Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сагынбек Абдрахманов,
Кыргызалтын ачык акционердик
коомунун төрагасынын орун басары:

Кумтөр боюнча эч нерсе айта албайм. Азыр Кумтөрдүн абалын мен эмес, көчөдөгү адамдардан өйдө жакшы билип калды. Айтсам, Тогуз-Тородогу Макмал, Чаткалдагы Терек-Сай кендери жөнүндө айтып берейин. Макмалга "Кыргызалтында" иштеген буга чейинки жетекчилер, өгөй эне кандай мамиле жасаса, ошондой мамиле жасап келишкен экен.

"Замирбек Эсенаманов элге берген убадасын аткарган жок..."

- Сагынбек байке, иш ордуңуз кут болсун, буга чейин аталган кызматта директорлор кеңешине мүчө болуп келсеңиз, жакында эле төраганын орун басары болдуңуз, алгач ишти эмнеден баштайын деп турасыз?
- Рахмат иним, биринчиден мен бул кызматка тыштан келген жокмун. Өзүң айткандай буга чейин директорлор кеңешине мүчө болуп, анан дайындалдым. Мурда болсо Россияда, Өзбекстанда алтын өндүрүүчү комбинаттарда иштегем. Ошондуктан, тоо-кен өнөр жай тармагын кантип өнүктүрүү керек экендигин жакшы эле билем. Ишке киришкенден эки сааттан кийин эле Кара-Балтадагы "Кыргызалтын" ААКнун алтынды жууп тазалап, иштетүүчү комбинатына барып, комбинаттын жамааты менен таанышып, комбинаттын балансын кабыл алдым. Ошондой эле алыскы Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине дагы барып, кендин учурдагы абалын жеринен көрүп келдим. Чындыгында Солтон-Сары кени "Кыргызалтын" ААКнун эң негизги филиалдарынан болуп эсептелет. Учурда кенде алтын казып иштеп жаткан адамдар өздөрүн "алтынбектер" деп атап алышкан. "Алтынбектердин" абалын көрсөң бооруң ооруйт, кыштын кыраан чилдесинде тизесине чейин муздак суу кечип, алтын казып жүрүшөт, ошолорду журналисттер өз көзүңөр менен көрүп, бир гана алардын көйгөйүн эмес, жалпы эле Солтон-Сарынын абалын коомчулукка жазып жеткирсеңер жакшы болот эле. Анткени азыр коомчулук Солтон-Сары деген кендин бар экенин эле билбесе, кенден жылына канча алтын казылып алынып жатат, казылып алынган алтындар кайда жумшалууда эч маалыматы жок.
- "Солтон-Сарыны кытайлар иштетип жатат" деп нарындыктар, өзгөчө алтын казып оокат кылган Эмгекчил айылынын тургундары үч-төрт жылдан бери нааразы болуп келе жатышпайбы. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Алардын нааразы болгону туура. Анткени эмне себептен кыргыздын кенин кытайлар келип иштетиши керек? Ал биздин өзүбүздүн кен, өзүбүз иштетүүбүз зарыл. Убагында "Кыргызалтын" ААК аталган кенди иштетүү үчүн он миллион долларга жакын каражат сарптаган. Андыктан биздин тарыхый чыгашабыз бар. Аны биз акташыбыз керек. Учурда кенди кайтарып алуу боюнча болгон иш аракетибизди көрө баштадык. Соттошсок да алышыбыз керек болуп турат. Эгер биз Кудай буюрса кенди кайтарып алсак, кенди иштетип жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылууга тийишпиз. Ошондой эле азыр кенден чыккан калдыктарды таштачу чуңкур толгону калыптыр. Ал чуңкурду дагы казып иштеп чыкпасак болчудай эмес. Бир, бир жарым жылдын аралыгында чуңкур толуп калчудай экен.
- Бакиевдин убагында кенди кытайларга карматып ийгендиги үчүн "Кыргызалтын" ААКнун мурдагы жетекчилеринин дагы күнөөсү барбы?
- Күнөөсү бар жок экендигин айта албайм. Мен алардын айрымдарын "эмне себептен силер кенди кытайларга карматып ийдиңер эле" десем, алар айтышат, "Максим Бакиев күчкө салып эле берүүгө мажбур кылган"- деп.
- Кенди кытайларга берүүгө Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Замирбек Эсенамановдун дагы тиешеси бар деп айтылып жүрдү эле...
- Туура, Замирбек Эсенамановдун кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар болушу мүмкүн. Анткени ал агенттикти жетектеп турганда Нарын элине барып, "кен кытайларга берилбейт, биз кенди кайтарып алабыз" деп убада берген, бирок ал берген убадасын аткарбай, кызматтан кетээрде кайра кытайларга берилсин деп кол коюп бергени да айтылууда. Кудайга шүгүр, азыркы директор Ишенбай Чунуев колунан келишинче аракет кылып иштеп жатат. Буюрса көп жакшы иштерди жасайт го деген ишеничим бар.
- Аталган кенден жылына канча алтын казылып алынат, тагыраак айта кетсеңиз?
- Былтыр 84 килограмм алтын казылып алынды. Бирок план боюнча аталган сан аздык кылат. Мындан да көп казылыш керек болчу. Эгер биз кытайларга берилип кеткен Бучукту казсак, анда ал жерден мындан да көп алтын чыгат.
- Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн Солтон-Сары менен Бучукту айырмалап айтып берсеңиз?
- Бучук Солтон-Сарыдагы казыла турган кендин бир бөлүгү. Азыр Алтын- Төр деген жер гана казылып жатат. Жогоруда айткандай Бучукта алтындын запасы көп. Бучук, Алтын-Төр, жалпы жонунан Солтон-Сары деп аталат.
- Солтон-Сары менен Салымбековдун "Акташ" карьерине каттаган камаздар Кара-Кужурдун жолун талкалап бүттү деп Кара-Кужурда жашаган ондогон айылдын тургундары нааразы болгонун уктук эле...
- Бул маселе боюнча жакында эле Нарын районун акими бизге кат жазып кайрылган экен. Биз былтыр "Кыргызалтын" ААК Нарын облусуна Солтон-Сарыны иштетип жатканыбыз үчүн 19 миллион сом салык төлөгөнбүз. Анын ичинен 733 миң сому Эмгекчил айылына берилген. Аталган айыл үчүн 733 миң сом чоң акча да. Өткөндө Эмгекчил айылынын эли менен жолугушуп, аларга айттым. Буюрса, Солтон-Сары биз ойлогондой деңгээлде иштей баштаса, анда силердин жашооңор абдан оңолот деп. Буга чейин эле 5 миллион сомго маданият үйүн салып бергенбиз. Мектептерди салып берүү ойлорубуз бар. Кыскасын айтканда биз Солтон-Сарыны иштеткендигибиз үчүн салык төлөп эле жатабыз. Ал эми салыктан түшкөн каражатты кайда пайдаланат, ал облус жетекчилеринин иши да.
- Демек, берилген акчаны туура пайдаланбай, жолду оңдобогондугу үчүн губернатор күнөөлүү экен да...
- Губернаторду мен күнөөлүү деп айтпайм. Бирок көзөмөлгө алышы керек.
- Кумтөр боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Кумтөр боюнча эч нерсе айта албайм. Азыр Кумтөрдүн абалын мен эмес, көчөдөгү адамдардан өйдө жакшы билип калды. Айтсам, Тогуз-Тородогу Макмал, Чаткалдагы Терек-Сай кендери жөнүндө айтып берейин. Макмалга "Кыргызалтында" иштеген буга чейинки жетекчилер, өгөй эне кандай мамиле жасаса, ошондой мамиле жасап келишкен экен. Макмал кенин учурдагы ресурсу ашып кетсе бир жарым жылга гана жетет, бир жарым жылдан кийин ресурс түгөнөт. Бир жарым жылдын аралыгында алтын чыкчу "Кылдоо" деген жерди ишке киргизишибиз керек. Эгер ал жерди ишке киргизбесек, жумуш токтоп, Тогуз-Торонун эли жумушсуз калышы ыктымал. Азыр өкмөт ар кандай шылтоону айтып, "Кылдоону"- иштетүүгө бизге уруксаат бербей жатат. Берсе эле геологдорго тапшырып, чалгындоо иштерин баштамакпыз.
- Макмалдан казылып алынган алтын өлчөмүн да айта кетсеңиз?
- План боюнча Макмалдан 410 килограммга жакын алтын казылып алыныш керек болчу. Бирок биз былтыр 337 килограммдай эле алтын казып алдык. Бул биздин иштин жакшы болбой жатканынан кабар берет.
- Убактылуу Өкмөттүн учурунда Чүй облусунун губернатору болуп турдуңуз. Иштен алып койгону үчүн Атамбаевге таарынып, нааразы болуп жүргөнүңүздү да уктук эле. Азыр мамилеңер кандай?
- Биринчиден, губернаторлук кызмат менин атамдан калган мурас эмес. Экинчиден коалициялык Өкмөт куралып, жаңы жетекчилер келди. Баштаган иштеримди акырына чыксам болмок деп ызаланганым чын. Бирок, көп өтпөй эле Алмаз Шаршенович мени жогоруда айткандай "Кыргызалтындын" директорлор кеңешине мүчө кылды. Азыр ойлосом, президент ошондо туура эле кылган экен. Аталган кызматтын ишине аралашып, өзүмдүн кесибим боюнча тоо-кен жагына аралашып, бул тармакты кантип өнүктүрүү керектиги боюнча кандайдыр бир ойлорум пайда болуп, тажрыйбама тажрыйба кошулду. Эми буюрса президенттин, элдин ишеничин актап, болгон күч аракетимди ишке жумшап, иштеп беришим зарыл.
- Атактуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд түзүп, сүрөтчүнүн эстелигин тургузуу боюнча да аракет кылып жүрөсүз, эстеликти буюрса качан тургузасыздар?
- Каражат толук чогулбай жатат, буюрса каражат чогулса эле эстеликти тургузуп, маркумдун арбагын ыраазы кылсак деген оюбуз бар. Жакында эле вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевге кайрылып, Токтогул районуна марафон өткөрүү боюнча сүйлөштүм. Буюрса эстелик тургузулат.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев