presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Өлүп тирилгенден кийин жашоого өзгөчө ой жүгүртүп калдым"

Жашоодо чындык деп чыркырагандар көп, бирок, анын түбүнө жеткен адам аз. Каракол шаарында чындык үчүн күрөшүүдөн тажабаган, бей-бечараларга жардам берип, бирок аны айтпаган бир адам бар экенин угуп, иликтеп жүрүп, ага жолуктум. Отунчиев Таалайбек чын эле элден өзгөчө ойлору бар кызык киши экен.

- Таалай аба, сиз ишкер экенсиз, Мен уккандан эле Караколдо мончо, устаканаңыз бар. Тобо деп ошол ишкерлигиңизди уланта бербей, кандайча революциянер болуп чыга келдиңиз?
- Мен революциянер эмесмин. Бирок, чиновниктердин ичип-жегенин көргүм келбеген адаммын. Апрель революциясында болсо мамлекеттик мүлктү, башка жерлерди сактап калууга салым коштум. Ал күнү элди башкарган адам жок болуп калды. Ошол учурда көпчүлүккө "Акырын болгула, талкалабагыла, мамлекеттик мүлккө тийбегиле" деп турдум. Шаардагы ири кафе, магазиндерге барабыз дегендерди тыйдым. Облмамадминистрацияга кирип бара жатканда он чакты адамды киргизип, эшикти жаптым. Андай элдин тобунда ар кандай адамдар болот да. Талкалайбыз десе, токтото албай калмакбыз. Эми мен мактанбай эле коёюнчу.Эң негизгиси мен элимди, жеримди сүйөм. Алла деле көрүп турат.
- Анан ошо революция өз максатына жеттиби?
- Мен революция болгондон кийин чындык келет деп ойлогом. Бирок, андай болгон жок. Бийликке мурдагы эле кир адамдар келип алды. Саятсатчылар көп, иш менен алпурушкан адам аз. Ал эми мамлекеттин чарбасы талкаланып жатат. Бей-бечаралардын саны өсүүдө. Мурда жок дегенде ынтымак бар болчу. Азыр ал да жок, ар ким өзү менен өзү алек болуп жатат.
- Сиз анда парламенттик башкарууга каршы турбайсызбы?
- Биз бир кишиге баш ийишибиз керек. Президент эки чылбыр, бир тизгинди бирдей кармаса болмок. Азыр ар ким эле кыйын болгусу келет, бирок жоопкерчиликти мойнуна алган бир адам жок. Бизге парламенттик бийлик шашылыш келди. Мындай нерсеге биз даяр эмеспиз. Кыргыздын түпкү тарыхын иликтебей туруп эле ушу жолго барып коюшту. Бизге элди катуу, калыс кармаган бир эле президент керек. Жанагы "саясатчыбыз" дегендер өз укугун каалагандай калчагандан көрө эл алдында милдетин билип алсын. Баарыбыз эле трибунага чыгып алдык, ким иштейт? Биз азыр мамлекетти байытууну гана ойлошубуз керек. Мына, жеке мен байып алдым. Эмне, эл жыргап кеттиби? Биз биринчи мамлекетти байытсак, биздин балдар, неберелер бай болот.
- Апрель окуясынан кийин "Апрель баатырын" алгандар көбөйдү, сиз аларга баа бере аласызбы?
- Эгерде чындап келсе, аларга баа бере тургандай ким элем? Эгер жөнөкөй жаран катары баа берсем, ошол баатырлар биздин келечекке жооп берүүгө тийиш. Мейли, окко учкандар, жарат алгандарга тийишпей эле коёлу. Калган "баатырлар" мамлекетте болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн барына жооп берсин. Кечээ эле көчөдө чуркап жүргөндөрдүн бир тобу бийликке келди. Бирок, азырынча натыйжа жок. Качан гана өлкө өйдөлөгөндө, аларга жогору баа берем. Эч ким элине зыян алып келүүгө акысы жок. Ошонун баары кийин жооп бериши керек. Эгер алар бул дүйнөдө жооп бербесе, "тиги" дүйнөгө барганда жооп берет. Өздөрү баатыр болгулары келгендин көбү баатыр болуп алды. Баатырлыкты аларга эл берген жок. Өзүнө окшогон эле адам берди. Маселен, мага окшогондор болсо аларга андай атты бербейт эле. Себеби, мен чындыкты сүйлөйм жана эч жакка батпайм. Менин досум да жок.
- Бирок ошол эле учурда ар бир адам өз оюн чындык деп эсептейт да?
- Анда ал өз "чындыгын" ортого салсын. Союз убагында атеисттик тарбия берди деген менен Курандын принциптери менен жашап келгенбиз. Ал учурда чындык бар болчу. "Улууну сыйла, уурдаба, калп айтпа" дечү. Куран- бул жашоо принциби. Биз ошо менен эле жашасак, жакшы болмок. Мен сакал коюп көчөдө жүргөндөр жөнүндө айткан жокмун. Алар ислам принциптерин татаалдаштырып алгандар.
- Таалай аба, сиз бир кезде областтын губернаторунун кеңешчиси болдуңуз беле, деги эле сиздин оюңузча, кеңешчи дегендин кереги барбы?
- Ооба, болгом. Кеңешчи губернаторго өтө керек, эгерде ал ошо кеңешчини укса. Эми мен иштегенде, келип алып галстук тагынып, кабинетте олтурган жокмун. Мен эл менен жергиликтүү бийликтин ортосунда жүрдүм. Учурда мамлекетти оңдоп жиберейин деген жетекчилер өтө аз. Көбүбүз руханий жактан жардыбыз, намысыбыз жок. Эртең туура эмес жол менен акча таап баккан балдарыбыз бизге куран окуйбу? Мурда "Эгер акчаны сүйсөң ишкерликке кет, эгер элди сүйсөң мамлекеттик жумушта иште" деген кеп бар эле. Азыр экөөнүн орду алмашып калган. Мамлекеттик жумуштагылардын көбү бир нерсе жеп калууга ашыгат. Мен өз мекенимди сүйөм жана мамлекеттик жумушка барбайм.
- Сизди өлүп тирилген деп да уктум, ушу чынбы?
- Мындан 8 жыл мурда авто кырсыкка учурагам. Реанимацияда болчумун, бир кезде мен денемен бөлүнүп чыктым. Өзүмдү көрүп турам. Асманга учтум, алдыман каза болгон эжем, агам, ата-энем тозуп чыкты. Учурашып сүйлөштүк. Атам: "Балам, Бишкектеги эжеңе барбай калыпсың, учурашып кой",-деди . Мен бат эле эжемдин үйүнө келдим. Сыртта туруп кыйкырып чакырдым. Тышка чыгып келе жатып:"Таң атпай кайдан келе жатасың?" деди. "Учурашканы эле" дедим. Дарбазаны ачып, токтоп калды. Албетте, кээ бирөө наркоздо ар кандай абал болот деши мүмкүн. Бирок, эжем экөөбүз кийин сураша келсек, ошондо мени менен чын эле сүйлөшүптүр.
- Анан сиз өлүп тирилгенден кийин жашооңузда кандай өзгөрүү болду?
- Ошо жолугушуумда атам: "Силер жаман иш жасасаңар, качан жакшы иш менен жоймоюн кыйнала беребиз. Силерди карап олтуруп чарчайбыз, куран үмүт этебиз"- деген. Агам болсо: "Ата, Таалай чарчады. Алып калалы"- деди. Атам макул болбой койду. Ошо боюнча денемен чыкпай жүрөм. Азыр бул жашоодо мен эркин жашайим. Байлык деген оору менен оорубайм. Кудайдан башка эч нерседен, эч кимден коркпойм. Жөн гана өлүмдү күтүп жүрөм. Бир карасам, бул жашоодо эч нерсенин кызыгы жок. Калпты, уурулукту, кыздардын сойкулугун көргүм келбейт. Кетип калайын дейм, убагы келе элек.
- Ошол эле учурда коомчулуктан сырткары жашоо мүмкүн эмес да.
- Бир күндө төрт досум алдап кетти. Азыр адамдын баары сатылат, алданат. Чындык жок. Анан ошо чалмакейи чыккан коомдо аралашып жашаганча, өзүң менен өзүң жүргөнүң жакшы.Чөөдөй болуп жашаганча, арстан болуп өлгөн өйдө. Азыр бизде байлар көп. "Чириген бай", "Сасыган бай", "Дардаңбай" , анан ата-жотосунан бери келе жаткан байлар бар- "Аристократ байлар". Баарынан да жанагы чириген байлар менен сасыган байлардан пайда жок. Ошолор өлкөнү тоноп-жулуп жатышат. Алар өтө ачкөздүк менен элдин ырыскысын жеп, байлыгы чирип жатса да токтогонду билбей калышты.
- Сиз ошондо жогорудагылардын кайсынысына киресиз?
- Мен -дардаңбаймын. Менин тай аталарым Караколго алгач келген чоң соодагерлерден болгон. Бирок, мен байлыкка өз эмгегим менен жеттим. Бардык иште өзүмдү сынадым, айыл чарбасында, мал чарбасында, тейлөөдө жана башка тармакта ишкерлик жүргүздүм.
- Сиздин оюңузча, чындыкты кантип алып келебиз?
- Жазалоо менен гана. Ар бирибиз кылган ишибиз, сүйлөгөн сөзүбүз үчүн жооп беришибиз керек. Ар бирибиз өз ордубузду табалы. Эркек өз ордун, аял өз, ата, эне, кыз, келин жана башка. Азыр биз баарыбыз аралашып кеттик. Баарыбыз саясатчы болуп алдык. Нан табыш эмне деген азап? Жер айдап, буудай сээп, сугарып, 4-5 айлап күткөндөн кийин гана нан болот. Кээ бир чиновниктер ошону билбейт, нанды жөн эле терип алчудай сезишет. Майда кылмышкерлерди камабай, коомдук иштерге жумшап, уяткарып коюу керек. Биздин элде жазылбаган мыйзам бар. Биз кыргызбыз. Бизге катуу эле мамиле жарашат.
- Ошол эле учурда сиз элиңизге пайда алып келсеңиз болот да.
- Мен өлкөмө бир чоң пайда алып келе албасымды түшүнөм. Кайсы тешикти бүтөйм? Эгер мага "Сен көчөгө туруп алып ары-бери бараткандардын бутун сүрүп турасың, ошондо өлкөңө пайда келет" десе, мен ошого даярмын. Элиңе тизеле десе, аны да жасайм. Тартынбайм. Мен кыргызмын. Ал эми кыргыз болсо эч убакта өз кызыкчылыгын элдикинен өйдө койгон эмес. "Эл аман болсун, эл арасында биз аман бололу" деп тилеген. Бир жигит жаман иш жасаса, атасы "өзүмдүн балам, өзүм билем" деген эмес, элге салган. Эл бийлегендер элден тартынып турган. Анын аялы, бир туугандары эл көзүндө чекилик кетиргенден оолак болгон. Кыскасы, Кыргызстанда кыргыздын саясаты жүрүш керек. "Улуттук кийим кийели, патриот бололу" деп жатабыз. Бирок, сөзүбүз көп, ишибиз башка.
Азыр улутчул болбош керек деп жатабыз. Эмнеге улутчул болбойм? Менин энем- татар. Тай жагынан менде өзбектин да, кытайдын да каны бар. Бирок апам эч убакта кыргызга сөз тийгизген эмес, тескерисинче, кыргыздын салтын, каадасын сиңирген. Кыргыздын духу өйдө болуп жатат. Мен бардык улутту сыйлайм. Бирок, кыргыздан өйдө койбойм. Учурда акча дегенде бир бирин тебелеп чуркап жатакандарды көрүп жүрөк ооруйт. Мындай мүнөз кыргызга жарашпайт. Жашообузга чындык орносо, мен болгон мүлкүмдү ортого салып бергенге даярмын. Азыр бардык байлар ашык акчаларын ортого салса, анан эл башкаргандар ичип-жебей, туура жолго түшсө, мамлекет бат эле өнүгүп кетмек. Мен азыр өлкөмдүн өнүгүшү үчүн бир бөлмөдө эле жашоого даярмын.
- Ушу жерден калп айткан жоксузбу?
- Чын. Биз азыр шуулдаган бойдон ылдыйлап баратабыз. Минтип кете берсек, көрөсүң кандай "талп" деп жерге түшөбүз. Менин мамлекетке тийгизген пайдам деңизге тамчы да болбойт. Мен маселен бир жерге кичинекей пайда алып келейин десем, ал жерге башкалар чоң зыян алып келип жатышат. Жашоого көп закон керекпи? Уурдаба, калп айтпа, сөзүңө тур, ичиңе кир сактаба, кайыр сураба, бирөөнүн эмгегин жебе, жылуу сөз айт, батаңды бер . Азыр мен той-топурга да барбайм. Себеби, бизде тойго барып келгендерди карасаң сөзсүз бир жаман сөз айтып келишет, аларга сөзсүз бир нерсе жакпай калат: эти аз, устукан туура эмес тартылган, дагы ушу сыяктуу сөздөр. Ал эми той берген кишинин көзүнчө мактап-жактап атып эси оойт. Мындай болбойт да. Адам дын ичиңде кир болбош керек, калп айтпаш керек. Мен революция болгондон кийин жетине албай жетим-жесирлерге ун,чай-май тараттым. Эртеси уксам, революция убагында түшкөн пайдасынан таратты деп айтышыптыр. Мына, биздин ой.
- Айтмакчы, ошол революциядан кийин эзели костюм кийбеген "каралар" костюм кийип, галстук тагынып көрүп, бийликке даярданган деген чынбы?
- Жок. Бул калп. Кээси мени да "кара" деп ойлогон. Мен тың болсом эле "кара" болуп каламбы? Революция убагында шаарды ошо тың балдар талкалатпай алып калган.
Маектешкен
Жумагүл БАРКТАБАСОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??