presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алмазбек Атамбаев укса экен,
Аида Салянова окуса экен, деп…
Генпрокуратурада
бандиттер иштейби?

Ошондо 1997-жыл болсо керек эле, "Асаба" гезитинде иштечүмүн. Анан бир күнү Ысык-Көл жакка командировкага барып калып, облустун ички иштер башкармалыгынан өтө кызыктуу, анан калса, жүрөктү ооруткан, кыжырды кайнаткан материал алдым. Ал материалды келерим менен гезитке жарыяладым. Материал чыккандан бир жума өтүп мен жазган кайсы бир бандиттин жообу чыгып атпайбы, менин жазгандарымды туура эмес деп.

Түз эле Мелис Эшимкановго кирип: "Мелис, бу эмне кылганың, кайдагы бир бандит мени калпычы кылып жатпайбы" десем, Мелис "бул материал Генпрокуратура аркылуу келди" деп, дагы аркы-беркиден айтып мени жоошутуп койгон. Материалдын жөнү мындай эле: 1996-жылы декабрь айында Султан Урманаевдин Балыкчыдагы үйүнө бандиттер кирип, үйдө жалгыз калган 9-класстагы уулун "акча, алтындар кайда" деп аябай кыйнап, анан аларды таппаган соң ар кандай буюм-теримдерди алып кете беришкен. Жанагы кенедей баланы аз жерден мууздап кое ташташкан… Андан бери көп жыл өттү… Мындан бир жумадай мурун эле бир жигит келет "сизде сөзүм бар эле" деп. Уксам, мага келген бала баягы кекиртегине бычак такалган, аябай кыйноого туш болгон бала экен. Аты Эрлан. Илгери менин жазганымды деле билбейт экен, айтып бердим. Атайын ошол окуяны жазса дедим эле деп келиптир. Эми өзүнө сөз берели…
- Эрлан а кезде 9-класста экенсиң, тиги айбандар балалыгыңды аяган жок да э?
- Сиз айткандай а кезде мектепте окуп жүрөм, жаман нерселер ойдо жок, баары жакшы көрүнүп турган кез да. Анан ойдо жок жерден сиз жогоруда айткандай жаман, анан калса өтө коркунучтуу окуя болуп жатпайбы…
- Эмесе, ошол окуяны шашпай айтып берсең?
- 1996-жылы 18-декабрда кечки сегиздер чамасы эле. Мен короодогу кичине үйдө телевизор көрүп, эч нерседен капарым жок олтургам. Аңгыча эле үйгө үч киши карп-күрп кирип келди. Таң кала түштүм, анткени, дарбаза бек эле да. Булар кайдан кирди дегенди ойлоп жибердим. Баса ошол күнү эртең менен килейген овчаркабыз өлгөн, оозунан көк түстөгү дарынын калдыктары чыккан… Анан биринчи кирген немеси мени баса калып эле ички үйгө сүйрөп кирип колумду артыма байлап, уруп-сого баштады, тепкилеп жатат. "Үйдө ким бар" дегенине эч ким жок дедим, Эне-атаң качан келет деп кайрадан тепкилегенин улантат. Орусча сөгүнүп жатат.
"Атаң качан келет" дегенди аябай көп сурады. Менимче атамды аябай күтүштү окшойт. Аябай жини келе күттү окшойт. Андан кийин "сейф кайда, акча кайда, алтын кайда" деп сурап эле тепкилеп калат. Мен билбейм дегенимди кайталайм. Ырасында эле билбейм, экинчиден, үйдө эч нерсе жок эле. Так-даанасын билбейм, эки сааттан ашык мени кыйнашты окшойт. Жанагы биринчи кирип келгени мени кечке кайтарып, ошол жооптуу болуп уруп-согуп жатты. Киргендердин бири бу топтун башчысы экен. Мени тепкилеп жатканда башымды кыйшайта калып акырын карап жаттым тигилердин өңдөрүн. Ошондо башчысынын өңүн эч качан жаңылгыс, унуткус эстеп калдым. Сыртта көп кишилердин үндөрү чыккан болот, көп киши жүргөндөй сезилди.
Мени байлап, сабап, тепкилеп, орусча сөгүнүп жаткан неме бычагын такап, улаштыргычтын проводу менен муунтуп да турду. Мына ошол неме "муну мууздап эле салайын, ашыкча күбөнүн кереги жок, анткени, биздин жүзүбүздү көрүп калбадыбы" деп бычагын такап, кан чачырабасын деп жаздыкты төшүмө коюп бычакты тартмакчы болгондо, башчысы токтотуп калды. "Ашыкча проблеманын, кандын кереги эмне" деди орусча. Тигил аны угуп бычагын кайра тартып алды. Бандиттердин атаманы көз ирмем кечиксе эле мууздап салмак.
- Азыр эми ал окуя тээ көп артта калды, бирок, ойлогондо дале болсо жүрөк зырп этсе керек?
- Эми көп убакыт өткөндөн кийин аздап унутула баштайт экен. Ал эми ошол учурда аябай корктум да.
- Кебиңди улай бер…
- Айтпадымбы, мени эки саат кыйнап акча жогун билген соң видеокамера, магнитофон, жана башка майда-барат буюм-теримдерден алып кетишиптир… Ошентип бир жылдан ашуун убакыт өттү. Милийса издеген болот. Анан бир күнү мектептен келатсам эле Балыкчыдагы военкоматтын жанынан баягы үйгө кирген бандиттердин бирин көрүп калдым, бирөөлөр менен сүйлөшүп жаткан экен. Дароо эле милицияга чуркап жеттим, ал жактан милийсанын начальниги өзү баштап опер топ болуп бат эле баягы жерге келдик. Келсек, ал неме кетип калыптыр…
Ошондон 1999-жылы күзүндө байкем экөөбүз бир жумуштар менен Кант шаарына келип, прокуратурага кирип калдык. Байкемдин жумушу бар го. Анан бир кабинетке кирсек эле, баягы бандиттердин атаманы олтуруптур. Дароо эле тааныдым, жүрөгүм болк деди. Анткени, анын өңү мага унутулгус болуп жатталып калган да. Мен эч нерсе билдирген жокмун, анан кабинеттен чыккандан кийин эшиктеги жазуусун карасам "Помощник прокурора Салиев Жаныбек" деп жазылып турат. Мен ошол эле жерден байкеме айттым "баягы бандиттердин атаманы ушул болчу" деп. Айта кетейин, азыр Жаныбек Салиев Генпрокуратурада өзгөчө маанилүү иштерди иликтөөчү башкармалыктын жетекчиси болуп иштейт. Ошондон кийин атама келип кеңештик, анын кеңеши менен милицияга билдирдик. Милиция иликтөөсүн баштады. Бир күнү мени ошол Салиев Жаныбек менен беттештирели дегенде тигил келбей койду. Кайдагы бир мен көрбөгөн кишилер менен беттештирип коюшту. Ошондон кийин прокуратура күчкө салып ишти милийсадан өз колдоруна алып алды. Андан кийин иш таптакыр эле токтоп калды. Бизге бир ооз дагы айтып эскертип коюшкан жок.
Кийин биз УКМКга кат менен кайрылдык. Андан да майнап болгон жок. Баштагансып баратып эле токтоп калды. Кайрадан ИИМ министрине да кайрылдык. Иш ордунан жылган жок… Эми такталып жатат, көрсө, милиция да, прокуратура да ишти мыйзамсыз токтотуп коюшкан экен. Прокуратура менен милицияны сотко берип биринчи, экинчи инстанциядан утуп алдык, иш кайрадан каралсын деп. Азыр прокуратура кайра-кайра эле кийинкиге жылдыртып жатат, Жогорку Сотко аппеляция берип жатат. Суроо туулат: Жаныбек Салиев күнөөсүз болсо, эмне үчүн бул ишти токтоттуруп жатат, эмне үчүн милициянын ишин да токтоттуруп жатат?! Демек, Салиев күнөөлүү. Мени кыйнап жатканда Жаныбек Салиевди бир жарым метр жерден эле көрүп турбадымды. Башка кандай далил керек?! Ойлоп коем: балким Генпрокурор Аида Салянова жардам берип жатабы? Анткени, экөө бирге окушкан турбайбы. Ушул жерден айта кетейин, Генпрокурор деген бардык кылмыш иштерин так, даана, убагында, чындыктын өзүн аныктап бүтүртүп туруш керек, анын иши бүтүндөй журттун көз алдында болот. Дагы минтип ойлойм: эгерде мени менен болгон окуя Салянованын үйүндө болсо, иш кандай уланат эле, ойлоп көрсөңүз?!
- Кандай уланмак эле, көз ачып-жумганча иликтөө бүтүп, анын үйүнө кирген бандиттин баары камакта олтурмак да… Мындан ары окуя кандай уланганы турат?
- Эгерде Жогорку Сот аталган "иш кайрадан иликтенсин" деп чечим чыгарса, анда тиги бандиттер жазасын алат деп ишенем. Ишенгеним ошол: Жогорку Сот туура чечим чыгарат. Анткени, азыркы соттор мурункуларга караганда аябай тазаланды деп жатпайбызбы. Эгерде бандиттерди сот жазалабаса анда Кудай жазалайт деп ойлойм. Айта кетейин, баягы мени кыйнагандан бир ай өткөндө, ошол бандиттердин бири Балыкчыдагы консерва заводуна кирип, чатырдан кулап өлгөн. Ал Кудайдын жазасы деп ойлойм.
- Кайра эле Салиевди коргогондор чыксачы?
- Менин оюмча, күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланат… Эгерде Салиевди коргоп жаткандар, мисалы, Салянова айым деле түбөлүк Генпрокурор болуп олтурмак беле, бүгүн болбосо, эртең эле кетет да. Дагы айтам, иши кылып, бир күнү тиги бандиттер жазасын алат.
- Мен дагы ошого ишенем!

Маектешкен
Баратбай Аракеев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??