Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Митинг, мародерчулук,
коркуткан оппозиция

Бул жума жазды эрте чакыргандай болду. Аба-ырайы өзүнчө кеп. Саясатта да. Адатта жазда башталчу масштабдуу саясый окуялар быйыл февралдын дал ортосунда старт алды. Талап-тоноочулукка айыпталып жаткан депутаттарды, Апрель революциясынын маңызын коргоп чыккан "атамекенчилер", алардын тарапкерлери 13-февраль күнү Ак үйдүн алдын ээлеп турду.

Жарандык позициясын билдирүү жана өлкөнүн эң аксакал партиясын моралдык жактан колдоо иретинде Жогорку Кеңеш имаратынын алдына 4-6 миңге чейин адам чогулду. Аларга ыраазычылык билдирүү менен Апрель революциясынын маңызын бурмалоого, реваншисттик аракеттер күч алганын жана эң аксакал партияны атаандаштары жалган жалаа менен алсыздатууга чабуул жасалып жатканын белгилеп, парламенттин өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жана коомдук ишмерлер эл алдына чыгып, сөз сүйлөштү. Митинг акыркы кездеги саясый акциялардан кескин айырмаланып, Ак үйдүн темир торун ашып түшчү адаттан тыш, ыр менен коштолуп, тынч, мыйзам бузууларсыз өттү.
А бул маалда парламент ичинде талап-тоноочулук маселеси уланып жатты. Адаттагыдай, "Ата Журт", "Республика" жана "Ар Намыстан" Анвар Артыков "атамекенчилердин" дарегине ар жарлыкты тагышты. Бирок, өз корутундусунда "атамекенчилерди" сот сымал айыптап, айыбын "ашкерелеген" Курманбек Осмоновдун тобу өз тыянактарын тийиштүү түрдө коргой да албады. "Тейитке барып келдик" деп жаткан топтун Жалал-Абад шаарында эле атайын топтолгон адамдардан көрсөтмө алынганы Надира Нарматованын сөзүнөн өткөн жыйында маалым болгон эле.
Акыры парламенттик оппозиция чогулуп, сыртка чыгып кетишти. Коркуткандай. Же жеңилгендей. Бирок, палата комиссиянын эки тобунун тең тыянагын добушка койбоду. Анын ордуна депутаттык комиссиянын ишин бардык материалдары менен бирге укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин деген чечимге келди парламент. Башкы прокуратурага бул ишти иликтөөгө үч ай мөөнөт берилди.




Ордолуу Оштун ооматы
Ош шаар башчысы
Мырзакматов Мелис Жоошбай уулуна
Кат
Урматтуу Мелис мырза, биринчиден катты гезит аркылуу жолдогонумдун себеби, айтаар сөзүмдү, тилегимди эл-журт уксун дегеним. Экинчиси болсо, бирөөлөргө экиленгендей туюлаар, "шаар башчысы Жоошбай уулу......" деп кайрылганым, Сиз мамлекеттик тил-эне тилибиздин өнүгүү-өрнөгүнө күйүмдүү жетекчисиз, демек эсеби маселен мэр, губернатор, спикер, депутат ж.б.у.с. ашкере импорт түшүнүктөрдүн ордуна шаар башчы же төрөсү (төр ээси) аким, төрага, эл өкүлү сыяктуу атына зат милдети куп жарашкан сөздөрдү ар дайым колдонууга неге болбосун деген ой.
Мен тээ алыскы Ат-Башыдан барып, Ош педагогикалык институтунан 1974-1979-жылдары билим алдым. Байыркы касиеттүү калаадан курсагымдын ачканы же кимдир бирөөнүн "сен аркалыксың!" дегендей сөөмөй кесегени эсимде жок. Менде бар болгон билим жана ыйман көрөңгөсү мына ушул жерде калыптанды. Ушундан улам, дегеле жаштыгымдын керемет кездери калган эл-жерди сагынам, эңсейм, кайсы жерде жүрбөйүн кайгы-кубанычына дагы ортокмун.
Ошол ордо шаарга кыйладан соң жакында барып, бир апта жүрдүм. Көчөлөрүн атайылап жөө кыдырып, көпчүлүк менен баарлашып, ыйык Сулайман-Тоонун туу чокусуна чыгып сыйындым, маркумдарга куран окудум..... "Миң уккандан бир көргөн артык дейт" элибизде. Урматтуу Мелис мырза, шыр эле айтайын, Ош үчүн зор иштерди аткарып жатыпсыз. Башкаларын башкалар айтаар, өз көзүм менен күбө болуп, өзгөчө кубандырган 4 көрүнүшкө токтолгум келет:
1. Калаанын кире бериш дарбазаларына орнотулган Манас, Барс-Бек, Алымбек бабаларыбыздын айкелдери. "Бүткөн ишке сынчы көп". Айрыкча кыргызга оңой менен толук жагып, кубаттоосуна ээ болуу оголе кыйын. Эстеликтердин төрт тарабынан абай салдым. Баракелде! Эми бирөөлөр айтмакчы, кыргыздын негизин түптөгөн Наал эже, Адыгине, Тагай ж.б. айкелдерин кура берсе да болоор. Кеп анда эмес, кеп эстеликтерди Оштогудай намысыңды козгоп, рухуңду көкөлөткүдөй деңгээлде куруу милдет го акыры...
2. Жаңы көчөлөрдүн, көп кабаттуу үйлөрдүн удаама-удаа курулуп, ишке берилип жатканы. Маселен, Бишкекте жол боюнда жайнаган күркөлөрдү алып салуу өзүнчө көйгөй, чыры-чуу. А бу жерде бүтүндөй кварталдар (махаллалар) көчүрүлүп, жаркыраган проспектилер пайда болууда. Ал эми жамалып, оңдолгон жолдор зымпыйып турат.
3. Коммуналдык ишканалардын күндүр-түндүр туруктуу иштеп жатканы. Акыр-чикир, кар, ылайы тынымсыз тазаланууда.
4. Свет да, газ да жөнсүз өчүрүлбөйт. Ош жарыктык айрыкча түнкүсүн жаркып, "электр жарыгынын ээси Кыргызстан!" дегендей нурданып турат.
Болсун! Мындайды эгемендик делген соңку жыйырма жылдан бери эч жерден жолуктура элек элем. "Жакшынын шарапаты...." тийип, мындай күрдөөлдүү иш-аракеттер өлкөбүздүн аймагына тезирээк тараса деген эле тилек. Анткени, Кыргызстаныбыздын ар бир бурчу-мекенибиз, Ата-Журтубуз. Жакшыны жакшы дейли, бар болуңуз Мелис мырза!
Саламым менен Дүйшөн Керимов,
Бишкек шаары.