presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ата-Бейиттин сырын ачкан
Бүбүйра Кыдыралиева:
"Үйүн кайра эле
алышмак, тиги дүйнөгө
ала кетмек белем?"

Учурунда улут үчүн күйүп, улутчул аталып атууга кеткен Абдыкадыр Орозбаков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов баш болгон атактуулар түбөлүк жай тапкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин сырын ачып, тарыхка өчпөс из калтырган Бүбүйра Кыдыралиева апабыз менен маектешип, арманын уктук... Кийинки сандарыбызда Бүбүйра апа менен "Ата-Бейитке" барып даярдалган сүрөттүү материалдарыбызбы жарыяламакчыбыз.

- Бүбүйра апа, учурда үйүңүз жок, сиңдиңиздин үйүндө жашап жаткан экенсиз, буга чейин үй сурап өкмөткө да кайрылганыңызды уктук, жардам берген жокпу?
- Жок, эч кандай жардам бере алышпады. Мага негизи үй тээ Акаевдин учурунда эле берилсе болмок беле деп ойлойм. Анткени, ошондон бери көп эле адамдар бир эмес, экиден үйгө ээ болуп келе жатышпайбы. Өкмөттөн бекер үй алып, аны кайра сатып, бизнес кылган адамдар дагы жок эмес экен. Мисалы, атактуу эле артисттердин кээ бири ошентишет деп угам. Мен болсо, сен уккандай үйүм жок бир топ жылдан бери кичүү инимдин кызы менен эки бөлмөлүү квартирада жашап келе жатам. Квартирабыз эски болгондуктан, кышкысын суук болуп, жайкысын аба кирбей, көгөрүп кетет. Былтыр жайында эптеп шыбамыш эткенбиз, бирок, эски болгондон кийин канчалык жылууласак деле болбойт экен.
- Кызыңыздын жашоо турмушу кандай?
- Кызым жалгыз бой эне. Бир кызы бар, кызы быйыл университетке тапшырып, студент болду. "Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк"- дегендей, кызымдын да өз жашоосу бар. Кызын окутушу керек. Ошондуктан мен өмүр бою эле кызыма жүк болуп жүрө бербей өзүмчө жашасам дегенде эки көзүм төрт. Анын үстүнө карыганда жаш кездегидей болбой тынчтыкты сүйүп калат экенсиң, жашым болсо быйыл 86га келди. Дагы канча жашайм ким билет? Аз болсо да мамлекеттин урмат сыйын көрүп калсам деген тилегим бар.
- Алган пенсияңыз өзүңүзгө жетеби?
- Каяктан жетмек эле, пенсиям болгону 6 миң сом. Ооруйм, доктурга барыш керек болот. Доктурда эч кандай жеңилдик берилбейт. Дары-дармектин баары кымбат. Доктурлар ооз ачса эле, келе баланча сом дейт. Андан тышкары алыш - катыш деген бар, ага акча керек, коммуналдык төлөмдөргө акча керек, кыскасы ошентип эле алган пенсиям айдан айга жетпей жок болот. Учурдан пайдаланып Өкмөттөн суранаарым дарыланганга жеңилдик берсе, анан үй маселесин чечип берсе болду. Андан башка мен эч нерсе сурабайм.
- Бул боюнча Өкмөткө, шаар мэрине кайрылып көрдүңүзбү?
- Бакиевдин убагында бир-эки жолу кайрылып түңүлүп калган жайым бар, ошондон кийин кайрылгым деле келбейт. Эки жыл мурун Отунбаева президент болуп турганда кайрылайын деп, элибиздин башына мүшкүл иш түшүп кыйналып турса, менин үй бер дегеним туура эмес го деп кайрылган эмесмин. Эми буюрса Атамбаевге кайрылып көрсөмбү деп турам. Балким Атамбаев гезитиңерден окуп калса, эсине алып коёр.
- Бакиевдин учурунда үй сурап, түңүлгөндүңүз боюнча айтып бериңизчи?
- Түңүлгөнүм "кемпирге каяктагы үй" деп жазган катымды кабыл албай, Ак үйгө жолотпой коюшкан. Ошол кезде шаар мэри болуп турган Нариман Түлеевге барсам ал эртең мененки саат тогуздан кечки төрткө чейин кабыл албай кабылдамасына отургузуп коюп, саат төрттө башым айланып, тез жардам чакыртып, ооруканага жаткам. Ошондон кийин бийликтен үмүтүмдү үзүп, түңүлгөм.
- "Ата-Бейитте" залкарлардын сөөгү бар экендигин сизге керез кылып айтып кеткен атаңыз Абыканды деле сизден башка эстеген киши болгон жок окшойт. Атаңыз айтпаса, кыргыздын не деген кыраандарынын сөөгү кайда калганы алигиче белгисиз болуп калмак да. Атаңыз туулуп өскөн Таш-Дөбө айылына эстелиги тургузулбаса дагы, бир көчөсүнө аты берилсе жакшы болмоктур?
- Ай балам, сен менин оюмдагы нерсени айтып койбодуңбу. Мен бул нерсени көптөн бери эле ойлоп келе жатам. Эгер андай болсо сонун болбойт беле. Мен бул боюнча эч жакка кайрылып, аракет кылган жерим жок. Бирок бул менин эң негизги тилегимдин бири. Кыскасы көрчү жакшылыгымды көзүмдүн тирүүсүндө көрсөм жакшы болот эле.
Башкаларга окшоп уул-кызынан ур тепки жеп, карылар үйүнө барган кемпир чалдарды көрүп арданам. Карылар үйүнө баргым келбейт. Менин артымда туяк болуп калчу уул-кызым жок болсо дагы элим бар, элим менен сыймыктанам. Өкмөт үй берсе, анысы да калат, баардыгын таштап кетем, анткени менин балам жок. Эчкидей жашым калды, тиги дүйнөгө ала кетмек белем?
- Мүмкүнчүлүгү бар карылардын көбү курортко барып эс алып, дарыланышат эмеспи, курортко барып турасызбы?
- Каяктагы курорт. Жогоруда айткандай ооруканага араң көрүнөм. Элдин баары көл-чөлдөп эс алып жүрүшөт. Чоңдор болсо ар бири көл жээгине пансионаттарды ачып жайды-жайлай шапар тебишүүдө. Ошолордун бирөө мени эстеп, он күнгө пансионатына алып барып эс алдырып койсо мен ыраазы болбойт белем. Кыскасы мен бийлик башчыларына аябай капамын. Ага караганда эл көчөдөн көрсө "сиз Ата-Бейитти ачкан апасызбы"- деп колумдан кармап, сыйлап турушат. Былтыр үйгө үч бала келиптир. "Апа биз көчө шыпырып иштейбиз, сиздин жашооңузду угуп, атайын келдик, мынабу эки мүшөк унду аз болсо да көптөй көрүп алып коюңуз"- деп. Ошол унду мен 6 ай жедим. Тилекке каршы мен ошондо ал балдардын дайын дарегин билип албаптырмын. Ыраазычылыгымды билдирип коёюн деп ошондон бери аларды таппай келем. Эгер алар гезиттен окушса, мага келип жолугушса дейт элем.
- Мамлекет жок дегенде Сизге бир сыйлык ыйгарды беле?
- Көрүстөндү ачканда Акаев "Эрдик" медалы менен сыйлаган. Андан башка эч кандай наам, сыйлыгым жок. Мен алган медалды сууда агып бара жаткан баланы тартып чыгаргандыгы үчүн милиция деле алды.
- Турмушка чыгып, үй-бүлө кургансыз да, мүмкүн болсо үй-бүлөңүз боюнча да айта кетсеңиз?
- Үй-бүлөдө төрт бир тууган болчубуз. Эки кыз, эки эркек. Мен улуусумун. Үчөө тең каза болуп, азыр мен калдым. Экөө жаш кетишти. Алардын балдарын мен багып чоңойттум. Ал балдар азыр чоңоюп, окуп иштеп жүрүшөт. Турмушка чыгып өзүм төрөгөн эмесмин. Жолдошум да каза болуп калган.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??