Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Нурлан Төрөбеков,
ЖКнын депутаты, Ооган ардагерлер республикалык кеңешинин төрагасы:
"Далилдери болсо,
сотко беришсин,
сотто сүйлөшөлү..."

- Нурлан мырза, майрамыңыз менен!
- Рахмат чоң!
- Бүгүн сиз менен, майрамга карата Ооган согушу жана ардагерлер тууралуу маектешели. Айтсаңыз, майрамга карата бүгүн республикада кандай иш - чаралар өтөт?
- Мындан туура 24 жыл мурун, 15-февраль күнү Ооганстанда он жылга созулган согуш бүтүп, совет жоокерлери чыгарылган. Бул күн Ооган согушуна катышкандарды эскерүү жана майрам күн катары тарыхта өз ордун таап, республикалык деңгээлде белгиленип келатат. Майрамга карата өткөрүлүп келаткан иш-чаралар тууралуу айтсак, биринчи кезекте согушта курман болгон жоокерлерди эскерип, эстелигине гүл коюп, куран окутабыз. Спорттук оюндарды уюштурабыз. Сөзүбүз кургак болбош үчүн айта кетейин, мындан 3-4 күн мурун Спорт сарайында Ооган согушунун ардагери, согушта баатырдык көрсөтүп каза болгон, "Кызыл-Туу" орденинин кавалери Виталий Гардеевдин жаркын элесине арналган күрөштүн самбо түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрдүк. Бул мелдешти биз биринчи жолу эле эмес, 26 жылдан бери салтка айлантып жылына бир жолу өткөзүп келебиз. Уюштуруу комитетинин төрагасы мен болдум.
- Мамлекеттин колдоосу менен да?
- Мен мамлекеттин колдоосу такыр болгон жок деп так кесе айта албайм. Себеби, бул мелдештин уюштуруучусу да, каражат маселесин чечкен да Ооган согушунун ардагерлер кеңеши. Аталган кеңеш бул мелдешке жыл сайын 10 миң долларга чейин каражат сарптайт. Бул жолу Дене тарбия агенттиги спорт сарайдын ижара акысын төлөштү. Мэрия да бир аз жардам көрсөттү. Андан тышкары, "ГазпромНефтьАзия", "ГазпромнефтьАэро" компанияларына да чоң рахмат айтабыз, анткени алар бул мелдешке демөөрчүлүк кылышты.
Бул мелдешке Россиядан, Казакстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан баардыгы болуп 593 балбан катышты. Өзбекстан болсо өздөрү да ушундай мелдеш өткөрүп, катыша албай калды. Бул оюнда жалпысынан 36 балбан жеңишке жетишишти. 52 кг чейинки 100 кг салмактан ашкан балбандар күч сынашып, 92 кг чейинки күч сынашкан балбандардан Россиянын балбандарды жеңсе, 82 кг салмакка чейинки балбандардан болсо казак туугандар жеңишке жетишти. Калган салмактар боюнча биздин балбандар алдыга чыгышты. Мындан башка да, Ооган согушунда курман болушкан жоокерлердин жаркын элесине арнап, спорттун волейбол, кикбоксинг, дзюдо, ж.б. түрлөрү боюнча да республикалык жана эл аралык деңгээлде мелдештерди өткөрүп келебиз.
Бүгүн биз саат 9да борбордук мечитте дасторкон жайып, курман болгон жоокерлерге куран окутабыз. Ошол эле учурда орус туугандарыбыз эскерүү иш чараларын чиркөөдө өткөзүшөт. Андан кийин Ата-Түрк паркында Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбековдун, бир катар министрлердин, депутаттардын катышуусунда эскерүү митинги өтөт. Бул иш - чаралардан кийин ооган жоокерлери өз алдынча майрамдашат. Негизи биз ардагерлерибизге жыл сайын концерт, банкет ж.б. иш чараларды да уюштуруп келгенбиз. Быйыл болсо, андай иш чараларды токтоттук, себеби, кийинки жылы 25 жылдык юбилейлик майрамыбыз болот, үнөмдөлгөн каражаттарды ошол майрамыбызга сарптайбыз. Буйруса, кийинки жылкы майрамга ушул күндөн тарта кызуу даярдана баштайбыз.
- Ооган согушунун ардагерлерине мамлекет тарабынан берилип жаткан жардамдар тууралуу айтсаңыз?
- Бүгүнкү күндө, Ооган согушунун ардагерлерине мамлекет ай сайын 6 миң сомдон, ал эми майыптарыбызга 7 миң сомдон берет. Согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө болгону 1000 сом берилет. Албетте, бу абдан аз акча. Аларга биздин фонд майрам учурларда кошумча акчалай жардам берип турабыз.
- Жардам аз деп мамлекетке нааразы болбойсуздарбы?
- Нааразы болбойбуз. Себеби, Ооган ардагерлери баарын түшүнөт. Мекен үчүн жанын аябай турган патриот жигиттер да. Бүгүн мамлекетибиз кыйын күндө жашап жатат. Тескерисинче, мамлекетке биз да өз жардамыбызды берели деп аракет кылып келатабыз. Мен маалымат үчүн айтып коёюн, биздин мамлекет Ооган ардагерлерине башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп акча берет. Мисалы, мен мен деген Россия өз ардагерлерине айына болгону 63 доллар , казак туугандарыбыз өз ардагерлерине 52 доллар берет. Биздик болсо 150 доллар. Ушунча акча алып жатып, кайсы бетибиз менен мамлекетке доомат артабыз. Буга да шүгүр дешибиз керек. Эгер мамлекеттен акча сурасак, өзүбүзгө эмес, оор шартта жашаган майыптарга, согушта курман болгондордун үй-бүлөсүнө
- Ооган согушуна катышкан ардагерлерден Жогорку Кеңеште бир эмес, үч депутат олтурасыздар. Ооган маселесине байланышкан мыйзамдарды иштеп чыгуу оюңуздарда барбы?
- Туура суроо бердиңиз. Албетте, бул маселе оюбузда тээ илгертен эле орун алып келген. Бүгүнкү күндө депутат Кожобек Рыспаев экөөбүз "Ооган ардагерлери жөнүндө" атайын мыйзамдын долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул оңой иш эмес, себеп дегенде бардык ишти мониторинг кылып, анализдеп чыгышыбыз керек. Кудай буйруса, бул мыйзам долбоор ишке ашып калса, биринчи кезекте Ооган согушунда курман болгондордун үй-бүлөсүнө татыктуу жардам берүү жана согушта оорукчан болуп калгандарга, майыптарга жана ошол согуштун кесепетинен кайтыш болуп калган ардагерлердин үй-бүлөсүнө (мисалы, мектептерде , бала-бакчаларда, жогорку окуу жайларда жеңилдиктер берилиши шарт) ар кандай жеңилдиктерди жана жардам көрсөтүү маселеси каралат. Албетте, бул максат бюджетибизге тыгыз байланыштуу болуп эсептелет. Жакынкы арада бул мыйзамдын депутаттардын колдоосуна алып чыгабыз. Биздин урматтуу кесиптештерибиз бул мыйзамды колдоп беришет деген чоң ишеничибиз бар.
- Эми сизди каралагандар тууралуу кеп кылалы. Айтсаңыз, "сизди чындап эле Ооган согушуна катышкан эмес деп" ызы-чуу чыгаргандар эмненин негизинде айтып чыгышты?
- Мен бул боюнча айтып жатып чарчадым. Кыскача эле айтып коёюн. Эгер мени каралагандар чындыкты издегиси келсе, тиешелүү документтерди алып келип көрсөтүшпөйбү. Көзүн чоң ачып, терең изилдешпейби? Андай документтери жок, бул жерде жөн гана көрө албастык болуп жатат. Эркек болсо, "муну мен айтып чыктым" деп, аты- жөнүн жашырбай көрсөтпөйбү. Ушакты жылжытып чыгарып коюп, карап олтурушат, Төрөбеков эмне болуп кетер экен деп. Бардык далилдери болсо мени сотко беришсин, анда сотто сүйлөшөлү. Гезиттерге ушак жазып жаткандар кимдер экенин мен жакшы билем, бирок мен алардын деңгээлине түшүп, сотко бербейм. Анткени чындык качан болсо жеңет, ак ийилет, бирок сынбайт! Дагы айтайын, ушул ызы-чууну чыгаргандар биринчи баштары менен ойлонушса болмок, бир нерсени көздөгөндөн мурун. Себеп дегенде, мен Ооган согушуна катышпасам, анда кантип 23 жылдык тарыхы бар Ооган согушунун республикалык кеңешин жетектейм? Эмне Ооган ардагерлери да алар айтып чыккан маселени билбейт бекен? Эгер мен чындап эле Ооган согушуна катышпасам, анда бул фонддун башында болбойт элем, неге дегенде, Ооган ардагерлери буга эч качан жол беришмек эмес.
- Ошентсе да окурмандарга айтып койсоңуз, Ооган согушунда кайсы жылы, кайсыл жеринде кызмат өтөдүңүз эле?
- Мен 1988-жылы 2-ноябрда Ооганстандын Кундуз провинциясына аскердик кызматымды өтөгөнү киргем. Кайра 1989-жылы апрель айында чек арадан чыккам. Биздин милдет Ооганстандан совет жоокерлеринин алып чыгып кетүү иш чарасында коопсуздукту сактоо болчу. Бул атайы жашыруун тапшырма жана өтө жашыруун иш болгон. Себеп дегенде, совет жоокерлеринин Ооганстандан чыгып кетип жатканы жар салынган эмес. Керек болсо, командирибиз бизге үйүбүзгө "мен Ооганстанда кызмат өтөп жатам" деген ачык катты жазганганга тыюу салган. "Эгер ким үйүнө ачык кат жазса, анда ал жоокерди дароо Союзга жөнөтөбүз" деп шарт коюшчу. Мен жашырынып, болгону иниме жана сүйлөшүп жүргөн кызыма гана кат жазчумун. Ооганстанда кызмат өтөп жүргөнүмдө, алгач "командир отделение", андан кийин взводдун командиринин орун басары болдум. Менин Ооганстанда мени менен бирге кызмат өтөшкөн 400дөн ашуун полчандарым бар. Эгер мени сотко беришсе, ал 400дүн баарын чогултпасам да, 7 дубандан экиден-үчтөн полчандарымды чакыра алам. Маалымат катары айта кетейин, 1995-жылы бизде 7 миңдей ардагер болгон. Бүгүн болсо 6 миң ардагер калды.
- Сөз соңунда, майрамга карата калоо тилектериңизге, куттуктооңузга да орун берели...
- Менин биринчи кезекте кааларым - ден соолук. Мамлекетибизде ар дайым тынчтык болсун, эч качан согуш болбосун. Экономикабыз көтөрүлүп, өлкөбүз гүлдөп өссүн. Ден соолук демекчи, бүгүнкү күндө Ооган согушуна катышып келген ардагерлердин 70 пайызы баш оруусу менен жабыркайт. Себеп дегенде нервден катуу сокку алышкан да. Ооган согушунун жана Улуу ата мекендик согуштун ардагерлеринин атайы ооруканасы бар. Бирок ал оорукананын ахыбалы өтө начар. Буйруса, инвесторлорду таап, сүйлөшүп жатабыз. Күн жылыгандан баштап, үч, төрт айдын ичинде ошол оорукананы толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрөлү деп аракет кылып жатабыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев