Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кулгуна...
Бүтпөгөн
жара...

Жогорку Кеңеш 2010 - жылдын 7 - апрель окуясында талоончулук жасашты делген "Ата Мекен" партиясынын депутаттары боюнча №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун берген көрсөтмөлөрүнүн чын-бышыгына жетүү үчүн Курманбек Осмонов башында турган, курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирген былтыр түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун эки жолку парламенттик жыйында талкуулап, 13-февралда токтом кабыл алышты. Ага ылайык, талап-тоноочулук фактыларына Жогорку Кеңеш үч айдан кийин кайрыла турган болду. Токтом оппозициялык блокту түзгөн "Ата-Журт" жана "Республика" фракцияларынын көпчүлүк депутаттары бойкот жарыялап, жыйынды таштап чыгып кеткен кезде кабыл алынды.
Эми кабыл алынган токтомдун негизинде, Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдары депутаттык комиссиянын корутундусун жана аны менен макул болбогон депутаттардын жүйөлөрүн кайрадан иликтеп, тергеп чыгып, үч ай ичинде жыйынтыгын парламентке алып чыгышы зарыл. Ишти парламенттин тиешелүү эки комитети көзөмөлгө алып, анын бири оппозициянын өкүлдөрү башында турган комитет болсун деген чечим чыгарылды. Ошентип, бир жылдан бери ызы-чуусу бүтпөй келе жаткан иш дагы да болсо аягына чыкпай калды. Депутаттардын акты ак, караны кара деп саясий чечим кабыл алып, мындан кийин бул ишти экинчи карабай турган кылып чекит коюп, тиешелүү органдарга өткөрүп берүүгө кудуреттери жеткен жок.
Коомчулукта чоң резонанс жараткан "Ата Мекен" партиясынын депутаттары аралашкан делген талап-тоноочулук боюнча былтыртан бери иш алып барган 10 депутаттан турган депутаттык комиссия өз корутундусунда бир пикирге келе алышпай экиге бөлүнүштү. Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов баш болгон 4 депутат "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар, ал эми Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө тиешеси бар экенин айтышса, комиссиянын калган 5 мүчөсү ал корутундуга макул болбой, "атамекенчи" депутаттарды күнөөсүз деп табышкан. Мындан улам, депутаттар кимге ишенээрин билишпей, натыйжада комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда Абдулла Юсупов кайсы объектилерди тоношкону туурасында тергөөчүлөргө ар бирин көрсөтүп айтып берген 6 сааттык видеону көрүп жыйынтык чыгаралы деген маселенин үстүндө кыйлага талашып-тартышып, акыры добуш аркылуу чечүүнү туура көрүштү. Бирок Өмүрбек Текебаев башында турган "атамекенчилер" үстөмдүк кылышып, видеону көрөлү деген депутаттардын сунушу добуш берүүдө өтпөй калды.
Тактап айтканда, добуш берүүдө 41 депутат видеону көрүүгө макулдугун беришсе, 41 депутат каршы добуш беришти. Спикер Асилбек Жээнбеков баш болгон айрым депутаттар макул деп да, каршы деп добуш беришкен жок. Кээ бирлери ошол жерде отуруп добуш берүүгө катталбай да коюшту. Муну менен айрымдар Текебаевге кошомат кылышса, кээ бирлери жагынып коркок-билиштик менен мамиле жасашты.
Тергөө тобу тарабынан мыйзамдуу тартылып алынган видеону көрүп, анан бир жыйынтыкка келели деген депутаттардын сунушу өтпөй калган соң, түз эле талкуу башталды. Талкууда "ууру күч болсо, ээси доого жыгылат" деген маанай ачык байкалып турду. Ачык айтканда, жыйында "атамекенчи" депутаттардын талоончулукка тиешеси барбы, же жокпу деген маселе каралып, талкууланып жатса, тескерисинче Асия Сасыкбаева мурунку Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди бутага алып, "Абдулла Юсупов сизди талоончулукка тиешеси бар" деген деп, коллегаларын коргоп "бет тырмарлык" кылды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев болсо шектүү шекшинет болуп, тергөөчүлөрдөн "Рысалиевди суракка алыш керек болчу" деп, шеги бар экенин жашырган жок. Жалганды чындай айтсаң, чындык чычая качыптыр дегендей эле кеп. Жакаңды кармап тобо келтирбестен башка аргаң калбайт.
Көпчүлүк депутаттар дагы "атамекенчи" депутаттардын таламын талашып, ачыктан-ачык жан тартып, эптеп эле аларды "суудан кургап чыгарып" актоонун амалын көрүп жатышканы байкалып турду. Ал эми Ала-Тоо аянтында болсо "Ата Мекен" партиясынын 2 миңге чукул жактоочулары парламенттин адилет чечим чыгарышын талап кылып, аталган партиянын депутаттары талап-тоноого катыштыгы жоктугун айтышып, депутаттарга сүр көрсөтүп, тымызын басым жасоонун амалын кылышты.
Ушунун баары "Ата Мекен" депутаттарынын талоончулуктан таза экендиктеринен ого бетер күмөн санатып койду. Болбосо, Текебаев башында турган "атамекенчилер" таза, ак болушса, "мародёр" деген ыплас жарлыктан кутулуш үчүн, элди аянтка топтоп, видеону ачык көрсөткөнгө каршы болбойт эле. Бекеринен, эл өкүлдөрү Текебаев "артында калбыры бар" үчүн видеону көрсөтпөй, акча берип элди аянтка алып чыгып, кысым көрсөтүп жатат дегенди айтып жатпаса керек. Сыягы, видеону ачык көрсөткөндө баары ачыкка чыгып, Курманбек Осмонов башында турган депутаттык комиссиянын беш мүчөсү кол койгон корутундудагы "негизинен талап-тоноочулук фактысы тастыкталды деп эсептелсин, бул ишти укук коргоо органдары тергеп, акырына чыксын" деген сунуш бекемделип калышынан коркушту окшобойбу. Ошол себептен, Өмүрбек Текебаев баш болгон "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары видеону көрсөтпөөгө болгон аракеттерин жумшашып, максаттарына эптеп жетишти. Коалициядан чыгабыз деп коркутуп жатышып...
Талкуу учурунда, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын улук тергөөчүсү Бакыт Султанкан уулу "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын талап-тоноого катышкандыгы, 1,5 тонна алтын алып чыгып кетишкендиги туурасындагы айтылган сөздөр тастыкталбаганын билдирип, "Бул тастыкталган жок. Атайын соттон уруксат алып, аталган даректе соттук-экспертизалык кароо жүргүздүк. Мындан тышкары үйдүн ээлерин, кошуна-колоңдордун баарын сурадык. Натыйжада андай окуя болгон жок деген тыянакка келдик" десе, Башкы прокурор Аида Салянова да "Ата Мекендин" депутаттарынын талап-тоноочулукка катышы тергөөдө далилденбегендигин бышыктап өттү. Ошол эле учурда "Эгерде мародёрлук боюнча жаңы фактылар табылса, тергөө сөзсүз кайра жанданып, иш уланат жана бул маселе аягына чыгарылат" - деп кошумчалады. Бирок тергөөнүн мындай чечимине бир топ депутаттар макул эмес. Буга мурунку ИИМ министри Зарылбек Рысалиев да кошуларын маалымдап, бул туурасында: "Мен тергөөчүлөргө басым жасалып жатканын көрүп-билип турам. Кийинчерээк, убактысы келгенде бул боюнча өзүм айтам" - деп, тергөө тобуна кысым болду деген оюн билдирди. Ошондой эле Шамил Атаханов ИИМди жетектеп турганда талап-тоноочулук боюнча кылмыштын бети ачылбасын кошумчалады.
Парламенттеги оппозициялык азчылыкты түзгөн "Ата-Журт", "Республика" фракциялары талкуунун жүрүшү "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын кызыкчылыгына ооп калганын түшүнүшкөн соң, жыйынды таштап чыгып кетишти. Бул жагдайды "Ата-Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев: "Биз 10 мүнөттүк тыныгууда өз ара пикир алмаштык. Депутаттардын суранычы менен видео көрсөтмөлөрдү бүгүн, бул жерден чогу-чаран эле көрүп койсок болмок. Комиссиянын төрагасынын эмгеги бааланбай, ар кандай сын-пикирлер айтылып өттү. Комиссия калыс иш алып барганга аракет кылды. Алар тергөө тобу менен бирге иш алып барып, иликтенген көпчүлүк маселелер шайкеш келди. Бирок биз, азыр бардыгыбыз чогуу добуш берген күндө деле бул иш улана берет. Ошондуктан биз мындан аркы талкууга катышпай эле коёлу деп чечтик. Көпчүлүк коалициясына кеңири талкууга алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенибиз туура болот деген бүтүм чыгардык", - деп түшүндүрдү.
Ал эми оппозициячыл депутаттардын жыйындан чыгып кетүүсүн оппоненттери "талкуу учурунда Курманбек Осмонов түзгөн корутундунун баары жокко чыгып, уят болушкандан кийин айла жок чыгып кетишти" деп баалашты.
Ошентип, "Ата Мекен" партиясынын депутаттары "талап-тоноочулукка аралашкан" деген ишти козгогон тараптар катары менен Өмүрбек Текебаевден утулуп, мыш болушууда. Алсак, алгач Чубактын кунундай созулган бул чырлуу ишти мурунку спикер Ахматбек Келдибеков козгой коём деп ээлеген кызматынан кол жууган. Андан кийин мурунку Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов да "атамекенчилердин" "каракчылыгын" далилдеп, абийирлерин ачам деп жатып, кантип жаманатты болуп кызматтан кеткенин аңдаганга чамасы жетпей калды. Андан кийин Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигин өткөрүп берүүгө аргасыз болду. Эми бүтүндөй парламент каш кайтарып, чындыкты чыркыратып айта алышпай кол куушурду. Муну менен Текебаев Кыргызстандагы алчы-таасын жеген, бирден-бир саясатчы экенин көрсөттү. Атамбаевде болсо үн жок...
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу