presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Саяжүз
Төрөбай Зулпукаров

Парламентке Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат Төрөбай Зулпукаров - азыр Жогорку Кеңештин вице-спикерлеринин эң жашы. Ошондой эле, аны келечегинен үмүт жараткан кыргыз саясатындагы жаңы муундун көрүнүктүү өкүлү десе да болот.

Ал 1974-жылы Ноокат районундагы Кара-Таш айылында туулуп-өскөн. Калинин атындагы орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө милдет өтөөгө чакырылып, 1992-93-жылдары Улуттук гвардияда аскердик кызмат өтөйт. Андан кийин 1997-жылга чейин Ички иштер министрлигинде физикалык даярдык боюнча инструктор болуп иштеп, милициянын "спецназынын" кызматкерлерин жеке кармаш өнөрүнө машыктырган. Ушул эле мезгилде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде билим алуусун улантып, аны 2000-жылы аяктаган.
Төрөбай мырза андан кийин жалаң ишкерлик менен алектенип келген. Өз күчү менен нөлдөн баштап иш баштап, өжөр эмгеги менен акырындап бутуна туруп, ашынган күркүл болуп кетпесе да, таза жана туруктуу бизнеске ээ болот. Анын бизнеси негизинен Россия Федерациясынын базарлары менен байланышкан жеңил өнөр жай тармагында.
Анткен менен, ал биротоло бизнестин битин сыгып, акчанын артынан тогуз томолонуп кеткен жок. Башынан өлкөдөгү саясатка, коомдук окуяларга кайдыгер карай албай, мамлекет, эл тагдырына тынчсызданган, жарандык позициясы чың жаштардан болчу. Мына ошондой активдүү атуулдук позициясы 2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, чоң саясатка батыл аралашышына түрткү болду десе болот.
2010-жылдын июнунда провокаторлордун ортого от жагуусу менен Түштүк регионунда кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда жаңжал чыкканда, Т.Зулпукаров мамлекет келечеги үчүн оор залакаларды алып келер бул каргашага кошкөңүл карап тура алган эмес. Улуттук араздашууну кантип токтотуп, бир тууган эки элди кантип элдештирүү керек деген маселеде өзүнчө баш оорутуп, өз демилгеси менен ушул максатта аракет кыла баштайт. Кыргыз, өзбектин жер-жерлердеги абройлуу аксакалдарын, дин ишмерлерин баш коштурган атайын топ түзүп, алар менен Түштүктүн айыл-шаарларын кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаатташкан тараптарды элдештирүү вазийпасын аткарышат.
Т.Зулпукаровдун бул демилгеси убагында тынчтыкты орнотуп, араздашкан эки элди элдештирип, кырдаалды жөнгө салууга айтарлык салым кошкон эле. Анын бул аракетинен КСДПнын ошол кездеги лидери, өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Алмазбек Атамбаев дагы кабардар болуп, ичинен ишеним арткандыктан Төрөбай Закир уулуна социал-демократтар партиясына мүчө болуп, депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышууну сунуш кылган.
Бүгүн ал Жогорку Кеңеште өзүн татыктуу депутат катары көрсөтүп келатат. Ар дайым калыстыкты туу тутуп, өзүн токтоо алып жүрөт. Мушташ боюнча машыктыруучу болсо да, башка депутаттарга окшоп, парламентте муштум көтөрүп чуркаганын көргөнүбүз жок. Ошондой эле, ар кандай маселени тыкыр иликтеп, анан адилет чечим чыгарууга аракет кылгандыгы, көп окуп, билимин өркүндөтүүгө тырышкандыгы байкалат. Мына ушул сапаттары анын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланышына негиз болду окшойт.
Анын дагы да артыкчылык сапаттарынын бири - Кудайга чын жүрөгүнөн ишенип, ислам динин бекем тутунгандыгы. Беш убак намазды үзбөй окуйт, Меккеге зыярат кылып, ажы да болгон. Эң негизгиси, ал мунун баарын парламенттеги айрым кесиптештери сыяктуу "эл көрсүн" үчүн, саясатта упай алуу үчүн жасап, "реклама" кылбайт. Айылына мечит куруп дегендей, ар кандай соопчулук иштерди ал мурдатан эле жасап келатат. Динге берилүү жөн гана "саясий реклама" эмес, көкүрөктөгү чыныгы ыйман болсо, адам өзүн ар кандай ыплас иштерден алыс кармап, таза алып жүрүүгө аракет кылат эмеспи. Кыргыз коомунда ошондой адамдар арбын болсо кана!?
Төрөбайдын дагы бир артыкчылыгы - буга чейин бийлик кызматына дагы, криминалдык чөйрөгө дагы аралашпагандыгы. Калп айткан менен болобу, бүгүнкү кыргыз саясатчыларынын басымдуу көпчүлүгү мурдагы коррупциялык бийлик системасында жогорку мамлекеттик кызматка жетип, мамлекет казнасына суук кол салган уурулук менен, же болбосо, криминалдык чөйрөгө аралашкандыгы, андагы таасирлери менен байлыкка ээ болгон адамдар. Акаевдин бийлигинин учурунда дагы, Бакиев мезгилинде дагы Кыргызстан коррупцияга белчесинен баткан деп жүрбөйбүзбү. А ал системада чоң кызматка илешкен адамдын таза болушу өтө эле кыйын болчу. Чоң уурулук кылбаса дагы, жок дегенде бирөөгө пара берип, же бирөөдөн пара алып, булганган болуп чыгат. Т.Зулпукаровдун мурда мамкызматка аралашпагандыгын ошондуктан артыкчылык катары баалап жатабыз. Анткени, кыргыз саясатына ушундай таза адамдар келип, көпчүлүктү түзгөндө гана коом жаңыланып, мамлекет өнүгүүгө бет аларын эстен чыгарбашыбыз керек.
Курсантбек УЛУКБЕКОВ





Геосаясат
АКШ айгайы, же СССР кайра тирилеби?

Россиянын улуу державачыл амбициясы тынчтык бербей, мурдагы СССР империясы сыяктуу жаңы саясий биримдик түзүүгө жан үрөп жатабы? Бүгүн дүйнө коомчулугунда ушул маселе талкууланып жатат.

"Америка Кошмо Штаттары чачылып кеткен СССРдин ордуна түзүлгөн Борбордук Азия менен Чыгыш Европадагы жаңы мамлекеттерде Россиянын экономикалык интеграция деген шылтоо менен кайрадан Советтер Союзунун жаңы версиясын түзүүсүнө жол бербейт." Бул- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун өткөн айда Дублинде болгон адам укугу боюнча эл аралык конференциядагы билдирүүсү. Ал бул кескин позициясын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугар алдында айткан.
Хиллари Клинтон Россиянын өкмөттүк эмес уюмдарды чектөө боюнча кабыл алган 2 мыйзамын сындап, " АКШнын бул чөлкөмдөгү адам укуктарын жана демократияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерин да криминалдаштырып жатышат. Советтер Союзу таркагандан кийин бул чөлкөмдө үмүт арттырган прогресстин белгилери эми 20 жылдан кийин кайра артка кете башташы албетте өкүнүчтүү. Ошондуктан АКШ кеч болуп кала электе бу аракеттердин багытын өзгөртүүгө натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө" - деди. Америка мамкатчысынын ою боюнча, Россия Федерациясы өзүнүн СССРди тирилтүү, б.а. ресоветтештирүү аракеттерин Бажы союзу, Евразиялык союз деген сыяктуу "тондорго", экономикалык интеграция шылтоосуна жамынып алып жасагысы келип жатыптыр. " Бирок биз ага алданбашыбыз керек. Алардын чыныгы максаттарын билебиз жана аракеттерин басаңдатып, токтотууга натыйжалуу жолдорду издеп табабыз" -дейт ал.
Ал эми АКШ тарабынан катуу сынга кабылып жаткан Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин ар качан экономикалык интеграцияга умтулгандыгын баса белгилеп келе жатат. "Тигил же бул өңүттө СССРди кайра түзүү жөнүндө кеп болуп жаткан жок, - дейт ал:- Өтмүштө калып кеткен нерсени кайра калыбына келтирүү же көчүрүү үчүн аракеттенүү - аңкоолук. Ал эми жаңы баалуулуктардын негизинде, саясий, экономикалык өңүттөгү тыгыз интеграция мезгилдин талабы."
Хиллари Клинтондун жогорудагы билдирүүсүнө реакция жасап, Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков: "Клинтон айым интеграция аракетин таптакыр тескери түшүнүп жаткансыйт. Мурдагы Советтер Союзунун аймагында болуп жаткан аракеттер жалаң гана экономикага негизделген интеграциянын жаңы тиби. Бүгүнкү замандын шартына интеграциянын башка тиби таптакыр ишке ашпайт" - деди.
Жакында Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы: "Евразиялык интеграция кандайдыр саясий союз түптөөгө багытталбайт. Казакстан, Белоруссия дагы, Россия дагы өз алдынча эркин мамлекеттер катары кала берет" деп айтты. Ал эми Минскиде беларусь "батькасы" Александр Лукашенко: " Россия кандайдыр радикалдуу кадамдарды каалашы мүмкүн. Бирок, Казакстан дагы, Беларусь дагы андай алаңгазарлыкка жол койбойт" деп, өз пикирин адатынча ачык, таасын билдирди. Бажы союзун түзүп, Евразиялык интеграцияга демилгечи болуп жаткан мамлекеттердин башчыларынын позициясы мына ушундай.
Чындыгында эле, казак бийлик режими да, беларустар да Россия менен өтө эле жакындашып кетүүгө кызыкдар эмес. Алар ансыз деле өздөрүн ишенимдүү сезет, мамлекеттин ички маселелерин эч кимдин жардамысыз эле чечип келатат. Ал эми Россияга мурдагы СССР аймагындагы эркин өлкөлөрдү бириктирген интеграция эмне үчүн керек? Россия Федерациясы улуу державалык статусун сактап калып, Евробиримдик менен да, Америка Кошмо Штаттары менен да теңата сүйлөшүп, мамиле кылууну каалайт. Ошондуктан, Евразиялык союз Россия үчүн чоң стратегиялык максат болушу мүмкүн. Ал эми бул Казакстан менен Белоруссия үчүн тактикалык гана багыт. Ар биринин өзүнчө кызыкчылыгы бар. Мисалы, беларустар Россиядан нефти менен газды арзаныраак алып, өздөрүнүн товарларын орустун кең базарына тоскоолдуксуз чыгарууну көздөйт. Казакстан кытай товарларынын Россияга чыгарылышынан пайда табууну жана Россия транзити аркылуу Европага чыгуу багыттарын чамалоодо.
Азербайжан, Армения, Молдова сыяктуу "СССРдин эски балдары" деле ар бири өзүнчө жогорудагыдай эсеп-чотторду кагышууда. Ал эми КМШ ичинде экономикасы эң алсыз, энергетикалык көзкарандылыктагы Кыргызстан менен Тажикстан бүгүн экономикалык интеграцияга өзгөчө кызыкдар. Эски СССРдин аймагында тыгыз экономикалык интеграция жүрүп, экономикалык катыш, байланыштардын жакындашы өз экономикасына шыпаасы тиеби деген үмүттө. Чындыгында, бул эки мамлекет азыр Россияга чындыгында эле көз каранды абалга жетип калды. Жумушка жарамдуу калкынын дээрлик 40 пайызы Россиянын шаарларында иштеп, үй-бүлөсүн багып, 10 жылдан бери бул өлкөлөр Москванын деми менен жашап жатат. Демек, эли дагы азыр Москванын ар кандай демилгесин колдоого даяр.
Чындыгында, коңшубуз Өзбекстан деле ушундай акыбалда. Алардын азыр ОДКБдан чыгып, тетири басып, биримдикке моюн толгоп жаткандыгын убактылуу тактикалык жүрүш деп түшүнүү керек. Мында расмий Ташкент өз коңшулары Кыргызстан, Тажикстан менен суу ж.б. талаштуу маселелерин Россия аркылуу чечип алууну гана көздөп жатат. Дегинкиси, экономикалык багыттагы интеграцияга алар башкалардан аша кызыкдар. Ал эми саясий биримдикке келгенде, "жеке өкүмдар" Ислам Каримов өз бийигине дегеле эч кимдин кийлигишүүсүн каалабайт эмеспи.
Жыйынтыктап айтканда, жогоруда үч президент айткандай, азыркы СССРдин аймагында "жаңы СССРдин" түзүлүшү дегеле мүмкүн эмес. Демек, АКШ жөн эле көлөкөсүнөн кооптонуп жатат. Же болбосо, алар "СССР тирилип жатат" деп дүйнөгө айгай салуу менен, ага таптакыр байланышы жок кызыкчылыкты көздөп, башка долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат.

Адилет Акеров





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??