Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бизде ушундай...
Коррупция бар, коррупционерлер
гана абстракттуу...

Кыргызстан эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү боюнча дүйнөдөгү эң эле коррупцияланышкан Гвинея, Йемен, Камбоджа өлкөлөрүнүн катарында турары эч кимибизге жашыруун эмес. Бирок өлкөбүздө коррупциянын деңгээли өтө жогору болгону менен, казынага кол салып, жеп-ичти делип соттолгон жемкорлор жок. Бүгүнкү күнгө чейин жемкорлук менен соттолуп, жазасын алган бирөө боло элек. Башкача айтсак, өлкөбүздө коррупция конкреттүү, ал эми коррупционерлер абстракттуу. Колго кармалбайт, көзгө көрүнбөйт. Ошол себептен, жоопкерчиликке тартылган эч ким жок.

Ушул "жоктон бар болгон, бардан жок болбогон" коррупциянын кесепетинен өлкөбүздүн экономикасы мөмө бербеген дарактай болуп, "куурап" турат. Кемирип, жеп жаткан курттан арылтып, дарылап сакайтып мөмөсүн алалы деген багбан жок. Тескерисинче, баары эле балтасын көтөрө чуркаган отунчу. Эптеп эле кыйып, балталап талкалап жок кылыш керек. Коррупцияга ушундай мамиле болсо гана...
Алмазбек Атамбаев президент болгондо мамлекетибиз жедеп коррупцияга батып калганына каңырыгы түтөп, жыйырма жылдан бери Кудайдан коркпой ичип-жегендерди эми ККККдан (МУККнын алдында түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) корккондой кылам деди эле. Тилекке каршы, андан бери бир жарым жылдан ашык убакыт өттү, мамлекеттин каражатын өз чөнтөгүндөй пайдалангандар ККККдан коркуп, алкымын тыйып калышканы байкала элек. Баягы эле очорулган экономика. Жыйырма жылдан бери иштеп жаткан чиновниктер дагы деле кылы кыйшайбай эле жүрүшөт. Ким уурдап, ким ичип-жеп жатканы коомго белгилүү болгон менен атайын кызматтар үчүн белгисиз. Кармалып, соттоло тургандардын карааны көрүнбөйт. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жемкорлорду четинен желкелеп келип эле көгөндөп койчудай болуп жатты эле, өздөрүнүн чээнге киргендей дымы чыкпайт.
Коомчулук ККККнын бары-жогуна деле маани бербей калды. Адеп жаңы түзүлгөндө элде үмүт пайда болду эле, эми коррупция ооздукталып, жеп-ичкендер жазалана баштайт деген. Бирок үзүлбөгөн үмүттүн учугу узарбай турат. Ырас, ошол учурда иш жакшы башталгандай болгон. Алсак, "Мегаком" байланыш операторуна ээлик кылган 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган "Альфа Телеком" ишканасындагы коррупциялык схемалардын изи табылып, 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып менен ошол учурдагы "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген "Новострой Сервис" коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана "Альфа Телекомдун" башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековдор камакка алынган. Кийинчерээк, Алмазбек Абековго "Альфа Телекомду" убактылуу жетектеп турганда уюлдук операторго жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн кытайлык ZTE аттуу компания менен кымбат баада келишим түзүп, жабдыктарды сатып алууда 6 миллион долларлык каражатты өөнөп алып, оффшордук аймакка чыгарып кеткени боюнча дагы кошумча кылмыш иши козголгон. Бул иш коррупцияга каршы күрөш жарыялангандан бери Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы козгогон ири иштердин бири. Бирок күнү бүгүнкүгө чейин бул иштин аягы кандай бүтөөрү бүдөмүк. Сот иши улам создугуп келет. Мындан улам, аталган кылмыш иши сотто жокко чыгарылып, аягына чыкпайт калат деген пикирлер күч. Буга КККК козгогон мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун соттон акталып чыгышы түрткү берип койду.
Эске сала кетсек, Равшан Сабиров КККК тарабынан чет элдик компаниядан багып алууга уруксаат берүү үчүн он миң доллар пара алды деп шектелип кармалган. Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүүдө чоң коррупциялык схема иштеп келгенин ачыктап, ал схемага ылайык 2012-жылы Кыргызстандан 150дөй бала чет өлкөгө асыроого кетмекчи болгонун жана социалдык өнүктүрүү министрлигине пара түрүндө гана 600 миң доллардай каражат түшмөк деп жарыялап, мындай коррупциялык система кандайча аныкталып жана кандай далилдер бар экенин улуттук коопсуздук кызматы тергөө кызыкчылыгына таянуу менен тактаган эмес. Кийин сотто Сабировго коюлган айып далилденбей акталып, анын жардамчысы Тахир Мирзамедов гана алты жыл катуу кайтаруудагы колонияга эркинен ажыратылган.
Ошентип, бул кылмыш иши ККККнын эптеп эле иштеп жатабыз деп көз будаламайынан кабар бердиби, же соттор адилет чечим чыгарган жокпу, айтор суу кечпей калды. Күнөөлүү тарап соттон акталып чыккандан кийин, туура эмес кылмыш ишин козгогон КККК жоопкерчилик моюндаш керек болчу. Бирок андай болгон жок.
ККККнын ушул сыяктуу эле шалаакы иши Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Шаршенбек Абдыкеримовго "Аю" фирмасынын Токмок шаарындагы арак чыгарган заводунан 100 миң жасалма акциздик марка чапталган алкоголдук ичимдик табылып, мамлекетке 100 миллион сом зыян келтирилген деп козгогон кылмыш ишинен да байкалды. Дегенибиз, бул иш бүгүнкү күнгө чейин "кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп, жиги билинбей калды. Сот болмок түгүл, тергөө ишинен дайын жок.
Аталган кызмат тарабынан, жыл аягында Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү делген, кийин Бабановдун ишенимдүү кадрына айланган Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси, мурдагы Экономика министри Учкун Ташбаев тоо-кен өндүрүшү боюнча лицензия берүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, камалды. Бүгүнкү күнгө дейре тергөө иши бүтө элек.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бир жарым жылдан берки коррупцияга каршы ачкан ири кылмыш иштери ушулар. Тилекке каршы, бул козголгон кылмыш иштеринин айрымдары жокко чыкса (Равшан Сабиров боюнча) калганы ара бөк бойдон турат. Коомчулуктун көңүл чордонунда турган ири кылмыш иштери боюнча азырынча бир дагы жазалоо өкүмү чыга элек. Бир сөз менен айтканда жыйынтык жок.
Ал эми коррупцияга каршы күрөштүн алкагында майда-барат козголгон кылмыш иштеринин сан жагынан алганда да, сапат жагынан алганда деле жыйынтыгы чеке жылытарлык эмес. Майда кызматтагы ондогон адамдар пара алды, мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланды делип кармалышты. Мисалы, Таш-Көмүр шаардык соту, Чүй облустук салык кызматкери, Ысык-Көл райондук прокурору, Бишкек мэрия кызматкери, тышкы иштер министрлигинин өкүлү камалды. Шаардык жол көзөмөлдөө инспекциясынын кызматкери Айбек Эшбаев болсо УКМКнын убактылуу кармоочу жайында белгисиз себептерден улам, асынып калды. Буга ким күнөөлүү деген суроого али жооп табыла элек.
Кыскасы, Президент Алмазбек Атамбаев кызматына киришип жатып коррупцияга каршы күрөштү башкы максаттарынын бири катары жарыялап, биринчи иш катары коррупцияга каршы кызматты түзүп, бардык чиновниктерге мындан ары кол тийбестиктер жок экенин эскертип, катуу чараларды көргүлө деген тапшырмасы толук кандуу жүзөгө ашырылбай, ара жолдо аксап турат. Мындан улам, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндө "президент ыйгарым укугунан аша чаап, мыйзам көрсөтүлбөгөн кызматты түзүп жатат. Бул саясий шоу жасаган, "жел убада". Бул түзүлгөн кызмат деле иштеп жыргатпайт. Коррупция менен күрөшүү өкмөттүн иши" - деп, сынга алгандардын чырагына май таамп, Атамбаевдин аброюна көлөкө түшүп турган чак.
Мындан Баш прокуратура коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат дегенди бир аз жылдыргандай болду. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мэр болуп турганда бюджеттин эсебинен миллион доллардан ашуун каражатты кымырып койгон деп камакка алынды. Мындан сырткары "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков менен социалдык камсыздоо департаментинин жетекчиси Гүлнара Дербишалиева камалды. Бирок булар деле жазасын алаар, албасы азырынча белгисиз. Булардан тышкары мурдагы Транспорт министри, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нурлан Сулаймановго, "Кыргызнефтегаздын" мурунку жетекчиси, "Республика" фракциясынын депутаты Искак Пирматовго дагы коррупциялык иш-аракети үчүн кылмыш иши козголуп, бирок депутаттык кол тийбестиктин айынан, кылмыш иши убактылуу токтоп турат. Ток этерин айтканда, шыдыр иш жүрбөй жатат.
ККККнын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев болсо үлкөн убадаларынын өтөөсүнө чыга албай убара. Аталган кызматтын түзүлгөнүнө жүз күн толгондо, 2012-жылдын 28-февралында пресс-конференция берип, жакшы эле күпүлдөгөн. Ошол бойдон "караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей" дым. Ошол маалымат жыйынында:
"УКМК Коррупцияга каршы кызматы иштей баштаганына жүз күн болду. Бул аралыкта биз пара алуу фактысы боюнча 20 кылмыш ишин козгодук. Ал эми 2011-жылы жалпысынан коррупцияга байланыштуу 40 кылмыш иши гана козголгон. Ошондуктан, жыл акырына чейин коррупцияга каршы дагы көп кылмыш иши козголот. Учурда Коррупцияга каршы кызматка карата ар кандай сындар айтылганы менен элдин ишеними арта баштады. Анткени январда коррупцияга байланыштуу 298 арыз келип түшсө, февралда эле 723 арыз түштү. Жыл аягына чейин дагы көп кылмыш иши ачылат" - деп, кызматына, коомдук даражасына, саясый багытына карабастан, коррупционерлерге каршы күрөш аягына чыгаарын убада кылган. Ошондой эле, буга чейин деле бир нече ирет ККККга окшогон кызмат, комитеттер түзүлгөнүн, бирок ал кезде коррупцияга каршы күрөштү аягына жеткире турган өлкө жетекчилеринин саясий эрки болбогонун, учурда президенттен толук колдоо болуп жаткандыктан бул күрөштү аягына чыгарууга болорун кошумчалап, бир катар мансабы чоң кызматкерлер текшерилип жатканын белгилеген.
Андан бери бир жыл болду. Жогоруда биз санаган арабөк абалдагы иштерден бөлөк, көңүл жубатарлык иш жүргөн жок. Коомчулук күткөндөй, ушул күнгө чейин чоң кызматтагы депутат, министрлерге кылмыш иши козголуп, татыктуу жазасын алып, түрмөгө отурганы боло элек. Ошол себептен коомчулукта ККККга болгон ишеним төмөндөп баратат. УКМК болсо Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамаларын республика боюнча ачып, эми чындап коррупция менен күрөшүү саясатын баштайбыз деген түр көрсөтүүдө.
Минтип ар бир облуска бирден коомдук кабылдама ачып, каражат коротпостон, Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сынга алып, коррупция бар экенин белгилеп келе жаткан Бажы, Энергетика, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Транспорт министрлиги жана башка бир катар мекемелерди тыкыр текшерүүгө алса, кумга сиңген суудай жок болуп кетип жаткан миллиондогон каражатты камтыган коррупциялык иштер калкып чыкмак. Маалымат каражаттарына чыгып жаткан коррупциялык схемаларды деле изилдеп, иликтесе бир топ коррупционерлер түрмөгө отуруп калышы ажеп эмес. Болгону иштеш керек. Коомдук кабылдама ачып, арыз күтүп акыйып отурбастан. Болбосо, пайдасы жок аталган кызматты жоюп таштоо керек, миллиондогон каражат коротуп отурбай. Коррупционерлер менен Башкы прокуратура, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Эсеп палатасы күрөш жүргүзсө деле аздык кылбайт. Чындап коррупцияны жоёлу деген ниеттери болсо. Бирин-бири кайталаган кызматтарды түзө берип эмне таптык?.. Чыгым болгондон башка, алгылыктуу жыйынтыгын көрө элекпиз...

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу