Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Дартка дабаа...
Жылдыз Сыдыкова,
элдик дарыгер:
"Болгону бир бычагым бар, ошону менен эле операция кылам..."

Бир ай мурун "Вечерний Бишкек" гезити элдик дарыгер Жылдыз Сыдыкова жөнүндө бирөөлөрдүн берген интервьюсун жазып чыккан эле. Анда дарыгер жөнүндө туура эмес маалыматтар айтылган. Биз айтылган маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин билүү максатында Жылдыз айымдын өзүнө да кайрылдык. Жылдыз айым бизди үйүнө чакырып, элди кантип дарылай тургандыгын да көрсөтүп берди. Чындыгында гезитте жазылган маалыматтар эч кандай чындыкка коошпойт экен. Мисалы гезит "дарылай турган жеринин терезеси жок, караңгы жерде дарылайт экен" деп жазган болчу. Андай эмес эле терезелери жарык, ооруканадай шарты бар жай экен. Дарыланган адамдардын болсо аягы үзүлбөй, бири келсе бири кетип дарыланышаарын көрүп таң калдык.


- Жылдыз эже, мындай дарыгерлик касиетке ээ болуп калышыңыздын өзүнчө бир сырлары болсо керек...
- Дарыгерлик касиетти мага Кудай туулганда эле кошо жаратыптыр. Кандай болуп туулгандыгым ал өзүнчө чоң тема. Аны кийин шашпай айтып берээрмин. Кыскача айтканда мени ата-энем тогуз ай эл көзүнө көргөзбөй баккан экен. Мектепте окуп жүргөндө, Кудай мага дес берип, бирөөнүн тишин жул деди. Кимдин тишин жулам десем, атаңдыкын жул деди. Жулайын десем атам жулдурбайт, ошентип апамдыкын жулдум. Жулганда жөн эле кармап туруп сууруп койдум. Ошондон баштап, менин дарыгерлик касиетим башталып, тиш жулуп жүрдүм. 20 жашымдан баштап адам көрө баштадым.
Ошондон бери кандай гана оорулуу адамдарды көргөн жокмун. Адам болбойсуң деп, доктурган чыгарып салган адамдардан өйдө мага келип көрүнүшөт. Албетте, баарын тең эле дарылап чыгарам дегенден алысмын. Кээде мен билбеген оорулар деле болот. Аларга түшүндүрүп айтып кетирем.
- Эч кандай аппаратыңыз жок эле операция жасайт экенсиз, кантип жасайсыз?
- Болгону бир бычагым бар, ошону менен эле операция кылам. Операция кылып жатканда бул жерин кес, тигил жерин кес деп, периштем кулагыма шыбырап турат. Операция кылып жатканда эки колум, тактап айтканда он манжам тең иштейт. Бирөө кан чыккан жерди басса, бирөө башка жерди басат. Кыскасы он киши жасай турган операцияны мен Кудайдын, периштемдин жардамы менен өзүм эле жасап коем.
- Бардык эле операцияны жасай бересиз да...
- Баштан баштап, ылдыйды карай кырка кетип баратам. Башка операция жасап келе жатканыма бир топ жыл болуп калды. Азыр кургак учук менен ооруган адамдар көп кайрылып, өпкөгө жасап баштадым. Өттөгү ташты алам. Сөөккө жасап жүрөм. Омурткаларды жылдырып, грыжа ж.б. оорулардын баарын, дарылоодомун.
- Операция болчу адамдар доктурга барып, анализин чыгартып келип көрүнүшөбү?
- Ооба, эгер операция жасай турган болсом, анализиңерди чыгартып келгиле деп жиберем. Операция кылып бүткөндөн кийин дагы эки жолу анализден өткөрөм. Айрымдар анализи жок эле операция кыла бер деп келишет. Бирок анализсиз операция кылбайм.
- Медицина боюнча билимиңиз барбы?
- Билимим бар. 1998-жылы медициналык окуу жайды бүтүргөм.
- "Вечерний Бишкек" гезитине бирөөлөр маек берип, сизди жамандап чыккан экен, ал боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Аталган гезитке маек берип, мени каралап чыккан аялды биринчиден мен көргөн эмесмин. Анын бир туугандары мага келип дарыланышкан. Аларды колумдан келишинче дарылап кетиргем. Маеги гезитке жарык көргөндөн кийин мен ал аялга телефон чалып, сүйлөшкөм. Гезитке болсо Бермет Маликова аттуу журналист жазган экен. Терезелери жок, караңгы жерге дарылайт дептир. Терезелери бар, жаркыраган эле оорукана тибиндеги үй. Операция жасай турган бөлмөм өзүнчө, дары дармектин баары жетиштүү. Журналист болгондон кийин кичине тактап жазса жакшы болмок экен. Жазат десе эле жаза бербей. Бирок, дарыланып жаткан адамдар журналистке барса, журналист кетирген катасын мойнуна алып, мен туура эмес кылыптырмын деп өкүнүптүр.

Гүлбаркан Эмил кызы,
Кара-Балта шаарынын тургуну:
- Рак деген ооруга чалдыгып, былтыр онкологияга жаткам. Онкологияда он эки күн жаттым, дарыгерлер операция жасайбыз дешти. Бирок операция жасаткандан коркуп, Жылдызга келсем, Жылдыз дарылай баштады. Үч күн дарылангандан кийин эле өзүмдү жакшы сезип, жакшы боло баштадым. Ошентип, Жылдыздын жардамы менен операция болбой калдым. Ошондон бери Жылдызга келип көрүнүп турам, Кудайга шүгүр, акыбалым азыр жакшы. Жылдыз андай, Жылдыз мындай дегендер терең жаңылышат. Ошондой эле "кант диабети" менен дагы ооручу элем, Жылдызга келип көрүнгөндөн бери анымдан да арылдым.

Тыныбек кызы Гүлнур,
Жалал-Абад облусунун тургуну:
- Былтыр ооруканага барсам, дарыгерлер гематома экенсиң, операция кылбасак болбойт дешкен. Мен операция жасаткандан коркуп, шаардагы Канатбек аттуу көзү ачыкка барып дарыланып жүрдүм. Ал мага "гематомага ысык жабыш керек" деп ысык нерселерди кактап дарылаган. Көрсө гематомага ысык кактаган болбойт тура. Оорум мурдагыдан да күчөп, акыбалым оорлоп кеткен. Айлам кетип, Жылдыз эжеге келсем, Жылдыз эже мени бат эле дарылады. Чынын айтсам Жылдыз эжеге келгенде мен баса албай, эки адам көтөрүп келген. Азыр Кудайга шүгүр, акыбалым жакшы. Мен эжеге аябай ишенем.

Жаңылкан ТЫНАева,
Ысык-Көл облусунун тургуну:
- Менин башымда калдай болгон так бар болчу. Ал такка чач да өсчү эмес. Кийин ал тактын үстүнө эт өсүп, башым шишип кетти. Жылдызга келсем, "операция кылыш керек экен"- деп, операция кылып, шишикти кесип салды. Шишиктин салмагы 4 жарым килограмм болгон экен. Учурда акыбалым жакшы. Жылына үч төрт жолу келип Жылдызга көрүнүп турам. Жылдыз Кудай сүйгөн касиеттүү адам.

Нурбүбү Акматова,
Ат-Башы районун тургуну:
- Грыжа болуп, оор абалда ооруканада жаттым. Ооруканадан эч кандай жардам болбогондо, айлам кетип, жардам болуп калаар деген үмүт менен Жылдызга келип кайрылгам. Жылдыз мени бат эле дарылады. Мен Жылдызга ыраазымын. Жылдызды Кудай элге берген. Дарыгерлер алган билимине жараша элди дарылап жатышат. Ал эми Жылдыз Кудай берген улуу касиети менен дарылоодо.

Шайыр Жумалиева,
Бишкек шаарынын тургуну:
- Мен өзүм медикмин. №3 ооруканада иштейм. Грыжа болуп, дарыгерлер операция жасайбыз дешти. Бирок операция жасаткандан корктум. Тааныштарыбыздан Жылдызды угуп, жолдошум түз эле Жылдызга алып келди. Ордуман туруп баса албай калган элем. Жылдызга келгени бир жуманын ичинде эле басып кеттим. Массаж кылып, денемди ушалап жатып эле бастырып койду. Колунда касиети бар экен. Азыр өзүм эле көрүнбөстөн неберемди дагы алып келип дарылатып жатам.

Даярдаган
Мирлан Алымбаев