presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жаштын тилегин берсин...
Эркин Эгембердиев,
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын артистти:
"Мен президент
боло алам, ал эми
президент актер
боло албайт..."

- Эркин байке, алгач кепти чыгармачылыкка аралашкандыгыңыздан баштап айтып берсеңиз, бала кезиңизден эле артист болсом деп кыялданчу белеңиз?
- Бала кезимден эле кыялданып, кыялкеч болчумун. Балдарга кошулуп ойночу эмесмин. Өзүм жалгыз, жыгачтан тапанча жасап алып, кинодон эмнени көрсөм ошону туурап, жанымда татынакай болгон сулуу кыздын ээрчип жүргөнүн элестетип, аны жетелеп алып аскадан секирип, атышып, жыгылып, айтор ошондон кадимкидей ырахат алып ойночумун. Кээде сүйлөшкөн кызымды бирөөлөрдүн өлтүрүп кеткенин элестетип алып ыйлаар элем. Көп учурда киши көп барбаган талаага барып ойногонду жактырчумун. Анткени антип ойногонумду кишиге билгизгим келчү эмес. Кокус бирөө антип ойногонумду байкап калса, байкап калбадыбы деп бушайман болчумун.
- Кыскасы ошондо эле чыгармачылык чымындарыңыз болгон экен да…
- Ооба, жогорку класста окуп жатканда мектепте "шайырлар клубу"- деген сынак уюштурулуп, ал сынактан алдыңкы орунду алып, республикалык кароо сынакка катышып, республикалык кароо сынактан биринчи орунду алып, телевидениеге тартылгам. Ошондон баштап менин чыгармачылыгым жанданды. Мектепти бүтүп, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык театралдык окуу жайды аяктап, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрдүм. Азыр жогоруда айткан Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдында түзүлгөн Дем театрынын артистти болуп иштеп жатам.
Негизи мен бала кезимде ар кандай кесиптин ээси болгум келчү, бир туруп милиция болууну самасам, бир туруп врач болууну жактырчумун. Кийинчерээк машинеге жакын болуп, шоопур да болуп кетким келген. Көрсө Кудай ошонун баарын бириктирип, актер болосуң деген тура. Мисалы мен азыр милиция дагы, врач дагы, шоопур дагы боло алам. Керек болсо президент дагы болуп койсом болот. Ал эми президент актер боло албайт. Буюрса президент болчу куракка келгенде президенттин дагы ролун жаратсам деген тилегим бар.
- Аталган театрда иштеп келе жатканыңызга канча жыл болду?
- Быйыл буюрса сегиз жыл болду. Сегиз жылдан бери аталган театрда талбай эмгектенип келе атабыз. Эң башкысы мен Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Арсен Өмүралиев баш болгон улуу артисттер иштеп кеткен театрда, алардан таалим тарбия алып, алар менен бирге иштешкен Сатыбалды Далбаев, Асанкул Осмонов, Чоро Дубанаев, Замир Сооронбаев сыяктуу залкарлар менен бирге иштешип жатканыма аябай сыймыктанам. Учурда драма театрдын артистти боло албай көздөрү төрт болуп жүргөн артисттер толтура. Ошонун баары азыр театрды жамандап, ар кандай сөздөрдү чыгарып жүрүшөт.
- "Дем" театры боюнча эмнелерди айта аласыз?
- "Дем" театрын Марат Козукеев агабыз биз окуп жүргөндө эле түзгөн. Түзүлгөндө мага сабак берген жакын агайым алып келип, мени "Демге" киргизген. Ошондон бери "Демде" иштеп келе жатам. Учурда "Демде" 12 артист иштейбиз. Кудайга шүгүр, өзүбүздү азда болсо элге таанытып алдык. Буюрса мындан ары дагы чыгармачылыгыбызды кеңейтип, чет өлкөлөргө чыксак деген оюубуз бар. Буга чейин Швейцариянын кыска метраждуу бир киносуна тартылганбыз. Кыргызстанда болсо тартылбаган кинобуз калган жок. Кайсы кинону албайлы, "Демдин" балдары тартылган. Тартылбасак дагы кинолордун көпчүлүгүнүн үндөрү биздин үндөр менен жазылат.
- Мурдагыга салыштырмалуу театрдын иши жанданып, спектаклдер көп коюлуп жатпайбы. Ошого жараша сиздердин айлыгыңыздар да жогоруласа керек…
- Каяктагы жогорулаган. Мурдагы айлык менен эле жашап келе жатабыз. Болгону 4 миң сом, жашаган батирибиз 8 миң сом. Айла жок, башка ишке дагы иштөөгө дагы туура келет экен. Мисалы, "Демдин" балдары артисттер сыяктуу эле тойлорго барып өнөрүбүздү көрсөтүп, акча табууга туура келет. Аны түшүнбөй кээ жетекчилерибиз талапты катуу коюшат. Ал эми коюлуп жаткан спектакль боюнча айтсам, театрга элдер актуалдуу спектакль болсо келишет. Болбосо келишпейт. Тарыхый спектаклдерге болсо окуучуларды алып келип жатышат. Кээ бир учурда замандын талабына ылайык келбеген эски спектаклдерди койгон учурларыбыз да көп болот. Андай спектаклдерди өзүбүздү өзүбүз алдап эле коюп жатабыз десем жаңылышпайм. Себеби ачыгын айтыш керек, азыркы замандын талабына ылайыкташкан, жаштардын бүйүрүн кызыта тургандай мыкты драмалар жазылбай жатат. Мыкты драма жаза турган драматургдар жокко эсе. Болсо деле мамлекет аларды колдобогондон кийин жазышпайт экен.
- Ырчы болуп ырдап да чыга баштадыңыз, ырчы болоюн деген дагы оюңуз барбы?
- Ырчы эместин баары эле ырчы, сынчы эместин баары эле сынчы, актер эместин баары эле актер болуп жатышпайбы. Аларга караганда мен чыгармачыл адаммын. 6 жыл жөн окуган жокмун. Мен азыркы ырчылардын тили менен ырчылык өнөрдү "шоу бизнес" деп айтпай, жөн гана ырчылык өнөр деп эсептейм. "Шоу бизнес" деп айткандай биз азыр андай деңгээлге жете элекпиз. Ал үчүн Россияныкындай ырчылар болуп, ошондо айтсак болот. Ал эми менин ырчыларды сындап ырдап чыккан ырымды кээ бирөө "реп" деп жүрүшөт, " реп" эмес, ак ыр деп аталат. Ал ырым жарыкка чыккандан кийин көп адамдар "ушундай кантип ыр болсун"- деп сындап чыгышты. Ырчылардын арасында "ушинтип ырдабай эле койбойбу" деп жаман көргөндөр да болбой койгон жок. Бирок, мен эч убакта сынга терикпейм. Баардыгын туура кабыл алып, жаман жакшы айтышкан жокмун. Анткени ырчылардын деңгээли кандай болуп жатканын мен эле эмес, коомчулук бүт эле көрүп турбайбы. Буюрса андай ырлардын дагы далайын чыгарып, далай нерселерди сындап чыксамбы деген оюм бар. Жубайым дагы жакшы ырдайт, ал экөөбүз дагы дуэт ыр жаздырып, ырдап чыгууга белсенип жатабыз.
- Жогорудагы ырчыларды сындаган ырыңыз, радиолордон уктурулган жокко…
- Ооба радиолор албай коюшту, эмне себептен албай коюшту, же ырчылардан коркуштубу билбейм. Кээ бирөө айтат, радиолорго "акча бериш керек"- деп, балким, акча бериш керектир. Мен акча деле берген эмесмин да.
- Жубайыңыз жөнүндө да айтып берсеңиз, мен билгенден үйлөнгөнүңүзгө аз эле убакыт болду го…
- Былтыр сентябрда үйлөндүм. Жубайымдын кесиби экономист, жердиги Кочкорлук, мен болсо өзүң билгендей Көлдөн болом. Балыкчынын жанындагы, тактап айтканда Орто-Токой суу сактагычынын жээгиндеги Таш-Сарай деген айылда өсүп чоңойгом. Жубайымдын жүрөгүн дагы актерлонуп жатып багындырып алдым десем болот. Башында мени актерсуң деп көп теңине албай жаткан. Кийин күлсөңүз деле ойноп жаткандай боло бересиз, сүйлөсөңүз деле ойноп жаткандай боло бересиз деп жактырып калыптыр. Ошондо жубайыма арнап бир ыр жазгам. Буюрса ал ырымды дагы ырдап чыгам.
- Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз?
- Экономисттер арасында бир сынак болуп, сынактын шарты боюнча бир актер менен чыгарма аткарыш керек экен, Жубайым биринчи, өкүл атам Камчы Сарыбаевге барыптыр, Камчы Сарыбаев бошобой калып, мага жибериптир. Ошентип экөөбүз таанышып калып, кыз жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??