presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Теңир тоодогу - тоо хоккейи...
Хоккейдин мекени - Жумгал!

Муз үстүндөгү ары татаал, ары кызыктуу оюндардын бири хоккей оюну экени талашсыз. Кыргызстан тоолуу өлкө болсо да, кышкы оюндар анча өнүкпөй калганы жалпыга белгилүү. Лыжа жарыш, муз үстүндө көркөм бийлөө ж.б. оюндарды көпчүлүк учурда сыналгыдан гана көрүп келебиз, бул оюндарда күч сынашып, эл аралык деңгээлге чыккан өзүбүздүн чемпиондорубуз жок. Кышкы спорт оюндарынын - падышасы бул хоккей оюну десек жаңылышпастырбыз.
Кыргыз спортчулары кышкы оюндардын башка түрлөрүнө анча "тиши өтпөгөнү" менен, жакынкы жылдардан бери хоккей оюнунун сазайын бере баштады десек аша чапкандык болбос. Бирок азырынча эл аралык деңгээлде эмес, республика ичинде. Демек, бул да болсо дүйнөлүк чемпионатка болгон даярдык.
Жогоруда биз "Хоккейдин мекени Жумгал" деп бекеринен айткан жокпуз. Анда сөз башынан болсун!
Кыргызстандын бардык аймактары (союз тарагандан кийин) хоккей оюнунун узак убакытка эстен чыгарып турган чакта, тактап айтканда 1998-жылы алыскы Жумгал районунда хоккей оюну биринчилерден болуп жандаган. Алгач айыл аралык, андан соң район аралык болуп олтуруп, тез аранын ичинде эле облустук деңгээлге көтөрүлгөн. Бирок ал кезде бул оюндун деңгээли бүгүнкү күндөй эмес эле, себеп дегенде оюнчулардын тажрыйбасы аз, материалдык колдоо да жок болчу. Жумгалдын борбору - Чаектин сырт жагында жайгашкан Шортондо хоккейдин табигый стадиону бар. Хоккей оюнунун алгачкы кадамдары мына ошол Шортон аттуу көлдүн үстүндө шилтенген. Бул оюнга керектелчү шаймандар болсо (клюшка, шайба ж.б.) колго жасалып, баары "кыргызча " башталган. Стандарт стадион жасоого акча жок болгондуктан улам, стадионду (борт) карды тоңдуруп жасаган учурлар да болгон. Кийинчерээк Жумгалдагы хоккей оюну кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири маркум Эркин Матыевдин жаркын элесине арналып, салтка айланып өтүп келди. Биз Теңир Тоодогу мындан он жыл мурунку хоккейдин ахыбалы тууралу кыскача айттык.
Эми бүгүнкү күндөгү абалына токтололу. Нарын облусунун губернатору Канат Муратбеков хоккей оюнуна олуттуу көңүл буруп, бул оюнга кызыккан жаштарга бардык шарттарды түзүп берип, хоккейдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан кези. Айтсак, 2011-жылы Жумгалдагы бир кезде атагы таш жарган Миң-Куш шаарчасына эл аралык стандартка жооп берген стадион салып берди. Былтыр ал жаңы стадиондо республикалык деңгээлдеги оюндар болгондугун айта кетели.
Мындан 15 күн мурун Нарын шаарында да губернатордун демилгеси менен салынган (500 миң сомдон ашык акча сарпталган) жаңы стадиондун ачылышы болуп, ал саамалыктын урматына да республикалык деңгээлде оюн уюшулуп, бир нече команда күч сынашты.
Ал эми 2012-жылы Жумгал районун акими Адылгазы Исагулов мырза райондун эс алуу (паркын) жайынын ичинде ачык спорт комплексин курууну демилгелеп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен: футбол, волейбол, чоң жана кичине теннис аянтчаларын курууга жетишкен. Эң башкысы бул аянтчалардын ичинде биз сөз кылып жаткан хоккей оюнунун стадиону салынды.
Бул стадионду курууга да 500 миң сомдон ашык акча сарпталыптыр. Башкы демөөрчүлөр: Автандил Кулбараков, Эрик Шайдинов, Канат Керезбеков, "Жумгал суу курулуш" ишканасы, ошондой эле Кара-Кечеде "кара алтын" казышкан бир катар ишканалар ж.б.
Бул жаңы стадиондун урматына Чаекте 9-10-февраль күндөрү хоккей оюну боюнча ачык кубок болуп өттү. Жумгалдыктардын кубанычын тең бөлүшүп, оюнчуларга дем берүү максатында: Юстиция министри А.Шыкмаматов, Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Муратбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, Кыргыз мамлекеттик юридикалык акдемиясынын ректору Канат Керезбеков, жеке ишкер Жыргал Турускулов, Автандил Кулбараков, Жаныбек Мойноков, Аман Токтомамбетов жана башка да көрүнүктүү ишкерлер да катышышып, оюнчуларга өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтышып, баалуу белектерин беришти.
Жумгал районун ачык кубогуна аралаган бул оюнда бардыгы болуп 6 команда күч сынашты. Алар: Ысык-Көл облусунун "Чолпон-Ата" командасы, Нарын шаарынан "Ала-Тоо-Дордой" командасы, Кочкор районунан "Ормон-Хан" командасы Жумгалдан "Жумгал-Шортон", "Байзак" жана Миң-Куш шаарчасынан келген "Барчын" командалары.
Эки күнгө созулган оюндун финалдык туру 10-февралда уланып "Барчын" командасы "Байзак" командасын, ( 3-4-орун үчүн) 5/1 эсебинде утуп алды. Ал эми 1- 2- орун үчүн "Жумгал-Шортон" менен "Ала-Тоо-Дордой" командасы беттешип, көрүүчүлөргө эң кызыктуу оюн тартуулашты. Өз талаасында ойногон "Жумгал -Шортон" Нарындан келген "Ала-Тоо-Дордойдун" намысына тийип, 5/1 эсебинде утуп, жеңишке жетишти. Бул оюнга республикалык Хоккей федерациясы өз салымын кошо алган жок. Болгону республикалык машыктыруучу Сергей Шавернев калыс болуп берди.
1-орунга чыккан "Жумгал-Шортон" 50 миң сом, 2-орунду алган "Ала-Тоо-Дордой" 20 миң алса, 3-орунга 15 миң, 4-орунга 10 миң сом алды. Мындан тышкары, "мыкты дарбазачы", "мыкты чабуулчу", "мыкты оюнчу" ж.б кызыктуу белектер берилди. Бул оюндун сыйлык тапшыруу учурунда губернатор Канат Муратбеков Автандил Кулбараковдун Теңир-Тоолуктарга демөөрчү болуп, жакындан жардам берип келаткан зор эмгегин эске алып, "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамын тапшырды. Ал эми аким Исагулов Адылгазы мырза да өз кезегинде бул кубокту өткөрүүгө салым кошкон адамдарга ардак грамота жана атайын медалдар менен сыйлады.
Жалпы байге фонду уюштуруу иштери менен бирге, баш аягы 1 млн сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталгандыгы айтылат. Жумгал ачык кубогуна арналган мындай оюнду жылына бир жолу өткөзүп туруу демилгесин губернатор Канат мырза хоккей күйөрмандарынын кулагына күмүш сырга катары айтып өттү.
Не демекчибиз, Теңир Тоо эли минтип башкаларга хоккейдин кантип ойношту, эл аралык стандартка жооп бере турган хоккей стадиондорун салышты үйрөтө турган жогорку деңгээлге жол тартып турган чагы. Теңир-Тоолуктардын бул жакшы саамалыгы башка аймактарга дагы тезирээк жайылса экен.
Жакынкы жылдары Кыргызстан хоккей оюну боюнча дүйнөлүк аренага чыксын деген аруу тилекти тилейли.
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??