presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…
Эгин эгилердеги элдин абалы

Бакиевдер соттолду, табакташ идеялаштарычы?
Орустар ушуну кеңири колдонот: эки кабарым бар, биринчи жакшысын айтайынбы, же жаманынбы дегенде, тигиниси бирин айт дейт да. Анын сыңары менде элдин көбү уккан жана уга электери бар эки кабарым бар, бири-жакшы, экинчиси жаман. Жакшысы - Курманбек Бакиев 24 жылга, Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылды, жаманы ошол- алар камалбай-этпей эле Белоруссияда жыргал турмушун улантып турушат. Алар качандыр бир алынып келинип, жазасын өтөшөбү, белгисиз. Ал маселеде биздин күч структураларынын деле так жообу жок. "Аларды бул жакка алып келүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатат" деп кол жайганы жайган. Белорустардын диктатору Лукашенко бийлигинен кеткенден кийин алып келебиз дегендер да бар, бирок, Лукашенконун бийликтен кетиши таптакыр белгисиз, экинчиден, ал бийликтен кетсе деле ордуна өзүнүн адамын, болбосо, жанагы алтын тапанча салып жүргөн кичүү уулун калтырып кетет. Демек, Белоруссия бизге Бакиевдерди бере койбос. Интерпол аркылуу да аракеттерди кылабыз деп жатат, Лукашенконун бийлиги ага деле моюн бербейт. Ошондо кандай айла кылуу керек? Так жооп болбогону менен момундай эркин ойлор болушу мүмкүн. Тиги кенедей Израиль деген мамлекет мамлекетине чыккынчылык кылгандарды, ашынган баш кесер террористтерди жер шарынын кайсы жеринде жүрсө да алып келип соттоп тынышат. Алар мамлекетине, элине чыккынчылык кылгандарды эч качан кечирбейт, жайлап тынат. Биздин жашырын кызматтарыбыз израилдиктердин, айталы, "Массадынын" деңгээлине чейин өсүп жете элек дечи. Бирок, аракет кылышса эмнеге болбосун. Эстеп коелучу, тээ 1972-жылдагы Мюнхен олимпиадасында палестин террористтери он чакты израилдикти өлтүргөн. Кийин ошол палестиналыктардын баарын израилдик жашырын кызматтын адамдары дүйнөнү түрө кыдырып издеп жүрүп таап туруп жайлап тынышкан. Жок, Бакиевдерди андай кылбасын, бирок, түрмөдөн кутултпасын да! Экинчи маселе, Садыркуловду өлтүргөндөр эптеп эле кесилимиш болуп калгандай болду. Аны канттик?!

Ит жыгылыш…
Ушул иш небак эле бүтмөк, эгерде Германия менен Францияда болсо. Ал эми бизде - Кыргызстанда уланганы уланган. Анткени, биздеги мыйзамдар баягы "оорукчан" Алымкандай бир күн оору, бир күн соо, экинчиден, биздеги кээ бир адамдар уурусун колдон кармап алса да танып турган "партизандыгы" бар, үчүнчүдөн, бул маселе партиялардын кармашы деңгээлине чейин жетти, төртүнчүдөн, бийлик тараптын кызыкчылыгы да маселени кызытып жатат. Сөз мародерлук жөнүндө болуп жатат, кымбаттуу окурманым.
Ушул ирет дагы да мээге уюп турат: эл деген бийлик тарапта жүргөндөрдөн: министрлерден, депутаттардан, дагы башка чиновниктерден өйдө турат экен. Карабайсызбы, парламентте мародерлук маселесинин бир чындыгын таба албай ит жыгылыш болуп жатканына бир эсе жини келсе, бир эсе тигилерге боору ооруп турат. Негизгиси баарын түшүнүп турат. Ошол парламентте олтургандар кээ бир маселе талкууланып жатканда: "Мени эл шайлаган, мен элдин атынан сүйлөп жатам" деп ооз көптүрсө, жаныңды коерго жер таппайсың кыжыр келгенден. Анткени, алардын сүйлөгөндөрү, ой тыянактары, түшүнүктөрү примитив деңгээлинен көтөрүлө албай жатпайбы. Анан элди көтөрө чапкандарына не баа берип куурадык?! Атаганат, накта депутаттык баа-баркы бар парламентке качан жетер экенбиз... жетебизби деги. Кийинки жаштардын жүрүш-турушу жакшы-жаман дегенди айттырбай да турат.
Мародерлук маселесине депутаттардын аралашып калышы асмандын башынан алынбагандыр, кандайдыр бир себеби бар да. Бир-эки суроо салып жооп издеп көрөлү. Эмне үчүн мародерлук ишке "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү катышкан деп жатат? Эмне үчүн ошол "Ата Мекен" партиясынын башка мүчөлөрү эмес, дал эле Төлөгөнов менен Мадылбеков айтылып жатат? Эмне үчүн "Республика" партиясынын эки депутаты мародерлук ишке катышкан деп айтылбайт? Эмне үчүн мародерлук болгон жерлерден Төлөгөнов менен Мадылбековдор телефон менен сүйлөшкөн, алар ал жерде эмне кылып жүрүшкөн? Эмне үчүн "Ата Мекенчилер" Ички иштер министрлиги жасаган иликтөөнүн бир бөлүгүн-Юсуповду салып алып кылган иштерин айттырууда тартылган видеотасманы (воспроизведение) көрбөйбүз деп тырышып жатат? Шектүү шекинет болуп жатышабы? Ушундай суроолор бизде да, карапайым элде да толтура. Президент үн катпаса, премьер үн катпаса, спикер олтурса эмне кыларын билбей, Генпрокурор менен ИИМ министри бир жактын кызыкчылыгын коргоп жатса, анда чындыкты ким таап чыгат. Эми митингдер, пикеттер кармашы болот, стабилдүүлүккө шек келет. "Ата Мекен" партиясы уюштурган митинг жол кыймылына тоскоол болду деп жатышат. Транспорт министри 400 адамын чыгарыптыр дейт. Айтор, "дейттер" эң эле көп. Биздин элдин "дейттеринин" басымдуу бөлүгү чындыкты этектей жүрчү эле...
Ал аңгыча реванш алуу ар дайым жадысында жүрчү бакиевчилердин чырагына май тамат. Акматбек Келдибеков "деги кимиңер мародерсуңар" деп мыйыгынан күлүп шылдыңдап турганы жөн эле шылдың эместир... "Ата Мекен" партиясын күнөөлөп жаткандар бакиевчилер деген да кеп кетти. Андай эместир.
Ар кандай кыйын кырдаалда мародердук үчүн ошол кылмыш кылынып жаткан жеринде эле атылып ташталчу да. Тарыхта мындай окуялар көп эле болгон. А бизде болсо, бийликти кулатып саларын даана биле албай калып атпайбы. Эгерде Акаевди баланча күнү кууйбуз, Бакиевди түкүнчө күнү кууйбуз, кимде ким мародердук кылса ошол жерден атылат" деп өзгөчө кырдаалга ылайык мыйзам чыгарып алмакпыз да.
Кимиси экенин даана билалбай турам, бир депутат айтты эле: "Бул иш аягына чыкпайт" деп. Ошондой болгону калды окшойт. Кудай уруп, момундай да кептер шүдүңдөп эл аралап жатпайбы: "Төлөгөнов менен Мадылбеков Текебаевге айтыптыр, "эгер биз бирдеме болсок, сен дагы соо калбайсың" деп. Текебаев менен Шерниязов президентке айтыптыр, "биз бирдеме болсок, сен да таза калбайсың" деп". Ушундай кеп.
Президент ИИМдин мурунку министри Зарылбек Рысалиевди чакырып алып: "Генпрокуратура да, УКМК да мародердук боюнча ишти аягына чыгарбай коюшту, эми сен агын ак, карасын кара деп туура изилдеп чык" деген тура. Анан эмне үчүн Рысалиевдин күчү менен иштин 85%ти изилденип калганда, аны кызматтан алып тынышты?! Эми Рысалиевге туш-туштан чабуулга өтүп турушат. Кандай гана чабуул болбосун Зарылбек мырза мизин кайтара билет, кээсине көңүл буруп деле койбойт. Андай чанда чыкчу жигиттерибиздин баркын билбей тургандар, өздөрүн андан төмөн турарын билип эле турат...
Дагы бир билерман дебатат: "Эмне үчүн эле Бакиевдердин мүлкүн алган немелердин артынан түшүп жатышат. Бакиев деген элдин душманы, аны аяштын кереги жок да" деп. Туура, Бакиевдерге аео жок дейли, бирок, мүлктөрүн талап-тоноп алууга жол ачпашы керек да. Эгерде мыйзам чегинде алардын дүнүйө-мүлктөрү конфискацияланса, анда бир жөн. Ал эми 7-8-апрелде болгон мародердукту актоо туура эмес болуп калат.
Бу мародердук жөнүндөгү талаш-тартыш, ар кайсы күчтөрдүн тиреши карапайым элди тажатты. Бирок, элдин дагы бир бөлүгү ушул окуянын уланышын эңсеп турат, анткени, нечен митингдер, пикеттер ж.б. болуп, ал жерлерден акча табуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Кээ бир маалыматтарга караганда азыр бир бүтүнгө бириге албай жаткан оппозиция да кубаттуу митингдерге чыгабыз деп турат. Алардын радикалдуу канаты түз эле "бийликти басып алабыз" дегенди жаап-жашырбай эле план түзүп жүрүшөт дейт.
Илгери Эл акыны Шакем экөөбүз университетте билим алып жүргөндө "КПССтин тарыхы" сабагынан Найманбаев деген агай берчү эле. Согуштун ардагери болчу, сабагын жакшы түшүндүрчү. Мына ошол сабакта "кансыз согуш" деген бир маанини биле албай көпкө баш катырганбыз. Согуш болсо, анан кандай кансыз болот дейбиз да. Ошондо агайыбыз: "Азыр күн сайын аскер аэродромдорунан ондогон согуштук самолеттор учуп турат, ракеталарды учурабыз, авианосецтер менен аскер кемелери дүйнөлүк океандарда наркы-терки сүзүп жүрөт кураларын калдайтып, ар кандай аскердик окуулар болуп турат, капиталисттик мамлекеттер бизге кыр көрсөткөндөй, биз аларга кыр көрсөткөндөй болуп турабыз. Согушуп жаткандайбыз. Мына ошону "кансыз согуш" деп коет деген. Эсте аябай калыптыр да. Азыр ошону эстеп жатканым: бизде да "кансыз согуш" жүрүп жаткан жокпу деп...Кудай сактасын дегенди унутпайбыз да! Анан эгин эккен түйшүктү тарталы...

Баратбай АРАКЕЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??