Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Чыгармачыл
адамдарды аёо сезими
коштолуп жатат..."

| Башы өткөн санда |
- Кепти башка нукка буралы. Сиз 2010-жылы Маданият министри болгонсуз. Ал министрликтин артыкчылыгы менен кемчилигин жакшы билесиз. Уурдалган миллиондордон да кабарыңыз бар. Бул маселени биздин гезит бир ай бою сандан-санга жазды. Ушул боюнча сиздин пикирди уксак...
- Мен силердин гезит жарыялаган макалалар топтомун баарын окудум. Негизинен туура жазылган. Ооба, Маданият министрлигинде силер көтөргөн маселелер бар, ал эч кимге жашыруун эмес. Ошол кезде министрликтин чарбалык жагы аксап кеткен. Буга саясатчылардын да күнөөсү бар. Себеп дегенде, апрель окуясынан кийин кыска убакыттын ичинде бир нече адам Маданият министри болду да, кетти. А, негизи алты айдын аралыгында Маданият министрлиги аткарган иштер, милдеттер менен толук таанышып чыгууга мүмкүн эмес. Бул министрликте 16 миңден ашуун адам иштейт, ошондой эле ондогон театрлар, клубдар, маданият үйлөрү ж.б. бар. Ушу себептен да министр чарбалык иштерге анча аралашпай калат. Анткени, министрликке караштуу чоң маданий мекемелерге акча түздөн-түз бөлүнөт. Силер жазгандай, КырДрамга да, Опера жана балет театрына да, филармонияга капиталдык оңдоо иштери үчүн каралган миллиондор түз бөлүнгөн. Бирок ошондой болсо да, министр болгондон кийин, ишти көзөмөлдөш керек да. Себеп дегенде, моралдык жоопкерчилик деген бар да. Аны эч кимдин унутуп коюуга акысы жок. Мен министр болуп жаңы барганда КырДрамда жүрүп жаткан оңдоо иштеринин ахыбалы абдан зээн кейите турган ахыбалда болчу. Неге дегенде, курулуштан эч кабары жок чыгармачыл адамдарды курулуш адистери көз көрүнө алдашкан. Төрт жылдан бери оңдоо иштери жүрбөй токтоп калган. Ишти бүтүрүү үчүн, ал кездеги президентибиз Роза Исаковнага кирип 8 миллион сом бөлдүргөм. Мен бир нерсени айтып берейин, театрдын жетекчилери мага оңдоо иштерине сарпталат деп 16 миллион сомго смета түзүп келишиптир. Карасам, театрдын чатырына эле 4 миллион сом кетет деп экен. А, мен ошол кезде Манас кинотеатрынын оңдоп, чатырын жаап, бир топ тажрыйба топтоп калгам. Негизинен Манас кинотеатры менен КырДрамдын чатырын аянты бирдей эле болчу. Биз кинотеатрдын чатырын миллион сомдун тегерегиндеги акча менен жаңылап, котордук. Анан бул театрдын чатырына 4 миллион сурап келишкени мени абдан таңкалдырган. Ошондо мен тендерди абдан дыкааттык менен өткөзүп, баягы 4 миллион сом деген акчаны 920 миң сомго түшүрүп, чатырды ошол акча менен бүтүрдүк. Мен КырДрамдын директоруна чатырды (бүтө элек кезде) чыгып карап коюңуз деп айтып жүрүп, ал киши караганча бир күнү театрдын жанынан өтүп баратып, өзүм эле чыгып карадым. Ишенесизби, ошондо театрдын чатырында төрт жылдык тал өсүп калыптыр. Ошондо ошол талдын өсүп кетиши боюнча жоопкерчилик маселесин карап, театрда чоң жыйналыш кылганбыз.
- Театр директору Марат Алышпаев театр чатырына 4 миллион эмес, 2 миллион сом суралган деди эле. Бул жерде эки башка сан айтылды. Кайсынысына ишенүүгө болот?
- Чынында андай эмес, 4 миллион сом сурап келишкен. Баардыгы министрликтен эсептелип, пландалган да. Негизи бизде кайсы бир адам кызматтан кеткенден кийин, ал жасаган эмгектерди өзүнө менчиктеп алмай адат пайда болду. Кыскасы, биз КырДрамдын бүтпөй калган ишине башында 16 миллион сурап келишсе, биз андай-мындайга жол бербей, чарбалык менен мамиле кылып 8 миллион сом менен эле бүтүргөнбүз.

"Раев аны өзү да билбей калган. Бирок министр катары билиши керек эле.."

- КырДрамга жалпысынан 26 млн. бөлүнгөн экен. Эсептөө палатасы текшергенде 3 млн. сом максатсыз пайдалангандыгы же, мындай айтканда уурдалгандыгы аныкталды. Мындай көрүнүш Операда, филармонияда, Тарых музейинде, Искусство институтунда да орун алган. Бирок бул боюнча Султан Раев да, Кыргызбай Осмонов да, Керим Турапов ж.б. да жоопко тартылган жок, тескерисинче дале болсо чоң кызматтарда тайраңдап жүрүшөт...
- Туура, максатсыз пайдаланылган миллиондор баяны бардык маданий мекемелерде орун алган. Мен бир нерсени баса белгилеп коёюн. Көп нерсе тескери болот. Чынында бизде көп учурда руханий дүйнөсүндөгү чыгармачыл адамдарды аёо сезими коштолуп кетет. Мисалы, маданиятта туура эмес система түзүлүп калган. Негизи жетекчиликке менеджер адамды коюш керек. Бизде болсо театр болобу, баардык чоң маданий мекемелердин директорлору Кыргыз эл артисттери. Артисттер - бул чыгармачыл адамдар. Эсеп-кысапты дурустап биле алышпайт. Алардын ою башка жакта, тактап айтканда, кооз, көркөм жакта. Анан аларды тегерегинде жүргөн шумпайлар эсеп-кысап, курулуш ж.б. маселелерде пайдаланып жатышат. Ал шумпайларды берки артист директор текшере албайт, ал тургай байкай албайт. Ошон үчүн канча деген миллиондор оңду-солду кетип жатат. Демек, маданий мекемелердин башына артисттер эмес, чыныгы менеджерлер келишсин. А, артисттер көркөм жетекчи болуп, чыгармачыл жагын тейлешсин. Ошондо иш алдыга жылат. Болбосо, артисттердин курулуш менен кандай иши бар? Ишенбесеңер сурагыла, кирпичтин баасы канча экенин, бир тамга канча кирпич кетерин билишет бекен? Мен дагы айтам, билишпейт. Жада калса, сиздин ал сурооңуздун маңызын да түшүнбөйт. Тилекке каршы, бизде ошондой чыгармачыл адамдар маданий мекемелерге директор болом деп жулунган көндүм көрүнүш болуп калды. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Андай мансапкорлуктан арылышыбыз керек. "мен театрга 40 жыл эмгек сиңирдим, мен директор болушум керек" деген жеке амбицияны таштап, директорлукту татыктуу адамга беришибиз керек. Мындай жаман адат, бизди бүт дүйнөгө уят кылып келатат.
Биз СССРден калган системанын чириген арабасын ушул кезге чейин мойнубузга чиркеп алып сүйрөп келатабыз. Эми ушул сөзүмө мисал келтирейин. "Манас" кинотеатры жана филармонияны алалы. Экөө тең маданий мекеме, коомчулукка эстетикалык - нравалык жактан жакшы чыгарма тартуулап келаткан ыйык жай дейли. "Манас" кинотеатры "Айтыш" коомдук фондунун ижарасында турса да, өзүн-өзү багып, өзүнөн- өзү гүлдөп жатат. Эми филармонияны алалы. Жылына мамлекет ал жерде иштеген жамааттын айлыгына имараттын коммуналдык кызматына олчойгон сумма бөлөт. Андан башка ШОС ж.б. маанилүү иштер өтөт деген шылтоо менен бир жылда 70 млн. сомдой бөлүп турат. Дагы кошумча толгон-токой маданий иш-чаралар, концерттер өтөт, алардан жакшы суммада ижара алып турушат. Кыскасы, мамлекет филармонияга жыл сайын 100 миллион сомдой акча бөлөт. Кебетеси, ахыбалы баягыдай эле. А, эмне үчүн кинотеатр мамлекеттен бир тыйын албаса, тескерисинче ижара төлөсө да, гүлдөп жатат? Ушундай парадоксторго жол бербеш үчүн маданият тармагынын системасын өзгөртүү зарыл. Мына талашып-тартышып жатып кинону жана фольклордук музыканы өстүрүп алдык. А эмне үчүн театрды, операны өстүрсөк болбойт. Театрды караңызчы, театр ушундай да болуш керекпи? Театрга эл батпай, дүркүрөтө кол чаап, спектакль бүткөндө күлүп же көзүнөн жаш алып, аны талкууга алып, артисттерге баа берип, алардан автограф алып турушу керек да. Бирок эскиден калган система жана дагы маданият чөйрөсүндөгү айрым адамдардын бийликке жутунмай мансапкорлугу андай күнгө жеткизбей, жолтоо болуп турат.
- Мына ошондой адамдарды мен жогоруда өз суроомдо айттым. Эми Раев "крыша" болгон "Элайтик" аттуу фирма ал министр болуп турганда, андан кийинки учурда да (тендерден утса да, утпаса да ) 100гө жакын маданий мекемелерди капиталдык жана косметикалык оңдоо иштерин жасаптыр. Бул Раевдин өзүм билемдиги да же акча жасамай бизнеси да туурабы?
- Мен Раевди чыгармачыл адам катары жакшы билем. Чыгармачылык байланышым бар, кыскасы жакшы жагынан билем. Ал эми менин оюмча ал сиз айтып жаткан тендер, курулуш ж.б. жакшы деле көңүл бөлбөйт. Менин сөзүмдү иронияга албай туруңуз, Айбек мырза, мен айтып бүтөйүн. Мен силердин гезит жазып чыккан уурдалган миллиондор боюнча макалада "Элайтик" Раевге эки кабат үй салып бериптир" дегенди окудум. Абдан кызык жагдай түзүлүптүр. Менимче, Раев тендерден улам утуп чыга берген "Элайтик" өзүнө үй салып бергенин да билбей (жайдары күлүп) калды. Мен жогоруда айткандай шумпайлардын кылган иши. Ал шумпайлар азыр бармагын тиштеп, жоопкерчиликти сезе баштаса керек. Раев болсо чыгармачыл адам катары ошончо акчанын кайда кетип жатканын билген да жок. Бирок министр катары билиш керек болчу. Жоопкерчиликти сезиши керек болчу. Анткени мен аны чыгармачыл адам катары жакшы билем. Ошон үчүн чыгармачыл адамдарды менеджер катары аралаштырганыбыз- бул системанын туура эместиги. Алар бийликке көп жутунбай чыгармачыл бойдон калышы керек. Мисалы, актёр кинодо мыкты боло алат. Бирок ал мыкты менеджер боло албайт да.
Мен Раев, Осмонов ж.б. тууралуу гезиттен көп окудум, окуган сайын булар эски системанын курмандыгы болуп калышкандыгын ойлоп жатам. Болбосо, Кыргызбай Осмонов кандай сонун тамада!
- Садык байке, сөзүңүзгө аралжы. Бирок ошол эле Раевди, Осмоновду, Тураповду ж.б. сиз айткан системанын курмандыгы бол деп эч ким кыйнаган жок да, алар өздөрү ошол жолду тандап алышты да...
- Туура, бул пикириңизге кошулам. Ооба аларды эч ким кыйнаган жок. Бирок ошентсе да системаны оңдомоюн, иш оңолбойт!
Айбек Шамшыкеев