга абдан ыраазымын. Айланамда жакшы көргөн жакын адамдарым, сүйгөн жумушум, алты саным аман. Биз материалдык байлыкка умтулбай, ар бир күнүбүздөгү бактылуу көз ирмемдерди баалай билишибиз керек.

Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова