presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Генералда эмне кеп?
Мелис Турганбаев,
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы:
"Эгер бир факт болсо,
анда мен кызматтык
күбөлүгүмдү таштап
кете берейин..."
- Мелис мырза, шаардык милицияны 3-4 айдан бери жетектеп жатасыз. Кандай иштерди аткарганга үлгүрдүңүз? Кепти мына ушундан баштасак...
- Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын иши мага жакындан тааныш. Анткени мен (лейтенанттан полковникке чейин )21 жыл ушул борбор шаарыбызда иштегем. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүн жетектегем. Кыргызстанда болуп жаткан кылмыштардын 60 пайызы Бишкекте катталат. Бирок эч кимге жашыруун эмес, шаардык милицияда талапка ылайык шарт түзүлгөн эмес. Бюджеттен бөлүнгөн акча аз. Ачык айтсак, айлыкка жана бензинге бөлүнөт. Бензинге да толук жетпейт, бүгүн биз бензинди карыздап алып жатабыз. Милициянын формасынын 19 пайызына гана акча бөлүшөт. Калганын өздөрү табышат. Бишкек МАИсине болсо, 2009-жылдан бери форма бере элек. Алар өздөрү сатып алышат. Муну менен биз айдоочулардан пара алууга түртүп жатабыз да. Мен жакында ЖКдагы беш фракциянын лидерлерине кайрылдым, алар биз менен чогуу көчөгө чыгып, шаар милициясынын иши менен, шарты менен жакындан таанышып чыгууга макулдугун беришти. Алар да өз жардамын жана кеңешин берет деген ишеничтемин. Негизи борбор шаарыбызда тынчтык жана өнүгүү болсо, анан ал башка жерлерге да жетет. Эгер борбор шаарыбыздын ахыбалы начар болсо, анда башка жерлерибиз дагы ошол жолдо болот. Анткени борбор шаарыбыз мамлекетибиздин жүрөгү! Ошон үчүн борбор шаарыбызга көбүрөөк боор тартышыбыз зарыл! Шаар мэри, Шаардык Кеңештин төрагасы менен милициянын шартын жакшыртуу боюнча өз ара сүйлөшүп жатабыз, менин оюмча, биринчи кварталда бир аз болсо да, алдыга жылуу кадамдары болот. Анан: "жөжөнү күздө сана" деп айтылгандай, каражат маселелери чечилсе, жылдын аягында жасалган жакшы иштер боюнча жалпы элге отчёт беребиз. Менин эң негизги каалоом да ушул. Азыр ушул боюнча иштеп жатам. Башкалар айткандай, саясатка аралашып, бирөөнүн ордуна барайын, анын ордун тартып алайын деген ниетим жок.
- Шаарыбызда кылмыштын кайсы түрү көп катталат?
- Көп катталган кылмыш- бул уурулук. Өзгөчө чөнтөк телефон урдоо 40 пайызга чейин чыгып кеткен. Бирок биз бул маселеге абдан көңүл буруп, 20-30 пайызга чейин кыскарттык. Негизинен азыр кафелерде орун алган майда уурулук иштери катталып жатат. Атайын ыкчам топтун ишин да жанданттык. Азыр милициянын жардамы керек болуп, ким чакырса, биздин кызматкерлер ашып кетсе 10-15 мүнөттүн ичинде барып калышат. Ошон үчүн коомчулук кылмыштын изин суутпай, бизге убагында кайрылса, ал кылмыштын бетин ачуу бизге жеңил болот. ИИМ боюнча биз биринчи болуп бардык кызматкерлерибизге анализ кылып чыктык. Муну министрибиз да айтып өттү. Мисалы, он жылдап иштеп, бирок бир жылда бир кылмыштын бетин ачпаган кызматкерлер бар экен. Ошол эле учурда мамлекеттен айлык алып, үй-бүлөсүн багып, ушу жерден агарып-көгөрүп жатат. Кызматкерлер ошол анализден жыйынтык чыгарып, талапка ылайык иштеп башташты. Анча-мынча оптимизация кылып жатабыз. Мисалы, райондордогу аты затына шайкеш келбеген ГОМдорду жаап, кээ бирлерин бириктирдик. Бул кызматка келерим менен түнкү милицияны ишке киргиздим. Себеби, кылмыштын көбү түндө болот эмеспи. Негизинен азыр биздин кызматкерлерибиздин көпчүлүгү жаштар. Ачык айтканда, тажрыйбалары анча чоң эмес. Ошон үчүн шаардык милицияда 10-15 жыл иштеп, ар кандай шылтоолор менен иштен кыскарып кеткен тажрыйбасы чоң 15 тергөөчүнү төрт районго кызматка алдык. Алар келгени жакшы өзгөрүүлөр болуп, жаштарыбыз да алардан тарбия алып, ишти үйрөнүп жатышат.
- Сиздер эки жыл бою криминалга каршы катуу күрөш жүргүзүп, коомчулукту криминалдан тазалап койдуңар эле. Бирок бүгүнкү күндө криминал кайра баш көтөргөнү ачык эле айтылып жатат. Сиздин көз караш кандай?
- Туура, криминалдын учурдан пайдаланып баш көтөрө калып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бирок мындай көрүнүшкө эмне үчүн жол берилди? Туурасын айтканда, криминалга каршы күрөш жүргүзгүзүп, жыйынтык чыгарган белдүү кызматкерлерди, орусча айтканда "костяктарды" сактап калыш керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Баары тескерисинче болду. Бул иш криминалдарга жол ачып койгондой болду да. Жасалган ишти талкалап, бузуп салыш оңой эле. Бирок аны ордуна келтирүү чынында кыйын иш жана көп убакытты да талап кылат. 2007-жылдан 2010го, ал тургай 2011-жылдарга чейин криминал чектен чыгып, өз билгенин кылып калган. 2011-жылы саясий чечим кабыл алынып, катуу күрөш жүрдү. Ошол эле Садыркуловдун үйүнө кулак-мурунду таштаган кылмыш иши, андан кийин анын өлүмүнө байланышкан кылмыштын бетин ачуу өтө оор болду да. Себеп дегенде, бул кылмыш иши аттуу-баштуу криминалдар менен чиновниктерге тыгыз байланышкан иш болду да. Мындан тышкары, криминалдар мамлекеттик сатып алууларда, чоң тендерлерди өткөзүү ишинде, айтор бардык жерде 10 пайыз акча өндүрүп келишкен. Бизнесмендерден атайы салык алып турушкан. Себеби, алар Салык кызматына канча акча төгүп жатканын билип турушкан. Демек, Салык кызматында алардын өз кишилери болгон. Ошондой эле чек арадагы Бажыда да өз кишилери болгон, ал жактан да отчёт алып, өз үлүшүн алып турушкан. Биз ошондой терс көрүнүштөрдүн баарын жойгонбуз. ОПГнын 100дөгөн мүчөсүн олтургуздук, айрымдары качып кетишкени менен, алар да кармалып жатат.
Азыр болсо, баары артка кетти, эч нерсе жасалбай калды дегенден алысыраакмын. Бирок ошондой болсо да бул маселеге терең анализ керек. Анализ кылып эле олтуруп калбай, талапка ылайык иштерди өз убагында ишке ашыруу зарыл.

"Шоноев куралсыз куралдуу кылмышкерге барып..."

- Полковник Шоноевдин өлүмүн наркобизнеске байланыштырып жатышпайбы. Ал жигит сиздин кол алдыңызда иштеди. Сиз аны адам катары да, милиция катары да жакшы билсеңиз керек?
- Ооба, Шоноевди менден жакшы билген адам жокко эсе десе болот. 2007-жылдан бери, тактап айтканда ГУБОП түзүлгөндөн бери, ГУБОПто иштеп келаткан жигит. Кандай иштегенин, кайсы кылмыштардын бетин ачканын да жакшы билем. Мактагандай болбоюн, бирок Толкунбек кристаллдай таза жигит болгон. Силер айтып жаткан сөздөрдү, аны көрө албаган айрым милиция кызматкерлер ич күйдүлүк кылып айтышты жана ОПГнын мүчөлөрү да мындай сөздөрдү атайы элге жайылтышты.
- Шоноевди Ошто "смотрящий" болуп жүргөн "Дженго" буйрук берип өлтүрттү деген кеп тарады. Бул сөз да бекер жерден чыкпаса керек да...
- Ал сөздөр айтылганы менен, ага азыр далил жок да. Аны иликтөөлөр жана убакыт көрсөтөт. Бирок бул маселенин үстүндө да балдар иштеп жатышат. Ошол балдарга тоскоолдук кылбай, жөн коюш керек. Тоскоол болушса, анда ишти бузушат. Бүгүн биз баягы ОПГга каршы күрөш башталганда Москвага качып кеткен криминалдар Кыргызстанга кайсыл учурда келип, кайсыл учурда кетип жатканын көзөмөлдөй албай калдык. Себеби, ОПГ менен күрөшүп жаткан балдар кызматтан кыскарып кетти же башка багытка которуп коюшту. Бир сөз менен айтканда, Шоноев өмүрүнүн акырына чейин кылмышкерлер менен аёосуз күрөшүп келди. Эсимде, 2007-жылы бекен, 2008 бекен, айтор ошол жылдары ал бир кичинекей баланы туткундап алган куралдуу кылмышкерге куралсыз барган, баланы бошотуп алуу үчүн. Кылмышкер аны аткан, бактыга жараша аткан огу тийбей калып, аман калган. Ал эрдиги үчүн мамлекетти сыйлык менен сыйланган. Бирок арадан 5 жыл өтүп, өтпөй кайра эле кылмышкерлердин колунан каза тапты. Кыскасы, бул жигиттин арбагына, аброюна шек келтиришпесин. Эгер кимдир бирөө Шоноевдин наркобизнеске ж.б. тиешеси болсо келип далилдеп, ачык айтышсын. "Дейт" анан "имиш" дегендерге ишенбешибиз керек.
- "Дейт" демекчи, акыркы күндөрү Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгын министриңер өзү баш болуп каралап баштады. Бул башкармалык эмнесинен жазды? Же криминалдарды тазалап жакпай калдыбы?
- Туура маселени козгодуң, мен да түшүнбөйм. ГУБОПиКнын балдары бизнесмендерди угуп, аларды кээ бир учурларда тоноптур деп да кайдагы сөздү чыгарып алышты. Бул каралоо. Чындыкка жатпаган ушак. Эгер ошондой бир факт болсо, анда мен кызматтык күбөлүгүмдү таштап, басып кете берейин. Балдар "канжыгага башын байлап" иштеп жатышат. Ошон үчүн бүгүн мындай сөздөргө кыжырданып, күйүп жатышат. Азыр ушундай сөздөрдү чыгаргандар ж.б. жетекчилер баарын унутуп коюшту. Бакиевдин учурунда криминалдар ошол эле кыйын иштеген оперлерди, чиновниктерди талаага алып чыгып, сындырып, акча алып турушкан. Азыр ошол күндөрүн унутушту. Бир нерсе болсо эле ГУБОПиКга жабыштырышат. Бул башкармалык өзүнүн ишин так жана таза аткарып жатат. Азыр жумуш бүтө элек, ишти аягына чыгарыша элек. Бут тосушпаса, өздөрүнө жүктөлгөн тапшырманы баарын таза жана так аткарууга
...кудуреттери толук жетет. "ГУБОПиК иштебей койду, минтип койду" деп далилсиз кыйкыра бергендин кажети жок. ГУБОПиКны жайына коюшсун, ал жерде жакшы жыйынтык менен иштеп жатышкан балдарга тийишпесин. Чынын айтканда, ыкчам иштер баягыдай аткарылбай калды. Мен муну ал башкармалыкты жана ал жерде балдарды жакшы билгендиктен улам айтып жатам. Балким, ГУБОПиКга жөнсүз тийишпей, балдарды жайына койгондо, алар жогоруда айткан Москвадан келип, кетип жаткан ОПГларды толук көзөмөлдөп турмак, балким Шоноев да арабызда аман-эсен жүрмөк.
- Ошол эле ГУБОПиКга байланыштырып сиздин дарегиңизге да айрым учурда далилсиз сөздөрдү айтып жүрүшөт го. Аларга не дейсиз?
- Айткандар айта беришет экен. Андай каралаган сөздөрдү өзүм да угуп жүрөм. Мен эч качан кресло, кызмат үчүн жанталашкан адам эмесмин. Рахмат, мамлекет жетекчилерине, алар мага дайым ишенич көрсөтүп турушат. Бирок мени көрө албагандар, ичи күйгөндөр, бут тоскондор дайыма президентке, премьерге ж.б. жамандап, ушактап жүрүшөт. Кимдер жамандап жүргөндөрүн да жакшы билем, бирок мен аларга эч качан теңелип, алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Аларга окшоп, көрүнгөн жакка тоголок кат жазып, "крысанын" ишин кылгандай ишке барбайм. Күрөшсөм, ар дайым ачык күрөшөм! Мен өз милдетимди так аткарган, эч кимге жаман айтпаган, эл кызматында жүргөн деген инсандардын биримин. Мага кимдир бирөөлөр, бетиме: "сен мындайсың, сен минткенсиң" - деп айта албайт. Анткени мен эч кимге жамандык кылган эмесмин. Мактангандай болбоюн, бирок ошол менин артымдан жамандап жүргөндөр, мага келип, ачык айтканга духу жетпейт. Ооба, көп учурда мамлекет ичинде болуп жаткан мыйзам бузууларды, органдагы тескери иштер тууралуу ачык айтам. Ал болсо, бир топ адамдарга жакпай каларын да билем. Ошондон улам, "Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн көзү жаман" дегендей кырдаал түзүлөт. Андай мыйзамсыз иштерди мен айтпасам, башка бирөө айтат, башкалар айтпаса, мен айтам. Кыскасы, баарыбыз тескери көрүнүштөрдү жаап-жашырбай ачык айтканга көнүшүбүз керек! Учурунда айтпасак, "сөздүн атасы өлүп" жатпайбы.
Мен саясатына да башкасына да аралашпай, дайым өз ишим менен бошобой жүргөн адаммын. Жумушка күндө таңкы алты жарымда келем. Жарым саат шаар боюнча оперативдик кырдаалды сурайм. 7ден, 8ге чейин спорт залда машыгам. 8 жарымда жумушум башталат. Ошону менен түнкү 10-11ге чейин иштейм. Анткени шаар чоң. Мындай айтканда, 1, 5 млн. адам жашайт. Андан сырткары кирип-чыккан канча? Чечилбеген маселе көп. Биринчи кезекте биз элдин коопсуздугун камсыздоого биз милдеттүүбүз! Шаар тургундары ар дайым үй-бүлөсү менен, балдары менен шаардын көчөлөрүндө, эс алуу жайларында ишенимдүү жүрүп, ойдогудай эс алышы керек да. Биз мына ошону камсыз кылышыбыз зарыл.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??