presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чыныгы генерал Жусупбек Акматовдун эмгеги элдин эсинде

Кыргыз мамлекетинин мамлекет катары түптөлүп калышында ат көтөргүс салым кошуп, улутубуздун сыймыгы болуп ысымы алтын тамгалар менен тарых беттеринде жазылып калган инсандарыбыз менен сыймыктанып келе жатабыз. Ошол даңктуу кыргыз уулдарынын эл үчүн өтөгөн алтын өмүрү, баскан жолу элибиздин келечекке, жаркын жашоого умтулуусунда үлгү болуп, ири жетишкендиктерге жетишүүсүндө зор өбөлгө болуп калды. Ал адамдардын тарыхта калтырган асыл эмгектери, эл арасында унутулгус болуп, узун сабак-аңыз кептерге айланган адаттары, жүрүм-турумдары туурасында миң жолу сөз кылып, кайталай берсек дагы аздык кылар. Анткени "Атам өлсө дагы, атамды көргөн өлбөсүн"-деген накыл кептин түпкү философиялык маңызы дал ушул кыргыз улутунун келечек-көрөңгөсү үчүн өмүрүн арнаган адамдарды урпактар арасында даңктай жүрүү көз карашына (идеологиясына) арналган.

Ошондуктан мен дагы ушул бабалар алдындагы улуу вазыйпамды аткаруу үчүн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, милициянын (СССРмамлекетинин) генерал-майору, агам Жусупбек Акматовдун баскан жолу туурасында эскерүүнү чечтим. Бул адам туурасында "Кытай уруусунун санжырасы жана тарыхы" деген китепте кеңири баяндама-эскерүүлөр бар. Ушул китепти даярдап жатканыбызда Жусупбек агабыз менен бирге жүрүп, ал адамды сөз жүзүндө гана эмес иш жүзүндө дагы жакындан билип, кеңири таанышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Негизи мен бул адамды тээ илгери студент кезимден эле жакшы таанычумун. Анын уруусу кытай болгондуктан, анын коомдогу жасап жаткан иштерине ыраазы болуп, учурдун күзгүсү катары анын жасаган ишмердүүлүктөрү туурасында ооздон-оозго өтүп айтылып жаткандыгына сыймыктанчумун. Ал мезгилдерде ал союздун маалы болгондуктан Кыргыз ССРинин коопсуздук комитетинин башчысынын биринчи орун басары, андан кийин ИИМдин министри болуп иштеп, руханий маданият жаатында (интеллегенция) кызмат кылгандарынын каймактарынын бири эле.
Арадан мезгилдер өтүп, союздун ыдырашы биздин жашообузда көптөгөн жаңылыктарды киргизбедиби. Улуттук идеологиябыздын учурдагы кейиштүү абалдары туурасында талкууларга, талаш-тартыштарга толгон иш чараларды өткөрүп, анын келечеги үчүн аянбаган катуу аракеттерди жасоого туура келди. Азыр жаманбы-жакшыбы ошол иш аракеттерибиздин натыйжалары чыгып калды. Аракеттерибиз текке кетпей, улутубуздун уңгусу, тили-дили үчүн жасаган иштерибиздин кайтарымы болуп жатат. Ушуга шүгүр деп отурабыз. Бирок ушул өтө жоопкерчиликтүү, ары опурталдуу, татаал иштерди баштаарыбызда бизге жол көрсөтүп, алга карай дем-шыкак бере турган чыныгы инсандарыбыздын рухий жана жан дүйнөлүк ( моралдык, материалдык) жактан колдоо көрсөтүп алга жетелеген чыныгы кыргыз уулдарына ыраазычылык билдирип, таазим этебиз. Жусупбек агабыз дагы биз баштаган улуу иштерде аралаш жүрүп, акыл-насаат айткан. "Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши" - демекчи, бир мезгилде атак-даңкынын сүрүнөн сүрдөгөн агам менен ушундайча таанышкам.
Жусупбек агам менен таанышкан алгачкы күндөн тартып эле негедир мен ал кишиге абдан жакын болуп алдым. Азга убактым болуп калса эле ал адам менен жолугушууга шашып, анын мааниси тээ тереңде жаткан маанилүү баяндарына кулак салып, акыл-кеңештерин угуу мен үчүн чоң ырахат эле. Ал киши менин атама абдан окшоштуктары бар эле. Атамдын болгону жети класстык эле билими болсо дагы эч кимге катуу айтып, көңүлүн калтырбаган, колунан келген жардамын эч кимден аябаган, боорукер, жылдызы жайнаган адам болчу. Ал эми Жусупбек агам болсо союз деңгээлинде эң чоң кызматтарда , жетекчилик кызматтарды аркалап жүргөндүктөн анын илим-билимге канчалык деңгээлде умтулуп, кандай чектерди багындырганы айтпаса дагы түшүнүктүү эмеспи. Бирок сырткы турпаты, улуу-кичүүлөргө жасаган мамилелери атамды көз алдыма элестетип турчу. Андан сырткары бул адам абдан таза, түз жүргөн калыс, акылман адам эле. Мен өзүм дагы дал ошондой түз жүрүп, адамдар менен мамиле кылууда таза болууга далалат жасап, бирөөлөрдүн кыпындай нерсесине дагы кыянаттык жасай албаган, ак көнүл, бир нерсени кектебеген, эки жүздүүлүктү, калпычылыкты, кошоматчылыкты жек көргөн адаммын. Анан бул адамдын зор адамгерчилиги, үлгү болоорлук жүрүм туруму кимге болбосун ак ниеттүүлүктүн үлгүсү (идеал) катары саналууга толук негиз бар болчу. Ал киши дайыма айтчу: Иним! "Бирөөнүн каргышы жети урпагыңа чейин кетет" эч качан жамандык жасаба деп.
Жусупбек Акматов менен учурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жакын тууганчылык жайлары бар. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин биз көп жолу жолугушуп, коомдук иштерди бирге аткардык. Санжыра маселелерине кайрылып, уруучулукка багытталган иш чараларга, курултайларга кытай уруусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы катары келип катышып жүрдү. Ал эң алгач кыргыздын сол канат урууларынын жыйынына келип катышкан күн дале күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошол күнкү жыйынга СССРдин эл артисткасы, кытай уруусунун даңктуу кызы Сартбаева Кайыргүл эжекебиз дагы келип катышкан эле. Белгилүү санжырачы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов мага карап: "Ээ Анаке, бул кыргызга кызматы абдан өткөн Жусупбек Акматов кайсы уруунун атынан келди?"-деп менден сурап жатпайбы. Анан мен ал кишиге Жусупбек агамдын кытай уруусунун урпагы экендигин, кытай уруусунун аксакалдар кеңешинин башчысы экендигин айттым. Ошондо кайран киши кыраакы эмеспи, бир азга тынып, баш чайкады туруп: "Негизи кытай уруусу мыктылардын мыкты экендигин ушундан билсе болот. Кытай уруусунан ушундай залкар адамдар чыккан экен. Жусупбек аксакалга окшогон даңктуу, аттуу-баштуу уулдары турганда кытай уруусунун эч кимден, нерсеси кем болбойт. Ар дайым алардын жүзү жарык. Ким менен болбосун теңтайлашып алдыңкы катарда жүрүүгө руху, маанайы (духу) жетиштүү болот эмеспи" - деп өз баасын берген.
2005-жылы кытай уруусунун курултайын өткөрүп, бул жыйынга залкар, алп жазуучу Чыңгыз Айтматовду дагы сыйлуу конок катары чакырганбыз. Ал курултайда Чыңгыз акебиз: "Кыргыз бир ууч калк. Андай болгондон кийин уруучулукка бөлүнүп-жарылып алышканы болбойт"-деген ойлорун билдирген. Жусупбек Акматов болсо кыргыздарды ар кандай оор кырдаалдарда бириктирип, көз карашынын (идеологиянын) башаты болгон нерсебиз уруучулукка бөлүнүп иш алып баруу экендигин баса белгилеп: "Ушул колдоого алаарлык иштерди уюштуруп жаткан туугандарыбызга ийгилик жана ак жол!"-деп маңдайы жарыла кубанган эле. Анткени ошол курултайда дүйнөнүн туш тарабынан келген кытай уруусунун урпактары бирин-бири кучактап ыйлагандары болду. Улуттук Гвардиянын жетекчиси Абдыгул Чотбаев экс-президент Аскар Акаевди тактан кулатып жаткан революция учурунда жаалданган жигиттер катуу сабап салышып, денесинен жаракат алган. Кийин кытай уруусунун жыйыны учурунда Алимжан деген өзгөндүк тууганыбыз Абдыгул Чотбаевди кучактап, ыйлап жиберсе болобу. Көрсө, Абдыгул инибизди өзүнүн тууганы сабаган экен. Ошол жерден көпчүлүк алдында бири-бирин кечиришип табышышты. Кыргыз идеологиясынын башаты уруучулукка такташып алуу экендигин ушул окуя айгинелеп турбайбы! "Тааныбасты сыйлабас!"-деген ушул эмеспи. Уруучулук-кыргыздын кадыр-барктуу каада-салттарынын бири экендигин, уруучулукту тактоо менен кыргыз калкы нечен кыйынчылыктарда муюбай, улут катары сакталып келгендигин Жусупбек агабыз тарыхтагы мисалдар менен далилдеп берген эле. Кыргыздын көз карашы (идеологиясы) ушул, биз улутубуздун, тилибиздин, каада-салттарыбыздын, нарк-насилдерибиздин сакталып, кылымдардан кылымдарды карытуусу үчүн башка жол издебей эле койсок болот деп курултайлардын ажарын ачып, чыныгы турмушту, жашоо-шартты көзгө сайып сүйлөгөндө, кулагыбыздын кужуру канып, ырахаттанып калаар элек. Мына ошондо Чынгыз агабыз да ушул уруучулуктун негизинде кыргыз биригерин туура түшүнүп, бизге колдоо көрсөткөн. (Сүйлөгөн сөзү аудио тасмасына жазылып алынган)
Мамлекетибиздин коомдук турмушундагы оомал-төкмөл кырдаалдарында көп нерселерди дайыма талкуулап, тыгыз байланышта болуп турдук. Жакшылык менен жамандык дайыма жанаша жүрөт эмеспи. Жусупбек агабыздын бир тууганы кайтыш болуп, анын туулуп өскөн айылы Аламүдүн районундагы Арашан айылына барып, акыркы сапарга узатып, маркумдардын жайына бардык. Ошондо агабыз ошол тегеректи жаңсап: "Ушул көрүстөнгө жалаң кытай уруусунун инсандарынын сөөгү коюлат. Эгерде ар тараптан көчүп келип, Чүй боорунда жашап калган кытай уруусунун инсаны каза болсо, мына жайы даяр. Кимдин башына кандай күн түшөөрүн ким билсин? Эгерде туугандарыбыз кайрылса, жардамым даяр!" -дегенде, ушунчалык элжиретип-ыраазы кылган агабыздын сөзүнө жетине албай жашып дагы кеткендери болгон. Акыры бара турган жерибиз ошол жак болгондон кийин, ар бир адам: "Тагдырым кандай болоор экен. Сөөгүм кайда коюлат болду экен?" деген ойго такалып турат эмеспи.
Агабыздын тазалыгы, адаттан тышкаркы жүрүм-туруму жанында жүргөн адамдын кимисине болбосун күч, дем-шыкак берип турар эле. Ал өзүнүн уул-кыздарына дагы бөтөнчө таалим-тарбия бергендигине өзүм күбө болгом. Ал кишинин Болот аттуу уулу учурда Жогорку Соттун мүчөсү. Ал бир кезде Ош шаарындагы арбитраждык соттун төрагасы эле. Ошондо биздин ишканага ири өлчөмдөгү акча карыз болгон ишканалардын артынан түшүп, карызыбызды өндүрө албай кыйналдык. Анан аргабыз түгөнүп Болот Жусупбековичке жардам сурап кайрылдым. "Кур аякка бата жүрбөйт"-дегенчелик кылып, "Кайсы сотко кайрылсам деле, акча бербесем иш бүтмөк эмес. Жең алдынан ырымын жасайын"-деп оюмду айтсам, "Биз Акматовдордун урпактары андай ишке барбайбыз! Атам дагы мындай иштерге абдан катаал мамиле жасайт, тескери көз карашта. Бизди дагы кенедей кезибизден таза жашоого, маңдай тер, таман акыдан жаралган нанды гана жегенге тарбиялаган. Биз чыркыраган чындык тараптабыз"-деген эле. Арадан анчалык убакыт өтпөй эле биздин ишибизди мыйзам чегинде чечип, карыздарыбызды өндүрүп берген. Көрсө агабыз балдарын дагы "атанын чыныгы уулдары" деген сыймыктуу атка бөлөп, таза, ак жашаганга тарбиялаган экен. Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Исхак Раззаков "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болмок"-деп зар какшаган сыңары Жусупбек агабыз дагы таза, адал жашоо коомубуздун күзгүсү болуп, келечекти жаркын жакка алып бара тургандыгын жар салып, жан дүйнөсү далай жолу күйгүлтүккө түшүп, кыйналып кетчү эле. Мен ошол адам менен кошо жүрүп, адамдык бийик сапаттарын үйрөнүп, көп нерселерин өзүмө алдым. Сакадай боюна чаң жугузбай таза, тыкан жүргөн агабыз чыныгы ак сөөк кыргыз инсаны эле. Жашаган өмүрү, баскан жолу үлгү болоорлук өрнөктүү адамдарыбыз көп болсо кана, атаганат! Ушул асыл адамдан өрнөк алган адамдар ар дайым жаман жолдорго баруудан качып, адал иштеп, адалды тиштегенге, кимдир бирөөлөрдүн каргышына калбоого умтулуп жашай тургандыгына көзүм жетет.
Кыргыз кыраандарына айланган азаматтарыбыз арбын болсо, улутубуздун көрөңгөсү кеңейип, ырыскыбыз кемибей, болуп-толуп келкелибиз кеңейет эле атаганат! Мындан эки жыл мурун арабыздан кайтпас сапарга кеткен агабызды эстеп, бул жоготууга азыр дагы кабыргам кайышып капа болом. Сөз аягында эмне дейин? "Аккан арыктан суу агат"-демекчи, агабыздын жолун жолдоор эчен-эчен бир туугандарыбыздын бар экендигине ишенели, үмүтүбүздү жакшылыктар уласын! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, иманыңыз жолдош болсун! Сиздин бул жалганда калтырган баркыңыз артынан, урпагыңыз учун улай берсин" -демекмин Жусупбек аке!

Анарбек Усупбаев,
"Манас Ордо" коомунун төрагасы
Техника илимдеринин кандидаты.





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??