presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Европа сапарынан...
Эл камын көрүү -
өнүгүүнүн башаты...

Өткөн жумаларда, тагыраагы 19-январдан 26-январга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров, ошондой эле ишкерлер Нуржамал Байболова, Мира Атаканова, Элдос Таев, Майсалбек Өмүрзаков болгон жоон топ делегация айыл чарба боюнча адис, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматовдун уюштуруусу менен Австрия, Словения, Италия мамлекеттеринде болуп кайттык. Иш сапардын максаты - аталган мамлекеттердин айыл чарба техникаларын өндүргөн заводдорунда болуп, Кыргызстандын шартына ылайыктуу заманбап айыл чарба техникалар менен элибизди камсыз кылууга багытталган.

Алгач 1-күнү Австрия мамлекетинин Зальцбург аймагындагы Санкт Андрэ шаарында жайгашкан ишкер Томас Xатценбихлер түптөгөн заманбап айыл чарба техникаларын өндүргөн "ХАТЦЕНБИХЛЕР АGRO-TECHNIK" аттуу чакан жеке заводдо болдук. Завод чакан болгону менен бир канча түрдүү заманбап кубаттуу айыл чарба техникаларын чыгарат экен. Атап айтканда, дан өсүмдүктөрүнө (жүгөрү, чемичке, буудай, арпа ж.б.) ылайыкталган сеялканын, культиваторлордун, маланын түрлөрү сыяктуу бир канча айыл чарба шаймандарын чыгарып, Европага эле эмес, Россия, Казакстан, Молдова жалпы эле КМШ мамлекеттерине чейин сатыкка экспорт кылып келе жатыптыр. Учурда мурдагы Союздук өлкөлөрдүн бир тобунда аталган заводдун продукциялары кадимкидей өз ордун таап калганына заводдун сатуу иштери менен алектенген директору Владимир Шрайнер белгилеп, айыл чарба техникалары кантип жасаларын кенен көрсөтүп, көптөгөн иш сырларын чын ыкластан айтып берди. Завод дээрлик автоматташтырылгандыктан, 80 киши гана иш алып барат экен. Жеке чакан заводдун ушунчалык кулачы кеңип, мыкты жетишкендиктерге жетип жатканын көрүп, биздин мамлекет жеке чакан завод чыгарып жактан продукцияны өндүрө албай жатканына ичиң ачышпай койбойт экен.
Экинчи күнү Австриянын борбору Вена шаарына кайрылып, шаардын архитектуралык кооздугуна, тазалыгына күбө болуп, сук арттык. Австриянын императорлору жашаган, архитектуралык жактан эң уникалдуу көркөм атактуу Шёнбрунн дворецинде болдук. Аталган дворец 1996-жылы Бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталыптыр. Эми Вена шаарынын азыркы заманбап жана эски архитектуралык имараттарынын кооздугу өзгөчө экен. Австрия 93 пайыз тоолуу өлкө болгондуктан, климаттык шарты да Кыргызстандыкынан анчалык айырмаланбай турганын байкадык. Тоосу токойлуу келип, арча, кайың, сосна, ийне жалбырактуу дарактар шурудай тизилет.
Вена шаарын бир сыйра кыдырып, таанышып алган соң, Словенияга жол тарттык. Бул жактан дагы айыл чарба машиналары, шаймандары менен таанышуу үчүн SIP деген аталыштагы жеке заводго келдик. Айыл чарбасына тиешелүү техниканын бир катар түрлөрүн чыгарып, Европа чөлкөмүндө кадимкидей атаандаштык жаратып, КМШ мамлекеттерине экспорт кылат экен. Культиватор, сеялка, косилка, жер семирткичтерди чачуу, бышкан дан өсүмдүктөрүн жыйноо (комбайн) жана башка айыл чарбасын ыңгайлаштырылган техникалар кызыгуу жаратты.
Эртеси INO деген айыл чарба жана бакча дыйканчылыгына ылайыктуу техникаларды чыгарган жеке чакан заводдо болдук. Техникалардын сапат жагынан алганда көп артыкчылыктары бар экен. Ошондуктан алардын аткарган иши да сапаттуу жана берекелүү болору бир көргөн кишиге байкалып турду.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев баштаган топ айыл чарба техникаларын чыгарган аты аталган ишканалардын продукциялары менен таанышып, пикир алышып эле тим болбостон, биздин өлкөнүн шартына ылайык техникаларды сатып алуу боюнча жакынкы айларда бир чечимге келип, келишим түзүп кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эртеси Словения Тышкы иштер министрлигинде болдук. Бакыт Эргешович баштаган делегацияны Словениянын Тышкы иштер министрлигинин сырткы экономикалык байланыштар боюнча департаментинин Баш директору Станислав Рашкан жылуу кабыл алып, эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий алака-катышты чыңдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү тууралуу пикир алышуу жүрдү. Өз кезегинде вице-спикер Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы экономикалык, саясий, социалдык абал тууралуу учкай айтып берип, учурда Кыргызстан өнүгүүгө карай багыт алганынан кеп салып, Словения мамлекети менен парламент аралык байланышты түзүү, экономикалык, саясий жактан кызматташуу зарылдыгын белгилеп өттү.
Бул жолугушуудан соң Словения мамлекетинин вице-спикери... вице-спикер Бакыт Төрөбаев менен жолугушуу өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы парламент аралык мамилени чыңдоо, ар тармактуу байланыштарды жөнгө салуу боюнча кызматташуу маселесин талкуулашты.
Расмий жолугушуулардан соң, Словениянын борбору Люблянадан Италия өлкөсүнө сапар тарттык. Италиянын атактуу жыл бою туристтер үзүлбөгөн, кооз көркөмдүгү менен дүйнө жүзүндөгү элдерди өзүнө тарткан Венеция, Рим шаарларында бир күн болуп, Рим империясынын өлбөс-өспөс тарыхын чагылдырган Колизейге кирдик. Католиктердин эң бир ыйык жайы Ватикан мамлекетине да баш бакканга үлгүрдүк. Бизди Римде эки жылдан бери иштеп жүргөн Шахризада аттуу эже шаар кыдыртып жүрдү. 25-январда аэропортко дейре узатып келди. Ошентип билинбей эле бир жума кантип өткөнүн байкабай калдык.
Бир жылдан бери Жалал-Абад, Ош облусунда МТСтерди уюштуруп, дыйкандарга колдоо көрсөтүп, заманбап айыл чарба техникалары менен камсыз кылып жаткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Эргешович баштаган ишкерлер тобунун сапары ийгиликтүү болду.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдары кандай гана кыйынчылыктарды көрбөдү. Өнөр жай, айыл чарба, жалпы эле экономика дагы туура эмес багытка түшүп, өнүгүүгө кадам таштай албай, артка кеткенибизди байкабай калдык. Андагы кетирилген каталыктардын кесепетинен дагы да болсо натыйжалуу экономикалык өсүш болбой, мамлекетибиз жыйырма жылдан бери оңдуу бутунан тура албай келет. Ушундай тапта элдин, мамлекеттин камын көрүп, чет өлкөнү түрө кыдырып, талкаланган айыл чарбасын, өлө-сөлү болгон экономиканы көтөрүүнү ойлогон адамдардын бардыгы сүйүнтпөй койбойт экен. Ылайым эле эл камын ойлогондор көп болсун дейли...
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??